Кара-Суу, Түндүк, Кыр-Жолду Мендей карыпка кандай сыр болду. Ырдаганым ыр болду, Ичим толгон муң болду. Каныш энем Айыке, Эне болгон сен элең Кайрылып капкан баспаган Адырда кызыл түлкү элең, Ак үйүңдүн мүлкү элең, Ажал жетип күн бүтсө
Алакан жайып бата кыл!
Ак ылаачын көлдө жок, Ак шумкарың төрдө жок. Армандуу болбой өтүүгө Алганым, Алты айлык күмөн сенде жок. Көк ылаачын көлдө жок Көк шумкарың төрдө жок. Күйүттүү болбой өтүүгө Күйөрүм, Төрт айлык күмөн сенде жок. Ажал жетип күн бүтсө Алакан жайып бата кыл! Оо, мен куруган шум Өтө
Солкулдаган тал белем!
Шорго туулган жан белем. Алты ай жерде жатпаган Мен, өмүрү келте кар белем. Балта тийбей жыгылган Балапан кырчын тал белем? Астын-үстүн кыйраган
Ашууда кыйгач жар белем?
Ак кыяны сел бузуп, Адам өтпөс жол беле? Ак таңдай ырчы аталып, Тартаарым мээнет шор беле? Көк кыяны сел бузуп,
Көч өтпөгөн жол беле?
Кара чаар уу жылан, Мага көрүнөө бүткөн шор беле? Өзөндүү жерде тал барбы? Өрөөндүү жерде мал барбы? Өз алган жарым туубаса, Өкүнбөскө ал барбы? Кыялуу жерде тал барбы? Күнөөстүү жерде мал барбы? Кыз алган жарым туубаса, Кейибеске ал барбы? Ак жибектен тор тиксем, Куш эргибей үзүлгөн. «Аа» деп оозум ачканда, Ыр бермети тизилген. Күйүтүм күчтүү арман күн, Кайнап чыккан ырымдан, Карманган жан жок үлгүмдөн. Кең жайлоого барганда, Байлар малын түгөлдөйт. Көкүрөктөгү ырымды, Тогуз жыл айтсам түгөнбөйт. Көлөкө бербей куураган, Бутагы чирик тал белем? Бөлүнүп журттан кеткендей, Бөтөнчө бүткөн жан белем? Жергелүү журттун карысы, Белгилүү табып Далычы, Айыктырган жараттан. Ниетиңдин калысы. Калып жатат сен менен, Жүрөгүмдүн жармысы. Ажал жетип күн бүтсө
Алакан жайып бата кыл!
Жайчыбек менен Султаным, Силерди эстеп суусадым. Көрүгүң көк букадай өкүргөн, Балкаң тоо текедей секирген,
Бу да Алыкемдин балдары.
Бексултандын тегирмен. Келген жүгүн кемирген. Келген мейман иши жок Кетмендей болуп семирген. Бул да Алыкемдин балдары
Алакан жайьш бата кыл!
Осмонбектин Айтмырза, Кечиктиң го айттырса. Алакан жайып бата кыл, Оорудан өмүр кайт кылса. Арыстаны Бекмурат, Ар жерди сурап жеп турат, Акының сени кеп кылат. Аркамда калган бала жок. Алакан жайып бата кыл! Кичи-Ак-Жол, Бектөр, Тегене, Аман бол журтум деги эле. Ажымат ата эшеним Катуу кысат кеселим, Кереметнң көрсөтүп, Колдочу болсоң колдогун! Үч-Коргон, Шумкар талаасы, Учту шумкар баласы. Наманген, Чартак, Кызыл-Жар, Санасам ичим тызылдаар. Сулайманкул даткам ай, Сымбатың журттан башкам ай, Карачы бакма энем ай. Капа менен келгем ай. Арманым көп бир далай. Ажал жетип күн бүтсө
Алакан жайып бата кыл!
Кыргыз