Кыргызстанда Туризм – Кыргыз Республиканын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар реалдык сектордун келечектүү тармагы. Кыргызстандын жери туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жа маданий жактан кыйла потенциалга ээ. Ал жөнүндө республикага мүнөздөмө берүүдө чет өлкөлүк эксперттер мындай дейт: «…табигый жана маданий белгилери кереметтүү айкалышкан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жер жүзүндө саналуу. Мындан дүйнөдөгү тоолуу жерлердин ичинен эң ажайып кооздукту көрүүгө болот». республиканын аймагынын 90%тен ашууну деңиз деңг. 1000 мден жогору жайгашкан. Гималай менен Памирден кийинки дүйнөдөгү эң бийик тоо чокулары Кыргызстанда, алар Жеңиш (бийикт. 7439 м), Ленин атн. (7134 м), Кантоо (6995 м) ж. б. чокулар. Дүйнөдөгү ири тоо мөңгүлөрүнө кирген Эңилчек (Түштүк Эңилчек) мөңгүсү бар.
Кыргызстандын зор Евразия континентинин борб. бөлүгүнөн орун алышы жана анын татаал рельефи мында кескин континеттиктен деңиздикке чейинки климаттын болушуна шарт түзөт. Кыргызстандын табияты ар түрдүү: мында кар-мөңгүлүү залкар тоо тилкесинен көк шиберлүү альп, субальп, карагай, арча, жаңгак-мөмө-жемиштүү токойлуу, шалбаалуу талаадан чөлдөргө чейинки ландшафттар кездешет. Өлкөнүн түштүгүндөгү Арстанбап, Кызылүңкүр, Каралма ж. б. жерлердеги дүйнөдө чанда кездешкен жапайы жаңгакжемиш токой массивдери, бийик тоолордун арасында жайгашкан Суусамыр, Алай, Аксай, Арпа сыяктуу (өрөөндөрдөгү) боз үйлөр тигилген көк шиберлүү жайлоолор, кымыз жыттуу үйүр-үйүр жылкы, асыл тукум кой жайылган жайыттары, айланасы ажайып кооз, балыкка бай тоо көлдөрү туристтерди, эс алуучуларды дайыма өзүнө тартат. Кыргыз жергесинде эки миңден ашуун тоо көлү, а. и. жайында салкын, кышында жылуу, тоңбогон Ысыккөл бар. Сууга түшүү маалы кээде ноябрь айына чейин созулат; суунун темп-расы жайында 24°Сге, кышында 4°Сге чейин жылуу. Ысыккөл алтын кумдуу пляждары, минералдуу булактар кошулган суусу тунук, тоо-деңиз климаты айкалышкан, дары баткактуу, терм-минералдуу суулары бар эң сонун курорттуу чөлкөм. Ысыккөл регионунда бүгүнкү күндө 7075 орундуу 121 санаторий жана эс алуу мекемелери (курорттор, пансионаттар, туристтик базалар ж. б.) иштейт.
Кыргызстандын аймагында Сарычелек, Карашоро, Кыргызата, Каратоко, Жетөгүз, Алтынарашан, Түргөнаксуу, Аларча сыяктуу ажайып кооз жерлер, шаркыратмалар, табият эстеликтери да арбын. Жогоруда айтылган табияты кооз жерлерди коргоо максатында Кыргызстанда жаратылыш улуттук парктары жана коруктары уюшулган. Ал аймактардагы жапайы жаныбарларды, канаттууларды, өсүмдүктөрдү жана жалпы эле кооздукту табигый түрүндө сактоо менен, аларда туристтер, айрыкча чет өлкөлүк бай туристтер үчүн экологиялык, элиталык таза экскурсияларды уюштурууга ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Кыргызстан Улуу жибек жолунда жайгашкан тарыхый архитектуралык эстеликтерге да бай: Сулаймантоо археологиялык музейи, Бурана мунарасы, Өзгөн архитектуралык комплекси, Шахфазил күмбөзү, Ташрабат кербен сарайы, Саймалыташ капчыгайындагы аскадагы сүрөттөр, Манас күмбөзү ж. б. эстеликтер.
Кыргызстандын Улуу жибек жолуна байланышкан байыркы тарыхы бар. Б. з. ч. 2-к-да Кытайдан Парфияга чейин келип кеткен кытай кечили Чжан Цзяндын саякатынан жана анын жазган саякат баянынан кийин гана континенттерди тепчип өткөн соода жолунда жибек кербендери сапар тарта баштаган. Кыргызстандын аймагы чыгышты батыш менен байланыштырган көпүрөгө айланган. Бул жер аркылуу байыркы кербен жолунун үч бутагы – Теңиртоо менен Памирдин бийик дабандарын ашкан — Памир-Алай, түш. жана түн. бутактары өткөн. Кыргызстандын аймагы эзелтеден эле өнүккөн борбордук азиялык чөлкөмгө кирип, эл аралык соода катнашынын жолундагы негизги өткөөл база болуп калган. Улуу жибек жолунун чыгыш менен батыштын маданиятын эриш-аркак айкалыштырганын кыргыз элинин салт-санааларынан, материалдык маданиятынан көрүүгө болот. Мис., Ош ш. байыркы тарыхый жана маданий борбор жана Улуу жибек жолундагы кербендер орун алчу жер болгон. Азыркы Ооганстан, Пакистан жана Индиянын көпчүлүк бөлүгүн баш ийдирип, Улуу Моголдор империясын негиздеген, «Бабур-Наме» аттуу баа жеткис тарыхый жылнааманын автору Бабурдун ыйык Сулаймантоодогу «үжөрөсү» — ой терметип, акыл калчаган үйү азыр да турат.
Ал бул жерде отуруп: «Фергана өрөөнү алаканга салгандай көз алдыга тартылат, Оштун тегереги кооз жана абасы таза»,— деп жазган. 1981-ж. чейин туризм ишин жүргүзгөн үч структура («Четтурист», «Рестуркеңеш», «Спутник» ЖЭТБ) гана болсо, бүгүнкү күндө экон. реформа саясатынын аркасы менен туризмдеги жекече сектордун үлүшү басымдуу болуп, Кыргызстанда туристтик кызмат рыногу түзүлүп калды. Азыркы учурда тоо (альпинизм, клайминг, хайкинг, тренкинг ж. б.) жана рекреациялык туризмдин мааниси кеңейүүдө. Кыргызстан мурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн туристтерине дээрлик белгисиз эле. Ал өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин респ. ченемдик-укуктук базаны өзгөрттү, келип-кетүүнүн кыйла либералдуу тартиби түзүлүп, чет өлкөлүк жарандарга келүү визасы чектөөсүз бериле баштады, Республиканын аймагында чет өлкөлүктөр эл аралык мыйзамдарда, макулдашууларда, келишимдерде каралган бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат. Республика 1993-жылдан Дүйнөлүк туристтик уюмдун мүчөсү болуп эсептелет. Бир нече жылдардан бери Кыргызстан Дүйнөлүк Берлин туристтик бирикмесинин, Лондон туристтик жарманкесинин, Ташкен туристтик иш-чараларына жигердүү катышып келүүдө.
Республикадагы азыркы инфраструктура дале болсо эл аралык стандарттарга ылайык келбейт, анткени бир нече ондогон жылдар мурда түзүлгөн туризм негизинен советтик туристтердин керектөөлөрүн канааттандырууга эсептелген эле. Бирок, туризм акырындап өсүп-өнүгүүдө. Туризм тармагына инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө. Италиялык «Капитал» фирмасы мурдагы «Кыргызстан» мейманканасын реконструкциялап, 5 жылдыздуу «Хаятт» отелине айландырды. «ИНПРО-технологиялык жабдуу» аттуу немис фирмасы «Алатоо» мейманканасын реконструкциялоодо ( 2003). Азыркы учурда республикада 8 жогорку жана орто окуу жай туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоодо. Кыргызстандын 100дөн ашуун болочок адистери чет өлкөлөрдө окушууда, 1000ден ашуун кыргыз студенттери жыл сайын Түркияда, Италияда, Германияда, Индияда, Сан-Маринодо ж. б. иштеп келишүүдө.
Республикада инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Азия банкынын жардамы менен Бишкек — Ош автомобиль жолун реконструкциялоо иштери аяктоодо; Бишкек — Торугарт трассасы боюнча долбоордук-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул автотрассаларды ишке киргизүү Кыргызстандын туристтик потенциалын кыйла арбытат. Аталган багыттар Улуу жибек жолунун негизги каттамдар бөлүктөрүнө дал келет, ошондуктан бул трассалар боюнча саякаттарды уюштуруу туризмдин негизги түрлөрүнүн бири болуп калат. Туристтерге ыңгайлуу болсун үчүн автотрассаларга тийиштүү курулуштар курулуп, жол тасмасы жана жол коопсуздугу жакшыртылат, жол сервисинин көп багыттуу тармагы, а. и. тез кабар жана тез жардам пункттары түзүлөт, трассалар чет тилдериндеги көрсөткүчтөр жана маалымат такталар менен жабдылат. Экинчи бир маанилүү маселе – бул телекоммуникациялык тармакты өнүктүрүү.
Кыргызстанда эл аралык байланыштын ар кандай түрлөрү, а. и. уюк телефон байланышы бар экендигине карабастан азыркы радиорелелик берүү системасынын жана коммутациялык станциялардын базасында Кыргызстанда байланышты түзүү боюнча 1996-жылдан тартып Дүйнөлүк жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банктары каржылаган Телекоммуникациялардын биринчи долбоору ишке ашырылууда. «А» стандартынын космостук байланышынын жер үстүндөгү комплекси менен эл аралык станция орнотулат. Андан тышкары Кыргызстан байланыштын транс-азиялык-европалык магистралы (ТАЕ) бча дүйнөнүн 15тен ашуун мамлекети менен байланыштын түздөн-түз кабелдик каналдарына ээ болот. Бул үчүн жаңы аппарат болгон SDН-технология менен жабдылган 165 км була-оптикалык (БОБЛ) байланыш линиясы курулат. Эл аралык транспорттук катнаш ийгиликтүү чечилүүдө. Япониянын өкмөттүк кредитинин эсебинен каржыланып жаткан эл аралык «Манас» аэропортун реконструкциялоонун биринчи фазасы аяктады. Реконструкция аяктагандан кийин «Манас» аэропорту Азиянын аба транспортунун эң башкы жол тоому болуп калмакчы, ал респ-га туристтердин келип-кетүүсүнүн көбөйүшүнө көмөкчү болот.
Кыргызстанда Туризм. Кыргызстандын туристтик ресурстарын, туризм менен эс алуунун колдо турган инфраструктурасын жана объекттерин эске алуу менен туризмдин төмөндөгүдөй түрлөрүн: Улуу жибек жолунун негизги багыттары боюнча өтүүчү рекреациялык, эл аралык, Дүйнөлүк туристтик уюмдун жана ЮНЕСКОнун «Жибек жолу» биргелешкен долбоорунун чегинде тобекелдүү (альпинизм, тоо туризми, рафтинг, спелеология, тоо лыжасы, аңчылык, экотуризм ж. б.), анын ичинде аңчылык туризмин өнүктүрүүгө басым жасоо болжолдонууда. Республиканын тоолуу мүнөзүнө ылайык, туристтик сунуштун маанилүү бөлүгү капиталдык чоң салымдарды талап кылбаган жана чет өлкөлүктөргө кеңири тараган тобокелдүү туризм болуп эсептелет. Алардын бири 2003-ж. июнь айында Кыргызстандын жерлери аркылуу өткөрүлгөн экстремалдык жарышынын 14 чет өлкөнүн топтору «Рейд Голуаз» аттуу дүйнөлүк чемпионаты болуп саналат. Туризмдин ушундай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн келүүчүлөргө чек коюлган атайын аймактар –альпинистик-туристтик зоналар негиз болуп берүүгө тийиш, аларда туризмдин тобокелдүү түрүн өнүктүрүү үчүн таяныч түйүндөр жайгаштырылат.
Кыргыз Республиканын Президентинин 2001-жылды – «туризмге колдоо көрсөтүү жана аны өнүктүрүү жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү указы атамекендик туризм Республиканын кирешесинин негизги булактарынын бири болуп, эл чарба комплексинин маанилүү бөлүгү катары өнүгө ала тургандыгы жөнүндө күбөлөйт. Туристтик потенциалдын өсүшү күтүлүүдө, ал өнөр жайды, транспортту, элдик көркөм чеберчиликти, курулушту, мейманканалык тейлөөнү, башка кызматтарды өнүктүрүүгө көмөк берет. Туризм алыскы айыл региондорун көрктөндүрүлүшүнө, экологиялык чөйрөнү коргоого, жергиликтүү калктын экон. жашоо-турмуштук ыңгайынын жогорулашына таасир этет. Жагымдуу экон. зонаны түзүү, туризм чөйрөсүндөгү чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, туризмдин материалдык-техникалык базасына жана анын инфраструктурасына көмөк берүү, туризмде рыноктук мамилелерди калыптандыруу үчүн туристтик тармактын өнүгүшүнө түрткү берүүчү бир катар документтер иштелип чыккан: 2010-ж. чейин респ-да туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын концепциясы жана программасы бекитилген. Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн алдында туризм боюнча координациялык кеңеш түзүлгөн. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында Кыргызстанда тейлөө рыногу түзүлүп калды. Туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Фирмалардын саны көбөйүп, бүгүнкү күндө 250дөн ашуун, алар 200 миңдей жумушчу орундарын түздү. Статистикалык маалыматка ылайык 1989-ж. Кыргызстанга 67,7 миң, 2001-ж. – 98,6 миң турист келип кеткен. 1966-жылга салыштырганда туристтердин жалпы агымы 2001-ж. 64%тен ашуунга көбөйгөн.
Мамлекеттик алым жана салыктар түрүндө жыл сайын мамлекеттин бюджетине 400 миллионго жакын сом түшөт. Чет өлкөлүк туристтерди кабыл алуудан түшкөн киреше жылдан жылга көбөйүүдө. Фирмалардын аларга катышуусу Республиканын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк рекламалоого жана ар кайсы өлкөлөрдүн эң ири туроператорлорунун көңүлүн бурууга мүмкүндүк берет. 2001-ж. Кыргызстанда Эл аралык туристтик форуму өткөрүлгөн. Аны даярдоого жана өткөрүүгө Республиканын бардык туристтик коомчулугу катышкан. Анда туризм жаатында кеңири тажрыйба алмашылып, өнүккөн өлкөлөрдүн инфраструктурасы, улуттук маданияттын салт-санаалары, рекламалык-маалымат чөйрөсүндөгү жетишкендиктер, туризмдин калктын социалдык-экон. абалына тийгизген таасирлери кеңири каралган. Жыйынтыктап айтканда Кыргызстанда туризмдин тез жана пайдалуу өнүгүшүнө толук ыңгайлуу шарттар бар. Аларды азыркы базар экономикасынын шартына ылайык натыйжалуу жана айлана чөйрөгө зыян болбогондой таза пайдаланып, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк түзүп, келечекте өлкөнүн социалдык жана экон. өнүгүшүндө реалдык сектордун негизги тармагына айландыруу зарыл.
Кыргыз