«Алдыраар күнү жаздыраар»

«Алдыраар күнү жаздыраар» Турмушта эмнелер болбойт. Көбүнчө бул ууручулукка карата айтылуусу. Күнү-түнү кайтаруудагы малбы, дүнүйөбү, эгин-тегинби күтүүсүз арадан бирдеме себеп, кездон кайым болуп, тизени мыкчып, алаканды шак коюп, куржалак калуулар бар. Андай нерселерди алдыртан андып, сыртынан багып, аста-секин жүргөндөрдүн колунан келет. Ага көбүнчө көздүн бурула жана илине түшүшү, кушуйку ж.б. айрым азгырыктар себепкер. «Көйнөгү көөлүү, тамагы майлуу». Көө – казандын, тулганын отундан, түтүндөн пайда болгон кара боегу. Көөлөө-аны кез-кез кыргыч менен кырып туруу, көөлөнүү – казан аяк кармап отуруп-туруп жүргөн аялдардын көйнөгү ага тиет, кара көө жугат. Бул сөздүн оң түшүнүгү болот. Таптаза кийип, эчтекеге кол тийгизбей, эмгектенбей өзүнчө эле чиренип, бөйрөгүн таянып, акын Мидикем айткандай: «Күрөң көз айнек кийип, Муруну булутка тийип, Көкүрөгү бийик» — болуп тургандар бар. Ал жел жутуп, ачтан өлөт. Андайлар -жел жутуучулар. Эмгек гана эресеге жеткирет, курсакты ток кылат, ач-жылаңачты жок кылат – сымал насаатты билдирип атат.

«Отун апбаганга, отжактырба». Отун-жагылуучу жыгач. «Отун олжо, суу кордук», «отун алып, от жакмак, оңой эмес мал тапмак»,

«катын алган, отун алат» дешет. Албетте, жашоодо оңой-олтоң эчтеке жок. Баарына мээнеттенүү керек. Отун коп болсо, отту улуулата жага беруулор бар. Бирок, ошол отунду тоодон которуп келген адам башка. Анын антип жасаган аракеттери андай учурда эске алынбайт. Кыскасы, ушундан улам сөздүн торкуну мында башкада. Турмушта озунун ак эмгегинен тапкан табылга бироолордун алган олжосунан айырмасы билинет. Өзүңкүн аяп турасың, башкалардыкын элес албайсың. Анткени мандай териң, таман акың башкача сезилет. Ага эмгектенип жеткенсиң. Арийне, адал менен арамдын айырмасы, ушинтип билинет.

  • Ооруканадан сырткары жардам
  • 1847-жылында Кене хандын кыргызга экинчи чабуулуу
  • Түркстан
  • Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. РЕКВИЕМ
  • Балдар баарын билет
  • Сура Аль-Кафирун
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АЛА-ТОО КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ, ЭЛ БОЛБОСО
  • Айкөл Манас. 9-китеп
  • АСМАН, ЖЫЛДЫЗ, КҮН
  • Аякбошотоор
  • Этнос жалган түшүнүкпү?
  • Кыргыздын каада-салттары. Аш жана ашты берүүдөгү салттар
  • Эки бир тууган
  • Багыш. Мендирман (6)
  • ДАРЫЯ, СУУ (3)
  • ТӨРӨГЕЛДИ БААТЫР
  • Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. ЫРАЙКАН. ЗЕЙНЕП
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЗОНАДАН КӨЧҮРГӨНДӨ
  • МАНАСТЫН АККУЛАНЫ САТЫП АЛЫШЫ
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МАСКА
  • Идеология жана маданият
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ШАП КАРМАЛЫП КАЛБАСПЫ
  • Сура Аль-Вакиа
  • Жасалма чаңдаштыруу
  • Сура Та Ха
  • Абдыкалык
  • Карын бузуу
  • Ажар. Ажардын апасынын мүрзөсүндөгү монологу
  • Ата мурасы жөнүндө сөз
  • Сура Ас-Саффат
  • Тянь-шань кыргыздары XVIII жана XIX кылымдарда
  • УМАЙ ЭНЕ
  • Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барсаң бытпылдык
  • Мурунун чүйрүү
  • Кристофор колумбдун жумурткасы
  • Көнөчөк кийген түлкү
  • Терсаяк адат
  • БАР БОЛОЛУ, АГАЙЫН ЖУРТ!
  • Экөө тең туура
  • Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт
  • Кошой-коргон – Байыркы ордо-шаар Атбашы
  • Пулатчы
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙ МЕНЕН АДЫБАЙ
  • Кырсык кимди басат?
  • Чычкан мурдун канатпоо
  • УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
  • А дүйнө кетсем, кайыр кош!
  • Кыргызча аңгемелер. Тиги дүйнөдөгү тергөө
  • Айыптоо корутундусу
  • Кеңешип кескен бармак оорубайт
  • Суяб
  • Төлгөчү
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. КЫЗ ЖАНА ГҮЛ
  • Эр тайын тартат
  • Тамак-аш жеш
  • «Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру»
  • Үмөтаалы ормон уулунун оруска караганы
  • Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр
  • Кыргыз элинин калыптанышы
  • Кыргыз эл оюндары. Таякты алыстыкка ыргытуу, таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу, тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу.
  • ЖАҢГАК ТОКОЮ
  • Мал үйрөтүү
  • Алжып калуу
  • Балдардын окуу куралдарына мамилеси
  • Журтту тазалап кетүү
  • Кыргыз-Кытай дипломатиялык алакалары
  • Кыргыз макалдары А-4
  • Эсенгул баатыр
  • Шалдырак

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.