Илгери-илгери бир заманда алыс өлкөлөрдүн бириңде бир падыша жашаптыр. Күнү-түнү мамлекеттин иштерин ойлогон үчүн ыракаттанып эс алчу эмес экен. Күнү-түнү жаны да тынчу эмес экен. Кеч кирип, төшөккө жатканда да ары оонап, бери оонап, таң атканга чейин уктай алчу эмес экен. Күндөрдүн бириңде ал тажап, вазирлерин чакырып, дартын айтат, эмне кылаарын сурайт. Вазирлеринин эң сакалдуусу жана тажрыйбалуусу өйдө туруп, сакалын сылап, падышага бурулат да: — Кудуреттүү падышам, ар бир дарттын дабаасы да бар. Сиздин таң атканча тынч укташыңыз үчүн бир нерсе ойлоп табарбыз. Мен бул дарттын дабаасын билем. Бактылуу бир кишинин көйнөгүн чечип, падышабызга кийгизсек, ыракаттанып уктайт, -дейт. Падыша вазиринин сөзүн угуп, туура көрөт да, адамдарын чакырып: “Дүйнөдөгү эң бактылуу кишини таап, көйнөгүн чечип келгиле” деп тапшырма берет. Адамдары жолго чыгып, жер арытып, тоо ашып, бир бай шаарга келишет. Үйлөрдү кыдырып, эң бактылуу кишини издешет. Кимди тапса, баарынын бир дарты чытат. Тапкандарынын бирин да бактылуу деп айтууга болбос эле. |
Падышанын кишилери өз ара кеңешип: “Биз бул чоң шаарда бактылуу киши таба албайт көрүнөбүз. Келгиле, айыл-кыштактарга баралы. Ал жерде бактылуу кишилер шаардагылардан көп болсо керек” дешет. Суу кечип, тоо ашып, жашыл кыштактардан бирине барышат. Үймө-үй, айылма-айыл кыдырышат. Байынан да, кедейинен да бактылуу киши барбы деп сурашат. Бирок кимге кез келишсе да, өзүнө жараша дарты бар болуп чыгат. Вазирлер бул жагдайга абдан капа болушат. Баштарын салбыратып, падышанын жанына кайта турган болушат. Бир дарыядан өтмөкчү болуп жатып, шиберде жаткан бир чабанга туш келишет. Ангыча чабандын аялы, кучагына баласын, колуна тамак түйгөн түйүнчөгүн көтөрүп, ар жактан чыга келет. Чабан тамагын ыракаттана жеп, аялы менен тамашалашып, баласын жыргап эркелете баштайт. Падышанын кишилери бул көрүнүшкө таң калып, бир кыйынчылыгың барбы деп сурап калышат. Чабан жылмайып: Агалар, дептир, дүйнөдө эч нерсем жок, бирок бактым тоодой. Бул сөздү уккан вазирлер сүйүнүп кетишет. Кийген көйнөгүн чечип берсе, бир кесе алтын бере турганын айтышат. Чабан муңайып: Көйнөгүм болсо кана, сиздерге чечип бербес белем. Бактылуумун, бирок көйнөгүм жок. Мен көйнөк кийбейм, дейт. Падышанын адамдары буга абдан капа болушат. көйнөктү таба албай, падышага колдору бош кайтышат. Бактылуу кишинин көйнөгүн кантип издешкенин айтып беришет. Көйнөгү бар адамдардын бактысыз экенин, бактылуу киши табышса, анын көйнөгү жок экенин түшүндүрүп айтышат. Падыша тагдырына моюн сунуп, таң заарга чейин көз ирмебей, ары оонап, бери оонап, жылдыздар батканга чейин уктай албай жата берчү болуптур.
Кыргыз