Эжелүү, сиңди — гүл кыздар, Эстесем жүрөк көп сыздар. Элимде эки бала бар, Эгип койгон теректей,
Экөөнүн бою барабар.
Калкымда эки бала бар, Капталга бүткөн кайыңдай, Кагелес1 бою барабар, Бириң — тоонун кайыбы, Бириң — кыздар айымы. Бириң — кыздын нурлуусу, Бириң — кыздын сулуусу. Бириң –кыздын улугу, Бириң — кыздын тунугу. Бириң — дутар, бириң — кыл, Бириңе айтсам, бириң бил. Бириң — жакут, бириң — бер, Бириң — чынар, бириң — бак,
Кол комуз чертем, ыкчам кел.
Бириң — булбул, бириң — шак. Бириң — нават, бириң — кант, Экөөңдөн күйдүм дак. Бириң — гумча,1 бириң — гүл, Бириң — дүйнө, бириң — бүр. Бириң — чылым, бириң — най, Бириң — жылдыз, бириң — ай, Экөөңө көөнүм жай. Бириң — өрдөк, бйриң — каз, Бириң – өлөң, бириң — саз, Кел бололук моюн саз2, Мынча эле кылдың маган наз? Бириң — кыздын шайыры, Бириң — кывдын байыры. Бириң — уста жүзүгү, Бириң — кыздын түзүгү. Эжелүү-сиңди, эки кыз, Эзилтесиз мынча сиз? Элиңде күйүп жүргөн — биз. Эжелүү-сиңди ээрчишип, Бириңди-бириң желпишип, Тойго бардың, гүл кыздар, Эрте жүрүп, кеч келчү Жолго бардың, гүл кыздар. Эжелүү-сиңди окшошуп, Ырдадым көңүл токтотуп. Пар келишкен өзүңөр, Барпыга дары сөзүңөр. Ырдап өтсөм, кайрылып,
Тиктеген чолпон көзүңөр.
Кыргыз