Илгерки убакытта арадан жети ай отпой куда болууну мыйзамчылыкка санабай турган экен. Жана ак соок менен кара соок куда боло алуучу эмес экен. Алардын бирине бири намыс кылган себеби куда болбой жүрүп кийинки убакытта жигитке же болбосо малга карап куда боло берүүчү экен. Куда болууда бироо куда болмокчу болсо, өзүнүн айлы арасындагы элгежуртка кадырман кишини кыз атасына жиберип соз салат. Куда болордо асты жүз жылкы, арты тогуз кара менен куда болот. Ошол жүз жылкыны айдап баргандар онон беш же жыйырма киши болот. Кыз атасы үчтөрт эли казы чыга турган бээни союп, жадырапжайнап күтөт. Кудаларды ошол күнү кондуруп, эгерде айылы алые болсо үчтөрт күн кондуруп, мурунку союлган бээнин эти түгөнүп кетсе дагы бир бээ союп конок кыла берет. Келген кудалар канча болсо ошончо кийит деген нерсе берет. Алар мына булар: тогуз дейилде (күмүш чапан), тогуз Кокон кымкап (баасы жүз койлук), тогуз булгун ичик (кундуз катарлуу нерсе, өңү кара күрөң тартып кубулуп турат. Жүнү кайсы жакка эңсейткен ошол жакка кадимкидей болуп төгүлүп турат), баасы жүз койлук, тогуз бучкак ичик (түлкүнүн бучкагы) баасы отуз кой чамасында, тогуз нооту чапан, бирөөнүн баасы бир ат, тогуз бейкасам чапан, бирөөнүн баасы беш кой, тогуз бачайы чапан, баасы үч кой. Бир анжыян топу (күйөөгө арнап бергени). Бир мата же болбосо он кез болотнай, аны жыртып ошол жердеги отурган элге жүз аарчы чамасында айрып берет (аны актык деп атайт). Кийитти кийгенден кийин тура калып күйөөнүн атасы «келин баланын атын айт» дейт. Анда куда: «жолуна эмне айтасың» дегенде күйөөнүн атасы бир тоо же болбосо бир жакшы ат айткан соң кыздын аты баланча деп айтат. Андан кийин кыздын атасы «күйөөнүн аты ким» деп сураганда тигилер «жолуна эмне айтасың» деп сурайт. Анда бир кымкап, болбосо башка бир нерсе болсун деп айткан соң күйөөнүн атын айтып берет. Ошону менен келген кудалар ал жерде мал кеспестен кете берет. Эгерде келип калышса ошол кеп кылган жагы уят болуп калат. Ошону менен кыз, күйөө бойго жеткен соң күйөө баланы күйөөлөтүп жиберет. Күйөөнүн алып барганы: бир айгыр баштаган он байтал жана бир жакшы жорго болсо, чаап жүргөн бир жакшы ат алып барат. Андан башка жеңкетай дегенине бир ат алып барат. Ошол күнү кызды күйөөнүн жанына алып келип, эл жаткыча жанына отургузуп, андан кийин алып кетет. Кыздын жүз көрүшөрүнө бир байтал болсо, марттык кылса бир ат берет. Эртеси коюнга салар дегени болот. Ага бир бээ берет. Ошол түнү кыз, күйөө ынтымак менен түндү өткөрөт. Экиүч күн түнөп, кетерге жакын кыздын жеңеси бир кой союп, күйөө, кызды чакырып конок кылып отуруп: «күйөө бала, сени таңам» деп айтат. Ошол жерде таңгандыгына бир ат берет. Атты алган соң бир тай союп ат жеткен жердеги кызкелин жана жигиттердин бардыгын алып келип оюн салат. Оюнду таң атканча ойнотуп күндүн мурду менен таратат. Кыз атасы күйөөнү бир сыйра кийиндирип жана күйөө жолдош болуп келген жигиттерге да бир кийимден кийгизип жиберет. Ошол сый менен күйөө бала үйүнө кетет. Бир далай убакыттан соң кудагый барат. Чамасы жыйырма жылкы, бир төө алып барат. Кудагый барып экиүч күн конуп кайтарында үстүнө кымкап, башына элечек ороп тогуз түрлүү кийим берет. Кудагый дагы ошончолук сый менен үйүнө кетет. Эми кыздын атаэнеси кудага барганда эч нерсе алып барбастан куру эле барат. Кудагый, кудаларды бир нече күнү кондуруп, кайтарында чамасы 200— 300 кой, 40—50 жылкы, 2—3 тоо, бир жорго, бир күлүк ат, анын балабакырасы келген болсо аларга дагы ат миндирип узатат. Андан кийин кызды алар убактысы келген соң, 3—4 киши менен айгыр баштаган тогуз байтал жана бир жорго айдап барып жооп сурайт. Малым бүтпөсө да каадам бүттү, келин болсо бойго жетип калды. Кана эмне аласыз? — деп, сураганда, кыз атасы жүз жылкы, беш жүз кой, тогуз жорго, тоо баланча күлүктү, андан кала берсе кыз атасы нече агайын болсо, ошончо ат мингизесиң, жана бир күң, бир кул бересиң. Ушул айтылгандардын чыпчылгасын коротпостон бересиң — дейт. Ошону менен куда үйүнө барып бир бээнин этин бышырып, бир бээнин этин чийкилей, куйкалаган 4—5 ирик, үч соку кант, куржун башы өрүк, мейиз, капкап боорсок кылып, тогуз төөнүн жүгүн түшүрөт. Жыгач ташы барып түшкөндөн кийин жанаат элин, катынкалачтарын чакырат. Катындар жыйналып келип куржундун оозун согордо, ак сакал байбиче ат байлап ырымын кылып согот. Андан башкалары алы келгенче жол айтып сөгүшөт. Ошол соккон катындар оз ою менен түрлүү даамдардан алат. Кыскасы тогуз төөнүн жүгүн тогуз катын согот. Чара кулак (той качан болот деген соз) дегенде бир тай союп, этин чоң чарага салып куда кыздын атасьша көтөрүп барат. Аны жеп болгон соң, кыз атасы «ишиңди илгери кыл, түндүгүңдү көтөр» — деп уруксат берет. Түндүк көторөрдөгү ырымжырымга бергени тошок каптарына бир тай, жылкычыга (жылкычы деп жылкы кайтарган кишини айтат, айылдагы уландардын ала турган милдети) бир бээ ушул ырымжырымга берилгенден кийин, тоюна эки бээ, он аша кой, он бут чамасында күрүч менен той кылат. Тойду жеп болгон соң, «Төшөк талаш» деген оюн болот. Ал мындай: катындар бир жаат, эркектер бир жаат болуп, катындар эки орундун ортосу бир саржан чамасында кылып казып, эки ортосун козойт. Ошол К03ӨНӨКТӨН алты арканды кошуп эшет. Дагы бир учун жогорку айтылган тешиктин көзөнөгүнөн отпой турган чоң ташка байлап, кептелтип коет. Ошол кептелген жаккы ороого топуракты толтуруп, катындар үстүнө олтуруп алат. Жан жагына күлдөн төгүп таштап, аркандын чубалжыган учун эркектердин колуна берип, жанындагы күл менен ура баштайт. Ошол убакытта эркектер жанына күч келип тартып кетсе мерой эркектердики болот. Эгер тарта албай калса морей катындардыкы болуп бир тоо, болбосо бир бээ алып тынат. Катындар алдырып жиберген болсо, эркектер эч нерсе бербей кетет. Айтмакчы: катындар ор казып жаткан кезде тогуз табакка эт жасап, эң үстүнө акча коюп катындарга алып барып «тошок талашуу» дегенди коюңуздар деп өтүнүч кылып суранат. Эгер катындар макул алып койсо койду. Койбосо ошол табакты эркектерге алып барып жардам сурашат. — Катындарга алып барсак бол бой «тошок талашмак» болду. Ошого бир жардамдар болобу — деп, өтүнүч кылган соң эркектер макул алат. Алды менен жөөжалаңдап тартат. Ага болбой бара жатса ат менен да тартууга болот. Ошону менен кызды эртеси бир жакшы ат мингизип чыгарат. Анын ээр токумун күмүш менен саймалаган, тегерегине бүтүн кундуз кармаган жүгөнкуюшканга чылк күмүш жапкан үй шайманы бүт беш төөгө артуу жууркантөшөктөн тартып тогуз килем, түлкү ичик, тогуз дейилде, тогуз Кокон кымкап, тогуз ноот кымкап, тогуз бейкасам, тогуз букар бачайы, андан башка жөн чапандан сансыз. Анын үстүнө эркек балалуу күң, кул жумшап берет. Атказууда кыз кыңшылатуу деген болот. Кызга дейилдени чүмкөп коюп, кыздын энеси, эжелери, женелери жана башка катындар кызга узатуу кошогун айтышат. Ал мындайча болот: Ойдо жылан октолот, Жаныкем — Сенин олутуң жаман жоктолот. Кырда жылан октолот, Жаныкем — Сенин кылыгың жаман жоктолот. Ичигиң калды иргеде, Менин ичегим жаман бирге эле. Көйнөгүң калды иргеде, Жаныкем — Көңүлүм жаман бирге эле. Жүк үстүндө айнегим, Сүт үстундө каймагым, Таарынбагын тайлагым, Таарынбагын ардагым —
деген өңдүү кошокторду ар кайсы катындар ар түрдүү айтып кошот. Анын жакын агайын туугандары жана инилери ыйлапсыктап узатышат. Ошону менен бир жакын жеңеси куданыкына чейин ээрчитип барат. Андан кайтарда «сүт акысы» деп бир тоо жана бир ат жетелетип жиберет.
Кыргыз