Алгоритм жөнүндө түшүнүк

Алгоритм жөнүндө түшүнүк

Алгоритм, алгорифм – алгачкы берилген шарттардан чектүү сандагы эсептөөдөн кийин изделүүчү натыйжага өтүү процессин аныктоочу так буйрук (көрсөтмө). «Алгоритм» сөзү алгач аль-Хорезминин латынча жазылышынан келип чыккан. Алгоритмдин мисалы: башталгыч класстан белгилүү төрт амалды аткаруу эрежелери, Евклид алгоритми, шаарлар аралык телефон-автоматты колдонуу инструкциясы, ар кандай кулинариялык рецептер, Штурм эрежеси ж.б. Алгоритм түшүнүгүндөгү эсептөө процесстери жалаң эле цифралар менен болгон эсептөө деп түшүнүүгө болбойт. Алгебрада тамгалуу туюнтмалар, арифметикада ар кандай символдор (кашаа, барабардык белгиси, кошуу, көбөйтүү, кемитүү, бөлүү белгилери ж.б.) кездешет. Демек эркин алынган символдор жана алардын ар кандай комбинациялары менен аткарылган Алгоритмдерди да кароо зарыл. Берилген алгачкы маалыматты толук бойдон кабыл алып, натыйжасын берилген маалымат боюнча аныктоо Алгоритм процесси болот. Эң жалпы интуициялык түшүнүк боюнча Алгоритмдин алгачкы шарттары жана натыйжасы ар түрдүү конструкциялык обьекттер болушу мүмкүн. Бул Алгоритм түшүнүгүн кеңири колдонууга мүмкүндүк түзөт. Бир тилден экинчи тилге которуу Алгоритми, поезд диспечеринин ишинин Алгоритми сыяктуу ж.б. мисалдарда башкаруу процесстерин алгоритмдик жазуу жөнүндө айтылат. Алгоритм түшүнүгү кибернетиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири, аны 7 параметр менен мүнөздөөгө болот: 1) мүмкүн болуучу берилген шарттардын жыйындысы; 2) мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы; 3) Алгоритмдин иштөө арасында пайда болуучу мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы; 4) башталыш эрежеси; 5) түздүн түз иштеп чыгуу эрежеси; 6) аяктоо эрежеси; 7) натыйжаны алуу эрежеси. Алгоритм математикалык эсептөөдө негизги мааниге ээ болуп, аны тактоону Э.Л. Пост менен А. Тьюринг биринчи сунуш кылган (1936). А.А. Марков менен А.Н. Колмогоров да тактоолорду киргизген.

  • Күлүк менен жоргонун тери кургабайт
  • Соөмөйү менен ортонунун алдынан башбармак чыгаруу
  • Өлгөн адилеттик
  • Тяньшандык кыргыздар азыркы жердеп турган жерине качан келген?
  • Эмгексиз жемиш жок
  • АЯЗ
  • Арстан менен коен
  • ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК
  • Майкана көрбөй бала оңолбойт
  • Сура Али Имран
  • «Жер жамандап барбасын»
  • Конок үйү
  • Ат байгеден келсин
  • Манастын чоролору
  • КАЛЫГУЛДУН ТЕРМЕ, САНАТ ЫРЛАРЫ
  • Сура Гафир
  • Кечирим суроо
  • Бугулардын 1856-57-жылдарда барып, турпандыктын он миң мал чаап алганы
  • Жаздана жатуу
  • ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?
  • Султан Бабыр кыргыздар жөнүндө
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО
  • Кыргыз макалдары -У
  • Жалгыз жибербөө
  • КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. БЕЙТААНЫШ ДОСУМА
  • Көнөчөк кийген түлкү
  • КИРГЕН СУУ
  • Кыргызы. Кыргызы в подданстве калмаков
  • Жарлык
  • Чакчая кароо (көздү чакчайтуу)
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АЙЫЛДЫК КЕЛИНДЕР
  • Ит экенин билген соң, таш ыргытып катылба
  • Ичке баткан бала, сыртка да батат
  • Алакан оту
  • Акындардын Аксыдагы айтышы
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. АЛЫМБАЙДЫН БАЛТЕГИ
  • Туурамчылдан тууганым болгуча, бекөөлдөн белом болсун
  • Эмне үчүн үкү түнкүсүн учуп калган?
  • Сура Ат-Тауба
  • КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. СҮЙГӨН КЕСИБИМ
  • Сура Марьям
  • Катын албай, кайын ал
  • Мухаммед Xайдар
  • Шилекей алышуу
  • Тукум курут кылуу
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КАРАЙ КӨЗ
  • Жумгалдагы көтөрүлүш
  • Буудайык
  • МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. БҮРКҮТТҮН ТОЮ
  • Бүткүл дүйнөлүк тарыхка эки көз караш
  • Жылан менен кишинин арбашы
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АТТЫН ЫЙЫ
  • Он эки миллион
  • ОМОР СУЛТАНОВ. КОШ, ЫСЫК-КӨЛ
  • Феодал осмон тайлак уулунун кытайга качканы
  • Балалуу катын – балээлүү катын
  • Миңбай, жүзбай
  • Расизм
  • Ак жоолук, жаш солдат, күтүлбөгөн жолугушуу (аңгемелер)
  • Жыланга ак чачуу
  • Кыргыз эл оюндары. Азаптуу кап, арыктан секирип өтүү, жамбыга секирип жетүү
  • Үй көрүү
  • КМШ. Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги
  • Социум, политийя жана этнос
  • Ит ырыскылаш
  • Коло доорундагы кенчтер
  • Чоң багыш
  • Айбандан мурда адамды ардакта
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БАЛОНУ ЖАРЫЛГАН АВТОБУС
  • Сура Ат-Тахрим

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.