АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙ МЕНЕН АДЫБАЙ

Кадыбай менен Адыбай Коңшу жашап турушат, Бир конфетти бөлөт жейт,

Бирок бат-бат урушат,

Ашкабак баш Адыбай, Мадыбай, Чадыбай, Ыйлактаган бүтүк көз

Деп сөгөт Кадыбай.

Адыбай карап турабы, Кызара түшөт кулагы. Эмне келсе оозуна

Айдатып калат бу дагы.

Ушинтип экөө “арбашат”, Аздан кийин “кармашат”. Бирин бири жамандап

Үйлөрүнө далбашат.

Эң чатаксың сен дешет, Жолобоймун мен дешет. Беш минутта кайрадан,

Ойнойбуз, ой, кел дешет.

Кыздардан коюп калысты, Бир күнү экөө жарышты. Алдыга келди Адыбай,

Аябай керип арышты.

Акактап жетип Кадыбай: –Матанып калган белем,–дейт, Кара шапкем болгондо

Караандатпайт элем,–дейт.

Кадыбайга калыстар: –Айтканга жөн көн дешти. Анык болсо озоруң,

Шапкеңди кийип кел дешти.

Тепейтип кара шапкесин, Экинчи ирет жарышты Жеткизбей келди Адыбай,

Жепжеңил шилтеп арышты.

Калп жөтөлүп Кадыбай, –Мактанбагын мага,–дейт. Желкем ооруп кетпесе,

Жеткизбейт элем сага–дейт.

Ушундай бул эки дос, Урушат да табышат. “Инженербиз” биз дешип,

Биригип канал чабышат.

Инженер болот экөө тең Урушпай жөн жүрүшсө. Тилин алып ар дайым,

Эне-атасын сүйүшсө.

  • Сыйкырдуу торт.
  • ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ. КОШ, АЛЫМКУЛ
  • Багыш. Мендирман (8)
  • Байдылда Сарногоев. Чал кемпирин азилдейт
  • Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
  • Куйругун жазалаган түлкү
  • Байдылда Сарногоев. Сага айткан сөз
  • Кыргызстандын гимни
  • МЕНИН УСТАТТАРЫМ
  • Туризм академиясы
  • Модэ Шанүй
  • Мүнөздөмө
  • Ж. Бөкөнбаев – Курбум
  • Кыргыз эл оюндары. Жаа атуу, жааны алыстыкка атмай, жамбы атмай.
  • Сура Аль-Джинн
  • Табышмактар. Кыргызча табышмактар
  • ТАМЧЫ
  • АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ. «ТАР ЗАМАН»
  • Ажы
  • Сура Аль-Хакка
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. БИЗГЕ КЕРЕК БИР МИДИН
  • КЫРГЫЗДЫН ЭЛИНИН ТУРМУШУ
  • Автандил Арабаев. Алгачкы махабаттан калган арман
  • Сура Аль-Адийат
  • Ууру (жомок)
  • Адабияты манас таптүштөө ирээти
  • Жакшылык
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫГЫМ
  • Чүлүктөп, ноктолоп, буйлалап, айдап алуу
  • Сабактарды жана бөлүмдөрдү пландаштыруу
  • 1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук
  • Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барсаң бытпылдык
  • Тергебей эле кой
  • Жолдош ээрчитүү-жигит ээрчитүү
  • Жолой
  • Сура Аш-Шамс
  • БАЙЧЕЧЕКЕЙ (уламыш)
  • ЖАМГЫР
  • Сыйкырдуу торт
  • Токтогул Сатылганов
  • «Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт»
  • Тамак-аш жеш
  • Казан асуу
  • Арман ай
  • Сура Аль-Мутаффифин
  • Бугу боронбайдын оруска өкүл кишилер жибергени
  • «Келгенче мейман уялат, келгеден кийин уй ээси уялат»
  • Кетти Залкар…
  • Терсаяк адат
  • Манас тайбуурулду мингендекайра уруш башташы 2-бөлүк
  • «Конокко аш кой, эки колун бош кой»
  • Түргөш кагандыгы
  • Арамдык
  • Толтура аяктолугу менен тийбейт
  • Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 2-бөлүк 1000 макал
  • КАЛЫГУЛДУН СӨЗҮ
  • Зайыптарды аео сезими
  • Кыргыз эл оюндары. Казык жыкмай, каз өрдөк, калдым.
  • Кыргыз Атанын касиетин качыруу
  • «Өлө албай жатып өлөң айтат»
  • «Кыз – конок»
  • «Ак ийилип, сынбайт»
  • Тийишкендин катыгын беруу
  • Алые жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сез келээр
  • «ДЕҢИЗ БОЙЛОЙ ЖОРТКОН АЛА ДӨБӨТ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮ
  • Сура Али Имран
  • Ургаачылардын көйнөктү жана жолукту чануусу
  • Чамгарактап турган кези
  • Чоор
  • Бай, манаптын кедей начарды ээгени, жер ээлегени

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.