КУЙРУЧУК

КУЙРУЧУК

Өз аты — Кудайберген. Кийин анын элди туураган жорукжосунуна карата «Куйручук» атыгып кеткен. Атасы Өмүрзак жарды адам болгон. Кудайберген төрөлгөндөн эле оорукчан болду. Анын энеси керээликечке байдын суусун алып, казанын асып, колу бошобой, көр оокаттын айынан ымыркай баланы бешикке бөлөгөн бойдон калтырып кетүүчү. Таңдан кечке бешикте таңылып жаткандыктан итий оорусу жабышат. Анысы аз келгенсип куу далы болду. Мойну кылдай, чекесинен көк тарамышы көрүнүп турат. Арык баланы ыраматылык энеси колуна алып эркелетип, арыктыгына начарлыгына боору ачып, үшкүрүп, көзүнө жаш алып кайгырчу эле дешет. Жашынан саламаттыгы начар болгондуктан болочок куудул 5—6 жашка чейин бечел калган экен.

Жардынын үйүнүн бир жагынан ит өтүп, бир жагынан ат өтүп, үзүктөн уугу, туурдуктан керегеси чыгып, кышкысын ызгаарДУУ сууктан кыйналат. Жайкысын жаанчачындан жабыркап турган кездери болсо керек. Кыясы үйдөгүлөр бүт буттары баскан балдарын жетелеп алышып, байдын жумушун кылганы кетишкен го. Куйручукту эски тонго ороп, капшытка жаткызып кетишет. Бир оокумда айылдаштарынан бирөө үйгө кирет. Киши жок, ээн үйдөн жабыкта сайылуу турган шибегени алмак болот. Аңгыча «Ай киши, көзүмө чөп түшүрөсүң! Шибегени алба, атам чокоюн көктөйт!» — деген үн чыгат. Шашып калган киши чочуп кетип караса, көзү жылтырап, бала жатат. «Капырай, бешиктеги бала сүйлөдү»,— деп, эси чыккан неме үйдөн чыга качыптыр. Бечел такыр эле баспай койгондуктан, айрым адамдардын «бир корксо басып кетет» деген сөздөрүнөн улам, жаман алачыктарынан анчалык алыс эмес жердеги коктучага көтөрүп барып, таштап коюшат. Бир маалда алышкан айгырларды, элирген кунантайларды, жер чапчып жээликкен бээлерди баланы көздөй айдашат, буту баспай үйдөн чыкпай жаткан балага бул тири укмуштай көрүнөт. Эси чыгып, «апакелеп» чыңырып тура чуркайт. Аңдып турган апасы чуркап келип, Куйручукту жерден көтөрүп ала коюп, апаптап сооротот. Мына ошондон кийин басып кеткен дешет.

Жапар Кенчиев.

  • Туз татуу
  • Манастын жоролору
  • Сура Аль-Филь
  • Кыргыз эл оюндары. Желмогуз кемпир, жигиттер аттангыла, жөө жарышуу
  • Моголстан
  • Бүткүл дүйнөлүк тарыхка эки көз караш
  • Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт
  • Абылай жетим
  • Үй-Бүлө
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. АЙТЧЫ ЖАНЫМ
  • Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 2-бөлүк 1000 макал
  • Үй ээси ким?
  • Орусча-кыргызча сүйлөшмө (Разговорник русско-кыргызский )
  • Кузаматчылык
  • Сура Ат-Талак
  • Бугу балбайдын өлтүрүлгөнү
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
  • Кийим жарашыгы
  • Астыңкы ээрди менен жер шыпырат
  • Кыргыз эл оюндары. Кыл аркан салмай, Кыйык атуу, Мангел менен уруу.
  • Кайраштыруу
  • Жаңы тигилген үйгө жүгүнүү
  • Кыргыз макалдары. Темир – отто, киши – жокто чыңалат.
  • Акылдуу сот
  • Сөөк өчтү
  • «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
  • Толтура аяктолугу менен тийбейт
  • Сура Йусуф
  • Сөгүнүп-сагынуу
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВГЕ
  • «Колдо бар алтындын баркы жок»
  • Шылдыңкөйлүк
  • Багыш. Мендирман (7)
  • «Акыл айтып не кылат»
  • Кыргызстандын жаратылышы
  • Жээн эл болбойт, желке тон болбойт
  • Жем-жебес
  • Бакен Кыдыкеева – улуу актриса
  • «Өңдү көрсө, жүз таят»
  • Дуңган атчандар полку
  • Беш таш
  • ТОКТОГУЛ СИБИРДЕН КЕЛГЕНДЕ ЭШМАМБЕТ ЫРЧЫ МЕНЕН УЧУРАШКАНЫ
  • Кыргыз эл оюндары. Беш тумак, бийиктикке узун камчы аркылуу секирип өтүү, дарактан секирип түшүү
  • Солтобай ырчы
  • Буудайык
  • Топуракты түйүп кетүү
  • Багыш. Мендирман (1)
  • Айкөл Манас. 1-китеп
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. СААДАТ–КАНДИДАТ
  • Улуу адам
  • Атилла жөнүндө чыгармалар
  • Сүрдөнтүү
  • Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби
  • Бакшы
  • Камчысынан
  • Бир АЛЛА
  • Сура Ан-Нахль
  • Аверден
  • Марков чынжыры
  • Бурулча
  • Сибирь кыргыздары
  • Ормон опуза
  • Уйгур кагандыгы
  • Сура Ан-Наср
  • УЛУТТУК КИЙИМДЕР. Кыргыздардын улуттук кийимдери
  • «КЫЯМАТ» РОМАНЫНАН. Моюнкумдагы алаамат
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. МӨЛМӨЛҮМ
  • Айыл конуп калган го
  • Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
  • Конок үйү

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.