СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. МЕН–КЫРГЫЗ

1. Сыймыкка толо жүрөгүм, Шаттыкка толо көңүлүм. Толкуп да ташып жүрөмүн, Дайрага окшоп көк ирим.

Той түшүп Кыргыз жергеси,

Түздөрүм–жайган дасторкон,

Тоолорум–тиккен өргөөсү,

Конок көп тууган достордон. Каткырам тийген күн менен, Ачылам түркүм гүл менен. Бул тойдун менмин жарчысы, Кыйкырам бийик үн менен: –Ээ, калайык-калың журт, Менин айткан жарымды ук,

Мен ким болдум, ким элем?!

Ташыган дайра бүгүн мен, Мээнеткеч да күжүрмөн: Өмүрлөрдү жаңыртып, Өмүрлөрдү кооздоп, Өрдү карай жүгүргөн… Мына эми дүйнө суулары, Үнүмдү мени туурады: Таратууга жер-жерге, Той кабары тууралу. Укту бейм менин доошуму, Өлкөлөр, элдер жоошуду. Селт этип токтой калгансыйт,

Согушкан аскер кошуну…

2.

–Ээ, калайык-калың журт, Менин айткан жарымды ук! Мен– Кыргызмын! Адамзатка мүчөмүн, Толду бүгүн элүү жашка мүчөлүм. Мен да жутуп, силер жуткан абадан, Силер ичкен суудан мен да ичемин. Силер жеткен жыйырманчы кылымга, Мен да жеткем, Турам мына кырында! Мен да күбөө: Атом менен космостун,

Жаңы ачылып жаткан укмуш сырына.

Дүйнөдөгү түркүн өлкө, түркүн эл, Мен кошулсам–болот анда бир түгөл. Ансыз дүйнө–калмак кемип, бөксөрүп. Бул кылымдын кубанчын да кайгысын, Силер менен келем баштан өткөрүп. Мен баарыңа тең тууган, Тең атамын, Доорубуздун чоң кичине жүктөрүн,

Силер менен тең алпара жатамын.

Мен–Кыргызмын, Мен–Советтер өлкөсүнүн адамы, Кийин келчү жүз жылдардан угулган, Бүгүнкүгө коюп жаткан кадамы. Элчилигим-журтчулугум белгилеп,

Туум, гербим турат мына желбиреп!

3.

Бара жатып бул алдыңкы катарда, Көз чаптырам өзүм өткөн сапарга: Эң биринчи белгилери тарыхтын, Жаңы жүзүн көргөн кезде жарыктын, Мезгилдердин түпкүрүндө алыскы, Мен да жоктон Бар болуп көз жарыпмын. Көз жарыпмын, Капчыгайдын түбүндө, Атып чыккан алтын булак түрүндө. Төрөлгөндө ат койгондой балага,

“Кыргыз” наамын бергем экен мага да.

Энем–Тарых, Атам–Мезгил экөө да, Эмес экен баласына карамдуу: Төрөп коюл бакпай таштап кетиптир, “Ал–турмушка бүткөн болсо жарамдуу, Жер бетинде күнүн көрүп кетет,–деп, Төрөп койдук–ошол бизге жетет”–деп. Өзүм менен өзүм болуп калыпмын, Же үйрөткөн,

Же жүргөн жок жетектеп.

Булак бүткөн кыймылдоого агууга, Аксам деймин, өрдү көздөй агылга: Торой берип тоолор, бийик аскалар, Же туш болом, кумдуу майда шагылга, Жаралгандан азап-тозок көп көрүп, Бышык-чыйрак чыкканым айт багыма. Бир заманда, Бир кездерде мен дагы, Көп сууларды тоноп эки жагымда, Дайра болуп жерге сыйбай күрпүлдөп Агыпмын,

Жаңырыгым түркүндөп…

Жүрүп-жүрүп, күрпүлдөгөн дайрадан, Кылдыраган булак кейпин кийипмин, Неге десең, мен өзүмдү кайрадан, Чоң сууларга тоноттуруп ийипмин… “Ай, кудай ай, жанды булак кылбасын, Булак кылса, кут кылсын өз жылгасын. А болбосо, ар кезектен–бир кезек, Талоон болот, олжо болот бир башың!..” Деп боздопмун, Күңгүрөнүп ыйлапмын,

Үнү менен жалгыз комуз, кыяктын.

Анан бир кез кирип мезгил чөлүнө, Жоголупмун, Туш болгондой өлүмгө. Атым-жөнүм, Кабар-дайным чыкбаптыр. Аң-сезимим өзүм менен уктаптыр. Өгөйүндөй Мезгил менен Тарыхтын, Өлбөстүрмүн, Бечел бойдон калыпмын. Өзүм менен өзүм антип жатканда,

Турмуш көчү узап кеткен кап-кайда.

Ал учурда мен ушундай ыр элем, Ар жеринен кескиленген, үзүлгөн. Керек болчу, бүтүн дастан болушум, Эрдиктерден, Чыдоолордон түзүлгөн. Ырас, анда эстеликтер курбапмын, Шаар тургузуп, анда жашап турбапмын. Ырас, менде белгиси аз, Өнгөн өскөн бир калктын. Бирок да бир эстеликти анда мен Берген элем, Бүтүрүп тер, кан менен, Мен жол издеп, бийиктерге тырмышкан Ошол күндөн калсын үчүн бир нускам, “Бекер жашап өтпөдүк–деп–биз дале!” Жок, сен аны Жер бетинен издебе, Изде жалаң адамдардын оозунан. Алып барат ага сени ээрчитип, Жаш бала да, Карт адам да, Боз улан. Ал жаралган угууга, Көрбөй туруп көз тайгылат коозунан. Ал курулган: келки-келки, чуп-чулу, Ат көтөргүз, кунсуз асыл, сөз менен. Сөздөр! Сөздөр! Алар гана жап-жалгыз,

Колго урунган курал ошол кезде мен!

Анан ага ат коюпмун “Манас” деп, Турасыңбы, алымсынбай, аны аз деп? Ук эмесе: Келген жоону аңыртып, Кетүү үчүн улам конуш жаңыртып, Жел мисалдуу бир орунда турбапмын,

Анан кантип жерге эстелик курмакмын?!

Муну болсо, бузуп-жарып өчүрүп, Өрттөп болбойт… Кетүү керек бир гана, Ооздордон ооздорго көчүрүп. Анын бийик залдары бүт салтанат: Ал залдарда элдин өлбөс жүрөгү, Ар-намысы,

Эрдик даңкы сакталат…

Мен ошентип, коңулунда өмүрдүн Көп жүрүпмүн, Кантип анан көрүндүм! Бирок, тобоо, көрүп аман калганга, Бардык түрүн жерде болгон өлүмдүн. А болбосо, мен өңдөнгөн көк булак, Калды тарых чөлдөрүндө куркурап… Сен таанысаң мени “Кыргыз” деп бүгүн, Бир жагынан бул бир эрдик–көктүгүм Дайра болдум–күркүрөгөн көк ирим,

Жаңырыгы бүт дүйнөгө угулган.

–Ээ, калайык-калың журт, Кана дагы менин айткан жарымды ук! Бүткүл жергем– Ак дасторкон салынган, Кел, келгиле, Конокторум сагынган! Арабызда бөлөк бөтөн эч ким жок, Баарың–тууган, Баарың–жакын кошунам. Түбүбүз–бир, Бара жаткан максат–бир, Ой да бирөө–биз баарыбыз кошулган. Биз чынында–бир үйдөгү көп бүлө. Кана эмесе, туугандар, Кандаш достор, Төргө! Төргө! Өткүлө! Өз үйүңөр, олтургула жай алып. Кокуй, ылдам келтиргиле чай алып! Кыйын эмес бизге турмуш белеси, Катар бассак ийинге-ийин таянып. Силер менен–биздин элдик-журтчулук,

Силер менен бир көрүктө курчудук…

Ал, алгыла, Кыргыз даамын таткыла! Сый-сыпатка кое турган иш мына, Кийгизерге тон мына, Урмат кылып мингизерге ат мына! Баса, бизде аттын баары Ак-Кула. Данкы жаткан кыздын баары–Каныкей,

А жигиттер–Манас чыкты бактыга…

5.

Тагдыр элге жер-суу бөлүп берчүдө: Жалаң тоо-таш тийгенби деп энчиме, Болду кечээ кейип жүргөн күндөр да, Азыр алар айланганын кенчиме, Кыдыргыла, Карагыла-көргүлө, Буга курсант ар бир айыл, ар бүлө. Ар кимдин бар туулуп өскөн турагы, Аны өзүнчө сүйөт ар ким, туурабы? Менин сүйүүм– Ар жаңырган ай окшоп,

Жаңы жана жаш боюнча турганы!

Жер–ата-эне, Балдарынын натуура Жоругуна карай алат катуу да. Мекен–бирөө, Болбойт аны алмашуу, Же болбосо, сатып алып, сатууга… Мен батыштан жолуктургам бирөөнү, Кечээ күнкү чоң согуш–чоң сыноодо, Тууган жерин сатып болгон күнөлүү. Басып келди окшоп сасык тумоого: “Кыргызсыңбы? шыбырап-жай сурады,– Тууган жерден топурак, Же бир уурттам суу барбы?” Ээ, жан достор, Алсын тууган жер менен,

Маңдайыңа бүткөн каның, тер менен!

6.

Куттуу болсун күнүң, Республикам, Тоо-талаасы дүңгүрөгөн той менен! Ырым сунам, гүл ордуна бир тутам, Сен жөнүндө ыйык сезим-ой менен! Ошол бир ой бирге жүрдү биз менен, Күндөрдө да–тынчып эмгек иштеген, Же согушта, кан төгүшкөн учурда,– Анда такыр бөтөн ойго орун жок, Ойдун баары–жоого ок болуп учууда. Бирок бомба, снаряд жарылып, Жер бүлүнүп жаткан катуу уу-чууда, Бир ой өзүң жөнүндө, Жаш баладай, түшүнбөгөн өлүмгө, Кайдан-жайдан кирип келе калчу эле: Атам болуп, Энем болуп элестеп, Же суу болуп, Түшкөн тааныш белестен, Боз үй болуп, Же болбосо андагы, Көң-тезектин жыты болуп жел эзген, Бир заматта кирип келчү ойлорум. Эми бүгүн жаным гүлдөп кубанып, Кут болсун дейм күнүң, Республикам! Таасим кылып, аягына куланып, Ырым сунам, гүл ордуна бир тутам! Сунам аны сени сүйгөн жүрөктөн: Күлүк аттай элирип, Ооздугун кемирип, Ойноп турган өзүң берген ысык кан! Куттуу болсун бараткан ак сапарың,

Эсен-соо бол, тышкары бол кырсыктан!

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.