Ассалому алейкум, жарамазан, Он эки айда бир келчү орозо жан. Орозоң кабыл болсун кармаган жан. Адыр-адыр тоолордон, Айгыр минип мен келдим. Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Будур-будур тоолордон, Бука минип мен келдим. Бука мурдун тарта албай, Ушул үйгө туш келдим. Ушул үйдүн үзүгү, Ак кочкордун чуудасы, Ушул үйдө жеңейим, Азыраак уктап, тыңдачы! Ушул үйдүн үзүгү, Көк кочкордун чуудасы, Ушул үйдө жеңейим, Көп уктабай, тыңдачы. Курут алып жатат бейм? Курут болсо алып чык, Катыр-кутур чайнайлы. Курут берип кубантпа, Куру сөзгө жубатпа! Таруу берип тамшантпа, Таң аткыча какшатпа! Улак берсең албаймын,
Караңгыда бакыртып,
Ушул үйдүн үзүгү, Үзүлүңкү көрүнөт. Ушул үйдө жеңейим. Сүзүлүңкү көрүнөт. Төбөдөгү төрт жылдыз. Батайын деп баратат. Мингеним жаман тай эле, Жатайын деп баратат. Шалдыр-шулдур шакек чык, Саймалама жоолук чык! Жоолукту белге чалабыз, Шакекти колго салабыз. Чымы-чымыр-чымыр чык, Буудай майлап кууруп чык! Бычак учу жылтырайт, Май томуруп жатат бейм? Майың болсо алып чык, Сака, мурут майлайлы. Казан-аяк калдырайт, Убалына калбаймын. Эртең-бүгүн деп коет, Катыным жаман киши эле, Карышкыр, бөрү жеп коет, Бука берсең шайлап бер, Мурунтугун байлап бер. Мурунтугун үзбөсүн, Какылдаган ырчыңдын,
Кардын жара сүзбөсүн.
- Макмут
- Чaй жaнa пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш систeмaсы
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. АЛМАДАЙ КЫЗАРЫП
- Сура Ан-Наср
- МАХМУД КАШГАРИ «ТҮРК СӨЗДӨРҮНҮН ЖЫЙНАГЫНАН»
- Кыргыз эл оюндары. Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй, бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу, бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү,
- Сура Аль-Хадид
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КАЙЫНДЫ
- Адептүү ырымдар
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЖОГОЛГОН ДҮЙНӨ
- Устав
- Түштөнүү (түштөндүрүү)
- КОНСТАНТИН КУЗЬМИЧ ЮДАХИН
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ТААНЫМАЛ АКЫН ШАЙЛООБЕККЕ ТАМСИЛ ЖООП
- Сура Аль-Маун
- Сарбагыш тынай уругунун оруска караганы
- Кыргыз эл макалдары. Ж тамгасы 1500 макал
- КУЮН
- Кыргыз жомоктору
- Кыргыз ырлары. Кыргыз калкым
- Сура Аль-Гашийа
- Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр
- КАНЫБЕК ЖУНУШОВ. ТАШ БАКА
- Ашты сиңириш жөнүндө
- «КОЖОЖАШ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР
- Бишкек – Кыргызстандын борбору
- Балбак баатыр 1732-ж.
- Сура Аль-Ахкаф
- Ит ырыскылаш
- Босогону басып кирүү, басып чыгуу
- «Кыз – конок»
- Фотомонтаж деген эмне?
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ӨЛҮП ТИРИЛГЕНДЕР
- АБА
- Сыйкырдуу сака
- Көңүл калдылык
- Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк.
- Хан
- ЖЕЗ ТАҢДАЙ
- Сура Аль-Касас
- Күүдөн симфонияга чейин
- Алсыздын балдагы
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СҮЙГӨН ЖАРГА
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. КӨК МЕНЕН
- Табагын тегеретүү
- Жылдыз
- СУУ
- Байдылда Сарногоев. Курортто
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАШ БАГБАН
- Баланы тосуу
- Сынчынын саңар өтүгү майрык
- Бекбекей
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. БАЛДАРГА НАСЫЯТ
- Дос-тамыр, теңтуштун кебин кор кылуу
- «Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт»
- Туз татуу
- «Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашуугаоз жакшы»
- Кыргыз макалдары – Т
- Качкачтоо
- «Өлө албай жатып өлөң айтат»
- КАЙЫК («Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинен)
- Көкчөнүн өлүшү 2-бөлүк
- «Отузуңда «ордо» бузсаң, кыркыңда кырдан аша албайсың»
- Ынтымакка чакыруу, ынтымакка келүү
- Сура Ад-Духан
- Түшүнүктөрдүн жана терминдердин сөздүгү
- Абдыкадыров Жалил
- Пантүркизм
- Кеө жабуу
- НУРМОЛДОНУН НУСКАЛАРЫ
Кыргыз