Чындап жиним келгенде Болоттон согуп ок кылдым, Кара калпак кыргагын Бу Бээжинден жок кылдым. Кайраты жок жаманын Тирүү бойдон кармадым, Каарыма тийгенде
Кан Манастын кырк чоро
Он экисин жайладым. Тирүү жүргөн буруттун Тилегин минтип куруттум. Тим эле каны Манасты Белеске минтип улуттум. Каяшаяк бергенин Тим эле минтип куруттум. Өлбөй жүргөн арсыз жан Өлбөймүн деп жутунат, Жаралуу Манас көк жалдын Атын атып таштадым, Эми жалгыз кайда кутулат! Жаралуу Манас султанын Жабылып кармап алалык, Үпү деген дарыдан Жарасына салалык. Эптеп-септеп Манасты Айыктырып алалык. Өлтүрбөстөн житирбей, Байлап барып Бээжинге, Бээжиндеги кырк шуркут, Казыналык катынга Намыс кылбай айкөлдү Алпарып айгыр салалык, Калк атасы Манастан Каалап тукум алалык. Эркек уул туулса, Каканчылуу Бээжинге Кары кандын ордуна Алтын таажы кийгизип, Алтын такка мингизип, Алакандай Бээжиндин Бирдигин берип билгизип, Калкка кабар салалык, Каканчынын өзүнө Кан көтөрүп алалык. Деп ошентип Кожожаш, Калмактардын кара арак, Кадимки көөкөр менен бир арак, Көмкөрүшүп ичишип, Көтөрүшүп жутушуп, Колодон кылган бурканын Айдарым какыр талаага Аса байлап салыптыр. Коло жездүү бурканга Тобо кылып чокунуп, Кытайлар тобо кылып калыптыр. Каарданып бакырып, Кандарынын баарысы Какайлап ураан чакырып, Каарданып дүпүлдөп, Кожожаш жатат күпүлдөп. Кызыл кындуу кытайдын Кыйыны өзүм болом деп, Кырк кан эли кытайдын Кандыгын чогуу алам деп, Паашалуу кытай бу журттун Баштыгы өзүм болдум деп, Басташа кеткен буруттун Баары жогун сордум деп. Жойкара менен Кожожаш, Шуйкуч менен Корогоч, Угар кулак, Канжаркол, Туурасынан Бозкертик, Желжетпес менен сегизи Ошондо катар туруп калыптыр, Алоокенин Коңурбай, Акылга дыйкан эр калча, Бөлөк туруп калыптыр. Сегиз турган кыйынды Жанакы Манас кан султан Секиден көрүп калыптыр. Сегизин берсең бир кудай Аргымакка артып кет, Арман кылбай калайын, Айланайын бир кудай, Аманатын тартып кет. Кытайды кырган эр кылба, Кан алдырбай Бээжинден Мени кара жер менен тең кылба. Кармап минер астымда Аккула сындуу буудан жок, Каралашып тургандай Мында Алмамбет, Сыргак тууган жок. Деп ошондо муну айтып, Беренин төрөң кабылан, Ак келте колго алды эми, Алдыңкы кыраан сегизин Беренин кыйындап тиктеп калды эми. Аккелтени сунганда, Айкөлүн ашкере карап турганда Эки көзү төрт болуп, Баатырын султан күйүнүп, Аккелтенин кароолго Сегизинин кайран баш Топчудай болуп илинип, Тиктеген сайын закымдап, Сегизи эшик бою жакындап. Эрикпей жакын келгенде, Эсилиң төрөң көргөндө, Каалап карап турабы, Канкорду кудай урабы. Доолбасты бир чойду, Колундагы Аккелте, Козголбогон кайран шер, Аккелте менен бир койду. Күркүрөп келте кеткени, Жойкара менен Кожожаш, Серпилтип сегиз аярдын Аткан жерде Аккелте Башын жулуп отту эми. Калың кечил дыркырап, Аккелте үнүн укканда, Сегиз дөөсүн жыкканда Качып манжу дыркырап, Кытай, солоон, манжусу Бөлөк-бөлөк быркырап. Асылың кайдан аянып, Арстанын Манас кайран шер Белесте турат зыңгырап. Аккелтени таянып. Баягы, кайран жеңең Каныкей Уйкудан чочуп ойгонуп, Он жагына толгонуп, Колу сууга малынып, Кол дааратын алынып, Тура калып туйгунуң Бакайына жалынып, (Айтса, алдага сөзүн зар эле, Алты айчылык азапты Азыр айтып берүүчү Колтугунда женеңдин Жылаңач бала бар эле, Кайран жеңең Каныкей Касиеттүү жан эле). Ошондо мурдунун суусун арталбай, Көзүнүн жашын тарталбай, Кабырга сөөгү сөгүлүп, Көзүнүн жашы төгүлүп, Бөдөнөдөй кайран көз Бөөдөсүнөн түш көрүп, Бөлөк-бөлөк жаш кетип: Тултук мүйүз көк бука Туу түбүндө кыйкырат, Султаным Алмам өлгөн бейм? Карга айдаган ак шумкар Канаты жок калыптыр, Кан Балтанын Чубагы Бир кордукту көргөнбү? Узун бойлуу чынары Кыбыла көздөй сулаптыр, Кымбатым Сыргак өлгөнбү? Он сегиз миң ааламга Каны болуп турганда Султаным минген алтын так Буту кыйрап калыптыр, Көк жалыңдын бууданы гана бир окко учканбы? Достуңуз Манас жалгызга Кылкылдап кытай жеткенби?! Көөнү келсе көк жал Манас достуңду Кытай кырк эки курчап кеткен бейм?! Бээжинге бейлебей жатса өлөт деп, Беренди, бейбагы качан көрөт деп, Чалыяр жетпес Бээжинге Баатырдын, чамасы келбейт кайтсын деп, Тилимди алса падышам Аман бери тартсын деп Адырда жылкы алабаш, Азапка бөөдө салбасын, Көк жалым, аркада эркек бала жаш. Аман келсин Бээжинден, Ага-ининин баары кас. Тууган журттун чалгырты турат көзүндө, Чамасы келсе алты арам, Чалганы жүрөт өзүңдү. Кыңыры жүрөт сөзүндө, Кыйшыгы жүрөт көзүңдө, Кыясын тапса кесек ит, Кылганы жүрөт өзүңө. Бадыраң темир курч болбойт, Жердигинен башка өскөн, Мындай иттер журт болбойт. Ыйлап-ыйлап кат жазып, Береним, төрөм келсин деп, Тилимди алсаң баатырым, Ушул бейпайлуу сөзгө көнсүн деп, Алты күлүк ат берип, Нар бууданды баш кылып, Алакандай кат берип, Ошондо олуя чалыш эр Бакай, Көк сүлөөсүн бөрк кийип, Көк ала калкан ойногон, Башын бар дилдеге бөлөгөн, Аягын карк алтынга жөлөгөн, Караңгыда көз тапкан, Капилет жерде сөз тапкан, Чууга кирсе таңылбас, Караңгыда карсактын Изин кууса жаңылбас, Буурулду коштоп булкунтуп, Асый чыкма чагы экен, Кара байыр казанат, Казатка минер табы экен, Боконо сөөгү болкоюп, Болуп калган кези экен, Кадимкидей нар буудан Толуп калган кези экен. Жаныбарым, бугудай мойнун бураган, Бута бою аң келсе Буйдалбастан чураган. Буудандыгын билгенде Буттап алтын зер берип, Төмөнкү Букардын каны сураган. Сураганга бербеген, Бермек турмак Буурулга Бейдаарат киши минбеген Аркардай мойнун бурганда Найза бою аң келсе Айныбастан чураган, Асылдыгын билгенде, Ар кайсы кандар сураган, Багылып жүрүп ат болгон, Манастан сураган киши жат болгон. Көк тулпар менен кан Бакай Көрүнөө коштоп алган соң, Энкейиштеп алганда Эликтей колу сайылып, Өргө тарта бергенде, Жал куйругу жайылып, Таманы жерде тарсылдап, Кара болот ооздук Жаныбардын комокойдо карсылдап. Ошондо Бакай кабылан Эки тулпар ат менен, Учкан куш менен жарышып, Окоро түйгөн ак тизгин Тарталбай колдо карышып, Бириси буудан, бир тулпар Оозу менен алышып, Баскан жери быркырап, Чоң казандай болгон таш Төбөсүндө чыркырап, Араандай оозу ачылып, Кан аралаш ак көбүк, Омуроодо чачылып, Күндөп-түндөп жол жүрүп, Ат аябай мол жүрүп, Арада нечен жол жүрүп, Күндүзүндө уйку албай, Түн ичинде тынч албай, Күн эсебин алганда, Күндү катка салганда Он эки күн жол жүрүп, Арстан Бакай ээликти, Асты жакы белестен Бир кайнаган журтка кезикти. Жылдыз чыккан мунарык, Жылдызбы десе от экен. Кайкайлап жаткан караанча, Камыш десе эл экен. Мунарык тарткан калың өрт, Камгакпы десе эл экен. Курттай кайнап көп калмак
Кыргызды курчап калган кези экен.
Казылган кара ор экен, Бет алдында дүмпөйгөн, Белеспи десе эл экен. Бейли курган көп кытай Берениң Манас баш кылып Алакандай кошуунду Бейпайга салган кези экен. Ошондо Бакай кан заада Санаган ою бөлүнүп, Кан аралаш чиркин жаш Канымды кайдан табам деп Ошондо акирек ылдый төгүлүп. Көөдөнгө батпай көп санаа Көк жалды кайдан табам деп, Көзүнүн жашы он талаа: Алты шердин кенжеси Атышып кытай сойду деп, Талаада сөөгү көмүлбөй, Менин айкөлүм кайда болду деп, Бел байлап белес белимден, Айрылдымбы ушинтип, Айкөл Манас шеримден?!: Бүгүнкү көргөн эртең жок, Алдап жүргөн сен белен, Атаңдын көрү дүйнө чок! Кызырдуу айкөл шеримди Кытайлар кыйкырып байлап алган го, Караса көзгө илинбейт, Кайсы экени билинбейт, Каканчын кандын алдына Кабыланды тартуу кылып салган го?! Кейип Бакай көп ыйлап, Кененим султан деп ыйлап, Чай алган тоонун кентинде Токтоп жүрөт зор Бакай, Жан биргем, Манас кайда деп, Жоктоп жүрөт эр Бакай. Астындагы көк тулпар, Сабап жүрөт зор Бакай, Кабыланга кайгырып, Каршы-терши жыгылган Кырылган кытай өлүктөн Карап жүрөт зор Бакай. Өлбөй тирүү жүргөндө Не муразга жетем деп, Кыдырлуу шерден айрылып, Тирүү кантип кетем деп, Минген аты көк тулпар, Коштогону Нарбуудан, Ошо кезде Тайбуурул Асый чыкма мал экен. Ак жолтой Бакай кабылан Эрикпеген жан экен. Асый чыкма Буурулдун Көкүлү көк жибек менен түйүлүп, Куйругу куу шайы менен шүйүлүп, Ок өтпөс жабуу жабылуу, Буурулдун башында үкү тагылуу. Туудурдум деген ата жок, Туудум деген эне жок, Белгилүү кандын Сайкалы Белекке берген Нарбуудан, Карача кандын Сайкалы Тартууга берген Нарбуудан, Жетелеп Бакай Кожосан, Бадана кийип балкылдап, Падыша Бакай жаркылдап, Жеткилен Манас достуна Жетип берди Буурулду, Белгилүү Манас канына Белекке берди Буурулду. Кытайдан кыстоо көп азап Көргөндө берди Буурулду, Киши көрбөс дүмөктү Көргөндө берди Буурулду. Бендеси көрбөс азапты Тартканда берди Буурулду, Мелтиреп кармап кайран шер Ак каңкыны артына Артканда берди Буурулду, Азапты Манас каныңыз, Моминтип, тартканда берди Буурулду. Азапты тарткан себеби Аккула окко учкан жер. Канатынан кайрылган, Кара кылып отурган Кан Чубактан айрылган, Баатырдын артыкча кеткен чамасы, Шейит болуп ал өлгөн Улаккандын баласы. Кара болот кыргагы, Шейит болгон Бээжинден Караан кылган Сыргагы. Баатыр канкор төрөнүн Аккуладан айрылып, Баатыр Бакай барбаса Баатырдын, колго түшөр убагы. Бек кайгырып кайран шер, Ак келтени таянып, Баатырың, капаланып калыптыр. Кара кытай көп манжу, Бу капасын билгенде Тирүү кармап алам деп Кабыланды тегеректеп калыптыр. Теги жандан түңүлүп, Теңизиң араң турганда Тең курбу Бакай кабылан Теңизиң жетип барыптыр. Атышка кийген суп чепкен Асылым достум кийгин деп, Алты айга чыдайт Нарбуудан, Белекке алып мен келдим, Береним төрөм мингин деп, Өчкөн отун тамызып, Арбайып жөө турганда Баатырдын өлгөн жанын тиргизип, Тиргизип минтип жүргөнү Ободон жылдыз козголгон, Бакай менен Манасын Алты жашта дос болгон. Ак буудай унун чайнашкан, Келем шарип кармашкан. Достусу жөө турганда Тоодой Бакай токтобой, Түшө калып жүгүрүп, Тизеси жерге бүгүлүп, Нарбуудандын үстүнө Булгаары тердик, ак токум, Бурчтап кылган Каныкей, Ошол Нарбууданга чак токум. Алмамбет кылган ак каңкы, Алдыңкы кашы ак алтын, Арткы кашы чылк күмүш, Эки каптал эн темир, Курч уютуп машаган, Курдашың Алмаң жан достуң, Кабыланга куп ылайык жасаган. Эңкейиште эзишсе, Тамандашып айкөлүң, Эчендер менен кезишсе Ээри кыйрап кетет деп, Шашылыш жерде айкөлдүн Ажалы бөөдө жетет деп Артык кылган ак каңкы, Аккулага чак каңкы, Алып Манас токуса Асый чыкма Буурулга Тердигине тердиги Тепчип койгон эмедей, Куюшканга куюшкан Куюп койгон эмедей, Басмайылга басмайыл Бап келтирген эмедей. Ошондо Манас көйкашка Шашып намаз окунуп, Нарбуурулду токунуп, Кара калмак солоонду Алтай айдап кирем деп, Каңгайда кара кытайды Бээжинди көздөй сүрөм деп, Колума тийсе Коңурбай Тирүү кармап алам деп, Каканчылуу Карыкан Курмандыкка чалам деп, Курдашым Алмам, Чубактын Ушинтип кегин алам деп, Каарданып дүрүлдөп, Кабылан Манас күрүлдөп, Арстандай көз жайнады, Каалгадай кайран тиш Кабылан Манас каныңыз Бөлө-бөлө чайнады. Шамал чыгып оозунан, Тиктесе көздөн кан чыгып, Чын кайра атын көргөндө Караганда жан чыгып, Кан ичмеси кармаптыр, Кайра тартпай кыргынга Кабыландын камынып калган кези Алтын жаак айбалта Билекке кынай чалды эми, Алыска атар Ак келте Ай далыга салды эми. Асмандан түшкөн алты курч, Манас алган зулпукор, Кызыгып кындан тартканда Кан ичпей кайра кирбеген, Каарданып имерсе Бүлүк салбай жүрбөгөн, Ташты шилтеп чапканда Кылт этип мизи калбаган, Касташкан артык жоо келсе, Каршы-терши шилтесе, Кайран жанды кубанткан, Шилтештен мурун баш кескен, Манас кандын зулпукор Кынай белге чалды эми, Баягы жакасы алтын, жеңи жез, Кош бадана торгой көз, Келеме бото, кең күрмө — Келишимдүү Ак олпок, Келеп темир мадаткан, Келтенин огун жадаткан, Найзанын учу отпогон, Жебенин огу жетпеген, Жеткилең катын Каныкей Жети жыл араң эптеген, Самаркан менен Букардын Орто жерин чалдырган, Ойрон катын Каныкей Ошондон була алдырган, Курч темирдин өгөндү, Майда кумдун эленди, Желим менен карматып, Ортосуна салдырган. Ашаганда машаган, Артык катын Каныкей, Айла менен жасаган. Күндүзүндө тынч албай, Түн ичинде уйку албай, Тиштеп жатып олпокту Кашка тиши жадаган, Тиктеп жатып олпокту Кара көзү кардыккан, Мээнет катын Каныкей Берени султан Манаска Белекке берген Ак олпок. Сыртынан Манас зыңгырап Ак олпокту кийди эми, Асмандан түшкөн ак кисе, Айкырып белге чалды эми. Тутам жери кырдалуу, Тутам жери сырдалуу, Туйгунуңдун сыр найза Чымын консо чыңк эткен, Камчы сап тийсе кокустан, Добулбастай заңк эткен, Каарданып канкоруң, Сыр найза колго алды эле, Асаба колдо калкылдап, Нар кескен, айбалталары, Бүткөн бойдо жаркылдап, Астын сала бергенде Ач арстан сүрдөнүп, Аркасын сала калганда Ажыдаардай түрдөнүп, Кабылан Манас эр ошол, Кыраандардан айрылып,
Кырылышар кези ошол.
- Сараң
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. БӨБӨККӨ
- УЧКАН ЖЫЛДЫЗ
- Протокол
- ДИНИЙ ҮРП-АДАТТАР
- Сөөк өчтү
- Кыргыздын каада-салттары. Аш жана ашты берүүдөгү салттар
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КАЗАК ТУУГАНГА
- Сура Ан-Наджм
- Сура Аль-Анфаль
- Кыз канткенде бактылуу болот
- Карын бузуу
- Мүйүз уста
- Саламчы
- МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. “ЗАР ЗАМАН”
- «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат»
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВГЕ
- АКБАР РЫСКУЛОВ. КЕЛ, КЕЧИГЕЛИ!
- Сура Аль-Кахф
- Ой жүгүртүү торчосун кантип колдонуу керек
- Үркүн
- АЙ, КҮН, ЖЫЛДЫЗ
- Адамдүк
- Василий Владимирович Бартольд
- 1916-ЖЫЛ. КЫТАЙГА КАЧУУ
- Сура Али Имран
- АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ
- Сура Аль-Фуркан
- Айкөл Манас. 3-китеп
- Кыргыз ырлары
- ТӨШТҮК АЮУГА ЖОЛУКТУ
- «Биринчиси соода, экинчиси коога»
- «Ар кимдин жүргөн, туулган жери мисир»
- «Кысасы кыяматка кетет»
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. КОНДИЦИОНЕР
- Жаңыл Мырза
- Аза күтүү
- АБЫЛАЙ ХАН УУЛУ КЕНЕ ХАНДЫН КЫРГЫЗ МЕНЕН СОГУШУ
- КАЛЫГУЛДУН НАСЫЯТ, САНАТ ЫРЛАРЫ
- Топурактын эрозиясы
- Адамкалый
- АК БАТАЛАР. БАБА ДЫЙКАНДЫН БАТАСЫ
- Белунуп-жарылуу
- ЭСТЕЛИК
- Май кармаган бармагын жалайт
- Кыргыз элинин адабияты
- О городе Чигу
- Ишенимдүү атмосфераны түзүү
- Тойдо куран окуу
- Кожожаштын келиши, кыргыздын жеңилиши
- БУУ, ЖАМГЫР
- Дуңган атчандар полку
- Элден-жерден безүү
- Алганга бар, бергенге жок
- Жетелешүү
- Сура Аз-Зухруф
- Кыргыз каада-салттар
- Оозго суу тамызуу
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ӨЗҮ КААР, ТИЛИ ЗААР КЫЗ
- Каяша айтуу
- Полот хан (Пулат хан)
- Сөгүнүү-сагынуу
- Алыбекти өлтүрүлгөнү
- Кедейкан. Токтогул Сатылганов 1-бөлүм
- Топурак буюруу
- Потомки Огузхана
- Балага энчилүү ат коюу
- «Табанаак эрден, тубанаак бээ өтөт»
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. КӨК МЕНЕН
- Мүнүшкөр
Кыргыз