Урааным сенсиң – Кыргызстан
Чокулары колун сунуп – Улуу Көккө, Керилгенин карачы кыргыз жердин. Кере таштап жашоого кадамдарын, Темингенин карачы кыргыз элдин.
Урааным – Кыргызстан,
Турагым – Кыргызстан. Теңирим энчилеген,
Тумарым – Кыргызстан!
Берекеси төгүлгөн берешеним, Бейишимдин бешигисиң – Кыргызстан. Нечендеген мыктылар сенден чыккан, Максатымдын эшигисиң – Кыргызстан. Береним – Кыргызстан, Белегим – Кыргызстан. Намысты бийик туткан,
Желегим – Кыргызстан!
Ынтымагы элимдин бекем болуп, Доордон доорду баскының Кыргызстан. Калың журтум койнуңда эсен болуп, Кылымдарды ашкының Кыргызстан. Урааным – Кыргызстан, Турагым – Кыргызстан. Теңирим энчилеген,
Тумарым – Кыргызстан!
30. 10. 2013 – жыл.
Бишкек шаары.
Ырымдын обону сен – Кыргызстан
Сайра комуз, добушуңду коштоп сайра, Мен ырдайм кылымдарга – Кыргызымды. Кайсы элден көрө алдың, айтчы досум?!.. Кыргызстан, таңкы Чолпон жылдызымды. Ырымдын обону сен – Кыргызстан, Кушумдун коноору сен – Кыргызстан. Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!
Мен бийлейм, бар сырыңды бийге кошом, Толкундап, ар бир таңда обон созом. — Кыргызстан! Мекеним, алтын уям! Сен энемсиң! Сен атамсың! Мен бир ботоң!!! Ырымдын обону сен – Кыргызстан, Кушумдун коноору сен – Кыргызстан. Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!
Доор айланып… Доорлорго кеткен кыргыз… Сайра комуз, күүгө салгын кыргызымды! Уксун Аалам, дагы кайрып бир шаңшыгын, Кылымдарды таңданткан Чынгызымды! Ырымдын обону сен – Кыргызстан, Кушумдун коноору сен – Кыргызстан. Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!
30. 10. 2013 – жыл. Бишкек шаары.
Автор: Ч. КАЛЫБЕКОВА
- Ат үйрөтүүчүлүк
- Жакупбектин тарыхы
- Солтодогу көтөрүлүш
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. БҮКӨН
- Айкөл Манас. 8-китеп
- Зайыптарды аео сезими
- Кызды бешикке салганда, себин сандыкка сал
- Аяз атадан кат
- Сура Ас-Сафф
- Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт
- МИДИН АЛЫБАЕВ. АЗИЗ САЛИЕВГЕ
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АЙЫЛЫМ
- АБЫЛАЙ ХАН УУЛУ КЕНЕ ХАНДЫН КЫРГЫЗ МЕНЕН СОГУШУ
- «Ат уяты – сатуу, кыз уяты – тартуу»
- Адамдан адам не жатыркайт?
- Сөгүнүү-сагынуу
- Сура Аль-Анам
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЖООП КАТ
- Кыргыз эл оюндары. Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй, бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу, бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү,
- Жуукурдук
- Орусча-кыргызча сүйлөшмө (Разговорник русско-кыргызский )
- Ууру (жомок)
- Өзүмдөн өзүм арданам
- Кыргыз макалдары – Д
- Атаке, Сарбагыш элинин кытайга качканы
- Итенген сайын бир боорсок
- АЙ, КҮН
- Жер карама
- Каардуу хан
- Сура Аль-Мааридж
- Уяңдык
- 1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшү
- КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. АЙСАРЫ
- Ырыс кыркаар
- Бугу уруусу
- Сура Аль-Масад
- Сура Каф
- ЫСЫККӨЛ ЖЕРГЕБИЗДИН БЕРМЕТИ
- Кыргыз жомоктору
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Кадийча
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
- Жасалма чаңдаштыруу
- Эсепчи. (Баамдоочу)
- Кайра жаралуу
- «Тон жылуусун ээси билет»
- Тырмак алды
- Коюндан төгүлсө кончко
- Мурунун чүйрүү
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. НАСЫЯТ
- Арстанбек
- Абдилда Дөөлөт уулу
- Буйрук
- ДҮНҮЙӨ
- Көңүл жубатуу
- Тердетмей
- Жеңижок менен Коргоол
- Жеңижок менен Арстанбектин учурашканы
- Чымчышуу
- Эки эринди катуу жумуу, мурчуюу
- Бир АЛЛА
- «Эрди кудай ураарда, элүүсүндө жаш болот»
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СЕНИ КӨРБӨЙ КАЛГАНЫМА
- Балдар биздин бактыбыз
- ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ
- Кемеге талашуу
- «Кезек-кез куран окутуп жүрөлү»
- САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ
- Манап
- Бугулардын 1856-57-жылдарда барып, турпандыктын он миң мал чаап алганы
- Кабырга туугандар
Кыргыз