Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы
Токтогул Сатылганов 1864-жылы азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулуп, 1933-жылы каза болгон.Ал төкмө акын, обончу, комузчу, куудул, дастанчы, ойчул болгон. Айылдаштарынын айтымына караганда атасы Сатылган, энеси Бурма ырга шыктуу, күү жандуу адамдар болгон экен. Болочоктогу акын он үч жашынан ырдап, комуз черткен. Токтогул ашыктык ырларынан тартып терме, санат, насыят, үлгү, алымсабак, айтыш ырларынын бардыгын ар түркүн обондор менен ырдаган. “Насылкан”, “Акбары”, “Арман”, “Чон кербез”, “Келгендеги кербезим”, “Туткун ыры”, “Балам жок”, “Элиме качан жетемин” жана башкалар ондогон обондор мукамдуулугу, вокалдык көркөм боекторунун көп түcтүүлүгү менен кыргыздын элдик ыр чыгармачылыгынын уюткусун түзөт. Токтогул комуз музыкасындагы эң башкы жанрлардын бири – айтыш күүлөрдүн (кара айтыш күүлөр) баштоочусу, негиз салуучуларынан, жайылтуучуларынан болгон. Ал ар бир күүсүнүн тарыхын айтып, ырдап, кол ойнотуп, кубултуп, түрдүү ыкмаларды, чертмелерди аткарган. Мисалы, “Армандуу чымчык “, “Торгой менен турумтай”, “Эрке сары”, “Чайкама”, “Карөзгөй”, “Тогуз кайрык” жана башка күүлөрдү чыгарган. Токтогул кыргыздын элдик аспаптык салттуу “Камбаркан”, “Ботой”, “Кербез”, “Шыңгырама” аттуу күүлөрдүн буроолорунда, үлгүсүндө, түрүндө өзүнүн жаңы күүлөрүн да жараткан. Токтогулдун өзүнүн аткаруусундагы бир да обону, ыры, дастаны кагаз бетине жазылып калган эмес. 1928-жылы москвалык музыка изилдөөчү А.Затаевич Токтогулдун өзүнүн аткаруусунда “Токтогулдун тогуз кайрык”, “Шынгырама кыз ойготор”, “Алайдын миң кыял”, ” Токтогулдун кербези” жана башка 18 күү жазып алган. Токтогул төкмө акын, обончу, ырчы, куудул, комузчу гана эмес, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Саринжи-Бөкөй”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан”, аттуу дастандарды айткан. Ал ар бир дастанды өз обондору менен өтө устаттыкта комуздун коштоосунда айткан. Токтогул Калык, Коргол баштаган Алымкулдун, Атайдын, Эшмамбеттин жана башкалардын улуу устатынан болгон. Улуу шайыр өзбекче, казакча, татарча, орусча ырдап, алардын күүлөрүн балалайкада, комузда черткен. Токтогулдун музыкалык мурастары кыргыздын жазма профессионалдык музыкасынын төрөлүшүнө, өнүгүшүнө өтө күчтүү таасир эткен.
- Кыргыз Республикасынын административдик бөлүнүшү. Кыргызстан
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. ХИН ДА
- Автандил Арабаев. Чыгарат акын ыр көркүн
- Күлчоронун туткундалышы
- Насип кайып, нике кайып
- «Эсери болбой эл болбойт»
- Кыргыз макалдары – К
- ЖАШТАРГА
- Сөздөр жана алардын мааниси
- Кыргыз тоолору. Кыргызстан
- Марков чынжыры
- Классикалык образдардын жаратуучусу
- Сура Аль-Кариа
- Дөөтүсү курч
- УЧКАН ЖЫЛДЫЗ
- Алые жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сез келээр
- АЯЗ
- Токмок
- Шаманчылык
- Карын бузуу
- Кыргыз адабиятынын башаты
- Шаршендин токтогул менен учурашуусу
- ТОГОЛОК МОЛДО. ДЫЙКАНДЫН АЯЛЫНЫН КОШОГУ
- Кан таламай
- Өтөгөндүн териси өзүжатып ий болбойт
- Олтурган кыз орунун табат
- Кыргыз макалдары(Б)
- Алча бутагы
- Камыр балбан
- ТӨШТҮК КУМУРСКАГА ЖОЛУГУП ЖОЛДОШ БОЛГОНУ
- Этникалык талаанын жиктелиши
- Кыргыз каада-салттары. ДОС, ТАМЫР АДАТЫ
- Автандил Арабаев. Аруу тилек
- Тестиер кыз
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. НАСЫЯТ
- Кыргыз эл оюндары. Кубалап жетмей, Куу түлкү, Кызыл байрак, ак байрак
- Уяңдык
- Эгемен айтпай кыргызмын
- Кытай жөнүндө
- Акбаранын көз жашы
- Көк жору
- Жоолук салынбай эле кой
- Ат чабыш
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. АПТАПТА
- Буйрук
- ДАРЫЯ, СУУ
- Кыргыз макалдары – З
- Жеңижок менен Токтогул
- Кыргыз эл оюндары. Басуу, Кыз куумай, Из туурамай
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. МАХАББАТ ДАБАСЫ
- Чыганаак катын
- Пулатчы
- Асан менен Үсөн
- Сура Ад-Духа
- Байлыкты ким кандай түшүнөт?
- Дос-тамыр, теңтуштун кебин кор кылуу
- МОМУН ЧАЛ
- Кытай кыргызы. Кыргызы
- «Касам ичкенсип»
- Кол ийрисине тартат
- Кыпчактар
- ЖЫЛДЫЗ, ЖЕР
- Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк.
- Кыргыздардын каада-салттары. Кудалашуу
- Кыргыз эл оюндары. Жаңгак атмай, жаңгак чертмей
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КАРАЙ КӨЗ
- Уулдан уят, кыздан кылык кеткенде
- АЙ ЖАҢЫРГАНДАГЫ АЙТЫМ
- Багыш. Мендирман (5)
- ӨЗГӨН АРХИТЕКТУРАЛЫК КОМПЛЕКСИ
Кыргыз