Жашыл түстүү тегерек терезени жамгыр тыкылдатып соккулап, шамал дуулдап ышкырып турган. Кичинекей бөлмө шыбырт чыкпай, терең жымжырттык ичине бөлөнүп турган эле. Бөлмөнүн так ортосунда турган үстөлдүн тегерегинде кендин . эси Кристоф Уттман, аялы Барбара, бойго жеткен уулдары жана кыздары тизилип отурушкан. Аңдан башка үй-бүлөлөрү менен кенчилер, Уттмандын үй кызматчьшары, өнөрпоздор, дыйкандар, айыл калкынан бир канчасы да үстөлдүн тегерегинде болчу. Ишемби күнү кен ээсинин үйүнө конок болууну каалаган кишинин баары бул үйдө жылуу кабыл алынып, конок болуп кетишчү. Конокторго ар-түрдүү тамак-аш, жашылча-жемиш тартууланып, эр жүрөк Зигфрид жана сулуу Магеландын жүздөгөн жылдардан бери айтылып келе жаткан уламыш, жомоктору айтылып, шандуу же жүрөк сыздаткан ырлар ырдалып, чаркылар айланып, жаш жигиттер кыз-келиндер менен тамашалашып, жайдары убакыт өткөрүшчү. Бирок ошол күнү, 1567-жылдын 15-майында эменден жасалган үстөлдүн тегерегинде отургандардын баары үн катпай, тунжурап, тыштан гана жамгырдын шыбыргагы даана угулуп турду. Кристоф мырза колдорун бооруна кайчылаштырып коюп, терең ойго чөмүлүп отурган. Жубайы Барбаранын көздөрүнө жаш толгону көрүнүп турду. Эркектердин баарынын башгары саландап, аялдардын колдору тизелеринин үстүнө коюлган. Мурункудай ширин таттуулар колдон колго өтпөй, чаркылар айланбай, эч кимдин да жомок же тамаша айтууга ниети жоктой көрүндү. Күтүлбөгөн жерден Кристоф ордунан туруп: Балдар, үмүтүңөрдү таптакыр үзгөңдөй көрүнөсүңөр. Мунуңар туура эмес. Ушунчалык жаман ойлорго батканым үчүн алды менен өзүмдү күнөөлөйм.
Буга карыя кенчи Охленруд минтип жооп берди: Урматуу мырзам, ушуңцай кайгы башыбызга түшүп турган кезде жайдары боло алмак белек? Канткенде башка нерселерди ойлоп, көңүл жубатышыбыз мүмкүн? Кендин ээси: Дрезденден келген адис эч нерсе таба албаганына капа болуп жатсаң керек. Бирок кудайдан үмүт үзбөйлү. А балким мен Клаустан чакырткан киши терендерден темир же күмүш катмарын таап калгысы бардыр. Ал киши да бүгүн келиши керек. Бир тажырыйбалуу кенчи капалуу добушу менен: Урматтуум, деди, адистердин бизге жардам бере ала турганына ишенбейм. Кен очогу эми бизге пайда бербей калды окшойт. Эгиндерибизден деле эч нерсе чыкпайт. Уйларыбыз да бизден бетер ачтыктан өлөт. Отургандардын саландаган кабактары, көздөрүндөгү санаркоо алардын сүйлөгөн кишинин оюна кошулгандарын көргөзүп турду. Барбара колдору менен жүзүп жаап алды. Кен ээси Кристоф титиреген үнү менен: Мен баары бир үмүгүмү үзгөн жокмун. Дрезденден келген киши жаңы кен очокторун таба турганына ишенем. Бирок башкалардын буга ишенген түрү жок болчу. Ишенбегенин билдирип баштарын чайкашты. Кенчилердин мынчалык үмүтсүз болууларынын себеби бар эле. Чыныңда эле абалдары өтө оор болчу. Эгер кен очогунда чындап эле эч нерсе калбай калган болсо эмне кылышмак? Жер жүзүндө алакандай жерлери, кыштакка барып жашоолоруна мүмкүн берүүчү тигилген бир дарактары жок болчу. Кийинки аптада Клаус Дрезденден кайтты. Жанында адис деп кошо келгени жогорку окуу жайында окуган бир жигит экен. Ал жигит кен очогуна түштү. Галереяларды көпкө^ кыд.ырды. Дубалдарды тыкылдатып көрдү. Оңуна-солуна, туурасына, узунуна өлчөөлөр жасады. Андасанда бир латынча сөздөр да кобурап коюп жатты. Акырында башын чайкап, эч нерсе таба албай койгонун айтты да, кен ээсинен бир канча күмүш тыйын алып, жолго түштү. Андан соң бечара кенчилердин үмүтү таптакыр үзүлгөн болду. Казма шаймандары дат басып, акырлары бошолуп, мал-жаны азая баштады. Кендин ээси Кристоф мырзанын да үмүттөрү түгөнүп, ошо күнгө чейин жүзүнөн төгүлүп турган жайдарылыгынан эч нерсе калбады. Бир күнү жанына ачкачылыктан өндөрү кубарган үч баласын ээрчитип, бир аял келип калды. Узак жерден келе жатканын айтты. Кудай үчүн бир тилим нан жана баш калкалай турган бир жер берип койгула дел жалбарды. Барбара айым адаттагысындай эле бул кудайы конокторду жадырап-жайнап тосуп алды, үйүнө чакырып, ичип-жей турган эмнеси болсо, алдыларына жайнатып койду.
Кеч киргенде бул чарчап-чаалыккан шордуу аялга жана балдарына кең-кесири бир бөлмө көргөздү. Барбара бул бактысыз аялга кызмат кылып аткандан ыракат алып жаткандай көрүндү. Келгиндерден кайдан келип, кайда бара жаткандарын сураган да жок. Жалгыз гана мандайында жардамга муктаж кедей аялды көрдү. Ал үчүн ушул эле жеткиликтүү болчу. Бир топтон кийин аял бөлмөсүнөн чыгып келип, Барбара көрсөткөн отургучка отурду. Башынан өткөндөрдү, туулуп-өскөн жерин, ал жактан кантип качып чыкканын, коркунучтуу жолчулугун айтып бере баштады. Бир жактан да колу бош турбай, баштыгынан бир пакет чыгарып ачты. Пакеттин ичинде учтары учтуу жыгач шиштер, бир канча түрмөк жип жана кагазга тартылган оюу бар экен. Аял кагаздагы өрнөктү үстөлдүн үстүнө жайып, бир түрмөк жипти жандырып, шиш менен өрнөккө карап коюп чеберчилик менен токуй баштады. Барбара аялдын эки шиш менен укмуштай кооз түр жарата баштаганын, анда-санда түйүп коюп жатканын, жипти ары-бери шамдагай жылдырганын көрсө, чындап таң калмак, бирок ал көздөрүн аялдан албай, анын баянына эрип калган болчу. Брабант шаарынан келген бу аял Испания королу Филиптин валиси катары Конт Алба Голландияга келгенге чейин бакубат жашаган экен. Вали Голландияга барар замат эле козголоңго катышты деп эсептеген миндеген кишини күнөөсүн териштирбей туруп эле өлүм жазасына тартат. Өлкө кан көлүнө айланат. Өзгөчө ал байкуш аялдын ал жердеги акыркы түнүн айтып берүүгө сөз жетпейт. Аким Албанын желдеттери анын бейкуттук ичиндеги үйүнө киришип, күйөөсүн каратып туруп өлтүрүшүп, жалгыз баш паанасы болгон үйүн өрттөп жиберишет. Аял саамга ойлуу отуруп калды да, анан эчкирип ыйлап сөзүн улантты. Бир канча саат ичинде үй-жайымдан да айрылдым, ата мекенимди таштап чыгып кетүүгө да аргасыз болдум. Мен сьюктуу миндеген үй-бүлөнүн бири Англияга, бири Германияга жол тартты. Анан шиштери менен түймөгүн көргөзүп: Эртеси күнү өзүмө келгенде кудай жалгап, кол эмгегими түйүнчөгүмдөн таптым.
Бул жанымда экенде эч качан тилемчилик кылбайм. Басып бара жатып да, эс алып отуруп да ар дайым токудум. Дантелдерим кайда болсун кардарсыз калбады. Ошон үчүн кудайга шүгүр акча таптым. Бул жерге келгенден мурун бир жерде күч-кубатымдан тайганымды сездим. Чаалыккандан колу-бутум сыздай баштады. Эң акыркы түймөлөрүмдү сатып бүткөн болчумун. Сата турган эч нерсем калбаганы үчүн эч кимдин эшигин кага албадым. Арандан зорго силердин эшигиңерге келип, эшигиңерди чалдык. Эгер силер бизге… Аял сөзүн бүтүрө албады. Арада бир жымжыртгык орноду. Барбара аялдын колундагы дантелдерди карап, толкундануу менен: Демек бул торлорду сен токуйт турбайсыңбы? Чынын айтсам такыр байкаган эмес экем. Аял шиштерин жана түрмөк жипти үстөлдүн үстүнө коюп жатып: Мырзайым! Чындыгыңца бул торлор сизге ылайыктуу эмес. Сиз көйнөктөрүңүзгө көбүнчө Брюсселде жасалган дантелдерди тагат көрүнөсүз. Сиз сыяктуу ак сөөк аялдарга ошолор жарашат. Ал эми биз токуган дантелдерди орто барлыктуу аялдар аябай кызыгып сатып алышат, дегеңде Барбара: Туура айтасыз. Менин туулуп-өскөн жерим Нюрнбергде да сиз айткаңцай.
Элдин баары тормолуу кийимдерди, өзгөчө тиреден жасалганын өтө жактырышат. Анын үстүнө булар жибектен жасалганына караганда арзан турат эмеспи. Мырзайым, биз жашаган жерде балдар кичинекейинен эле бул өнөрдү үйрөнө башташат. Ошоңдуктан кедейликтин эмне экенин билбей, жакшы, бакубат жашар элек. Жалгыз эле менин күйөөм эмес, бүгүндөй калк тапкан дүнүйөсүнүн бир бөлүгүн кыйын күндөр үчүн сактап койгонго мүмкүнчүлүгү жетчү. Бир убактар кыштактагы айрым үйлөр күйүп, чагылган чиркөөнүн мунарасын кыйратып кеткен. Мунун баарын сонун кылып калыбына келтиргенден кийин да акчабыз артып калган болчу. Албанын кишилери колубузда болгон нерсебизди тартып албагаңда бул күндөрдү көрмөк эмеспиз. Жибектен тор токуу аябагандай тажырыйба жана жөңцөм талап кылат. Ал эми биздин жиптен токулган торлорду балдар деле токуй алат. Карап көрсөңүз, мындан жеңил эч нерсе жок. Кыштагыбызда беш жашыңдагы балдар деле тор токуганды билишчү. Адегенде өрнөктү түзүп аласыз, андан кийин жипти ийиктерге түрөсүз. Ийиктер бири-бирине кайчы коюлат. Караңыз… Мына минтип… Илмекти кантип алдым? Апей, мырзайым сиз ыйлап атасызбы? Сизге эмне болуп кетти? Барбара колдорун бооруна кайчылаштырган бойдон көктү карап, шыбыранып отурган экен. Чексиз кубанычынын жана кудайга ыраазычылыгынын күбөсү болгон көз жаштары төгүлүп, жүрөгү алеп-желеп болуп жатканы жүзүнөн көрүнүп турду. Кеберсиген эриңдери менен: Оо жараткан! деп жалбарды. Сен бизге бир кут жибердиң. Жалгыз үмүтүбүз сенде болчу. Сен бизге бул кедей аялды жибердиң. Кайгыбыз кубанычка айлансын, кыштактын бардык үйлөрүндө бакыт орносун деп… Сүйүктүү айым, сен эми биздин жаныбызда кал. Мен сага жана сенин балдарыңа дос, тууган жана эне болоюн. Ушу кезде кыштагыбызды балакет каптап турат.
Баарыбыздын мойнубуз шылкыйып, сабырыбыз суз. Кенчилерибиздин балкаларын дат басты. Малыбыз өлдү. Талааларыбыз чөлгө айланды. Күйөөм колуңца болгонунун баарын кедейлерге таратып берди. Элдин баары ачкачылык, жокчулук ичинде кыйналып турганда, бир кишинин жардамы эмнеге жарамак. Бизге дантел токуганды үйрөт. Дароо чогулуп алып күндүр-түндүр дантел сого баштайлы. Токугаңдарыбызды башка шаарларга алып барып саталы. Балким ошентип бул кыйын абалдан чыгып кетербиз. Коломтобузга кайрадан береке толуп, кишилерибиздин жүзү күлгүсү бардыр. Тапкан пайдабыздын бир бөлүгүн сага беребиз. Бул балакеттүү күндөр өткөнгө чейин ар качан сага ыктыяжыбыз болот. Сен да бул жерде турмушуңду кайрадан куруп аларсың… Аял бул сунушту кубануу менен кабыл алды. Эртеси эртең менен Уттмандын сунушу менен элдин баары бала-бакырадан бери бир жерге чогулушту. Кендин ээси бир күн мурун үйүнө кайтып келип, диндар аялын кучактап туруп, эч кандай үмүт калбаганын ындыны өчө кабарлаган болчу. Эми болсо айланасындагы элге голландиялык аял алып келген жаңылыкты-дантел токуунун зарылдыгын айтып жатты.
Эл таң калуу менен Барбара менен балдарын карап турду. Бирок анча ишене беришкен жок. Учтары ийилген шиштер даярдалды. Клаусту Дрезденге жип алып келгени жөнөтүштү. Ал өрнөккө ылайык модель сызып бере турган сүрөтчү да таба келди. Баары даяр болгон соң сабак башталды. Бала-бакыранын баары көп өтпөй эле тор токуганды үйрөндү. Күн өткөн сайын кыйынчылыктар унутула баштады. Шектенүүлөрү жоголуп, үмүттөрү арта баштады. Кайрадан кыштактын көчөлөрүндө шайыр-шандуу ырлар угулчу болду. Арадан ошентип эки ай өтүп-өтпөй эле сатканы жиберилген дантелдердин акчасы келип калды. Аннабергдеги ошол кубанычты бир көрсөңүз! Эмгектеринин акыбети ашыгы менен кайтып, көп акча табышкан эле. Тилекке каршы, бул шатырашатман сүйүнүч узакка созулбады. Күйөөсүнүн өлүмү, башынан өткөн кайгылуу окуялар голландиялык аялдын жүрөгүндө терең из калтырып, анын шайын аябагандай оодарган экен. Бир күнү жүрөгү андан артык чыдай албай токтоп калды. Балдарын Барбара бооруна басып, кайгыларын унуттурганга аракет кылды. Кайраттуу аял көзү жумулганга чейин колунан дантелин түшүргөн жок, кыштактын элине үлгү болду. Кары-жаш дебей тор токуганды үйрөндү. Эркектер бүтүрүлгөн дантелдерди сатууга шаарга алып барышып, кайра уучу толо акча менен кайтышчу болду. Кыш түшкөнгө чейин ошентип иштешти. Жаз, артынан жай да келди. Өткөн жылга караганда аябагандай айырма бар болчу. Уйлар талааларда жайылып, талаадагы эгиңдин баштары жумшак желге ыргалып турду. Кыштак эли бактылуу эле. Германиянын кичинекей кыштагында башталган дантель токуу иши кыска мөөнөттө жайылып кетти. Жүздөгөн кыштактын эли акча жана берекет алып келген бу ишти жактырды.
Аны барган сайын жакшыртып жүрүп отурушту. Көпөлөктүн канатындай үлбүрөгөн назик дантелдер жаралды. Бай-кедей дебестен бу дантелдерди сатып алууга жанталашчу. Арадан жүздөгөн жылдар өттү. Азыр да ал кыштакта ошол голландиялык аялдын кыштакка келиши майрамдалат. Араңардан бирөө чыгып, Германияда бул өнөрдүн кандайча жайылганын изилдесе, биздин кыш бою бош жаткан кыштактарыбызга бул өнөрдү жайса, жөндөмдүү кыштак кыздарына үйрөтсө… Кыштак калкынын колуна көп акча тийсе, кыздарыбыздын жыпар жыттуу сеп сандыктарыңда көз нуру менен токулган дантелдер да болсо, атаганат.
- Алтын катылган жай
- Кыргыз эл оюндары. Басуу, Кыз куумай, Из туурамай
- Сулуу көрүп
- Манас. Көкөтөй атабыздын кассандра жөнүндө баяны
- Күзөттө
- Айкөл Манас. 1-китеп
- Сура Ат-Тарик
- Жаман уул, жакшы уул
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ТОКТОМАМБЕТ
- Сура Аль-Муминун
- Мурунун чүйрүү
- Көчө жана айыл тартибин сактоо
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ
- Кедейкан. Токтогул Сатылганов 1-бөлүм
- ТОКТОГУЛ СИБИРДЕН КЕЛГЕНДЕ ЭШМАМБЕТ ЫРЧЫ МЕНЕН УЧУРАШКАНЫ
- Кабырга туугандар
- АЙ, КҮН, КҮНДҮН ЖЕЛЕСИ
- Жакупбек
- Кыргыз эл оюндары. Жаа атуу, жааны алыстыкка атмай, жамбы атмай.
- Сура Ат-Тауба
- ЖАМГЫР
- Кузаматчылык
- Жер карама
- Топурактын эрозиясы
- Сура Ас-Сафф
- КЫМЫЗ ИЧҮҮДӨГҮ АДАТТАР
- Колу туткак
- Ош окуясы
- Ичкүптүлүк
- КЫРГЫЗ САЛТТАРЫ
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АККАН СУУ
- Этносту аныктоочу белги жок
- Ыза (новелла)
- Ыйкы-тыйкылык
- Сыйкырдуу торт.
- Манас. Чоң-чабуул алдындагы чатак
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БАЛОНУ ЖАРЫЛГАН АВТОБУС
- Шаршендин токтогул менен учурашуусу
- Нутрия
- МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН «УЗАК ЖОЛ» ПОВЕСТИНЕН БАЙБОЛОТТУН КАТЫ
- Абдыракунов Турдубай
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫГЫМ
- 1916-жылындагы кыргыз көтөрүлүшү
- Мидин кандай эле?
- Чычкылуу
- Нойгут
- АЙ
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КИМ БОЛДУ ЭКЕН?
- Кыргыз адабиятынын башаты
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ОТУЗ ЖАШ
- Адам укугунун жалпы декларациясы
- Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу
- «Атанын малы балага опо болбойт»
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СЕНИ КӨРБӨЙ КАЛГАНЫМА
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЖУМУШЧУ
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ШАП КАРМАЛЫП КАЛБАСПЫ
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ТОШУНУН ЖООБУ
- «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
- Отурукташуу
- ДАРАКТА ДА КЫЯЛ БАР
- Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк.
- Малдыбаев Абдылас
- Айдектөө
- Кузаматчылык
- Жыланга ак чачуу
- Бычакка түшүү
- Тери иштетүү жана тери буюмдары
- Кызыл карышкыр
- СУУ
- Кичинекей Асан жана энеси.
Кыргыз