ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ. МЕКЕН ҮЧҮН

“Эр жигит: Үйдө туулуп, Жоодо өлөт” Эл сөзү. Калмактын талаасында дивизия, Бул жерге келип жеткен куштай сызып. Күнөстүү жаркыраган Түштүк мына,

Чакыят күн асмандан оттой ысык.

Боз адыр… Тамчы суу жок суусаганда Ак мөңгү, көк кашка суу көздөн учат. Жыгач жок көлөкөлөр ысыганда,

Тер агып ыксыратат, уйку басат.

Бет алып Моздок шаарын бара жатат, Сергейдин ротасы эң алдында. Билбеген айта гурган: “Кайда шашат?

Жүргөн эл кай тарапган? Не бар мында?”

Алдында баатыр Кубат, баатыр Сергей, Эрчишип жолго чыккан эки шердей, Чаң жутуп, таңдай кургап, чеке тердей

Баратат тың басышып, сыр билдирбей.

Жөө басты, бир күн, бир түн тыным албай, Жол калды арт жагында жүз чакырым. Жүрүштү жөө басууда өчү бардай,

Көрсөттү Моздок чөлү оюн, кырын.

Как деген каргасы жок эрме чөл бул, Жоо кайда? Фашист кайда? Фриц кайда? Кай жерде жолду тороп чыгып чукул,

Жолугуп кырчылдашат кайсы сайда?

Чалгынчы ача куйрук харкырады, Мынакей дал үстүндө жоокерлердин. Федорду баатыр Кубат чакырганы:

–Андагы танк аткычты бери бергин!

Кош шыйрак чоң мылтыкты ак бараңдай, Орнотту зенит кылып каптал жерге. Ок салып, түздөп туруп, берди кармай,

Ажалды жумшагандай желдеттерге.

Танк аткыч тытырады жалын бүркүп, От чыкты моторунан “Раманын” Анакей тик сайылып келет түшүп,

Билгизбей ойногонун, кулаганын.

–Жок, бул чын өлгөн экен,–деди Кубат, Койнуна, кубанычын батыра албай. Асманга бардыгы да карап барат,

Эч качан болбогонсуп мурун мындай.

Аңгыча жерге түштү ача куйрук, Аралаш кара түтүн жалбырттап от. Өлүүгө болгон өңдүү катуу буйрук

Учкучтар самолеттон бөлүнгөн жок.

Асмандын бир бөлүгү түшкөн өңдүү, Жалындап кып-кызыл от бир дөбөдөй Самолет түшкөн жеде күйө берди.

Колонна кете берди барып көрбөй.

–Жоо жакын, байкаш керек,–деди Сергей Токтолбой бара жатып алга карай. Бир секунд ойлонууга убак бербей

Көрүндү алды жактан бир чоң сарай.

Жарк этти планшета Сергей алган, Карады топографтык картасына. Чын эле Алфатово жакын калган,

Кыйкырды, буйрук берип, аркасына:

–Баскыла, фронт боюнча жайылгыла! –Сен оңго! Сен ортого! Сен бул жакка! Алгыла автоматты колуңарга!

Буйруксуз бир да бириң мылтык атпа.

Таруудай ок чачылып жакын жерден, Пулемёт тилге кирди ошол замат. –Жаткыла алыс-алыс, бирден-бирден!–

Сергейдин камкор тааныш үнү чыгат.

–Жылгыла! бирок тынбай, алга карай! Аткыла пулеметтун турган жерин! Жап болсун анын жаагы кум тыккандай,

Кыргыла пулеметчу желдеттерин!

Жылышып алга карай эки тарап, Жолукту жоолошкондор теке маңдай. Чагылып ысык күнгө курал-жарак,

Атылды автоматтар арып-талбай.

“Ураа!”–лап баатыр Сергей тура калды, Мекенден аябастан таттуу жанды. Ротасы көтөрүлдү ээрчип аны,

Беттешкен баскынчыга кыргын салды.

Кыйкырды бир мезгилде Кубат туруп: –Уккула командамды менин берген! Жүрөктөр зырп этишти бул сөздү угуп,

Түшүндү айрылганды Сергей эрден.

Жок, бирок, ал өлгөн жок жараланды, Ок тешти көкүрөгүн кайран эрдин. Чакырып Кубат тезден санитарды,

Тапшырды жандай сүйгөн командирин.

Согушуу токтолгон жок минутага, Жоо колу аркасына кайра качты. Кубат баш жоосун сүргөн ротага,

Улантты алга жүрүп салгылашты.

–Алдыда турган дөңдү ээлеш керек, Буйрук бар, милдеттүүбүз аткарууга. Ал дөңдүн ар жагынан агат Терек,

Дөң керек душман сырын аңтарууда.

Ушунтип алга Кубат буйрук берди, Токтоосуз бүт ротасы жүгүргөндө Эшилтип жоокер буту кумдак жерди,

Жетишти жеңиш бардай ошол дөңдө.

–Казгыла окопторду, болсун терең: Минадан, снаряддан сактангандай, Танк минип жан алгычтай сүрдүү келген

Душмандан коркуп эч ким качпагандай.

Жоокерлер оюп кирди кара жерди, Үй жасап ушул жерде кыштачудай. Чоң үйүп брустверин иреттеди,

Эч качан аны кайра бузбачудай.

Танк жайнап чыга келди душман жактан, Жайылган койлордой көп келе жатат. Миналар дүпүлдөдү туш тараптан,

Барыда ушул дөңдү мээлеп атат.

Курчады элүүдөй танк өтүп артка, Ортодо калды рота, калды Кубат. Башталды кызыл кыргын бир заматта,

Кубаттар болот чептей бекем турат.

–Жетсечи биздин артполк ушул кезде, Согушту сезер эле танк минген Ганс. Көп нерсе мындай кезде түшөт эске:

Танк бузар кубаты зор куралдар аз.

Ар качан бирге жүрүп бөлүнбөгөн Ротаны бөлүп салды дивизиядан, Бөлгөндөй бир кишини үй бүлөдөн,

Бөлгөндөй жаш баланы атасынан.

Аркада замбиректер, эшалондон Алиге түшүрүлүп үлгүрбөгөн… Чыгарбай ушуларды Кубат ойдон,

Душманды атып жатты турган жерден.

Арзымат сойлоп чыгып окобунан, Бир танкты шише менен уруп калды.– Ыргытты үч-төрт жолу удаасынан,

Танкенин бензин баги жалындады.

Беренди каптаган жоо куткарбады, Жыгылды төшүн апчып колу менен. Досуна жоокер Иван чуркап барды,

Окопко кайтышпады ал экөө тең.

Танктерге далдаланып эң көп солдат Дөбөгө жакындашып келе жаткан. Иштетти автоматын Федор сержант,

Ок качан бекер учкан ал эр аткан.

Танктерди алга өткөрүп аткан эле, Бир тобун томурайтты чил аткандай. Жан чиркин ушунчалык таттуу беле:

Бир тобу кайра качты жакындашпай.

Жүрөктө көптөн берки кайнады кек, Көрүндү көк чепкендер чочкодон жек. Арзымат, Иван үчүн өч алам деп

Эр Федор эриндерин тиштеди бек.

Жөнөдү танкты көздөй алга жылып, Мергенчи аюу аңдып бараткандай. Бир танкке гранатаны уруп, уруп,

Өзүда жерди бербей талашкандай.

Жыгылды жүздөмөндөп, талашып жер, Түрткөндөй арт жагынан бирөө аны. Көрбөгөн мүдүрүлүп чапчаң жоокер,

Ал жерге жабышкандай, тура албады.

Өзүнүн гранатасынан осколк учуп Тийди бейм кайран эрдин жүрөгүнө? Өлсө да урган жаосун кан кускузуп,

Жаш кыраан жетти күткөн тилегине.

Үзүлүп гусеницасы үйдөй танктын, Ордунда ошол чоң танк калды туруп. Ал чоң танк, ал кара танк жоосу калктын,

Эр турмак эл жоосуна найза сунуп.

Анык эр найза сунуп жоого турган Дал ушул баатыр сержант Федор өзү. Көп күчтүү илгеркинин найзасынан

Федордун гранатасы. Бул чын дечи.

Оңойбу кыйратканы болот чепти, Ок өтпөс, найза тешпес курч болотту. Тоо кылып келаткандай чоң эмени

Керилип бир урганда тык токтотту.

Кыргынды эки тарап бирдей тапты, Үймөк чөп, күзгү талаа күйүп жатты. Түрүлүп түтүн басты туш тарапты,

Тийген күн тиктей албай жүзүн жапты.

Кишинн танк тебелеп ойногондой, Ок учуп, жыгып жатты чөп оргондой. Моздоктун боз талаасы канга тойбой

Шимирди аккан канды тамчы койбой.

Атышып эки тарап секунд тынбай, Кыйылды жаш жигиттер кырчын талдай. Кубаттын ротасы бири калбай

Өлгүчө эрдик үчүн туулгандай…

Былк этпей турган жерден карулашты, Дөбөнү калтырбастан фашисттерге. Жолотпой окопторго салгылашты,

Атышып, кыргын салып желдеттерге.

Ар бири жоокерлердин бекер өлбөй, Беш-ондон жоо солдатын ала жатты. Бузулган танктер турат дөбөлөрдөй,

Темирге темирди уруп карсылдатты.

Коргоду ар бир ташты, карыш жерди, Короону карышкырдан коргогондой. Ойлоду баккан-көргөн тууган элди,

Өз уулу өз энесин ойлогондой.

Аяды ачкөз жоодон ар бир чөптү, Ажалдан өз баласыы аягандай Карады жыгылганы аяп көктү,

Сүйгөнүн коштошордо карагандай.

Ок атты бакыт тилеп ата журтка, Кыйкырды ок тийгени жан берерде: –Жолдоштор! Берилбесин бул жер жатка.

Улуу даңк, улуу урмат Сталинге!

“Эс-эс тер” кыйкырышты куру бекер: –Ой, русь! Өлбөйм десең колду көтөр… Кубаттар бекем турду андан бетер,

Туткунга түшкөнү жок бир да жоокер.

Өлүмдү андан көрө артык көрдү,– Мекенге көөнү таза, жүзү жарык, Жыгылды кучакташып тууган жерди,

Ыргытып гранатаны тура калып.

Тирүүлөй кеткичекти жоо колуна, Ажалдын ачуу тузун таткан жакшы. Душмандын чыдагыча кордугуна,

Мекендин турпагында жаткан жакшы.

Курчоодо Кубат калды ротадан, Ок тийген, осколк тийген–жараланган Кан аккан, суусап бүткөн, алсыраган,

Өңү жок таң эртеңки жаркыраган.

Дөбөгө бир танк жылып келе жатат, Көргөндөй жалгыз эрдин жаткан жерин. Күркүрөп түптүү жерди солкулдатат,

Кубат да ойлоп жатты: “Жакын келгин!”

Ойлоду, эсине алды башканы да, Демейде кебелбеген баатыр Кубат. Ойлоду көп нерсени бир заматта,

Бардыгы көз алдынан өттү чубап.

Жаркырайт чоң Москва, жайнап көп эл, Баратат метродо поезд сызып. Жаш жигит бирге турат сулуу менен,

Гүл мисал жаштык чиркин кандай кызык!

Жарашып завод турат Фрунзеде, Атылтып көк түтүнүн көккө бийик, Чарчабай тер агызып иштегенге

Бакыттын жаркыраган күнү тийип.

Арстанбап, Жалал-Абад, Сары булак, Гүл ачкан жемиш бактар, жийде бурак. Жарышып куштар таңшып, үн угулат,

Дарчадан сулуу Айша тыңшап турат.

Күткөндөй Кубатынын келер чагын, Жол карайт, чолпон көздөр күйүп жанат. Ал каалайт сүйгөнүнүн эр атагын,

Сүйгөнүм баатыр дейт да, сыймыктанат.

Ал турат башка жакты карабастан, Эрдикке баа берүүчү калыс окшоп. Тургансыйт кабар күтүп фронт жактан,

“Туткунга түштү” сөздү уккусу жок.

“Кош!”–деген бир сөз айтты кайран жигит, Мааниси жердей кенен, көлдөй терең. Жеңиштен, салтанаттан үзбөй үмүт,

Бардыгын түшүндүрдү бир сөз менен.

Коштошту жолдор менен басып өткөн, Коштошту жери менен өсүп-өнгөн. Коштошту жаштар менен теңтуш өскөн,

Коштошту эли менен баккан, көргөн.

“Кош!”–деди дивизияга, жоокерлерге, Суранып өлтүргөндөн өч алууну, Тепсетпей Моздок чөлүн желдеттерге,

Бүт жерди, бардык элди куткарууну.

“Кош!”–деди энесине, атасына, Колхоздо жумуш иштеп элде калган. “Кош!”–деди айдай аппак Айшасына,

Жалжылдап жүрөгүнө от жандырган.

Жыйнады окоптордон граната, Белине барын илди кыдырата, Шаңгырап урунушат кыймылдаса,

Жүгүрдү, танк алдына калды жата.

Качырап кыйган жыгач жыгылгандай Үн чыкты, чоң кара танк калды токтоп. Токтоду ошол бойдон кыймылдабай,

Карайды фашизмдин мүрдөсү окшоп.

Дал ушул минутада чыгыш жактан, Бир башка жерди, асманды дүңгүрөтүп, Үн чыкты замбиректен карсылдаткан.–

Келиптир арка жактан артполк жетип.

Учушту снаряддар улуп-уңшуп, Ургандай ташты ташка карсылдатып. Асманда бир бирине урунушуп,

Аваны чагылгандай жалтылдатып.

Сайгандай таамай тийип көп снаряд Ширенке тарткан өңдүү жылт дей калат. Самандай кырмандагы танк өрт алат,

Качалбай танкисттери куйкаланат.

Өрттөнгөн танк көрүнүп анда-мында, Заматта жыбырады жылдыз жерде! Дүйнөдө орус аттуу эр турганда

Коебу жаза бербей кылмышкерге.

Танк минген, болот кийген фриц качты, Качалбай өрт ичинде көбү шашты. Кан агып далайлары алсырашты,

Жыгылып тикенекти кучакташты.

Угулду орустардын сүрдүү “Ураа!”– Айбаты жоо жүрөгүн болкулдатты. Аткычтар атакага өткөн тура,

Талааны тоо көчкөндөй солкулдатты.

Дөбөнү фашисттерге тепсетпестен, Кубаттын дивизиясы жетип барды. Ошол күн, ошол дөбө кетпес эстен,

Кетпестей көп окуя эсте калды.

Кубатты чыгарышып танк алдынан, Достору эрдигине таң калышты: “Кыйраткан болот чепти кандай балбан!

Сактаптыр колдон бербей ар-намысты!

Коммунист коммунистче туруптур бек! Коргоптур эл таалайын душманынан. Эр жигит–элдин уулу! Мында жок шек.

Ал дайын үйдөй танкты бузганынан…”

Кантсе да үйдүн ээси эмессиңби: Кубулжут, тоо булбулу, сайра, сайра! Калк үчүн курман болгон эр эмеспи,

Кубаттын атын ата кайра-кайра!

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.