Абий — эпизоддук кейипкер. Манастан жеңилген Шоорук кан өзүнө караган кыпчактардын ичинде А-дин бар экенин эскерет (Курама варианты, 1. 165).АБРАМЗОН Саул Матвеевич (1905, Орлов губерниясы, Димбровск шаары — 1977, Ленинград) — кыргыз этнографиясына негиз салуучулардан, тарых илимдеринин доктору (1968), Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1926). 1926-жылдан Кыргыз АОнын музейинин башчысы. А. 1928-ж. Кыргыз АССР ЭКСтин алдындагы Край таануу боюнча алгачкы илим-изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан. 1931-жылга чейин Кыргызстан маданий курулуш институтунун директору. А-дун эмгектеринде негизинен кыргыз элинин этнографиясынын көптөгөн маселелери изилденген.
Анын кыргыз этнографиясын чогултуу жана изилдөө иштери менен катар «Манас» эпосу тууралуу изилдөөлөрү да өтө баалуу. «Баатырдык «Манас» эпосу кыргыз маданиятынын эстелиги», «Кыргыздын «Манас эпосундагы этнографиялык сюжеттер», «Кыргыздын баатырдык «Манас» эпосу — этнографиялык булак», «Кыргыздардын аскердик уюштурулушуна жана техникасына мүнөздөмө», «Кыргыздардын уул асырап алуу салты» жана башкалар илимий макалаларында А. советтик этнографтардан биринчи болуп «Манас » эпосун этнографиялык жагдайда изилдөө проблемасына жол ачкан. Ал кыргыздардын көп кырдуутурмуш-тиричилигиндеги, салт-санаасындагы унут Оолуп кеткен көптөгөн этнографиялык кызык окуялардын, фактылардын «Манас эпосунда чагылышы эпостун этнографиялык булак катары теңдешсиз материал берерин жана аларды изилдөө кыргыз маданиятынын тарыхын, анын ар түрдүү этабын ретроспективдүү түрдө эң байыркы элементтерин ачууга мүмкүндүк берет деп белгилеген. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
- МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ. УЛУУ МАРШ
- ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ЖЕР ТИТИРӨӨ
- Жетелешүү
- Тукумду жакшыртуу
- Манас тайбуурулду мингендекайра уруш башташы 3-бөлүк
- АКБАР РЫСКУЛОВ. ЭЛЧИ ЖҮРДҮМ
- Күмбөз
- «Бокторүп кетүү».
- ӨТКҮН АЙТЫМЫ
- Балдар баарын билет
- Турганбай Садыков
- ЫСЫККӨЛ ЖЕРГЕБИЗДИН БЕРМЕТИ
- Бөрү баласы ит болбойт
- Түшүнүк кат
- Социум, политийя жана этнос
- МИДИН АЛЫБАЕВ. НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВГО
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ГҮЛДӨП АЛ
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. БАЛДАРГА НАСЫЯТ
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. САМАП КАЛДЫК
- «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
- Битекарын
- Мукамбеттин өмүрүнүн урунттуу учурлары
- Шорпо
- Өзгөн-арык
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. СҮЙЛӨШҮҮ
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. СОҢКУ СӨЗ
- «Кезек-кез куран окутуп жүрөлү»
- «Элиңди таап ал».
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. АЛКОО
- Акылдуу сот
- Кыргыз эл оюндары. Казык жыкмай, каз өрдөк, калдым.
- Жандай салып бастырса, жакшы атка жол жокпу
- В.В.Бартольд жана кыргыздар жөнүндө маалымат
- ЖАШТАРГА
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЫСЫК-КӨЛДӨ ТӨРТ МЕЗГИЛ
- Эл ичи – элек
- Топурак буюруу
- Уяңдык
- Беттен алуу
- Калпа
- КАЛЫГУЛДУН НАСЫЯТ, САНАТ ЫРЛАРЫ
- МАНАСТЫН ТӨРӨЛҮШҮ
- Алкыш сага
- Инди океаны
- Кыргыз Тянь Шанга азыркы турган жерине качан келген?
- Мен жаш тилек
- Сарбагыш тынай уругунун оруска караганы
- Айкөл Манас. 4-китеп
- Дос жана тааныш
- Балатоктобой жүрсө
- Таң каракчысы
- Кутмандуу Кыргыз Атадан собол
- Жайытты бир күндө түгөтпөйлү
- СТУДЕНТТИК КҮНДӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
- Устав
- «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КОШ, АПАКЕ (Айдалып бара жаткандагы энесине ырдаганы)
- Көкчөнүн өлүшү 3-бөлүк
- АК БАТАЛАР. УМАЙ ЭНЕНИН БАТАСЫ
- Чочутуу
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АЛА-ТОО КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ, ЭЛ БОЛБОСО
- «Төө кыядан өткен соң, оо, дегени курусун»
- Кыргыз тилин үйрөнөбүз. Изучаем кыргызский язык
- Ж. Боконбаев – Лермонтовдон
- Кыз-жигит
- Сулуу көрүп
- КОМУЗ КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН? (уламыш)
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАЙДА УКТАШАТ? (бешик ыры)
- КҮН КҮРКҮРӨГӨНДӨ АЙТЫМ
- МИДИН АЛЫБАЕВ. “АК ЧҮЧ!…”
Кыргыз