«Эки бакыр, бир тукур». Тиричилик – сөздүн толук маанисинде, бул – турмушта кордукту көрүүчүлөр, жармач жашоочулар, ке-дей-кембагалдар биригип, оз оокаттарын кылып кетүүлөрүнө карата айтылуучу накыл. Бул жарык жана жалган жашоодо, абалтан адам-дар бирдей жаралбайт. Тегине, байлыгына карата ж.б. лар боюнча бөлүнүүлөр болуп келген, болот, болуп кете берет. Мунун түпкү төркүнү биргелешип, бирдемелерге аракет кылууларынан пайда болгон го! Бакыр -кедей, кембагал, букара. Бакырчылык-биргелешип иштөөчүлүк. Ушундан улам үйлөнүп-жайланып, тиричилик кылып кетүүчүлүк. Тукур-чобур деген түшүнүк. Ал көбүнчө жылкыга байла-нышат. ««Эки бакыр, бир тукур» болуп жашап кетели» – деген соз бар. Азыр запкы тарткандарга, эрди-аял болуп жашагандарга карата ушул макал айтылат.
Кыргыз