Тамактан дымак жаралат. Жашоо-тирчиликтин багыты олчоосүз озгорүлүүдо. Күндолүк шартка жараша элдер катмарга жиктелүүдо. Бай-жарды, кедей-кембагал, бизнесмен, коммерсант дегендер чыкты. Мурунку айтыла коюучу кызыл кулак, алып са-тарлар, сүткорлор андан беш бетер ашынып, колдон суурулууда. Кымбатчылык. Америкалык доллар которүлдү. Акча арзандады, ушуга карата элдин пейили тарыды. Чет жакалардан келгендер эле эмес, озүнон-озү озүбүздүн азык-түлүктор, товарлар кымбат-тай баштады. Куу турмуштун айынан чоңбу, кичинеби, абийирин, адебин, ыйманын уятын колго кармап калды. Коендой окшош бир-демелерди коюп, эңиштеген эрлер, оңүчүктогон карылар, бешкокүл бийкечтер, болукшуп бойго жеткен улан-жигиттер – таңдан кеч базарда, булуң бурчттарда. Бүгүн зайып затына ото убал. Алар
базарга сүңгүп кирди. Эркектери кылаарга ондүрүшүжок. Үй маа-нектоодо, бала багууда. Пенсиялары, айлыктары, пособиялары тууралуу айтпай эле коелу! Тамак-аш тартыш. Кыргыздын кыр мурут жигиттери базардын кул арабакечтери аталды. Башка улут-тарга жалданууда. Улут жоюларда ушинтип, башка элдерди сага-лап, алсыз.намыссыз болуп калат. Адамдык бетчүмботтү сыйрып таштайт. Байыртан бери баатыр аталган, элин-жерин коруган жур-тчулуктун тамырына зил кетүүдо. Уңгумдан, уюткумдан короңгү-ачыткымдан ажыраган чакта калкта кайсы касиет калат. Душма-нына жаадай тийген, таштын уюлундай эл эле, эми эмнебиз менен эл бетин карайбыз. Айлана-чойро адамга серт учурайт. Кыргыз наркы барбы! Ушундан улам айталы «Тамак болбосо, дымак болбойт да, тамак бар жерде, дымак бар да». Эмесе, тамактын касиети качууда, берекеси кетүүдо. Эл пейили тарууда, кежиге кер тартууда. Чай коюу, тамак жаса десе, сорпо, кесме, казан ас десе, эт салуу, бүкүлү дандан тамак жасап ичүүбүз калды. Моюн жар бербейт. Демек, даам жасоо, анын түрүн арттыруу аракетте-ри улуулар менен кошо кетти.
Кыргыздарда дандан, эттен жана суттон даярдалган тамак-аш бири-бири менен ич ара жуурулушуп, бир эле дасторкондо булардын аралашмалары берекелерин берип турат. Дыйканчылыктуу аймактар-дан тоолуу аймактарда сүт, эт азык-түлүкторү арбыныраак керектел-ген. Жер шартына карата жашоо-тиричиликтери жүргон. Азыр дан ку-урган, андан талкан, шак, угут тарткан ленде аз. Айрым жерлерде талкан деген эмне? Шак, угут деген эмне? Талкандан ондон ашык даам лайда болоорун билбей, туйбай калган жерлер бар.
Кыргыз