Акбаранын көз жашы
Ошентип, келчү күн келди… Бирок күн келгиче түн бар эмеспи — бу түнү Акбара баягы үңкүрүнө кайрылып барган эле. Ташчайнардан айрылгандан бери келе элек болчу. Жалгыз калган бөрүканчык үңкүр алдында аңылдап бош турганын, аерге барганда эч кимди таппасын сезчү, ошол үчүн бу чөлкөмгө жологусу келчү эмес. Ошентсе да кайгыга алдырып, алы куруп бүткөн неме ушу түнү көнүмүш жолу менен жүгүрүп, тааныш бадалды аралай чаап үңкүргө кирип барууну капыстан эмнегедир катуу эңседи — а балким, бөлтүрүктөрү небактан күтүп жатышкандыр. Дагы да өзүнө өзү алданды. Дагы да жалган үмүткө азгырылбай коё албады. Катуу жүгүрдү; жинди болуп кеткен тариздүү жол тандабай, алдынан суу жолугуп атабы, таш жолугуп атабы дебей, жайлоого келе атабы дебей, жайлоого келе баштаган малчылардын ар кай жерде жаккан отунан жазганбай, аларга, алардын арсылдаган иттерине чукул эле жерден жаналы калбай чуркап кетип баратты, артынан тарсылдап мылтык атылып жатты…
Коколой башы жалгыз калган, акылынан айрылган энебөрү тоо аралап, бийикте, көктуңгуюкта турган ай астында ушинтип жүгүрүп келатты. Үңкүрдүн тегерегин жаш чөп басып, бөрү карагат тегиз жалбырак ачып, таанылгыс болуп калыптыр. Жетерине жетип, үңүрөйүп, ээнсиреп калган үңкүрдүн ичине кирүүдөн заарканып, туруп калды… Жок, жалгыз азгырыкка алданыпмын деп, эсине келип артына кайра салышка да кудурети жетпеди… Ошондо Акбаранын көөдөнү кайрадан өрттөнүп, боздопулуп, көзүнөн жашын төгүп, айдагы БөрүАнага кайрадан кайрылды, шордуу тагдырын айтып, дагы да буркурады: — Мени өзүң отурган айга, адам жок жерге алып кет, БөрүАна — деп жалынды.
- ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ. АПА (поэма)
- ӨТКҮН АЙТЫМЫ
- Насип кайып, нике кайып
- Кайын эне менен келиндин белгилери
- АСАН КАЙГЫНЫН СӨЗҮ Бир күнү кар түшүп, кыш болуп калды. Ошондо Асан кайгынын айткан сөзү
- Апама арноо
- Ээн ооздук
- КУЙРУЧУК
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАҢЫЛУУ
- Ырым кылып алуу
- Кыргыздардын каада-салттары. КУДА БОЛУУ
- Рахматулла датка
- Кыргызстандын топурагы
- ТОГОЛОК МОЛДО. КЕМЧОНТОЙ (поэма)
- ЭГИЗ КОЗУ, АЙ, КҮН
- Марков чынжыры
- Сура Аль-Анбийа
- Шер датка
- Чүлүктөп, ноктолоп, буйлалап, айдап алуу
- Этникалык талаа жана этногенез
- Жылымчы митаам неме
- Жаман кошуна
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЖООП КАТ
- «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮЛӨР
- КУЛМУРЗА МЕНЕН АК-САТКЫН
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. КОШУНА КЫЗ
- Сура Аль-Касас
- Айбандан мурда адамды ардакта
- Кытайдан кыргыз элдин кайтканы
- ЭҢ ЭСКИ КЫРГЫЗ
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ТАБЫЛГАН ДҮЙНӨ
- Сура Аль-Лайл
- Кезектеги жыйналыш
- Б.з. VI—VIII кк. Түрк кагандыгынын синкреттүү искусствосу
- Саргара жортсоң, кызыра бөртөсүң
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. ЖАШТАРГА
- Айкөл Манас. 10-китеп
- Кыргыз жомоктору
- Итенген сайын бир боорсок
- Эне мээрими.
- ӨЗГӨН АРХИТЕКТУРАЛЫК КОМПЛЕКСИ
- Кыргызияда калмак жапырыгы
- Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу
- Оозго суу тамызуу
- Эр мушташ
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ОЙЛОНЧУ
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ЗАМАНАМ
- «Кыргыздын килеми көчкөн жерде калат».
- Ала-Тоодон кийинки сүйүүбүз көл бети
- ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ЖЕР ТИТИРӨӨ
- Чынгыз Айтматов. Биография / Өмүр баяны кыргызча
- Жандыктын жилигин бөлүп тартуу
- Сура Ан-Нахль
- Туз кемгонсүп
- Таан падыша
- Кыргыз эл оюндары. Мергенчи, мөмөнү уруп түшүрүү, найза ыргытмай
- Телефон менен сүйлөшүү этикасы
- АКБАР РЫСКУЛОВ. БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!
- Бала өзүнүн энчилүү аты жөнүндө түшүнүк алуусу
- Чубактын Манаска келип кошулганы
- Жакупбектин тарыхы
- Ой-пикир түзүүчүлүк
- Күмөн саноо
- Мелдеш
- Көкчөнүн өлүшү 4-бөлүк
- «Кезек-кез куран окутуп жүрөлү»
- Музоочулук муңдурбайт
- Кыргызстандын коруктары. Коруктар
- Пештенуу
- Цин сулалесинин расмий хроникалары
Кыргыз