КҮН КҮРКҮРӨГӨНДӨ АЙТЫМ

Күркүрө, күнүм, күркүрө, Тоголоном көркүңө. Күркүрөгөн күчүңө, Жер айрылып чөп чыксын. Чабалышпай ыкшысын, Чалгысы тийип балдарга, Чамынышып иш кылсын, Таш үстүнө чөп чыксын, Тамшанып журт кеп кылсын.
Күркүрө, күнүм, күркүрө, Тоголоном көркүңө. Күркүрөгөн күчүңө, Желин айрылып сүт чыксын. Ай көрдүм, аман көрдүм, Айдын мунарынан, Жердин кучагынан, жегилик дан, Булак болуп көп чыксын, Керилип жүргөн келиндер, Саай албай ыкшысын, Бышыралбай баашысын. Кырмычыгы көп болсун, Кыздар кырып жеп койсун. Күркүрө, күнүм, күркүрө, Тоголоном көркүңө. Күркүрөгөн күчүңө, Арпа, буудай чайпалсын, Айылым көрсүн пайдасын. Жүгөрү конок чайласын, Журтум көрсүн пайдасын. Тарув-конок чайласын, Тең көрөлү пайдасын. Коондор койдой жайнасын, Балдар көрсүн пайдасын. Дарбыздар таштай жайнасын, Тең көрөлү пайдасын.

Күркүрө, күнүм, күркүрө, Тоголоном көркүңө. Күркүрөгөн күчүңө, Жер айрылып чөп чыксын, Желин айрылып сүт чыксын.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.