Амир Темирдин кыргыздарга келгени
Ал заманда Кыргызия, Иле өлкөсү жана Синцизиан үчөө Моголстан аталган. Тарыхчы Мусавидин кабарында 1370—71-жылдарда жоо жоолоп келип, Темир Кочкордон кайта кеткен. 1375-жылында Сайрамдан чыгып, Чаринге барган. (Алма-Ата шаарынын күн чыгыш жагында 200 километр жердеги Чарин болмогу керек). Камаридиндин аскери Көк Дөбөдө болгон. Ал аскерин кайта жылдырып, бек жер-жерге — Гериян жылгасына алып барган. Бул жер үч кичинекей суу болгон. Ушул жерге Темир жетип жеңсе керек, мындан соң Темир Байтакка кетсе керек. Темирдин буйругу боюнча үч Амир жоосун Илени бойлой кубалап кеткен. Темир Байтакка 53 күн турган. Ушул убакта Темирдин Жаангир деген уулу Камаридин менен Синцизианга караштуу Унгерман деген тоодо аскерин жеңип, анын катын-кызын колго түшүргөн. Темир Байтактан кайта жүрүп Каракаштекти аша Атбашыга барып, андан Арпанын өзөнүнө түшүп ошондо туруп, Камаридиндин кызын алган. Андан жаз ашып, Өзгөнткө барган.
1376-жылында Темир Хорезмге аттанып кеткенде Камаридин Ферганага кирип барып, Темирдин келе жатканын угуп, кайта кеткен. Темирдин кайта кууп келе жатканын билип, жолуна букма (засада) коюп согушса да, Сегиз Агач деген жерде жеңилип, жаралуу болгон. Темир андан Атакум басып, Сыр Дарыяга келип, андан Самаркантка кеткен. 1377-жылында Темирдин аскери Камаридиндин аскери менен Коргатынын талаасында согушуп, Темирдин аскери женген. Ушул жылы Темир Жети Сууга өзү келип, эрөөл (авангард) аскери Боомдун капчыгайында Камаридинди жеңген. Темир Кочкорго барып, андан ашып Өзгөнткө барган, 1383-жылы Темир Жети Сууга нече жолу отряд жиберген. Башка аскерлери Атакумга келгенде жоосун жеңип, эрөөл (авангард) аскери аларга келип кошулган. Булар баарыса баш кошушуп, Ысык Көл менен жүрүп, Көк Дөбөгө барып, Камаридиндин аскерин табалбай кайта Самарканпса кеткен. Иши илгерилебей, дайым Камаридин күчү кетип турган. Ошол чакта Кашкарды бийлеп турган Камаридинди тууганы Кудайдат Тоголок деген Темирдин эмчекте калган жетим баласы Кызыр кожону Камиридиндин күчөп турган чагында билгизбей, Кашкар менен Бадакшандын ортосундагы бир тоого багып өстүргөн. Андан которуп, 12-жыл мамлекеттин чети Лупнурга баккан. Ошол Кызыр Кожонун эли 1389-жылы хан көтөргөн.
Ошол 1389-жылы Темир дагы Моголстанга уруш салган. Темир Хошит деген жерден чыгып, Бөрүбаш, Төпөлүш, Каракты басып, Ормок, жаки болбосо Ознок орто ашуусуна келген. Андан ары Аткан, Сури, Тачыра, Абылас деген жерлер болгон. Бул жерлерде жайдын күну кар, муз болуп, суук болгон. Андан өткөндө Айгыржалдын талаасы болгон. Андан Улук, Чарлык Гапар, Айгыр болуп ушул жерде Кызыр Кожонун аскер баштыктарынан бири Ангыр төрө баштаган монголдун атчан аскери жеңилген. Бул кезде Ангар төрө өзү Өрөңярда болгон. Буган каршы эрөөл (авангард) аскер жиберилген. Кийинки Темирдин аскери жолдон адашканын билип, кайтадан Казини басып, жолго түшүп, кечинде Көксалга келип, кийинки күнү Айөгүзгө келген. Жол издеп, Темир үч күн кечиккен. Жоо бизди көрүп, бытырап кетти, — деп аскерин эки бөлүп, өзү Шире, Шибер Тоо, Коймарак, Кураган жана Буюрлагуну басып, Каракүчөргө (Генаттын картасында бул жер Таябагатай тоосунун күн батыш учу) барган. Темирдин уулу Оморшайык кайта тартып, Ахтадиктур деген жерде Темирге жолуккан. Мындан соң Алакүлдүн (Ит ичпестин алакөл) талаасын.басып, Кара Кужурга келген. Темир ал жерде аскерин эс алдырып, бир бөлүк аскерин Эртишке жиберген. Колго түшкөн аскерди Самаркантка жиберип, Темир Эмил Кучурга келип, хан ордосу Сарай ордого турган. Бул жерде күн жүрүш Моголистанга туштушунан каптап киргиле, — деп Темир аскерине буюрган. Аскеринин баарысы Жылдызда кошулмакчы. Темир өзү Жылдызга жүрүп кирип кеткен. Монгол менен өзбектин четинде турган Түркестан аскер Ордабанды ашып, Иленин суусун кечип, Сүтөлгө (Сайрам) жандап, Чечкилик жана Балайгаз басып, андан Жылдызды көздөп кетип бара жатканда, булар Кызыр Кожонун аскери менен жолугушуп, эки күн согушуп, эки күндөн соң бир-бирин жеңе албастан келишим жасап тарашкан. Темир Эмилден чыгып, Улук кол (ушул жерде Монгол аскеринин баш күчү болуу керек) басып, андан Чычкандабаны ашып, Күнөздүн суусун кечип, Жылдызга келген. Мында туруп Кызыр Кожону Карашаардан өтө издешип, анан Оморшайыкты Синцизиан баса Фергана жиберип, өзү августта 1389-жылында Жылдыздан чыгып, жакын жол менен 30-августта Самарканда болгон. Бул жол менен кербен эки ай жүргөн. 1390-жылында Моголстанды кайраттуу жана качкан Кызыр Кожону издемек үчүн Темир аскер менен чыккан.
Аскер Ташкент басып, Ысык-Көлгө келген. Андан Көк Дөбөнүн тоосуна барган. Андан Арпа тоону баса Алмалыкка барган. (Алматы болсо керек.) Андан Иленин суусун кечип, Кара Талга барган. Андан Ични Бучни талаасын басып, Үркөр Китчиге барган. Андан Эртишке барганда Камаридин угуп, түн жагындагы Талас жерине жеткен. Бул жерде булгун суусар көп болгон. Кайта тартканда аскери алтын көргөнү Балкаш (Атрак көл) бойлоп жүргөн.
Мындан соң Моголстанга Камаридин келбегендей көрүнөт. Монголдордун кабарында тарых Рашид ал диндин жазуу боюнча ичи шишип, токойдо жатып, шаарга кыргызды алып кеткен. Бир далайын кырып таштаган. Моголстанга кайта качып келген кыргыздарга Ысык Көлдүн күн жүрүш жагына турууга Абубакир уруксат кылган. Кыргыздын ушунчалык кырылып, тентигенине караганда, бир тугандары менен Мансур урушканда кыргыз Мансур менен урушуп, жеңилген соң, аларды быт-чыт кылса керек. Сейиттин Нарындагы токойго жашынып жана кийин келип, кыргыз хан болгонуна караганда Сейитке болуша кыргыздын урушмагы зор далил. Жети Суунун түн жагында казактын ханы 1518-жылында өлгөн Касымхан турган. Анын кышында тура турган жери Караталда болгон. 1510-жылында Касым Шибани ханды жеңген. 1512-жылында Талас менен Сайрамды алып, Ташкентти талаган. Мухамбет Хайдардын тарыхында ал кезде казак бир миллион жан болуп, Бабырдын айтууда Касымхандын 300 миң аскери болгон. 1513-жылында күздүн күнү Чүй өзөнүндө Касымхан менен Бабырдын кызматында турган Сейит жолугушкан. Ал чакта Касымхан 65-жаштан илгери болгон. Сейитти жакшылап ызат кылгандыктан, көчмөн элдин ханы ушунчалык изат кылганды билет экен деп, аны Сейит өлгөчө унутпаган. 1514-жылы Бабырды таштап, Кашкарды каратып алмакта 4700 киши (булардын көбү кыргыз болмогу керек Жети-Суудан чыгып, Торугарт аша күчтүү, кубаттуу Абубакир менен согушкан. Сейиттин Кашкар менен Яркентти каратып алганы Синцизиан менен эки арасын толук тынчыткан.
1516-жылы Арбатта (Күча менен Аксуунун ортосу) Сейит менен Мансур жолугушуп, аралары абдан тынчыган. Мансурдун өкмөтүндө Турфан менен Карашаар калып, бүткүл Синцизиандын үстүнөн караган, Бир тууганы Эмилкожо Үч Турпан менен Аксууну алган. Бабачак султан Күча менен Байды алган. Ушул себептен Кытайда Хамидден баштап, Ферганадан Анжиянга жете эки ортодо соода жүрүп калган. Жана байлардан бажы алынбаган. Кашкардын өкмөтүн Сейит колуна ала, анын үстүнө Жети Суунун күн жүрүш жагына кадыры артып турган.
Абубакир менен Сейиттин урушунда кыргызга Мухамет Хайдар өтө жардам кылгандыктан, аны өз эли кыргызга баш кылып койгон. Мансур менен жолукпасстан мурун бир тойдо мүжеси бузулгандыктан, Моголстанга Сейит бир жай туруп калган. 1516-жылы күзүндө Ферганадагы өзбек менен урушмак болуп, Сейит Жети Сууга келген. Чатыркөлдун жээгинде бир тууганы Бабачак менен жолугушуп, Мансурдан башка бүткул бир туугандары биригишип, тамашалап, бир кыш ан уулап Арпада туруп калышкан. Кебетеси Сейит Фергана менен урушууну унутуп койсо керек. Мухаметкайдар баштык кыргыздар ” Түркестан, Сайрам, Ташкентке дайым талоон кылып туруп, Шибани менен агаинңнин баласы, Туркестандын ханы Абдулланы колго түшүрүп алып, кийин сыйсыпат менен Мухамет коё берген. Бул себептен кыргыз Мухаметкайдар менен Сейит согушкан. Башка бир кабарда кыргыздан мусулманды Сейит коргогон деп айтса да, 1517-жылы күзүндө Сейит Кашкардан Саргыдат, Акуру деген белди аша жана Аксуудан Эмилкожо аттанып келип, эки аскер Кафиряр деген жерде жолугуп (Аксайдын башы болсо керек), мындан Сейит Барскоон ашып, Эмилкожо Жууку ашып, Барскоондун куйганында кыргыз Мухаметтин айылы олтурганда апылтапылынан чабуул койгондо Мухаметкайдардын кишилери Мухамметти кармап бергенде, аны Синдизианга алып кеткен. Кой, жылкы, төөлөрүн аскер олжого алган. Колго түшкөн бүткүл кыргызга азаттык берип, кыш түшөрдө Сейит Кашкарга кеткен. 1522-жылында кыргызды биротоло тынчытуу үчүн (Мухамметкайдардын айтуунда, аныгы Синцизианда монголдорго мал жайыты тартыш болгондуктан, кыргыздын жерине кызыккан дейт), кыргыз менен согушмак үчүн 13-жаштагы Рашитти (аныгы Абдулрашит) аскерге баштык кылып, муну менен бирге туткундан бошотуп жана кыргызга улук кылып, Мухаметкайдарды кошуп жиберген.
Карыялардын айтуунда түн жактагы кыргыздын 1314-муундагы бабасы (Тагай) Эреше ханга элчиликке кирген дейт. Кыргыз тилинде эркелетип айтканда Рашитти Эреше дейт. Ошол Рашит кыргыздын айткан Эреше ханы болуп, Тагай элчи болуп, ушул ханга барган.
Бир тууганы Адигине менен чатакташып, Тагай Анжиандан түн жак кыргызга көчүп келген. Ферганада мусулман дини жайылып калгандыктан, Тагай мусулман динине кирип, кожомолдонун таасири менен Мухаметкайдар деп, Тагайга так берген чыгар. Балким Мухаметкайдар Тагай болуу керек. Тагайдын толук тарыхын төмөндөн көрөсүз.
Өздөрүнүн өкмөтүн ныгытуу үчүн монголдордун дайым тура турган (ордосу) борбору Кочкор болгон. Кээ бир кыргыздар алыс жерге качып кетсе да, көбү Мухаметкайдарга караган. Сейит хан өзү кышында Кочкорго келип, анын буйругу боюнча Рашит менен Мухаммет Моголстанга бытырап, тентип кеткен кыргызды жыйган. Мындан соң ар жылына Сейит баласынын кадырын көтөрмөк үчүн Кочкорго келип турган.
1524-жылы Жети-Суунун түн жагын бийлеп турган казак ханы Касымдын тукумунан Тайир Кочкордогу ханга келип жолуккан. Келген себеби монгол менен жакындашып, ичиндеги бузуку душманы өзбек менен ногойго маңгыс каршы турмак болгон. Моңголдор Тайир ханды артыкча изат кылган. Тайир бир тууган карындашын Рашитке берген. Мунун соңунан өзбек менен катышың бар деп күнөөлөп, Кашкарга Мухаметкайдарды алып кеткен. Сейит өлгөнчө Мухаммет Кашкарда туруп калган. 1533-жылында кыргызды иретке салып тынчытууга тарыхчы Мухаметкайдарга тапшырган. Анын айтуунда кыргыз көбүнчө казактын ханы Тайирге кошулуп турган. 1525-жылы күзгө жакын Ысык Көлдүн жагасына Рашит келгенде калмак Моголстандын чегине келди деп угуп, (1522-24) Рашит калмакка аттанып барып, ушул сапарда «Газылык» (водитель против неверных) атагын алган. Катын баласын Ысык Көлгө коюп, калмакты жоолоп, Ысык Көлдөн 10 күндүк жердеги. Кабыл Каккыла деген жерге барганда Ташкенттин ханы Сүйүнчүкөлдү деп кабар угуп, өзбек менен согушуунун ыгы келди деп, Рашит кайта Ысык Көлгө келип, андан Коңур Өлөң ашып, Ферганага барган. Андан аз-маз максатына жетип, кайта тарткан. Нарындын Оттугуна калтырган катын-баласын алган боюнча Кашкарга бет алган. Кийинки жылы казак ханы Тайир Кочкорго көчүп келгенде, кыргыздын жартысы Тайирге кошулган. Рашит Атбашыга кеткен. 1526-жылында Рашитке хан өзү кошулган. Казактын ханы аскери менен Ысык Көлдү бойлой чыгып, андан күнөзгө чейин барган. Тайирге кошула албай калган Жумгал менен Кочкордогу кыргызды монголдор Атбашыга алып кеткен. Тайир менен сүйлөшүү үчүн анын Кашкарда турган өгөй энеси Жунус хандын кызын жиберген. Сөздүн арты кандай болгону белгисиз. Сейитхан өзү Аксайда турганда кыргыздын жана казактын арасы бузулуптур деп алар менен согушмакка Аккубаш жана Аршларга келип, андан жүрүп бара жатканда булар Күчадагы монголдун Бабачак кол алдындагы аскеринин кырылып жатканын көрүп, ушул себептен монголдор Жети Сууну таштап кетишти деп ойлогон кыргыздар 100 миң кой чаап алып кетишкен. Ушул себептен тарыхта «кой черик» аталган, 1527-жыды эрте көктөмдө Атбашыга казактын ханы Тайир келип, андагы кыргызды монголдун таштап кеткен малдарына кошуп, кайтадан алып кеткен.
Монголдор кеткен соң Жети Суу казак менен кыргыздын колунда калган. Бирок экөөнүн ынтымагы бузулуп калган. 1526-жылында Тайир өзүнүн бир тууганы Абдулкасымды өлтүргөн себептен казактар анын колунан чыгып кеткенде, кыргыз Тайирда калган 1529-жылында 2030 миң казактын үстүнөн Тайир карап турган. Тайирдин качан өлгөнү маалым эмес. Бирок Мухаммедкайдардын айтуусу боюнча Тайир муктаждыкта өлгөн. Мухаметкайдар айткан менен Бойдош хан болбосо керек. Болсо да Бойдош казакты бир оозго караткан. Жети Суудагы монголдун өкмөтү Сейиттин баласы Рашитке бир аз (1533— 1561 —66-жылдарда) өткөн. Кыргыз менен биригип, казактын өзү Бекке душман болгонун угуп, буларга каршы Рашит Мавреннахирдин ханы менен союз жасаган. (Казактар Ташкенге чабуул кылып турчу эле.) Бир тараптан күн жак, күн батышына мангиттер (ногой) казакка кол салып туруучу эле. 1537—38-жылдарда бир согушта казакты Рашит жеңип, Тайирдин бир тууганы Тугумду баш кылып, 37 султанын өлтүргөн. Ушул кыргында алыстагылар Рашит казакты тукумсуз кылып, бүткүлү менен кырып коюптур деп угушкан. Сейитке окшоп, Рашит Жети Сууга Абдулатиф деген баласын койгон. Монголдор өзбек менен өтө жакындашып кеткен. 1544—45-жылдарда Ташкендин ханы Норус Ахмет менен Рашит жолугушкан. Буга карабастан, Жети Сууда кайтадан казактын доору жүрө баштаган. Касымдын уулу Хакиназар казак менен кыргыз хан болуп турганда согуш болуп, казактар Рашиттин баласы Абдулатифти өлтүргөн. Жинкусундун кабарына караганда 1558-жыл чамасында казактар Ташкенди, кыргыздар Кашкарды коркутуп турган. Бул эки эл Кытай менен күн батыш Азиянын ортосундагы соода колун байлаган. Бир кабарда (Кашкардагы бир авТ0РДун сөзү) казак-кыргыз Ташкен менен Кашкардын жолун байлабастан мурун Рашит в хан Ташкен ханы Норусахмет менен союз болуп туруп, Фатиназарды Эртиште жеңип, алты князы менен Фатиназарды өлтүргөн, тууларын алган.
Бир кабарда Рашит хан казак-кыргыз менен Эмил де урушуп жеңип, Фатиназарды бир канча княздары менен өлтүргөн жана тууларын алган. Мындан соң казакта туу калбаган. Мына ошол окуядан соң кайта дан баш кошуп, Кашкар, Ташкенди коркутуп сураши кан. Жеке Кашкар эмес, кыргыз Фергананы дагы талап турган. Бир жолдо кыргыздар Намангендин тегерегиндеги дербиштерге тийиштүү койлорду талаш алып, кайта берген.
Жогоруда кыргыздын таланып, Синцизиан жана башка жакка тентип кеткенин жана аларды Мухамет кайдардын жыйганын көрдүк. Тагайдын заманында кыргыз быт-чыт болуп кеткен. Тагай өзү дагы агасы Адигинеден бөлүнүшүп, Ферганага келген. Тагайдын заманында башка уруктардан көп келип, кыргыздын ичинде туруп калганы: асык черик, моголдор, саяк коңурат. Булардын тукуму азыркы Кытай менен СССРда билингени 40 миң түтүн чамалуу. Тарыхый төмөндө көрөсүз.
Жогоруда жазылган тарых кабарын бүткүл тарых китептерден алдым эле. Эми Адигине —Тагайдан башталган кыргыздын тарыхын, эски кабарды тарыхтан кабары бар карыялардан алдык. Тарых кабарын жаюуга киришкен бир себебим: 1890-жылдан баштап тарыхка кулагымды сала баштап, көңүлүмдү коюп жүрсөм да, 1895-жылдын аягына жакын бир күн Фрунзе калаасындагы бир дүкөнгө кирсем, жыйылу турган көп китеп бар экен. Китептериңизди алып бериңиз, көрөйүн десем, дүкөнчү бир топ китепти алдыма койду. Билүүмдө дүкөнчү өзбек болсо керек эле Китептерди карасам «Аптиек», «Сополдияр» сыяктуу китептер экен, жакшы, сулуу тышталган, Үч-төрт китепти кайта алганда, ал эмне китептер, көрсөтсөңүз — дегенде: — булар тарых китептер, сизге ылайыгы жок деп кайтадан алып койгондо, тарых китептер дегенине кызыгып, тарых кабарын карыялардан уга келгенимден өтө кадаланып сурай баштадым. Бербеди Сатыңыз десем, саган тарыхтын кереги жок, кыргыз кырк кызды ээрчиген бир иттен таралган, атаңар иШ энеңер кырк кыз, — деди. Бул сөзгө аң-таң калып дүкөнчүнү бир аз карап туруп, жаш башым ызалыктан ыйлай жаздап, жанымдагы жолдошумдан уялганымдан арсан басып кеттим. Кыргыз анык эле иттен таралганбы, — деп көбүрөөк ойдо калдым. Ошондон баштап, кыргыздын анык кайдан таралып чыкканын билмекке орусча, мусулманча тарых китептерин издеп, таап ала баштадым. Орусчадан болсо «киргизы дикокаменные орды» дегенден башка бир ооз сөз таба албадым. Мусулманча китептер болсо, «Тарых Анабий», «Касас Анабия». Андан башка китеп учурабай, ал эки китепте болсо, кыргыз тууралуу бир ооз сөз жок. Жалгыз гана Шамашриптин китебинде «кыргызга бардым» деген сөз бар, башка кабар жок. Өзбек, татар молдолорунан кыргыз кайдан таралып чыккан деп сурасам, берген жооптору: кыргыз Мухамбет пайгамбардын туун кармаган Акешеден таралган; кээ бир бири Мухамбет пайгамбардын азанчысы Билалдан таралган дейт. Кээ бири Аналак Мыналак кырк кыздан таралган, — дейт. Акыры кыргыз карыяларынан, сөз билген кемпирлери болсо да тарых сөзүн сурап жаза баштадым. Көбүнчө 1896-жылында жайдын күнү Көтмалдыга (азыркы Рыбачы), Каракол, Нарын, Токмок, Фрунзе кыргыздары болжолу 30 миң киши топ кылып башына айтылган райондордун уезддери, приставдары туруп, съезд кылып, саяк, бугу, солто, сарбагыш, асык, моңолдор, черик кыргыздарынын карыялары сөз кылганда жана съездге отурган бийлер сөз кылганда, жана алар эскиден келе жаткан нарк, эреже, мал кесиби жана үлгүлүктүү макал айта баштаганда жазып, оозеки тарыхты негизи ошол 1896-жылдан баштап кагаз бетине ала баштадым. Мындан соң кыргыз, казактын чогулушунда, аш-той бергенде, жыйылышта, жолоочу жүрүп бара жатканда, бир жерге конгондо, кезиккен карыядан кабар алып жаза келдим. Ар элдин жарыялары өз уругунун тарыхын мактап сүйлөгөнү мага көп тоскоолдук кылды. Анын сөзүн башка карыялардан сурап, тунуктап жазышка туура келди. Көбүнчө араз болгон эки урук элдин анык жана жалган сөзүн ачып бере турган башка калыс урук элдин карыялары болду. Сөз билген кемпир болсо, калп айтпайт. Көбүнчө чынын айтат. Калп болбосун? — десеңиз: — Калп айтып кантип кудайга күнөкөр болоюн, — дейт. Текшере келгенде дагы кемпирдин сөзүндө калп болбойт.
Тарых китептерден биринчи колума түшкөнү (1891-жылы басылып чыккан) «Шежире түрк» жана 1899-жылында (1898-жылы басылга Бартольд жазган «Жети-Суу тарыхы» болду. Ош жылдарда кол жазмадан Ормон Ниязбек уулу кыргызга хан болгондо болжолу 1825—30-жылдарда мангендик молдого жаздырган «Жооп нама» колуна түштү. Бул «Жооп наманын» башыңда дин туура жазып. көбүнчө өлгөндө суракчы келгенде, алар жооп берүүнү жазган. Анын бир пайдалуусу — Тага тукумун, көбүнчө Майнап насилин, ата-бабаларын, сото, бугу, саяк, сарбагыш, азык, черик, коңурат, м нолдор кандайча таралганын көрсөткөн. Жазылып бир карыш, узундугу үч кулачтан артык бир-бири желимдеп улаштырган сары кагазда эле. 1900-жы дан баштап Аристов, Радлов, Бартольддун Азия какы жөнүндө жазган китептери колума кире баштад Мындан төмөн арканын (түн жак кыргызы: сая саруу, асык, черик» моңолдор, багыш, катаган, коңрат, бугу, солто жана сарбагыш — Тагай балдарынын) болжолу 1460—1470-жылдан башталган тарыхын жаздым. Бул тарыхты жыйып жазып жүргөнүндө кайсы жериңен калет кетер экен деп калемди барар саат шилтебестен кармап олтурган чагым болду.
- «Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы»
- Россия колонизаторунун парганалык кыргызды каратканы. түн жак кыргызынан алынган кабар
- Солто уруусу
- Шакар кайнатуу
- Өлгөн адилеттик
- Толтой
- Түзөтүү-эмгек колониясы
- Сура Каф
- Сура Аль-Хиджр
- Штаттык тизим
- Колу туткак
- Кыргызстан. Геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары
- Автандил Арабаев. Ырдагым келет, ырдагым
- Кыргыз макалдары – К
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЖАШТЫК КЕЗ
- Чочутуу
- Көлөкөгө тон бычып
- Өмүрбаян. Автобиография
- «Жаак жаңылбай, туяк мүдүрүлбөй койбойт»
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВГЕ
- Акмат бий
- Жаман уул, жакшы уул
- Эч кимге айтпа
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
- Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр
- АСАН АГАЙДЫН АЛТЫН САНДЫГЫ
- «Атауул» дейбиз
- Реки Кыргызстана Кыргызстандын суулары
- МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ
- Бөктөрүү
- Жеңижок менен Коргоол
- Акт
- Кылыгы чыгуу
- Бака терек (уламыш)
- Эмне көрбөй калдың?»
- Конок кирет эшиктен, ырыскы кирет тешиктен
- Жыгаччылык өнөр жайы
- Сура Аль-Ахзаб
- Жеңижоктун жылан чаккандагы ыры
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭЛ ТИЛЕГИ–ТЫНЧТЫК
- Тыныбек
- Кыргыз гезиттери – Кыргызча гезиттер
- ЖУСУП БАЛАСАГЫН. ДЫЙКАНДАРГА КАРАТА МАМИЛЕ
- «ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР
- Алыбекти өлтүрүлгөнү
- Кыргыз эл оюндары. Ат оюн, баш кийимди алып качуу, жашынмак
- «Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч»
- АК БАТАЛАР. БАБА ДЫЙКАНДЫН БАТАСЫ
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АЛА-ТОО
- УЛУТТУК АШКАНА. Кыргыздардын улуттук ашканасы
- Ак куржун толгон ыр калды
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ӨЗҮ КААР, ТИЛИ ЗААР КЫЗ
- Сура Аль-Маида
- МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА. КЫРГЫЗЫМ
- Алые жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сез келээр
- Суу алуу
- Чубак баатыр баяны
- ЖЫЛДЫЗ, АСМАН, АЙ
- Кызыл камчы
- Чыганаак катын
- КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. БЕЙТААНЫШ ДОСУМА
- КҮН КҮРКҮРӨГӨНДӨ АЙТЫМ
- Кыргыз качан мусулман болгон?
- КАЙЫК («Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинен)
- Эшигинен эмес, тешигинен
- Манастын абалары
- Марков Андрей Андреевич
- ТӨШТҮК КУМУРСКАГА ЖОЛУГУП ЖОЛДОШ БОЛГОНУ
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
- Кайын журт
Кыргыз