KyrgyzInfo.Ru » Кыргызча Тексттер / Тексты на кыргызском » Тарых » Куртка чеби
Куртка – Кокон хандыгынын Теңиртоо аймагындагы чеби. 1932-ж. Айгыржал деген жерде, Нарын дарыясынын оң куймасы Куртка суусунун боюндагы бийик секиге тургузулган. 19-кылымдын 30-жылдарынын башында Кокон хандыгы Борб. Теңиртоого баскынчылык жортуулдарды уюштурган. 1831-ж. кокон аскери Нарын дарыясын жээктей жайгашкан кыргыз айылдарына кол салган. Кийинки жылы бул аймакка Хаккула колбашчылык кылган кокондук 7 миң аскер келет. Көптөгөн куралдуу кагылышуулардан кийин гана баскынчылар Нарын аймагында өздөрүнүн үстөмдүгүн орното алышкан. Жергиликтүү калкты көзөмөлдөп жана салык жыйнап туруу максатында кокондук аскерлер үчүн жайгашкан чептер курулган. Нарын тараптагы ошондой чептердин чоңу Куртка чеби болгон. Чептин уз. 200 саржанга жетип, үч тарабы дубал менен курчалып, бир тарабы дарыяга такалган. Куртка кокондуктардын Теңиртоодогу негизги таянычы, башкы чеби болгон. Чептин бегине бул аймактагы башка чептер баш ийген. Чепте 1000ге жакын кокондук сарбаздар турчу. Курткадагы бекке кыргыздар түрдүү салыктарды, анын ичинде улфан аталган салыкты – 10 кап буудайдан 1 кап буудай жана зекет – 80 койдон 2 кой төлөшчү. Мындан тышкары кыргыздар Кокон бегине жорголорду тартуулап турууга милдеттүү эле. Чептин соода түйүнү катары да мааниси зор болгон. Куртканын базарын-да кокондук, кашкарлык соодагерлер те-ңиртоолук кыргыздар м-н алака кылышчу. 1863-ж. Куртканы орус аскери ээлеген.
- Көкчөнүн өлүшү 4-бөлүк
- Зыйфырым
- Кадимки тыйын чычкан
- Кордоп кетүү
- Чычкылуу
- Кытай кыргызы. Кыргызы
- АСМАН, ЖЕР
- Кыргыздардын каада-салттары. КҮЙӨӨЛӨӨ (КҮЙӨӨЛӨТҮШ)
- Табагын тегеретүү
- Кулдар барбы?
- Узун агач согушу
- Байдын эрке баласы
- «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны»
- Адамдарды бири-бирине тааныштыруу
- Бүткүл дүйнөлүк тарыхка эки көз караш
- «Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт»
- 1916-ЖЫЛ. КЫТАЙГА КАЧУУ
- УРКУЯ САЛИЕВА
- Эне керген кыз эмес, эндик көргөн бет эмес
- Көчүп кетүү
- Ынтымакка чакыруу, ынтымакка келүү
- Экөө тең туура
- Капитализм
- Иттартыш (итталаш)
- Кыргыз эл оюндары. Казык жыкмай, каз өрдөк, калдым.
- АКБАР РЫСКУЛОВ. МҮНҮШКӨР
- « ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР.
- Кыргызча дилбаян. Эмгек
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. ИБАРАТ
- Тайата, тайэне менен жээн небере
- Аким
- Пантүркизм
- Кыргыз каада-салттар
- Терсаяк адат
- Эне тилим – эне сүтүм
- Дос жана тааныш
- Туш кийиз жасоо
- «Элиңди таап ал».
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ДҮНҮЙӨ
- Гиппократ
- Шаабайын суутуу
- Сынып калуу
- Каржилик берүү
- АЙ
- Абдыкадыров Жалил
- Көтөрмөлөп алуу
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. АЯЛДАРДЫ КУТТУКТОО
- Абдылас Малдыбаев
- Камырдан кыл сууругандай
- Камчысынан
- ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ КӨКӨ УУЛУ). Үй–бүлө
- Сура Мухаммад
- Чебер көрүү
- Атка мингизүү
- «МАНАС» ЭПОСУНАН Жакыптын арманы
- «Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак»
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. ӨМҮР САПАРЫ
- Күйөө карыса, жээн болот
- КҮН КҮРКҮРӨӨ, ЧАГЫЛГАН
- Узчулукка умтулуу
- Кыргыз макалдары(Б)
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. КОМУЗ КҮҮСҮ
- Түргөш кагандыгы
- Жакшынын көзү кор, кулагы кер
- «Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч»
- Ат чабыш
- Сура Лукман
- Кыргыз баталары. ЖАШ БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР
- Таарынчак
- Жагалым
Кыргыз