KyrgyzInfo.Ru » Кыргызча Тексттер / Тексты на кыргызском » Тарых » Модэ Шанүй
Модэ Шанүй (кытайча шанүй – теңир куту) – Биздин заманга чейин 209–174-жылы хунн урууларынын башчысы. Хунн урууларынын шанүйү Тоу Мандын улуу уулу. Тоу Ман кытайлардан жеңилип алсырай түшкөндө юэчжилердин талабы боюнча Модэни аманатка берген. Тоу Ман юэчжилерге басып киргенде Модэ Шанүй хунндар тарапка өткөн. Ал өз аскерлерин таамай атууга машыктырган жана буйрукту кыңк этпей аткарууга көндүргөн. Биздин заманга чейин 209-жылы Модэ өз атасын өлтүрүп, такка олтурат. Чыгышта жашаган дунхуларды, кийинки жылы юэчжилерди караткан. Биздин заманга чейин 203–201-жылы түндүк тарабындагы коңшулары хунүйлөрдү, күйешелерди, Саян тоолорунун этегин мекендеген динлиндерди, Чыгыш Түркстандын түндүгүндө жашаган кыргыздарды басып алган. Биздин заманга чейин 201-жылы Кытайга кол салат. Биздин заманга чейин 198-жылы кытай императору Лю Бан менен «бейкуттук жана туугандык» келишимин түзгөн. Иш жүзүндө кытай императору Модэ Шанүйгө көзкаранды болуп, салык төлөп турууга мажбур болгон. Биздин заманга чейин 177-жылы Модэ Шанүй юэчжилерди, усундарды жана Чыгыш Теңиртоодогу башка элдерди да баш ийдирген. Модэ Шанүй өлгөндөн кийин (Биздин заманга чейин 174-жылы) такка уулу Лаошань отурган.
Кыргыз