Базаркул Данияров кыргыз интеллигенттеринин аксакалдарынын бири. Республикадагы эл агартуу иштерине зор эмгек сиңирген, кыргыз элинин көп таланттуу интеллигенттерин окутуп, тарбиялап, уядан учурган татыктуу мугалим, таасын табиячы эле.
Б. Данияров 1895жылы Чоң Кеминдеги Кайыңды кыштагында төрөлгөн. Ал революцияга чейин айылдык диний мектептен окуп, араб тамгасында кат жазып, окуганга жараган. 1918жылы Ташкент шаарында ачылган казаккыргыз эл агартуу институтуна кирип, аны 1923жылы бүтүрүп чыккандан кийин Ош шаарына жиберилип, анда мугалимдерди даярдоо курсун уюштурат. Данияров жетектеген ал курстан көп мугалим окуп чыгат. 1925жылы Пишпек шаарында Кыргыз эл агартуу институту ачылган күндөн тартып, Базаркул анын окуу бөлүмүнүн башчысы, 1929жылдан тартып Фрунзедеги борбордук педагогия техникумунун директору болгон. Ал институтта окуп жүргөн кезинде илимий комиссиянын орун басары болуп, кыргыз фольклорун эл оозунан жыйнатууга, жыйналгандарын басмага бастырууга жана кыргыз мектептеринин башталгыч класстарына окуу китептерин даярдоого активдүү катышат. Б. Данияров «Касым ырларынын жыйнагына» баш сөз жазган. Ал ар дайым сөздүн туурасын жазып, айтып, кара кылды как жарган калыс киши эле. Б. Данияров чарчабаган педагог жана талыкпаган тарбиячы эле. Ал көбүнчө бизге сабак берип жаткан кезинде: «Балдар, бир нерсеге жакшы түшүнүшүңөр керек. Билим деген бир заматта учуп келе калып, башыңарга коно калчу бакыт кушу эмес. Силердин мектептен алган билимиңер он процент болсо, билимдин 30 процентин өз бетинче китеп окуу жолу менен аласыңар. Илимдин жаркыраган тоо жонуна чыгыш үчүн даңгыраган, даңгыр жол жок, ага жетиш үчүн толгон аракеттер керек, далай тар жолдуу, бийик ашууларды ашып, тайгак кечүүсүн кечиш керек. Ошондуктан кенедей да убактыңарды бошко кетирбей, китепти казып окуп, билимиңерди арттырууга умтулгула. Китеп силердин ажырашпас досуңар, кыйышпас жолдошуңар болсун» — дей турган.
Ошол кезде бизде кыргыз тилинде жазылган окуу куралдарынан Ишенаалы Арабаевдин «Кыргыз алиппеси», Касым Тыныстановдун «Окуу китеби», чала сабаттууларга арнап жазган «Окуй, жаза бил» аттуу алиппесинен башка эч кандай окуу куралдарыбыз жок болчу. Агайыбыз: «Тырышып жакшы окуп, бул мектепти ийгиликтүү бүтүрүп чыксаңар, кыргыз тилинин грамматикасынан, адабиятынан окуу китептерди силер өзүңөр жазышыңар керек. Ал гана эмес, мамлекетти башкара турган ишмерлер да силердин араңардан чыгууга тиииш», — деп калаар эле.
Биз окуган эл агартуу институтта тарбияланган балдардын басымдуу көпчүлүгү атаэнеси жок жетим балдар эле. Б. Данияров багаркөрөрү жок томолой жетим балдардын үстүнө үйрүлүп түшчү. Ошондой жетимдер сабактарынан начар болсо, аларды «сен жолдошуңа жардам бер» деп, сабакты жакшы окуган жолдошуна кошоктоп койчу. 1931жылы Узакбай Абдукаимовдун ордуна, Москвадагы борбордук секциясынын жооптуу редакторлугунун орун басарлыгы кызматына кетүүмө Б. Данияров себепчи болгон. 1933жылы башталгыч мектептердин 3—4класстарына кыргыз тилинин тунгуч туруктуу окуу китептерин жаш тилчилердин ичинен кимдер түзө алат деген маселе коюлганда, Байжиев менен Бектенов түзө алат деп, бизди сунуш кылган да Данияров болгон эле. Менин адам болушума өбөлгө түзгөн Б. Данияровдун шарапатын эч качан унутпайм. 1935жылы Кыргыз эл агартуу институту ачылган кезде Б. Данияров завуч, андан кийин директор болуп иштеп, кыргыз маданиятынын алгачкы карлыгачтарын учуруп, ондогон билимдүү кадрларды даярдап, эбегейсиз зор иштерди иштеген эле. Данияровдун тагдыры да каардуу 1937жылга туш келип, ал кандуу репрессиянын курманы болгон. Анын эл агартуу жаатында эмгеги зор, аны изилдеп үйрөнүү зарыл.
Зияш Бектенов
- Бекбекей
- Бүркүтчү
- Кошунанын бакчасы
- «Боз койдон жоош, ак койдон аңкоо корүнүү»
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ДҮНҮЙӨ
- А дүйнө кетсем, кайыр кош!
- Оп майда
- Манас. Айкөлдүк
- Күн нуру
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАКЫНЫРААК БОЛСУН ДЕП
- Сура Аш-Шамс
- Таан падыша
- «Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп»
- Көр жеме
- Ичке баткан бала, сыртка да батат
- МЕН КЫРГЫЗДЫН АКЫНЫ
- 1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшү
- ЖААН, ЧЫЧЫРКАНАК, ТАБЫЛГЫ, КАРАГАЙ
- Адамкалый
- Б.з. VI—VIII кк. Түрк кагандыгынын синкреттүү искусствосу
- Аркан тосунун дагы бир салты
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. НАСЫЯТ
- Кыргыз качан мусулман болгон?
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЖЕНИШБЕК
- Ж. Бөкөнбаев – Курбум
- Ат үйрөтүүчүлүк
- АЙТЫМДАР. ООЗАНТУУ АЙТЫМЫ
- «Кыргыз» деген этноним жөнүндө легендалар
- Өлгөн адилеттик
- Полот хан (Пулат хан)
- Коло доорундагы кенчтер
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАНЧА БАШТУУ АЖЫДААР?
- Кызыл китеп фактылары
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫГЫМ
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. МӨЛМӨЛҮМ
- Үзөнгү боолуктоо
- «Кыз кыздай, кыш кыштай болсо»
- Билбегенди билгизе айт, көрбөгөндү көргөзө айт
- Америкалык ач күсөн
- Баткен окуясы
- Айкөл Манас. 3-китеп
- Кыргыз аңгемелери. Менин начальнигим ким?
- Кетти Залкар…
- Эне мээрими.
- Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 3-бөлүк 800 макал
- «Конок айтып келбейт»
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. БҮРКҮТТҮН КАНАТЫ
- РАМИС РЫСКУЛОВ. СЕРГЕКТИК
- ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ
- МОМУН ЧАЛ
- Журтту тазалап кетүү
- Адигине, Тагай кимдин баласы?
- Үч талак
- Сура Аль-Муддассир
- Солтобай ырчы
- Кыргыздын калмактан жылкы алып, айылын чаап турганы
- Терсаяк адат
- Бугулардын 1856-57-жылдарда барып, турпандыктын он миң мал чаап алганы
- Төө сойсоң да барбайм
- Талаа жылдызы
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ОТУЗ ЖАШ
- Кыргыз Ата адамдарды сыноодо эске алуучу сапаттар
- ТАМЧЫ
- Сура Аль-Хадид
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. КӨК МЕНЕН
- Салынуу кашык
- Булбул кай маалда сайрайт?
- Ычкыры бош
- Камыр балбан
- Жарамазан
Кыргыз