Андан ары жол жүрсө, Ат аябай мол жүрсө. Элемандын Төштүгү, Урунарга тоо таппай, Өрттөй болуп көз жайнап, Өмөлчү журттан айрылып,
Ошончо кыйын шор кайнап.
Ээрдей болгон белести, Эңкейип Төштүк турду эле, «Айлана кандай экен?» деп, Ага көңүл бурду эле. Чыр-чыр, чыр, чыр чыгат,. Чыркырап уу бек үн чыгат. Чыркыраган ачуу үн Кулак-мурун жеп чыгат. Салып барып караса, Адамча айтып тил сүйлөп, Ошо жолборс турганы: «Өчкөн бир отум тамызчы, Төштүк! Өлгөн жаным тиргизчи, Төштүк! Суусап кеттим, суу берчи, Төштүк! Эңкейип барам, эт берчи, Төштүк! Жакшылыгың көп берчи, Төштүк! Бугу куудум, баш жедим, Төштүк! Томугум болду жарадар, Төштүк! Жатамын боздоп санаа бер, Төштүк! Кароол карап кайрылдым, Төштүк!
Кайран буттан айрылдым, Төштүк!
Чын бугу жебес мен өзүм, Чымын таппай зар болдум, Төштүк! Кабымды таап, кан берчи, Төштүк! Жанымды зоолап жан берчи, Төштүк! Жолборс минип турганда, Элемандын сырттаны Көңүлү кетип бөлүндү, Буту жара ак жолборс Тууганындай көрүндү. «Элимен азган мен- арстан, Бутунан азган бул- арстан. Чалкуйрук оозун бурайын, Ушул кайран арстанга Бир жакшылык кылайын». Деп ошентип эр Төштүк, Тизеси жерге бүгүлүп, Чалкуйруктун үстүнөн Чуркап түштү жүгүрүп. Барып Төштүк караса, Ак жолборстун бутуна Чөңөр кирип кетиптир. Бул чөңөрдүн киргени Бир кыйлага жетиптир. Жанында болот кестигин Кындан сууруп алды эми, Ак жолборстун таманын Жонуп жатып калды эми. Жонуп жатып эр Төштүк, Чөңөрдү сууруп салды эми, Чөңөрдү суурган жеринен, Ириң менен кан кетти. Ал жаралуу жолборстун Ооруган жери басылды, Умачтай көзү ачылды. «Жолуккан жоого көз болсоң, Жолдош болуп беремин, Башыңа мүшкүл иш түшсө, Айтканыңа көнөмүн. Элемандын Төштүгү Дегениңе көнөйүн, Катуу мүшкүл иш көрсөң, Медер болуп берейин. Элемандын Төштүгү Дегениңе көнөйүн, Катуу мүшкүл иш көрсөң, Медер болуп берейин. Элемандын Төштүгү, Эрге мүшкүл бир келет, Эрге мүшкүл келгенде, Кырсык чалып, шор кайнайт Кыраанга кырсык тийгенде, Азык таппайт көз жайнайт. Мурутуң булкуп калды эми. «Түтөтсөң даяр болом» -деп, Төштүккө бере салды эми. Бул мурутту түтөтсөң, Көрүнөм, Төштүк, көзүңө, Жолдош болом өзүңө»,- Деп ошентип, ак жолборс
Көздөн кайым болду эле.
- ӨЗГӨН АРХИТЕКТУРАЛЫК КОМПЛЕКСИ
- Ландшафттардын “ашташкан” жерлери
- Сөздөр жана алардын мааниси
- Кыз мазар (уламыш)
- Арстанбек
- Бишкек – Кыргызстандын борбору
- Табасы канды
- Алгоритм жөнүндө түшүнүк
- Бегалиев Муратбек Акимович
- 1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшү
- Кыргыз эл оюндары. Жорго салыш
- Кыргыз элинин эл аралык жана аскердик мамилелери тарыхынан
- Үстөк-өйдөлөтүп алуунун дагы биртүрү
- Калпа
- ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ
- Багыш. Мендирман (4)
- Эки эринди катуу жумуу, мурчуюу
- Аза күтүү
- ЖЫЛДЫЗ, ЖЕР
- Гиппократ
- КҮН КҮРКҮРӨӨ, ЧӨП ЧЫГУУ
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Капса
- Томаяк
- КИРГЕН СУУ
- Этегинен жаңылуу
- МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА. КЫРГЫЗЫМ
- «Манас» эпосу
- Тери иштетүү жана тери буюмдары
- Жерди көргөндө
- Краткие исторические сведения о карлыках
- Даван жөнүндө баян
- Кыргыз качкындарын жайгаштыруу боюнча атайын комиссия
- Сура Сад
- Ыйкы-тыйкылык
- Аверден
- Адептүү ырымдар
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЛАКАЙ
- БАЙЧЕЧЕКЕЙ (уламыш)
- Жедигер
- Экөө тең туура
- Аркан тосунун дагы бир салты
- Кол чабуу
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАХАБАТ (поэма)
- Кыргыздын музыкалык аспаптары
- БИЗДЕН МУРДА ӨТКӨНДӨР
- АСМАН, ЖЫЛДЫЗ, КҮН
- Арампос неме эле
- Этнография
- Нойгут
- Кыргыз эл макалдары А-2
- Улуттук жана табият парктары. Кыргызстан
- АК БАТАЛАР. БАБА ДЫЙКАНДЫН БАТАСЫ
- «Жаак жаңылбай, туяк мүдүрүлбөй койбойт»
- Сура Аль-Хиджр
- Эркектердин чач асыроосу
- Сахнага (эл алдына) чыгуу
- Накыл, санаат, насыяттар
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ШАРКЫРАТМА
- ДАРЫЯ, СУУ (2)
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ
- Акмат бий
- Алча бутагы
- ӨТКҮН АЙТЫМЫ
- Потомки Огузхана
- Жылын төө кылба
- Тынымсейит
- Акыйнек
- «Конокко аш кой, эки колун бош кой»
- Этносту аныктоочу белги жок
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АЙЫЛЫМ
Кыргыз