Кыргыз макалдары

кыргыз макалдары

Баатыр болсоң  душмапдан качпа. Баатыр    болсод  шер    бол,     коркок    болсод  жер бол. Баатыр болуп бай болсод  бүрдөп турган терексиц, баатыр болуп жок болсоң  үрүп чыккан серексид. Баатырга да жан керек, бакырга да жан керек. Баатырга таяк да жарак.

Баатырга тийген жары эрте тул болот.

Баатырды жоону жеңгенден кийин макта, тамакты бойго жеткенден кийин макта. Баатырдык билекте эмес, жүрөктө. Баатырдыкка дабаа жок. Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөд кадыр тут. Баатырдын баш ийгени  өлгөнү. Баатырдын жоодон өлгөнү  элине шыпаа. Баатырдын   көркү  маңдайда,   чечендин көркү  таддайда. Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун. Баатыр жарасыз болбос. Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу. Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат. Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат. Баатыр жол баштайт, чечен сез баштайт. Баатыр  маңдайлаш, чечен  таңдайлаш. Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлет. Баатыр  орток, кут  жалгыз. Баатыр өлсе аты калат, коркок елее неси калат. Баатыр елее да куралын таштабайт. Баатыр өлүмү марадаи. Баатыр  согушта, акылачуу келгенде, досзарылдыкта сыналат. Баатырсынган жигитти жоо келгенде керербүз. Баатыр табат, батман жейт (ичет). Баатыр туулса  эл ырысы, жамгыр жааса  жер ырысы. Баатыр челде елбейт, балык келде елбейт. Баатыр чын айтат, коркок калп айтат. Баатыр элден өсөт, акмак элден безет. Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат. Багы ачыктын мандайы жарык. Багы бар, багы барга дагы бар, багы жок, багы жокко дагы жок. Багы бардын ташы да ейде кулайт. Багы башынан качкандап адам да качаТ. Багы жокко дагы жок. Багыштын богун жеген ит кутурат. Бадалдуу жерде сайгак кеп, балалуу үйде айгак көп. Бадачы сайгактан коркот. Бадыша кудаа эмес, кудадан жудаа эмес. Бажа бажаны кергенде башы кычышат. Бажа бажаны кергенде башы кычышат, балдыз жездени кергенде тешу кычышат. Базар барга  таттуу, жокко  ачуу. Базарга бар, бактыңан кер. Базарга барат Сарыбай, жатып келет жарым ай. Базарда баары бар, издегенди таба албайсьщ. Базарда мин, киши бар, ар ким сүйгенүне салам берет. Базардын алысы жоксатаары болсо, бадышанын калысы жок  таажысы болсо. Базар ичи байыбайт. Базар керкүбакал, эр көркү  сакал. Базарлуу жоо менен байкуш уул кармашат. Базары жакын байыбайт, соодагер жакыны жарыбайт, мазар жакыны тынбайт. Базары жакын байыбайт, калп айткан киши жарыбайт. Бай баарын киет, жок барын киет. Бай байга куят, сай сайга куят. Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге, арамзалар кез салаар  жылкыдагы семизге. Бай баласы сүйлөсө тее, тайлакты кеп кылат, чачтарачтын баласы устара, кайрак кеп салат. Бай  балпаң, жок  жалтан. Бай барман менен, жок дарман менен. Бай барынча, жок алынча. Байбиченин амалы кырк эшекке жук. Байбиченин бардыгытөөдөй кара сандыгы. Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок. Бай болбогон бай болсо  отоого чеп койбойт, бий болбогон бий болсо  сүйлөөгө сез койбойт. Бай болгон адам ток болот, мае болгон адам шок болот. Бай болбоочу жигитке өлөөгөн мал жолугат. Бай болом деп   шашылганыд  кедейликке ашыкканың.

Бай болуп көргөнүм   жок,   жакыр болуп өлгөнүм

Бай боорун таапыбас, соода жокко карабас. Байга жагынам дөгеи жардынын жалгыз эчкиси чыгым болуптур. Байга жанашсад, башыд торго чалынат, бекке жанашсан, белчедден азапка батасың. Байга кийиз мулк эмес. Байга күндө майрам, күндө той, кедейге күндө кайгы, күндө ой. Байгамбар барына азыр (ыраазы), жогуна кайыл. Байгамбар жашка барганда   сууктан кач, ысыкка шаш. Байге аты каралдаш (же караандаш). Байге бербес күлуктүн жүрүшүнен байкалат, ашык болгон жигиттин күлүшунөн байкалат. Байдан май чыкса, кедейден туз чыгат. Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич. Байдан эт жегиче, байкуштан чай ич. Бай дадкы менен, кедей күчү менен жашайт. Байдасыз билим  жаансыз булут. Байды балакет басса жортуул баштайт, бээни балакет басса . кулун таштайт. Байды кудай урарда  байталын сатып ат кылат, жакшыны кудай урардажакынын сатып жат кылат. Байды кудай урарда конок келсе жашынат, атты кудай урарда аягынан басынат. Байды кул десе күлкүсү келет, кулду бай десе, өлгүсү келет. Байды мактаба, кедейди жектебе. Байды мээнет чырмаса, ашканага жашынат. Байдын ашын байкуш аяйт. Байдын баянасы жугат, жоктуп жоорутмасы жугат. Байдын иши барман менен, кедейдин иши дарман менен. Байдын казаны тегин жерден кайнабайт, дасторкону тегин жерден жайнабайт. Байдын карманары малы, кедейдин карманары жаны. Байдын малын аяба, кете берсин талаага. Байдын малын аяба, суктун чайын аяба. Байдын нээти кара  колу ак, кедейдин колу кара  нээти ак. Байдын тамыры кеп, бийдин кулагы кеп. Байдын түбү  уурулук. Байдын уулу айраньщ, айранын болбосо, чыгараар элем ойронуң. Байдын уулу назары ач, ыймандуу киши андан кач. Байды чод сүйлеткен короодогу койлору. Бай жарды болсо үч жыл байлыгын кое бербейт, жарды бай болсо, үч жыл жардылыгын кое бербейт. Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа. Байлык бакыт эмес. Байлык бирөөнүн маддайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтет. Байлык колдун кириндей: бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет. Байлык мактантат, кедейлик сактантат. Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес. Байлык не дегизбейт, жоктук не жегизбейт. Байлык етет, кедейлик кетет. Байлыксыз эл болбойт, байгамбарсыз дин болбойт. Байлыкты белүп түгетет, ооруну өлүм түгөтөт. Байлыктын атасы  эмгек, энеси  жер. Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим. Байлыкты суйгөн намысты билбейт. Байлыкты эмгектен, теңдикти күрөштөн изде. Бай мактанса  бир жуттук, эр мактанса  бир октук. Бай мактанса табылат, кедей мактанса чабылат. Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт. Бай  менен  байбиче  урушса, кул менен күң куймакта. Байтал жүгурүп байге албайт. Бакыт жерде, эринбей энкейип ал. Бакыт кетсе намыяны кошо кетет. Бакыт менен кайгы үзөнгүлөш. Бакыт оросо, дос торойт. Бакыт эмгектен жаралат. Балаадан машайык качыптыр. Бала, баланын иши чала. Бала билет, билбесе неге күлөт. Бала боор эт менен тен. Балага атасы сынчы. Баланын туулганына сүйүнбө, турарына сүйүн. Баланын үйү, бапанын алачыгы эмес.

Баланын ырайына жараша ат кой.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.