Көмүскө кеткен пенде элем, Көргөздү кыргыз элимди. Көгөрүп турган көк жайлоо, Көңүлүм сага берилди. Амандашып көрүштүм Көөнүмдө-турган кебимди, Туурумдун башынан Туйгунум боосу бошонду. Эшендер кылган жаңжалдан, Туткун болуп кармалып, Түрмөдө жаттым ошондо, Калайлуу туур башынан Карчыга боосу бошонду,
Калпалар калбаа кылганда,
Кара жол Сибирь айдалып, Караңгы тамдын түбүндө
Камакта болгом ошондо.
Каткырып ырдап тартынбай, Калкымда жүрдүм биерде. Кабыргам тилип туз салып, Карыш эркин баса албай, Кайгыда жаттым тиерде. Акыры, бактым бар экен, Ага-тууган калган эл, Кайрылып келдим силерге, Зоолу салды мойнума, Айыбы жок кез келдим Ак падыша торуна. Так он жылы өткөндө, Олтурдум конуш ордума, Кара-Моло, Ийри-Суу, Кааладым эле жеримди, Саргарып тамдын түбүндө Сагындым эле элимди, Сагынган элим, силерге Сайрайын алтын кебимди. Алмалуу тескей, Шар булак, Уста-Сай менен Сары-Булак, Кайгылуу болгом тиерде. Каршылык кылган ит кыйнап «Айылыма жетсем»—деп, Эңсеп кетип барамын, Кетмен-Төбө жеримди Беттеп кетип барамын. Керимбайдын кылганын Кектеп кетип барамын. Жетим, жесир калганды
Эстеп кетип барамын.
«Элге барып өлсөм»— деп, Тилеп кетип барамын. Кызыл тилим сайратып, Бүлөп кетип барамын. Өңчөй карып элдерге Түнөп кетип барамын. Алып учуп денемди
Сүрөп кетип барамын.
Кетмен-Төбө кенен сай, Эңсеген жерим көрүндү. Токтото албай боюмду, Көңүлүм нечен бөлүндү. Сагынган жерди көргөндө, Көзүмдүн жашы төгүлдү. Таласты көздөй мен чыгып, Сагынган элге ырдадым. «Булбул Током келди»—деп,
Кубанышты курбалым.
«Элиме эрте жетсем»—деп, Бир жерге бир күн турбадым. Эңсеп жүргөн эсимде Элимдин көрсөм жыргалын. Беш-Таштан ашып жөнөдүм Кетмен-Төбө жериме. Бутакка конуп сайрасам, Болчу элем эрмек элиме, Жорго болуп аталып,
Жолуккам ырдын кенине.
Түнөрүңкү көрүнгөн — Тууган жерим карааны, «Эркелетип өпсөм»— дейм,
Эрмегим жалгыз баланы.
Узун Акмат — улуу суу, Улуу жер ээлеп туруучу, Убайымдуу Токоңдун
Келген кези мына ушу.
Сары-Булак, Айыктык, Ичи мөмө жарыктык. Эл-журтумду көргөндө,
Эсиме түштү карыптык.
Кош Ийри-Суу — биздин жер, Кой семиртчү Семиз-Бел, Жаткан экен аркамда
Аманым тилеп калың эл.
Аркасы Талас, кең Арым, Ар жуманын түнүндө Күйүп турган панарым. Коргон-Ата, Мазарың, Колдон чыккан жан элем, Көрдүм Ак-Чий базарын. Көйтүндө жүрүп Токтогул,
Көп тарттым залил азабын.
Астында аккан балы бар,
Үстүндө салган тамы бар,
Күндүзгүдөй түнүндө Күйүп турган шамы бар. Алты миң төөгө жүктөсө, Аяктай жери оюлбас, Оодарма тунук салы бар. Келип турам өзүңө
Кенен жерим, Шамшыкал.
Кыргыз