Кулактандыруу – бул мекеменин жана уюмдун жамаат мүчөлөрүнүн кандайдыр бир иш чараны өткөрүү жөнүндө жарыя кылуусу. Ал оозеки жана жазуу жүзүндө болот. Кулактандырууда бул иш чаранын (жолугушуунун, чогулуштун, башка жалпы иш чаранын) өткөрүлгөн күнү, орду жана убактысы көрсөтүлөт. Анда кароого кандай маселелер коюлат, чыгып сүйлөөчүнүн аты-жөнү же карала турган маселелердин кыскача мазмуну көрсөтүлүшү керек.
Кулактандыруунун маалымдаректерине: 1. Иш кагаздын аты (кулактандыруу) 2.Текст. 3. Өткөрүү убактысы. 4. Кошумча маалыматтар. 5. Өткөрүү орду.
6. Бул иш чараны өткөрүүчү мекеменин аталышы болуп саналат.
Кулактандыруунун көлөмү ар түрдүү болушумүмкүн. Бизде чындыгында көбүнчө чоң эмес, кыска кулактандыруулар кездешет. Кээде «Кулактандыруу» деген сөздүн ордуна «Көңүл бургула», «Угуучуларга маалымат», «Студенттерге маалымат» ж.б.у.с. колдонулат. Алар чакыруу мүнөзүнө ээ. Кулактандыруу болжолдуу иш чараны өткөрүүгө бир жума калганда берилет.
Кулактандыруу
2004-жылдын 28-майында саат 14.00дө Бишкек гуманитардык университетинин конференция залында окутуу-методикалык кеңешме өтөт.
Күн тартиби:
1.Окуу бөлүмүнүн жылдык отчету (баяндамачы окуу
бөлүмүнүн башчысы Өзүбекова Ж.)
2.Жайкы экзаменге даярдык (баяндамачы окуу бөлүмүнүн башчысы Өзүбекова Ж.).
Булак:bizdin.kg
Кыргыз