Бул – адамдардагы туугандыктын мамилелери, белгилери. Ич ара жан тартуусу, бири-бирин аяп туруусу, «боор», «бир боор» -тууганчылык, жакындык. «Мунун боор толгоосу болуп турат, кыйышпай жатпайбы. Мейли деп койгула» – өндүү кептер айтылат. Боор толгоо – ички сезимди билдирүүсү. Кайда болсо кыйба-
стар, кандаштар, Кээде боор оорусу, боорго тебуусу. Албетте, бул «боор оорунун» экинчи тушунугу. Мында аянычтуу абалда турган пенделерге карата айтылуусу. Ызалуу (Ыза болуу).
«Азапка түшүп кыз апуу, Акчасыз жигит ызалуу. Ачыгын айтсак биз жакта, Аркансыз буту тушалуу». (Э. Ибраев)
Бул – пендечиликтеги аздыр-көптүр көңүл чөгөт болуусу. Сынып калуусу, убактылуу басынтуусу, башкалар баамдап калуу жагдайла-ры. Адамдардын жекечек мунездеру ар кандай жаралуусу. Айрым-дардын ызакор келуусу. Бир болбогон нерсеге бат эле таарына тушуусу. Кээде ызалуу мансапка, байлыкка, тегине байланышуусу. Ал «кыйт дей тушет», «ага андай соз айтпа, ыза болуп калат», «Алар мени ыза кылып коюшту. Жолдору болсун» -дечуулор бар.
Бурак. «Токулуутулпарбурагым, мандайымдачырагым». («Се-метей»). Бул – жылкы баласы. Дин жолунда тигил дуйнеде минип журуучу елук малы. Башка мааниси, асмандагы кудайга Мухамбет пайгамбарым атайын минип барган кулук. Чарчабас-чалыкпас жылкы тукуму. Жылкыны елуктун кара ашына, чоң ашына ж.б. союшу ушундай шартка да тогоп түшүндүрүүсү.
Дербиш. Бул-жарыкжана жалган дуйноден ыраазычылыкжолу жок, кыдырып тилемчилик аркылуу кун кергон пенде. Селсаяк адам болсо да экинчи мааниде аны бары-жогуна кайыл, байлыкка, мансапка умтулбаган, эли үчүн бир гана эмгек ене боюнда жургон ак дил адамдардын, азаматтардын азыр арбын чыгуусу. Бир маанилүү ишке башын байлаган, зирек адамдарга карата да сез багышталуусу.
Мэримсиз бала тууралуу болумуштардан. Ата-эненди урмат-таганың – өзүңдү урматтаганың. Албетте, кимдер ата-энесине жаш-тыгында кандай мамиле жасаса, карыганда ошондой мамилени ез балдарынан көрүшөт.
Бир жигит өзүнүнүн аялын ушундай жакшы корчу экен, дайыма жаңы бир нерсе сатып келсе, аны келинчегине берип, эскисин ата-энесине берчу экен. Бир күнү аялы ага: «Мага талак бер» – дейт экен. Күйөөсү ага: «Ой, катын, мен сени ушундай жакшы керуп, сага эң жакшы нерселерди алып келип берсем, урматтасам, эмне үчүн мени чанып отурасың», – дейт. Ал аял: «Мен сенден балалуу болу-
уну каалабайм, себеби дегенде сенин балдарын, да биз картайганда бизди сага окшоп урматтабайт», – деген экен.
Аялынын сезунен чыкпаган дагы бир жоош адам: «Энең эртели кеч тамак жей берет, эч тойбойт, жогот муну бул жерден», – деген аялынын сезуно моюн сунуп, картайып калган энесин алые бир тоо-го алып барып таштайт. Кетээринде өзүн акташ үчүн бир нерселерди айтайын дейт. Бир убакта энесинин бир нерсени чайнап жатканын коруп, баягы аялынын айткан сөздөрүн эстейт да, чын эле энем тойбойт экен деп ойлойт. Ачуусу келип: «Ой, эне, эмнени эле чайнап жүрөсүң, эч тынбастан?, – дейт. Энеси: «Кечирип кой, балам бир жумадан бери оозума эч нерсе алганым жок, азыр болсо тилимди соруп отурам»,-деген экен.
Дагы бир эрки жок киши, аялы кулагын жей бергенден кийин, атасын капка салып, алыстоого алып женойт. Анан атасына: «Кечирип кой, ата, жагдай ушундай болуп калды, сизди үйдөгүлөр жак-тырбай жатышат, мен болсо балдарымды кантип таштайм», -дейт. Атасы анын жагдайын түшүнүп: «Эч нерсе эмес, балам, бара кой, бул капчыкты ала кет», – деп, капчыкты сунат. Баласы: «Ой, жарык-тык, мунун кереги эмне?» – дейт. Атасы: «Ээ, уулум, сен картайып, балдарыңа керегиң жок болуп калганда, ушул кап менен сени да ушул жакка жеткизишет», – деген экен.
Пайгамбарыбыздан бир жолу анын сахабаларынын бири: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?» – деп сураган. Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деген. «Андан кийинчи?» – деген суроолоруна да ушинтип үч жолу кайталап төртүнчүсүндө гана: «Анан атаңа» – деген жоопту айткан.
Пайгамбар Салла аллоху алайхи вассалам жана да мындай деген:
«Кудайдын эрки – ата-эненин эркинде жана Кудайдын нааразы-лыгы да алардын нааразылыгында».
Бир киши: «О, Алланын пайгамбары! Ата-эненин балдарынын үстүнөн болгон укугу кандай?» – деп сурады.
Алланын элчиси: «Алар сенин Жаннатың (Бейишиң) же тозогуң» -депжооп берди.
«Анын тумшугу баткакка сайылсын!» – деп пайгамбар уч жолу кайталады.
«Кимдин мурду?» – деп сурашты.
«Ата-энеси же алардын экоонун бироо кары болгондо алардын алдында өзүнүн милдетин аткарбагандын, андан киши Жан-натка кирбейт».
Кыргыз