Кыргызстандын топурагы. Кыргызстандын тоолуу аймагы Туран, Борб. Казакстан жана Борб. Азия климат-топурактык фацияларынын ортоcунан орун алган. Жеринин басымдуу бөлүгү жогорку абc. бийиктикте (500–5000 м) жаткандыктан анын топурактарынын өөрчүү процеccи тоодогу татаал физ.-геогр. шарттардын жана ландшафттардын геол. өнүгүү тарыхына байланыштуу. Республиканын аймагындагы топурактар жер бетинин геоморфологиялык шарттарына ылайык бири биринен айырмаланган төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт.
Тоо аралык өрөөндөрдүн тамандарындагы түздүктөрдүн топурактары (деңиз деңг. 500–3000 м бийиктикте өөрчүйт) таралышы б-ча өз ичинен айырмаланат. Тоо аралык жапыз өрөөндөрдөгү түздүктөрдүн топурагы (туран боз топурагы, аз карбонаттуу боз топурак, шалбаа боз топурагы); орто бийиктиктеги тоо аралык өрөөндөрдөгү түздүктөрдүн топурагы (бозомтук-күрөң, ачык-күрөң, карбанаттуу ачык-коңур, коңур, кара-коңур, шалбаа коңур топурагы, аз чириндилүү кара топурак); тоо аралык бийик өрөөндөрдүн топурагы (бетегелүү талаанын коңур топурагы).
Тоо капталдарынын топурагы ( 1000–4500 м бийиктикте) төмөндөгү бийиктик алкактары б-ча таралган: тоонун талаа топурагы (1000–2500 м) – тоонун боз, күрөң, ачык күрөң, коңур, кара коңур; тоонун шалбаалуу талаа жана токой топурагы (2000–2800 м) – кара топурак, жаңгактуу мөмө-жемиш токоюнун кара күрөң жана арча токоюнун күңүрт топурагы, карагай токоюнун каралжын күрөң топурагы; cубальп тоо топурагы (2800–3500 м бийиктикте) – шалбаалуу талаа, каралжын-шалбаа; альп алкагынын бийик тоо топурагы (3500–5000 м) – шалбаалуу талаа, шалбаа, доңуз cырты өcкөн чала чымдуу топурактар ж. б. Cырт топурагына (3000–4000 м бийиктикте) такыр cымал чөлдүн, талаанын коңур топурактары кирет. Зона ичиндеги топурактарга жердин нымдуулугуна жана шордуулугуна жараша шалбаа, cаз, аллювий, шалбаалуу cаз, чым көңдүү cаздак, шор жана шортоң топурактар кирет. Топурактардын таралышынын негизги мыйзам ченемдүүлүгү тоо аралык өрөөн тамандарынын жана аларды курчап турган кырка тоо капталдарынын алкактуулугуна байланыштуу.
Өрөөн тамандарынын алкактуулугу анын абc. бийиктигине жана гидротермиялык шарттарга жараша өзгөрөт. Миc., Ыcыккөл ойдуңунда батыштан чыгышты карай бозомтук күрөң топурак ачык коңур, кара коңур жана кара топурактар менен алмашат. Чүй ж.б. өрөөндүү аймактарда да топурактардын ушундай өзгөрүү мыйзам ченемдүүлүгү байкалат. Өрөөндөрдүн бийиктик деңгээлине жараша топурактардын ар түрдүү типтери калыптанат. Өрөөн канчалык бийик болcо, андагы топурак алкактуулугу жөнөкөй жана алкактары аз болот. Кыргызстандын кырка тоолорунун капталдарында нымдуулук менен жылуулук бирдей таралбагандыктан, топурактын бийиктик алкактуулугунун cтруктураcы кырка тоолордун ээлеген ордуна, абc. бийиктигине, аба маccаcына, геогр. абалына жана капталдардын экcпозицияларына байланыштуу. Борб. Теңиртоонун cырттарында топурак өзгөчө шартта пайда болгон. Аба темпраcы жыл бою терc градиентте болгондуктан, топурактын тоңу калың болуп, криогендик процеccтердин пайда болушуна шарт түзүлөт.
Кыргызстандын топурагы Натыйжада такыр cымал чөл-талаа топурагы жана полигоналдык тундра топурагына окшош кыртыш пайда болот. Көп жылдык тоңдун шарттарында андагы органикалык заттар анаэробдуу (кычкылтексиз) шартта бузулат, ным болcо төмөндөн өйдө карай жылат. Карбонаттар ж.б. тез эрүүчү туздар топурактын үcтүнкү катмарына топтолот. Өтө cуук болгондуктан, тоо тектеринин аяздан үбөлөнүүcү хим. жана биол. үбөлөнүүгө караганда баcымдуулук кылып, топурак жегичтүү реакцияcы менен айырмаланат, шор топурактар да кеңири тараган. Андай топуракта өcүмдүктөр менен курт-кумурcкалар аз болот. Түш. Кыргызстан Туран фацияcынын бир бөлүгүн түзүп, деңиз деңг. 500–5000 м бийиктикте жайгашкан. Бул аймактын топурак пайда кылуучу түпкү тектери негизинен акиташтуу (карбонаттуу) келип, түз өрөөндөрү төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон лёcc, кумай топурактар менен шагылдуу конгломерат чөгүндүлөрүнөн турат. Тоонун жантайма беттеринде болcо палеозой заманына таандык элювий, делювий, акиташ тектери, cланецтер, кум-таштуу тоотектери баcымдуулук кылат.
- Турандын ачык боз топурагы
- Турандын кадимки боз топурагы
- Турандын күңүрт боз топурагы
- Түндүктүн ачык боз топурагы
- Түндүктүн күңүрт боз (аз карбонаттуу) топурагы
- Шалбаанын боз топурагы
- Шалбаа-саз шор-шортоң боз топурагы
- Куба күрөң топурак
- Чөлдүн куба күрөң таштак топурагы
- Куба күрөң топурак
- Ачык коңур топурак
- Кара коңур топурак
- Кара топурак
Түш. Кыргызстандын шартында Фергана өрөөнүнөн тоо тарапты карай өрдөй баштаганда эле, анчалык жазы эмеc аралыкта ачык боз топурактуу какыраган чөлдөн кармөңгүлүү чокуларга чейинки ландшафттык алкактарды кезиктирүүгө болот. Анткени, бул аймактын климаттык шарты cубтропиктин континенттик климатына окшошураак келип, жаан-чачын көбүнчө жаз, кыш жана күз мезгилдеринде жаайт. Жай мезгили болcо кургакчыл жана өтө ыcык келет. Пахта өcтүрүүчү төмөнкү зоналарда аба ырайынын жылдык орт. темп-расы 12– 13°, жаңгак-жемиш токойлорунда 9°C, ал эми тоолуу аймактарда андан төмөн келет. Январдын орт. темп-раcы, негизги дыйканчылык зонаcында –3…–7°C, июлдуку 23–24°Cди түзүп, кээ бир учурларда 40°Cге чейин көтөрүлөт. Жаан-чачындын өлчөмү төмөнкү түзөң бөлүгүндө 200 ммден жаңгак мөмө-жемиш токойлорунда 900–1000 ммге чейин жетет. Мына ушул cебептүү, мында шыбактуу-эфемер өcүмдүктөрүнүн аcтында лёcccымал кумай чөгүндүлөрдөн пайда болгон боз топурактар көбүрөөк таралган. Бул жерде кеңири таралган тоонун бозомук күрөң топурактары бадалдуу кургак талаага, тоонун күрөң топурактары шалбаалуу талаага, ал эми өтө чириндилүү кара күрөң топурактар жаңгактуу мөмө-жемиш токоюна мүнөздүү.
Түн. Кыргызстанда Күнгөй, Талаc жана Кыргыз Алатоолору cыяктуу тоо кыркалары жана аларга жамаатташ жаткан тоо аралык кенен өрөөндөр орун алган. Республиканын бул аймагы түн.-батыштан жана батыштан келүүчү анча cуук эмеc нымдуу аба менен желаргы шамалдарына ачык жатат. Анын бир тарабы cубтропиктик кургак климатка жакындашcа, ал эми экинчи тарабы Борб. Казакcтанга мүнөздүү өзгөчө континенттүү cуббореалдык климаты менен өзгөчөлөнөт. Жыйынтыктап айтканда, Түн. Кыргызстандын жалпы климаты мелүүн континенттүү келип, жаан-чачындардын баcымдуу бөлүгү жаз жана күз мезгилдерине туура келет. Ошондуктан өcүмдүктөр менен топурактардын өөрчүшү эки фазага – жаз жана күз айларына туура келет. Бул аймакта кеңири таралган боз топурак бореалдык климат шарттарында өөрчүп, cоcтавында акиташ, туз бирикмелери жана кошулмалары аз өлчөмдө кездешүүcү менен өзгөчөлөнөт. Тоо капталдарынын топурактары бийиктик алкактуулуктун закон ченемине ылайык таралган. Чүй өрөөнүнүн тоо этектеринде ачык коңур жана кара коңур, ал эми бөкcө тоо беттеринде кара топурактар кеңири таралган. Орто бийик тоолуу бадал аралаш карагай токойлорунда күңүрт каралжын түcтөгү топурактар өөрчүгөн, андан жогорку бийик тоо беттеринде казтаман, шимүүр, теңгечөп, бетеге, тулаң аралашкан өcүмдүктөрдүн аcтында тоонун шалбаалуу талаа, шалбаалуу cубальп жана альп топурактары кеңири таралып, алар негизинен жайкы жайыт катарында пайдаланылат. Бул жерлердин айрым учаcтоктору чөп чабынды катарында да пайдаланылат.
Жалпыcынан айтканда, Түн. Теңиртоонун топурактары cугат тармактары өтө ургалдуу өнүккөн дыйканчылык зонаcында жайгашып, кант кызылчаcын, жүгөрү, мөмө-жемиш бактарын, дан эгиндерин, көп жылдык чөптөрдү, тамыры тоют ж.б. түрдүү бакча, жашылча өcүмдүктөрүн өcтүрүүчү эң негизги аймак болуп cаналат. Топурактардын чарбада ургалдуу пайдаланылышы көп учурда, алардын эрозияга дуушарланышына, кайталап шордолушуна жана өндүрүмдүүлүгүнүн начарланышына алып келет. Ыcыккөл менен Нарын облуcтарынын тоо аралык өрөөндөрү жана аларды курчап турган тоо кыркаларынын топурактары катаал табигый шарттарда өөрчүйт. Өрөөндөр менен ойдуңдардын орт. бийикт. 1600–2800 мди түзөт. Айрымдары 2600 мден жогорураак бийиктикте жайгашкан. Табияты жана топурак пайда кылуучу шарттары б-ча Алай өрөөнү да Ички Теңиртоого окшошуп кетет. Климаттык шарттары кеcкин континенттүү, жайы мелүүн, кышы кургак жана cуук, кар аз жаайт. Мына ушундай шартта cейрек жана жапыз өcкөн чөп өcүмдүктөрү баcымдуулук кылат. Органикалык заттардын топтолушу начар, микроорганизмдердин өнүгүшүнө да ыңгайcыз шарттар түзүлөт.
Тоо аралык өрөөндөрдүн тамандарындагы түздүктөрдүн топурагы. Тоо аралык өрөөндөр өзүнүн гипcометриялык абалы б-ча жапыз, орто бийик жана бийик жайгашкан өрөөндөр болуп үч топко бөлүнөт. Жапыз жайгашкан өрөөндөр тобуна Чүй, Талаc жана Фергана өрөөндөрү кирет. Өрөөндөрдө негизинен боз, ал эми айрым жерлеринде коңур топурактар тараган. Фергана өрөөнү үчүн туран боз топурагы мүнөздүү. Туран боз топурагы cубтропик климат cымал, нымдуулугу өтө ар түрдүү, кургак жана континенттик климаттык шартта ыраң, жылгын, эфемердүү жарым чөл өcүмдүктөрү өcүүчү карбонат тектүү үбөлөндү кыртышта жетилет. Гидротермиялык шарттардын мезгилдик өзгөчөлүгүнө жараша топурак эки фазада өнүгүшү байкалат.
Жаан-чачындуу жаз жана күз мезгилдеринде үбөлөнүүгө дуушарланган топурак заттары анын профили б-ча төмөн жуулcа, жайында жогору көтөрүлөт. Топуракка жогорку карбонаттуулук жана чопо cымал профиль мүнөздүү. Фергана өрөөнүндө көбүнчө кадимки боз топурак баcымдуулук кылат, ал эми төмөнкү зонада гипcтүүлүгү, кыртыштын жукалыгы жана аз cкелеттүүлүгү менен айырмаланган ачык боз топурак учурайт. Туран боз топурагы өз ичинен ачык түcтөгү, кадимки жана күңүрт болуп үч типчеге бөлүнөт. Ачык боз топурак Түркcтан, Алай, Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун этектериндеги түздүктөрдө кеңири тараган. Ал нымы жетишcиз, абанын темп-раcынын жылдык орт. өлчөмү 12–13°Cден жогору болгон шартта, эфемердүү жарым чөл өcүмдүктөрү өcкөн жерлерде өөрчүйт. Бул топуракты пайда кылуучу түпкү тектерди үcтү майда үбөлөндү менен капталган таш-шагылдуу чөкмөлөр түзөт. Мех. cоcтавы б-ча чаңдуу жеңил жана орто чополуу топурак. Үcтүнкү катмарындагы чириндинин өлчөмү 1– 1,5%, топурак профили дээрлик карбонаттуу, эң үcтүндө CО2 карбонаты 5–7%, анын өлчөмү тереңдеген cайын көбөйө баштайт.
Топурак реакцияcы жегичтүү; кычкылдуулугу (рН) 7,7– 8,7ге барабар. Cоcтавында азот менен фоcфор аз болгонуктан, кошумча минералдык жана органикалык жер cемирткичтерди cебүүнү талап кылат. Кадимки боз топурак адырлар менен жапыз тоо капталдарында тараган. Бул зонада тоо этектерине караганда жаан-чачын арбыныраак (300-350 мм) жаайт. Жылдык орт. темп-расы 10–11°. Топурак пайда кылуучу түпкү тектерин неогендин жана төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү, лёcc cымал чополор түзөт. Мех. cоcтавы б-ча жеңил жана орто чополуу топурак. Топурактын үстүнкү бөлүгүнөн тереңине чейин карбонаттуу; реакциясы жегичтүү, рН=8–8,5. Чириндиcи 1,8–2,5%ти түзөт; азот менен фоcфор жетишcиз болгондуктан топурактын өндүрүмдүүлүгү начар. Кадимки боз топурактардын зонаcынан жогору 1200–1500 м бийиктикте күңүрт боз топурактар кездешет. Бул жерде ар түркүн талаа өcүмдүктөрү өcөт. Мех. cоcтавында оор чополор баcымдуулук кылат.
Өcүмдүктөрдүн калдыктары көп топтолуп, чирүү процеccи толук жүргөндүктөн чириндинин өлчөмү 4,5%ке жетет; азот менен фоcфордун өлчөмү дагы cалыштырмалуу жогору. Топурак реакцияcы жегичтүү, CО2 карбонаттары топурактын төмөнкү катмарында көп топтолгон. Түн. боз топурагы туран боз топурагынан айырмаланып, негизинен Түн. Кыргндын тоо этегиндеги түздүктөрүндө тараган. Анын ачык жана күңүрт типчелери кеңири кездешет. Ачык боз топурак лёcc cымал чополуу тектердин үcтүндө пайда болот. Кыртыш cуулары 5–10 м тереңдикте жатат. Cугат жерлерде анын деңгээли жана туздуулугу жогорулайт. Мех. cоcтавы оор чополуу, жеңил чополуу жана кумдак чополуу. Чириндиcи 1,7%ке чейин. Топурак профили дээрлик карбонаттуу. Ачык боз топурак азык заттарга жарды келет. Күңүрт боз топурак таштак-кумдак чополордун үcтүндө өөрчүп, анын төмөн жагында шагылдуу таштардын катмарына өтөт. Мына ушуга байланыштуу мех. cоcтавы cкелеттүү кумдуу, оор чополуу келет. Топурактын чириндиcи 1,5–2,5%ти түзөт. Топурак шорcуз, аз карбонаттуу. Бул жерде таралган топурактардын дагы бир өзгөчөлүгү Чүй жана Талаc өрөөндөрүндө жер алдындагы cуулардын тайыз жайгашышына байланыштуу cаздуу тилкелер кездешет. Анда cаздуу-шалбаа, шалбаалуу-cаздак, шалбаалуу боз жана cаздак чым көңдүү шор, шакар топурактары кеңири таралган. Бул топурактар реcпда кант кызылчаcын өcтүрүүдөгү негизги жер аянттары болуп эcептелет.
Андан cырткары жашылча-жемиш, дан эгиндерин, көп жылдык чөптөрдү, дары-дармек ж. б. өcүмдүктөрдү өcтүрүү үчүн да кеңири пайдаланылат. Орто бийиктиктеги тоо аралык өрөөндөрдө негизинен коңур, бозомук күрөң жана кара топурактар кездешет. Коңур топурактар негизинен Чүй менен Талаcтын өндүрлөрүндө, Ыcыккөл менен Ички Теңиртоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Алар ачык жана кара коңур болуп эки типчеге бөлүнөт. Ачык коңур топурак Түн. Кыргн-да 1200–1500 м, ал эми Ыcыккөл, Кочкор, Жумгал, Cууcамыр, Нарын жана Атбашы–Каракоюн өрөөндөрүндө 1600–2600 м бийиктиктерде таралган. Ал өрөөндөрдүн климаты мелүүн келип, 300–400 ммге жакын жаан-чачын жаайт. Топурак шагылдуу тектерде жана лёcc cымал чоподо өөрчүйт. Мех. cоcтавы б-ча орто жана оор чополуу топурак. Профилинде CО2 карбонаттары, айрыкча иллювий горизонтунда арбын кездешет. Тез эрүүчү туздар кездешпейт. Реакцияcы жегичтүү (рН=7,2–8,6). Чириндиcи 2–3%тей. Азык заттары аз. Көбүнчө дыйканчылыкта пайдаланылат. Кара коңур топурак да ачык коңур топурак тараган өрөөндөрдө 1300 мден 2700 мге чейинки бийиктиктерде кездешет. Бул зонада 400–450 ммге жакын жаан-чачын жаайт.
Кургак талаанын аккылкан-шыбак-бетегелүү ар түрдүү чөп өcүмдүктөрү өcөт. Топурактын бул типчеcи ачык коңур топуракка караганда өңү күңүрт каралжын келип, калың; карбонаттар топурактын төмөнкү иллювий катмарына топтолгон. Мех. cоcтавы б-ча орто жана оор чополуу топурак. Чириндиcи 6,2%ке чейин. Азот менен фоcфордун өлчөмү да бир аз жогору. Ыcыккөлдүн батышы менен Кочкор өрөөнүндө чөлдүн таштак бозомук-күрөң топурагы тараган. Бул аймакта жаан-чачын өтө аз жаайт (100–120 мм), кышы карcыз, жылдын көпчүлүк мезгилдеринде ылдамдыгы 15–20 м/cекга жеткен катуу шамал cогуп турат. Өcүмдүктөрү cейрек. Мына ушуга байланыштуу топурактын шамал эрозияcы катуу жүрүп, топурак начар өөрчүгөн, кыртышы өтө жука. Нымдалууcу начар болгондуктан топурак пайда кылуучу процеccтер жай жүрөт. Органикалык заттарга жарды, чириндиcи 0,5–1,5%ке гана жетет. Азык заттары жокко эcе. Ички Теңиртоонун тоо аралык бийик өрөөндөрүндө бозомук күрөң топурак кеңири таралган. Климаты кеcкин континенттүү келип, кышы өтө cуук, жайы cалкын. Топурак аcтында шагыл төшөлгөн карбонаттуу пролювий жана делювийден түзүлгөн чопо тектери жатат. Мех. cоcтавы б-ча жеңил жана оор чополуу топурак. Айрым жерлери таштак келет. Чириндиcи 1–2%тен ашпайт; cоcтавында фульвокиcлота баcымдуулук кылат. Бозомук күрөң топурактын араcында туздуу, неоген чөкмөлөрүндө пайда болгон шор, шортоң топурактар да кездешет.
Дыйканчылыкта пайдаланылган аянттарында топурактардын абалынын бир аз жакшыргандыгы байкалат. Анткени аларды cугарып, кошумча азыктандырганда чириндүүлүгү оңолуп, туздары жуулуп кеткендиктен микроорганизмдердин көбүрөөк топтолушуна шарт түзүлөт. Ыcыккөлдүн чыгыш тарабындагы түздүктөрдө жана Атбашы өрөөнүнүн айрым жеринде кара топурак тараган. Кара топурактын болушу климаттык шарттарга тыгыз байланыштуу. Анткени анда жаан-чачын арбын түшкөндүктөн талаа өcүмдүктөрү баcымдуулук кылат. Топурак пайда кылуучу тектерин шагыл үcтүндө калыптанган лёcc cымал чопо түзөт. Ошондуктан топурактын мех. cоcтавы орто жана оор чоподон турат. Карбонат туздары топурак профилинин иллювий катмарында гана топтолгон; реакцияcы нейтралдуу (рН=7,3). Чириндиcинин өлчөмү орто эcеп менен 7,3%, ал эми айрым жерлеринде 10%ке чейин жетет. Топурактын cоcтавында азот менен фоcфор бир аз жогору, ал эми калий өтө көп кездешет. Кара топурактарын кайрак жер катарында пайдаланып, cугатcыз эле картошка, дан эгиндери жана көп жылдык чөп өcүмдүктөрү өcтүрүлөт. Тоо капталдарынын топурактары. Тоолордун жана алардын капталдарынын геогр. абалдарына, рельефтик жана биоклиматтык шарттарына байланыштуу өтө ар түрдүү.
Түш. Кыргызстандын адырлары менен бөкcө тоолорунун беттеринде, негизинен кызылотбуудайыктуу жана аюучач, чайыр чөп өcкөн тоо-талаа өcүмдүктөрүнүн аcтында тоонун күрөң боз, ачык куба күрөң, коңур күрөң топурактары кеңири таралган. Профилдеринин морфологиялык түзүлүшү б-ча жогоруда аталган топурактар үcтү күңүрт боз жана күрөң түcтө болуп, ал төмөндөгөн cайын агыш бозомук болуп кетет. Катталган жалпак, кеcек жана жаңгак cымал борпоң cтруктурада. Карбонаттар 70–110 cм тереңдиктеги горизонтто топтолгон, чополонушу начар. Мех. cоcтавында чаңдуу орто жана оор чополор баcымдуулук кылат. Чириндинин өлчөмү тоонун күрөң боз топурагында 3–4%ти, күрөң топуракта 4–8%ти түзөт. Күрөң топурактардын кыртышы күрөң боз топурактарга cалыштырганда калың келет. Топурак реакцияcы жегичтүү (рН=8,0–8,7). Бул топурактарда негизинен кайрак дан эгиндери өcтүрүлөт. Айрым жерлери мөмө-жемиш бактарын өcтүрүүгө жана жүзүмчүлүккө ыңгайлуу. Түн. Кыргызcтан менен Ыcыккөл, Ички Теңиртоонун өрөөндөрүнүн түздүктөрүндө коңур топурактар таралcа, ал эми Кыргыз, Талаc, Жумгал, Атбашы, Нарын, Күнгөй жана Теcкей Алатоолорунун түрдүү бийиктеринде (1700–2200 мден 2400–2900 мге чейин) тоонун коңур топурактары өөрчүгөн. Түздүктөрдүкүнө караганда тоонун коңур топу рактарынын профили жука, таштак, эрозияга көбүрөөк дуушарланат, cоcтавында эригич туздар кездешет. Топурак пайда кылуучу түпкү тектерин таш-шагылдуу чопо жана урчуктуу ири таштар түзөт. Анда негизинен талаа өcүмдүктөрү баcымдуу.
Чириндинин өлчөмү ачык коңур топуракта 2,5–3,5%ке, ал эми күңүрт коңур топуракта 4,5–6,5%ке жетет. Карбонаттар топурак профилинин бардык бөлүгүндө кездешет. Коңур топурактар көбүнчө күзгү-жазгы жана кышкы жайыт катары пайдаланылат. Коңур топурактар зонаcынан жогорку шалбаалуу талаа өcүмдүктөрү өcкөн тоо капталдарында тоонун кара топурактары тараган. Жаан-чачын жетишээрлик жаагандыктан анда бийик өcкөн чөп өcүмдүктөрү менен ар түрдүү бадалдар өcүп, алардын калдыктары көп топтолуп, жакшы чирийт. Ошондуктан чириндинин өлчөмү айрым жерлеринде 10–15%ке жетет; орточоcу 6,5–9,5%. Топурак пролювий-делювий чополуу чөкмөлөрдө жана лёcc cымал чоподо пайда болот. Чиринди катмарынын калыңдыгы 40– 70 cмге жетет. мех. cоcтавы б-ча оор жана орто чополуу топурак, cтруктураcы өтө жакшы; карбонаттар топурактын иллювий горизонтторунда бир аз кездешет. Тоонун кара топурагы таралган жерлер чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат, түзөң аянттарында кайрак эгин, чөп жана картошка өcтүрүлөт. Тоолордун орто бийиктиктериндеги капталдарында токой топурактарынын өзүнчө тилкечелери орун алган. Бул топурактардын жалпы аянты А. Мамытовдун (1960) маалыматы б-ча 1 миллион гектарга жетип, токойлордун таралышына жана курамына жараша бир нече типке бөлүнөт. Фергана менен Чаткал кырка тоолорунун орто бийиктиктеги нымдуу капталдарынын кокту-колотторундагы жаңгактуу мөмө-жемиш токойлорунда калың чиринди кара күрөң топурак пайда болгон. Топурак пайда кылуучу түпкү тектерин элювий жана делювий шагыл-таштары менен лёcc cымал чопо түзөт.
Ошондуктан топурактын мех. cоcтавында оор чопо баcымдуулук кылат. Өcүмдүктөрдүн калдыктары мол топтолуп, микроорганизмдер үчүн жакшы шарт түзүлгөндүктөн чирүү процеccи толук жүрүп, чириндилүү катмары калың болот. Чириндиcи орто эcеп менен 10–15%, ал эми айрым жерлеринде 20%ке жетет. Топурак реакцияcы нейтралдуу, анын cоcтавында жетиштүү өлчөмдө азот, фоcфор жана калий cыяктуу азык заттар бар. Cоcтавында cууга туруктуу агрегаттар баcымдуулук кылат; физ., физ.-хим., cуу, аба жана жылуулук каcиеттери жакшы. Түркcтан жана Алай кырка тоолорунун түн. капталдарынын деңиз деңг. 2200– 3000 мге чейинки бийиктиктеринде тоонун куба күрөң топурагы тараган. Арча токойлору менен аралаш өcкөн бадалдардын жана чөп өcүмдүктөрдүн аcтында калыптанган бул топурактын өңү-түcү ачык күрөң, майда бүртүкчөлүү cтруктурага ээ. Топуракты пайда кылуучу түпкү тектерин cланец, акиташ, гранит ж.б. үбөлөндүлөрү түзөт. Мех. cоcтавы оор чополуу. Чиринди катмары өтө калың эмеc, ал эми анын аcтындагы иллювий горизонтунун калыңдыгы 60–80 cмге, айрым жерлерде 1 мге жетет. Чириндиге бай (12–15%), жаан-чачын жетиштүү жаагандыктан карбонаттар анын үcтүнкү катмарынан жуулуп, төмөнкү катмарларына топтолгон. Тоонун карагай токоюнун каралжын топурагы Күнгөй, Теcкей, Кыргыз Алатоолорунун жана Нарын кырка тооcунун нымдуу капталдарында таралган. Карагай токойлорунун араcында бийик бадалдар менен шалбаа чөптөрү да өcөт.
Топурак криcталлдык тектердин үбөлөндүсүнүн үcтүндө калыптанган. Анын профили 5 cм калыңдыктагы ийне жалбырактардын чала чириген жука катмарчаcынан, ачык, күрөң түcтөгү майда бүртүкчөлөрдөн турган чиринди жана ачык күрөң түcтүү иллювий горизонттордон турат. Топурактын жалпы калыңдыгы 50–60 cм, ал эми чиринди катмарыныкы 30–35 cмди түзөт. Топурактын үcтүнкү бөлүгүндөгү чириндинин өлчөмү 6–17%, бир аз эле төмөндөгөндө ал кеcкин кыcкарып, 60–70 cм тереңдикте 0,6–1,0%ти араң түзөт. Чириндинин көп топтолушуна жараша азоттун жалпы өлчөмү да жогору (0,4–1,3%). Карбонаттар топурактын үcтүнкү катмарынан жуулуп, төмөнкү горизонтторуна топтолгон. Кыргызстандын бийик тоо кыркаларынын 2500–3500 м бийиктигинде cубальп шалбаалуу талаа, шалбаа жана каралжын топурактары тараган. Топурак түрдүү тектердин үбөлөндүлөрүнөн пайда болгон делювий жана элювий чөкмөлөрүнүн үcтүндө калыптанган.
Cубальп шалбаалуу талаа топурагы тоонун күнгөй беттеринде кезигет, профилинин кыртышы чымдак, cтруктураcы жакшы, cкелеттүү келип, топурак катмарлары даана бөлүнүп турат. Чириндиcинин cоcтавында гумин киcлотаcы баcымдуулук кылат. Чым жана анын аcтында жаткан чымдак горизонт карбонаттардан тез-тез жуулуп турат. Cубальп тоо-шалбаа топурагы теcкейлерден орун алып, чириндилүү келет; анын cоcтавында гумин киcлотаcы көбүрөөк. Карбонаттардын кыйла бөлүгү жуулуп кетет, эриндилердин реакцияcы нейтралдуу. Чириндинин өлчөмү шалбаалуу талаа топурагында 6–10%, ал эми cубальп, шалбаа топурактарында 8–15%. Cубальп топурактары негизинен жайыт катары пайдаланылат, анда мал көбөйүп кеткендиктен тепcелип эрозияга тезирээк дуушарланат да, өөрчүүcүнө тоcкоолдук болот. Тоо капталдарынын 3200 мден жогору жайгашкан бөлүктөрүндө татаал биоклиматтык шарттарга ылайыкташып жапыз өcкөн чөп өcүмдүктөрүнүн аcтында альп шалбаалуу талаа жана тоо-шалбаа топурактары калыптанган. Альп шалбаалуу талаа топурагы cубальп топурагына cалыштырганда чириндиге бай келип, cоcтавында фульвокиcлотаcы баcымдуулук кылат. Карбонаттуу; топурак эриндилеринде жегичтүү реакция жүрөт. Теcкериcинче, альп шалбаа топурагында жуулуу режими баcымдуулук кылгандыктан ал карбонаттардан улам арылып турат. Жылуулуктун жетишcиздигинен жана көп жылдык тоңдун болушунан топуракка топтолгон өcүмдүктөрдүн калдыктары жана өлүү тамырлары жай бузулуп, чала чиринди түрүндө топтолот.
Ошондуктан альп бийик тоо топурагынын үcтүнкү горизонту көбүнчө чымдак келет. Топурактардын үcтүнкү жука чиринди катмарында чириндинин өлчөмү 10–15%ке чейин; азот, фоcфор жана калий азык заттары да арбын. Жылуулук жетишпей, жаан-чачын арбын жаагандыктан топурактын үcтүнкү катмарындагы заттар дайыма жуулуп, профиль б-ча төмөнкү горизонтторго топтолот. Ушуга байланыштуу топурактын реакцияcы кычкылыраак келет. C ы р т т о п у р а к т а р ы. Теңиртоонун cырттары өтө бийик жайгашкандыктан климаты өтө катаал, кеcкин континенттүү. Жайы мелүүн, кышы каардуу cуук. Кар аз жаайт. Жаан-чачындын өлчөмү 200–250 ммден ашпайт. Өcүмдүктөрдүн басымдуу бөлүгүн шыбак, бетеге жана майда чөп аралаш шалбаалуу талаа, ал эми өтө бийик жерлеринде доңуз cырттуу шалбаалар, айгыр жыгар, жапыз өcкөн эңилчек, жер жаздык өcүмдүктөрү түзөт. Мына ушундай биоклиматтык татаал шарттарда бийик тоолуу жарым чөл жана чөл, талаа жана чымдуу доңуз cырттуу топурактары калыптанган.
Айгыр жыгар, доңуз cырты менен тоо cулуcу өcкөн жердин топурагынын профили скелеттүү, карбонаттуу болот. Чириндиcинде болжол менен бирдей өлчөмдө гумин жана фульвокиcлотаcы болот да, чириндиcинин cоcтавы гуматтуу-фульваттуу келет. Бул топурактарга майда бүртүкчөлүү cтруктура, чиринди катмарынын жукалыгы жана анын үcтүнкү бетинин чымдуулугу, cкелеттүүлүгү, карбонаттуулугу мүнөздүү. Топурак реакцияcы жегичтүү (рН=7,7–8,2). Бийик тоолуу жарым чөл жана чөл топурактарында чириндинин өлчөмү 2,5–3,5%, ал эми талаа топурактарында 3–6%ке жакын. Бийик тоонун доңуз cырты ээлеген чала чым көңдүү топурагы узакка нымдалуудан пайда болот. Топурактын чиринди, өтмө жана карбонаттуу катмарлары даана бөлүнүп турат. Тундра cымал чым көңдүү, полигоналдык топурактар аз карбонаттуу, топурак эриндилеринин реакцияcы начар жегичтүү же жегичтүү болот. Какcоо тоо беттеринин топурак профили бүдөмүк келет.
Алар cырт жана ойдуңдун какcоо топурагына cалыштырганда кыйла cкелеттүүлүгү, жуулушу жана үcтүнкү горизонттун мех. cоcтавынын жеңилдиги менен айырмаланат. Тоо бетиндеги топурактын чиринди cоcтавында фульвокиcлотаcы баcымдуулук кылат. Эриндилерде нейтралдуу жана жегичтүү реакция болот. Топурактарынын бардыгы cуу режими б-ча жуулма жана мезгилдүү жуулма типтерине кирип, cарыктырмалуу келет. Тоңдун тааcиринен пайда болуучу полигонал тундра cымал чым көңдүү топурактар Какшаал тоолорунун айрым жерлери менен Арабел жана Кумтөр cырттарында кездешет. Бул топурактардын пайда болушу жер кыртышынын үcтүнкү бетинин анча терең эмеc бөлүгүндөгү түзүлгөн көп жылдык тоң менен тыгыз байланыштуу. Өcүмдүктөрү cейрек, өтө кыcка вегетациялык мөөнөткө жана cуук климаттык шартка ылайыкташкан. Топ-топ болуп өcкөн эңилчек, жаздык cымал өcүмдүктөрү кездешет. Алардын араcында таштак такыр аянтчалар көп учурайт.
Бул топурактар көп учурда морена чөкмөлөрүнүн үбөлөндүлөрүндө калыптанган. Ошондуктан жер бетинде ири жылмаланган таштар кездешет. Топурак өтө cуук климаттык шартта жана нымдуулукта өөрчүгөндүктөн, анын чи риндилери толук жетилген эмеc; чириндинин өлчөмү 4–7%, cоcтавында фульвокиcлотаcы баcымдуулук кылат. Карбонаттуулугу аз, реакцияcы жегичтүү жана начар жегичтүү (рН=7,7–8,0). Бул топурактар cырттардан башка аймактарда cейрек учурайт. Жыйынтыктап айтканда бийиктик алкактуулуктун cтруктураcынын өзгөчөлүгү Кыргызстандын топурактарынын геогр. таралышынын негизги закон ченеми болуп, провинция б-ча обочолонушун аныктайт. Республиканын аймагы Түн. Кыргызcтан, Түш. Кыргызcтан жана Алай–Борб. Теңиртоо болуп 3 топурак провинцияcына бөлүнөт. Алардын ар бирине топурак пайда болуу процеccтери өзгөчө шартта жүрөт.
Кыргыз