Жасалма чаңдаштыруу
Жасалма чаңдаштыруу учурунда адамдын өзү атайы максат менен гүлдүн аталыгынан чаңчаны алып, энеликтин чаң алгычына жугузат. Мисалы, укмуштуу – багбандар жаңы сорт алыш үчүн өсүмдүктүн бир сортунун аталыгынан чаңчаны алып, экинчи бир сорттун энелигине жузугат. Чаңчаны кичинекей кургак таза кисточка же зымга бекитилген резинканын жардамы менен алып барууга болот. Чаңча жеткирилүүчү гүлдөр чаңдаштырууга алдын-ала даярдалган болуу керек. Бул үчүн алардын аталыктарын гүл богоктору ачыла электе зү чаңдашып кетпесин үчүн үзүп таштайт. Андан кийин шамаал же аары, чымын-чиркейлер кокустан гүлдүн энелигине чаңча жузузуп салбаш үчүн гүлгө марлиден жасалган баштык кийгизип коет. Марли баштыктардын ичиндеги богоктор арчылгандан кийин гүлдүн энелигине мурдатан даярдалган чаңчаны жугузат. Кайсы бир учурда жасалма чаңдаштыруу маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат. Буга карай буудайды кошумча чаңдаштыруу мисал болот. Муну шамаал жок тынч убакта жүргүзөт, анткени шамаал жокто чаңча учпайт. Бул мындайча аткарылат. Эки жипти эки учунан эки Адам кере кармап, анны менен гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн башын сындырып, эгин талаасында жүрөт. Бул учурда чаңчалар куюлат да, энеликтин чаң алгычына түшөт. Кошумча чаңдаштыруунун натыйжасында кара буудадын түшүмү жогорулайт. Күн карама менен жүгөрүнүн түшүмүн жогорулатуу үчүн жасалма чаңдаштыруу жүргүзүлөт. Күн караманы аба –ырайы суук болгон учурда чаңдаштырат. Себеби күн карама кайчылаш чаңдашуучу өсүмдүк. Аны аары, чиркейлер чаңдаштырат, бирок аба-ырайы бүркөктө алар аз учат. Чаңдаштыруучу Адам өсүмдүктөрдүн ар бир катарын бойлоп басып жумшак кеземеден жасалган кол капты, күн караманын гүлдөрүнүн корзинкасына тийгизет. Андан кийин кол капка жука чаңчаларды башка өсүмдүктүн гүл тобуна алып барып жугузат. Жасалма чаңдаштыруунун натыйжасында түйүлгөн сотолор жана даны да өзү менен өзү чаңдашканга краганда бир кыйла ири болгон.
Кыргыз