Кырк миң жыл жердии алдынан Карып чыккан аккан суу. Толгон айдай жаркырап
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук, жез канат Балык чыккан аккан суу. Курт-кумурска жандууну Багып чыккан аккан суу. Кара жердин алдынан
Жарып чыккан аккан суу.
Көз жетпеген кара кыр Тоого чыккан аккан суу. Кош тегирмен паралуу Ноого чыккан аккан суу. Жети кабат жер менен
Зорго чыккан аккан суу.
Көз жетпеген ала кыр Сайда болгон аккан суу. Чаңкаганда адамга Пайда болгон аккан суу. Азган менен тозгонго
Айла болгон аккан суу.
Кыргыз