СОҢКӨЛ
Бул да бир жаратьшыштын Кыргызстанга берген тартуусу. Көлөмү боюнча Ысыккөлдөн кийинки 2орунда. Узуну 29 километр, туурасы 18 километрге жетет. Аянты 270 километр квадрат. Көлөмү 2,64 километр квадрат. Орточо терендиги 9,2 метр, эң терең жери 13,2 метр. Соңкөлгө бийик тоодон, мөңгүлөр менен булактардан агып түшкөн 18 суу куят. Суунун жайкы температурасы орточо 1112 градус ысык. Кыш башталарда тоңот да, май айында тоң кетет.
Көл айланасы малга жайлуу. Балыгы абдан даамдуу. Малчылар кымыз жасашат. Жайында жайлоо чөбү укмуштай керемет жыт берип, салкындыкты, таза абаны ушунчалык жыргап сезесиң. Бул жерде тарыхый эстеликтер, байыркы жазуулар болгон. Аны түрк археологдору да изилдеп жүрүшөт.
Кыргыз