Атадан калган тамак. Бул – адам баласында жеринен айты-луучу соз. Ар бир элдин өзүлөрү сыймыктанаар, башкалардан түп-тамырынан айырмалана алуучу маданиятынын бири – алардын тамак-аштары. Ал алмуздактан бери мурас катары келүүдө, жеп-ичилүүдө. Жер шартына, элинин кесипчилигине ж.б. жагдайла-рына жараша тамак-аштарынын бөтөнчүлүктөрү байкалат да, демек, негизинен элинин жалпылыгын түзөт. Мында «элдик» деген сез ар нерсенин байыркылыгын баамдатат. Кыргыз Ата үчүн мал чарба азык-түлүктөрү башкы орунда турат. Бул бештүлүктүн асырашына, тоолуу көчмөндүүлүккө тыгыз шартташкан. Эт, сүт, андан даярдалаган түрдүү даамдары аркылуу жашоо-тиричили-ги ез багытында барган. Эт, сүт, кымыз, бозо-кыргыз тамак-аштарынын ата башы. Булар мезгил тандайт. Мисалы, кымыз ачы-туу – жайкы жайлоо тамагы. Ал, адатта, козуну союп, этин ак сор-по кылып бышырып, ага чейин кымызды кыдырыпичип, табак тартылып, т.а. этти майда туурап, чыктуу кылып, ирээти менен улуулата табакка кол салуу, ыракаттана отуруп, маданияттуу жеш, ак сорпосуна кымыз кошуп, «ак серке» (чагыр) кылып ичиш, суу-саса, кайра кымыз жутуш – бизде мүнөздүү көрүнүш. Кышта со-гум союш, бозо ачытыш – булар атадан калган тамак.
Кыргыз