Куфе деген шаарда бир сараң жашаган экен. Күндөрдүн биринде ал Басра деген шаарда дүйнөнүн эң сараң кишиси жашаганын угуп, тезинен ага барып, сарандыктын жаңы жолдорун үйрөнүүнун амалын ойлойт. Жолго чыгып, Басра шаарына барат да, атактуу сараңга барып, андан сараң болуунун чеберчилигин, жолдорун сурайт. Басралык сараң куфелик саранды жан дили менен тосуп алат: Жүр, сен экөөбүз базардан тамак-аш сатып алалы, дейт. Наабайчыга барып: “Ысык наның барбы?” дешет. Албетте, улуу урматтуу мырзалар. Наным ысык эле эмес, сары майдай таттуу, даамдуу, дейт. Анда басралык сараң куфеликке: Көрдүңбү наабайчы нанын сары май менен салыштырды. Демек нанга караганда сары май жакшы. Жүр, сары май сатып алалы деп, башка дүкөнгө киришет. Ал жерден: Жакшы сары май барбы? -деп сурашат. Болбогондочу, мырзам, зейтин майындай көздүн жоосун алган, даамдуу май бар. Анда басралысараң куфелик сараңга: Көрдүңбү, досум! Зейтин майы, сары майдан да даамдуу болгону үчүн дүкөнчү сары майды зейтин майына теңештирди. Андай болсо, кел, биз да зейтин майын алалы, деп, зейтин майы саткан дүкөнгө барышат. Жакшы зейтин майың барбы? Болбой койчу беле. Болгондо да мыктысы бар. Суудай тунук. Басралык сараң дароо жолдошуна бурулуп: Көрдүңбү. Демек эң баалуу нерсе суу. Үйүмдө суудан көп нерсе жок. Жүр, сени сыйлайын, деп үйүнө кайтышат. Коногунун астына бир табак суу коюп, суу зейтин майынан, зейтин майы сары майдан, сары май болсо, нандан барктуу болгонун айтып, коногун суу менен сыйлаган экен. Жалаң суу ичкен куфелик сараң үйрөнгөндөрүнө абдан кубанып, досуна ыраазычылыгын билдирип, үйүнө жөнөп кеткен экен.
Кыргыз