Эмгексиз жемиш жок

Жүзүмдүн ширеси боорго жакшы дегендиктен короонун ээн жерине жүзүм тигип алыпмын. Ал үч жыл аралыгында чытырман тартты. Адегенде зерикпей түбүн жумшартып, кодра бутактары менен ашык жалбырактарын суюлтуп, маалында суу берип — айтор билишимче багбандык кылдым. Эмгегим сая кетпеди. Жүзүмүм түшүмдүү болуп жүрдү. Ары ишим көбөйүп, ары боорум сакайып, анан жалкоо тартып, бир жылы жүзүмгө анча карабай койдум. Мага эрегишкендей апсайып-бапсайып кысыр бутактарын тарбайтып, ал жылы жүзүмүм жарды мөмөлөдү. Жылда бал татыган жүзүмдү шимип жаман көнүпмүн. Бул жолу августтун так катыраган ысыгында суусап келип мөмөсүз жалбырактарга өкүнө карап калдым. …Ошол кезде мага дайым келип жүрүшкөн эки жаш жазуучу эсиме түштү. Экөөнүн шыгы бирдей, билими да бирдей болучу. Бирок бири ишине кызыкканы байкалчу да, биринин кайдыгер тартып ойноктогон көздөрү: «Жазгандарым жарык көрбөсө эле жазбайм, агай», дегенди билдирчү. Жылдар өттү. Иштер такталды. Жанагы ишине кызыккан жаштын каламы такшалып калды. Берки өз ишине кайдыгер азаматтын кайда жүргөнү азыр белгисиз. Кейпи өз шыгын өзү асырабай, ал бечара жемишсиз калган көрүнөт, ошо мен баккан жүзүмдөй…

  • Тукумду жакшыртуу
  • Топуракты түйүп кетүү
  • Байдылда Сарногоев. Араккечтин аялынын кошогу
  • Потомки Огузхана
  • МӨНДҮР
  • МЕНИН УСТАТТАРЫМ
  • Үйүңдө үшкүрүк, айылыңда ышкырык болбосун
  • Бугу уруусу
  • Сура Аз-Зарийат
  • Кыргыз эл оюндары. Мергенчи, мөмөнү уруп түшүрүү, найза ыргытмай
  • Кыргыз Республикасынын конституция күнү
  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТАРЫХЫ (1895-1934-жылдар арасы)
  • Этногеография
  • Түрк уруулары
  • Этегинен жалгоо
  • Чынгыз хан заманындагы кыргыз
  • Ала-Тоодон кийинки сүйүүбүз көл бети
  • Токмок, биркулак, кочкордо болгон көтөрүлүш
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЭНЕКЕМ
  • Баланын билимге, илимге жана өнөргө кызыгуусунун башаты
  • Касым Тыныстанов
  • Көрмөксөн болуу
  • Эркектик касиет
  • Балбак баатыр 1732-ж.
  • Пулатчы
  • Качкачтоо
  • ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. КЕЧ
  • АКБАР РЫСКУЛОВ. БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЖАЙКЫ ТАНДА
  • Медет датка
  • Манас. Чоң-чабуул алдындагы чатак
  • Паргананы каратып, орус оторчуларынын орношкону
  • Этногенез
  • МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ. УЛУУ МАРШ
  • Кожомкул балбан
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. “СЕНДИ” УНУТУП КОЮПТУР
  • Арамдык
  • Чөгелөтүү
  • Кызыл карышкыр
  • Кыргызстан. Кыргызстандын жаныбарлары
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ТИРҮҮЛҮК
  • Кокон хандыгы
  • Кыргыз тоолору. Кыргызстан
  • Пайдалуу кеңештер
  • «Жаман иттин аты – Берубасар, жаман адамдын аты Кыдыр-назар»
  • Балага энчилүү ат коюу
  • Ичке баткан бала, сыртка да батат
  • Аксакалдар бийлиги
  • ЫСАК ШАЙБЕКОВ. Кайран эл
  • Үй-Бүлө
  • Этнография
  • Нарын шаары
  • Абылай хан согушу 1775-76-жылдарда болгон
  • ДОСТУКТУН КҮЧҮ
  • Сура Аль-Камар
  • Нике кайыптын дагы бир бөтөнчөлүктөрү
  • БУЛУТ, КҮН, АЙ
  • Бирин-бири уруп ойноосу
  • Элдик адам
  • Кыргыз Республикасынын административдик бөлүнүшү. Кыргызстан
  • Топурагын түйүп берүү
  • «Саманчынын жолу» повестинен Майсалбектин каты
  • Кандай киши бактылуу болот?
  • Автандил Арабаев. Ким экен…
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙДЫН КАРГАСЫ
  • Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек
  • Аттери кайтпады
  • Кыргыз
  • Сура Али Имран
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ОТУЗ ЖАШ

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.