«Биринчиси соода, экинчиси коога»

«Биринчиси соода, экинчиси коога». Кыргыздарда соода кылуу бардык жерде бирдей өнүкпөсө керек. Аркалыктарга Караганда Анжияндыктарда канатташ озбек жана тажик элдеринин таасири менен соодалашуу аракеттери мурунтан бери жүргүзүлгөндүгү шарттуу көрүнүш. Аркалыктарга соодагерлер Анжиян, Кашкар тараптан өзүлөрү келишип, же мал айдап барып, жалаң малга, мал-чарба азык-түлүктөргө пулдап жолуна түшүшкөн. Албетте, биринчи соода кызыктуу, алымдуу, ич-ара мамилелер так болот. Элибиз кадимкидей кызга калың төлөөдө баасы бычылган. Мынча кара, тигинче жандык айдап түшөсүң дегенге чейин барышкан. Кыз алуудан элибиз эчтекесин аянбаган. Тобокелге сала турган. Албетте, ез адамдарынын кошумчалары, колдоолору болгон. Эгер кыз баш ачылып, кайра төркүндөрүнө келсе, ал жубан аталат да, кайра эрге чыкса, мурункудай откур мамиле кылбайт. Бирок бүлөгө бүлө кошулуп, аткан соң, калың берет. Мурункудан өлчөмү кыскарылат. Кыргыздар бул макалды так ушул мааниде айтышкан.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.