АБШЫРСАЙ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ – Ноокат р-нундагы Көкжар кыштагынан 5 км түш. тарапта Абшырсай капчыгайында жайгашкан байыркы археол. эстелик. Асканын бооруна эчки-текелердин, даңазалуу даван аргымактарына окшош жылкылардын сүрөттөрү тартылган.
АВЗАКИЯ, Авзакиятоoлоpу (лат. Аuzасу mоntеs) – тарыхый топоним. Борб. Азиядагы байыркы тоо кыркасынын аталышы; А. шаары да болгон. Алардын орду так аныктала элек. К. Птолемейдин (б. з. 2-к.) «Географиясы» б-ча, А. 50–55° түн. кеңдиктерде түш.-батыштан түн.-чыгышка 1000 кмден ашык аралыкка созулуп жаткан. А. Гумбольдт (1843), В. В. Григорьев (1873), Ф. Рихтгофен (1877) ж. б. А. Теңиртоо системасына туура келет дешкен. А. Херман (1911) А. – кеңдик багытта эмес, меридиан б-ча Чыгыш Алай м-н Чыгыш Памирдин ордун басып жаткан тоо деп божомолдойт. А. калаасын айрым изилдөөчүлөр А. т-нун батыш жагына жайгаштырса, кээси Синьцяндагы Аксуу ж. б. шаарлардын аймагынан издешет.
АКБЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ Атбашы өрөөнүнөн Арпа өрөөнүнө өтүүчү Акбейит ашуусунда деңиз деңг. 3286 м бийиктикте жайгашкан байыркы, орто к-дарга таандык көрүстөндөрдөн, 17–18-к-га тиешелүү күмбөз ж-а мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. 13–14-к-га таандык күмбөз тегерек формада, жан-жактарына эшик сыяктуу анча баамдалбаган кырлар жасалган. Күмбөздүн төбөсү түшкөн. 17–18-к-да курулган күмбөз архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет.
АКБЕШИМ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 6–12к-дагы шаар калдыгы. Токмок ш-нан 6 км түш.-батыш тарапта. Түзүлүшү жагынан алгачкы орто кылымдагы Түн. Кырг-н үчүн мүнөздүү шаар. Шаардын борборуна туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, а.ч. м-н кесипчилик кылган шаардыктардын үйлөрү болгон. Негизинен турак-жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, көркөмдөлгөн буюмдар , о. эле шахристандын түш. тарабында жайгашкан 6– 8-к-га таандык эки будда храмынан архит., скульптура, живопись, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Бул шаарды Батыш Түрк ж-а Түргөш кагандыктарынын байтактысы – Суйаб деп эсептешет.
АКДӨБӨ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 9–12к-га мүнөздүү эстелик. Бакайата р-ндагы Акдөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз – Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар чалдыбары үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан ж-а рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы уз. 1080 м. Ал дубал чеп м-н коргондолуп, мунаралар м-н бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийик. 2,5 м. Шаарга түн. жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. 336 Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак-жайлар м-н курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак-жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин ж-а металл калдыктары, чопо казан, кумара, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карапа идиштери оймо-чиймеленип, сыр м-н кооздолгон. А. ш. ч-нын калдыгын орто кылымдагы жазма булактардагы Кул ш-нын орду м-н байланыштырышат.
АКСАЙ – жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкар (11-к.) анын Үч (азыркы Үчтурпак) округунун аймагына жакын экенин билдирет. Орто кылымдагы адабияттарда А-га чектеш же жакын жаткан Торугарт ашуусу, Атбаш шаары, Арпа-Йасы талаасы, Ташрабат кербен сарайы ж. б. аталат. Буга караганда байыркы А. азыркы Аксай сыртына туура келери шексиз. А. өрөөнүн жерг. көчмөн эл эзелтен эле пайдаланып келген. Көкаргын м-н Сариймектен табылган неолит мезгилинин буюмдары буга ачык далил боло алат.
АКСЫКЕТ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – байыркы шаар калдыгы. 10-к-да Фергана өрөөнүнүн борб. болгон. А. ш. ч. Сырдарыянын оң жээгинде, азыркы Наманган шнын жанында жайгашкан. Аксыкет ш. моңголдор мезгилине чейин ж-а Амир Темирдин тушунда да чоң шаар болуп, көчмөн кыргыздар үстөмдүк кылып турушкан; шаар катары соода-сатык, илим-билимдин да борб. болгон. Орто кылымдагы тарыхчы, Сайпидин Аксылык (Мажму-ат-Таварихтин автору) ушул шаарда туулуп өскөн. 1510-ж. жер титирөөдөн кыйрап, калкы анын жанындагы Наман айылына көчүп кеткен. Кийин анын ордуна Наманган ш. пайда болгон.
АЛА – жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкардын «Диван лугат-аттүрк» китебинде (11-к.) Ферганага жакын жайгашкан жайлоо деп баяндалат. Кыргндын түштүгүндөгү Алай өрөөнүн билдирери шексиз. Аты, ээлеген геогр. орду ж-а чарбачылыкта пайдаланылышы жагынан А. м-н Алай өрөөнүнүн окшоштугу ачык эле байкалат. Археол. табылгаларга, табигый маалыматтарга караганда жери кеңири, чөпчары мол Алай өрөөнү эзелтен эле атактуу жайлоо болгон, андан Батыш м-н Чыгыш элдерин байланыштырган кербен жол өткөн. Айрым изилдөөлөр «Улуу жибек жолунун» негизги тармагы Алай өрөөнү аркылуу өткөндүгүн көрсөткөн. Аталыш башында байыркы түрк тилинде алаа («кызыл») формасында айтылып, кийин кыргыз тилинин ыкмасы м-н «алай» түрүнө өткөн көрүнөт. Азыркы жакут (саха) тилинде лексема ушул мааниде. Алай өрөөнүн курчаган неогендин кызыл чопо, кум-таштары мындагы көп жердин аты болууга негиз болгон (мис., Кызылсуу, Кызылагын, Кызылтоо ж. б.).
АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ – б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археол. эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түн.-батыш бооруна аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын ж-а жылкылардын сүрөттөрү тартылган. Алардын арасында тартылган 4 жылкынын турпаты даван аргымактарына окшоштурулат. Чоподон жасалган байыркы идиштердин сыныктары ж-а күмбөздүн урандылары табылган.
АРГУ – тарыхый энчилүү ат; орто кылымдагы эмгектерде Орто Азиядагы аймак, шаар, уруу, өлкөнүн аты. Байыркы түрк рун жазмаларында Талас м-н Чүй д-нын ортосунда жайгашкан өлкө катары эскерилет. Махмуд Кашкар (11-к.) б-ча А.– капчыгай, эки тоо арасындагы өрөөндү билдирген термин, Исфиджан м-н Баласагындын ортосундагы өлкө (мында көбүнчө Согдудан ооп келгендер жашаган), Тараз (Жамбыл) шаарынын бир аты (argytalas; altun argy ulus), түрк урууларынын бири. Жемал Карши (13к.) А.– Чагатай уруусунун негизги бөлүгү (борбору – Алмалык) деп белгилейт. Саякатчы Г. Рубруктун (13-к.) чыгармасында А.– Organum түрүндө кезигет. 19-к-дагы эмгектерде А.– Кашкар аймагынын түн.-батышындагы тоолуу аймак; азыркы мезгилде Коктун тоолору деп аталат.
АРДЛАНКЕТ, А р д л а н к а т, А р д е л а н к е т, А р д л а н к а с – тарыхый топоним. Орто кылымда Жидгил (Жадгал) округуна караган шаар. Араб-фарсы адабияттарында ал калаа жөнүндө айрым маалыматтар кезигет. Истахри (10-к.) А. Шаш округуна кирет, Илак (орто кылымда – 337 Ахенгеран, азыр – Ангрен) м-н Парак (Чырчык) д-нын аралыгында, Кассан ш-нан эки станция алыс турат дейт. Ибн-Хаукал (9к.) А. Жидгил облусундагы шаар, бул аймакта андан башка калаа жок экендигин жазат. Орто кылымдагы Жидгил округу азыркы Чаткал өрөөнүнүн аймагы (В. В. Бартольд, 1900). А-ке Чаткалдын сол куймасы Аксуунун чатындагы Күлбөскан шаар чалдыбары (10–12-к-дар) төп келет.
АРПА-ЙАЗЫ – жердин аты, тарыхый топоним. 15-к-дагы кол жазма эстеликтерде («Зафар-наме», «Матла ас-садайн ва маджма ал-бахрайн» ж. б.) Тимурдун Моголстанга жасаган жортуулдарына байланыштуу эске алынат. Тимурдун тарыхын жазган тарыхчылар (Низамаддин Шами, Шараф аддин али Йезди, Абд ар-Раззак Самарканди) А.-Й. Атбашыга жакын жайгашкан өрөөн, жайлоо экенин, аны Тимурдун аскерлери бир нече жолу басып өткөнүн белгилешкен. Айрым изилдөөчүлөр А.-Й. эки суунун (Арпа м-н Жазы) атын билдирет деген корутундуга келишкен. Чынында топоним эки башка сууну эмес, бир эле жерди, аймакты билдирет. Аталган эмгектерде да ушундай. Тимурдун аскерлери азыркы Арпа өрөөнүнөн өтүп, андан Фергана тоосун ашып, Жазы (Йазы, Яссы) суусун бойлоп кеткени ырас. Бирок булардын ар бири өзүнчө аймак, алардын жеке аты бар. А.-Й. азыркы Арпа өрөөнүнө гана таандык. Жери түзөң, жазы (кенен) талаа болгондуктан, бул аймак, берекелүү жайыт – А.-Й. аталып калган. Номендин жазы эмес йазы түрүндө жазылып калышы, эски чагатай тилинде, жалпы эле карлук-хорезм тобуна кирген тилдер «ж» ордуна «й» формантынын колдонулушуна байланыштуу.
АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ – 16–18-к-га таандык археол. эстелик. Жалалабат облусунун Базаркоргон р-нундагы Арстанбап кыштагынын аймагында, Арстанбап суусунун сол өйүзүндө. Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м; кумпа чатырлуу. Күмбөздүн дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөттөрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. А. к. Орто Азия элдеринин соңку феодализм дооруна таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет.
АРЫКТУРУК (Аrug turug, Арык-Торук)– жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкар «Диван лугат-ат-түрк» (11-к.) китебинде «Арик-Турукту» эки жолу эскерет. Адегенде аны «Фергана м-н Кашкардын ортосундагы бийик жердин аты, өтүүгө кыйын бийик жол, даван» деп белгилейт. Азыркы топографиялык карталарда номен «Арктурк суу», «Арык-Торук» ашуу ж-а «Арык-Торыксуу» болуп эки түрдө кезигет. Азыр А. Махмуд Кашкар мындан 900 жыл мурун жазгандай Фергана м-н Кашкардын ортосунда жайгашкан бийик тоолуу (3000–4000 м) жер. Негизин түш.-батыштан түн.-чыгышка 500 кмге созулган А. суусунун тар капчыгайлуу эки өрөөнү ээлейт. Эки өрөөндүн ортосунда А. ашуусу (3524 м) жайгашкан. Өрөөндү эки жактан куушурган Алайкуу м-н Үчташ тоолорунун капталдары тик, аска-зоока, корумташтуу. Жери негизинен каксоо; кургак талаа ландшафты басымдуу. Жайытка ылайыктуусу А-тун түн.-чыгыш жагы. Бул жерлерди эзелтен кыргыз журту мекендейт. Жол Махмуд Кашкар жазгандай А. даванын ашып эки тарапты көздөй бет алат. Архивдик документте (1880-ж.) Улуучаттан (азыркы Синьцзян-Уйгур автономия району) башталган жол «Арыктурук» суусун бойлой, Сабажардын белин ашып, Алайкууга түшөт деп көрсөтүлгөн. 1885-ж. А. жери м-н түн.-чыгыштан түш.-батышты көздөй орус экспедициясы (Б. Л. Громбчевский, Ф. Касымбеков ж. б.) өткөн.
АСКАТАНК ТООЛОРУ (лат. Аscatancas montes)– тарыхый топоним. К. Птолемейдин (б. з. 2-к.) маалыматы б-ча Орто Азияда жайгашкан. 140° чыгыш уз., 43°түн. к-те меридиан багытындагы Имай тоо системасынан түн.-батышты карай 130° чыгыш уз. ж-а 49° түн. к-ке чейин созулуп жаткан. Байыркы сак уруулары ушу тоолордун эки тарабын мекендеген. А. М. Мандельштам (1957) Аскатанкты Фергана тоо тизмегине, С. Өмүрзаков (1959) Түн.Батыш Теңиртоого туура келет деген пикирге келишкен. Бирок байыркы топоним азыркы геогр. номенклатурада сакталган эмес. Ал «аска таг» (аска тоо) деген сөздү билдириши мүмкүн.
АТБАШ (Атбашы) тарыхый шаардын аты. А. шаары ж-дөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбехтин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп», 9-к.), Кудама Ибн Жафардын «Китаб ал-харадж» («Салык жөнүндө китеп», 10-к.) деген эмгектеринде А. шаар экендигин, анын 22–27 338 геогр. ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, анын Тибет, Фергана ж-а Барскандын ортосунда жайгашкандыгын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда А. 9-к-га чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыңгайлуу геогр. орду ж-а табигый шарты б-ча А. 9–12-к-да ж-а андан кийин да бүткүл Ички Теңиртоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, могол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж. б. ортосундагы соода ж. б. катнаш да А. аркылуу жүргөн. А. көп тарыхый окуяларга, нечен кандуу салгылашууларга күбө болгон. 14к-дын 70-жылдарында Тимурдун жортуулдарына кабылган. 13-к-дан А. көпкө эске алынбайт. 1331-ж. түзүлгөн картада «Атебаши» белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде А-нын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Каракоюн өзөнүнүн сол кашатындагы Кошойкоргон чебинин чалдыбары б. А. ш-нын орду деп эсептешет. Бул ойду адеп ошол чалдыбарды 1894-ж. биринчи изилдеген В. В. Бартольд (1893, 1897) айткан Н. Ф. Петровский ага кошулбай, шаар Алабуга суусунун жээгинде турган дейт. Азыркы археол. изилдөөлөр б-ча Кошойкоргондун ордунда 9–14-к-да шаар болгон. Бул чепке жакын, Атбашы м-н Каракоюн сууларынын аралыгында бийик чоң дөбө (Чештөбө) бар. Андан табылган түрдүү эски буюмдар Чештөбө м-н А. убагында бир шаар комплексин түзсө керек деп божомолдоого негиз берет. Шаардын атын. о. кылымдагы авторлор дайыма Атбаш түрүндө жазышса, моголстандык тарыхчы Мухаммед Хайдар Атбашы деп номендин азыркы формасын берген. Хайдар Атбашыда көп ирет болгон; к. Атбашы району, Кошойкоргон шаар чалдыбары макалаларын.
АТЛАХ – орто кылымга таандык Талас өрөөнүндөгү ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда жайгашкан. Шаар тегерете чеп м-н курчалып, мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу ж-а бак-шактуу шаар болгон. А. шаары кытай аскерлери м-н араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы салгылашуусу болгон жер катары тарыхта белгилүү. БАДАЛАРТ – тарыхый топоним, Какшаал кырка тоосундагы ашуунун аты. Тан династиясынын тарыхына караганда бул ашуу Бода, Бада (Бодалин), Баньд деген аттар м-н 7–8-к-дан бери эле белгилүү. Таншуда булар Үчтурпан м-н Ысыккөлдүн ортосундагы тоолор деп каралат. В. В. Бартольддун (1893) ою б-ча Бода (Бада) Какшаалдагы Бедел тоосун билдирет. Бада түрк тилиндеги бадал деген сөздүн калькасы болуу керек. Махмуд Кашкар өзүнүн «Түрк тилдеринин сөздүгү» (11-к.) китебине «Бадаларт Үч (Үчтурпан) м-н Барсагандын (Барскон) ортосундагы бир жай, өтүүгө кыйын чоку» экенин айкындайт. Үчтурпандыктар Бедел ашуусун азыр деле Бадалдаван дешээри жөнүндө саякатчы С. Сунаргулов 1879-ж. жазган. Ашуунун, тоонун, андан башталган суунун кыргызча аты башынан эле Бедел. Сибирдик тарыхчы И. Г. Андреев кыргыз жеринде Беделен деген адам жеткис аскалуу улуу тоо бар деп мындан 200 жыл мурда эле жазып кеткен. Орус саякатчысы Мокин 1820-ж. Беделди ашып, аны картага түшүргөн. Немец географы А. Гумбольдт Теңиртоодогу эң белгилүү ашуунун бири Бедел деп белгилеген (1831-ж.). Б. (Бедел) аркылуу түрк элдери эзелтеден катташып келген. Кербен жол, көптөгөн саякатчылар (1885-ж. Н. М. Пржевальский да) ушул ашуу м-н өткөн. к. Бедел ашуусу макаласын.
БАЛАСАГЫН – орто кылымдарга таандык шаар. Жазма даректерге ж-а археол. табылгаларга караганда ал азыркы Токмок ш-нын түш.-батышындагы Бурана аймагында жайгашкан. Адегенде караханилер, кийин кидандар мамл-нин борб. болгон. Б. жөнүндөгү алгачкы маалымат араб саякатчысы ж-а географы аль-Мукаддасинин чыгармасында (10-к.), Махмуд Кашкардын «Диван лугат-аттүрк» деген сөздүгүндө (11-к.), Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» (11-к.) аттуу чыгармасында ж. б-да эскерилген. Махмуд Кашкардын сөздүгүнө караганда шаардын 3 аты болгон: Баласагын, Куз-улуш, Куз-орду. Махмуддун картасында ал Тараз ш-нын түштүгүндө (чындыгында чыгыш тарабына) жайгаштырылып, тоолор м-н курчалган. 13-к-дагы айрым авторлор Б-ды Чүй д-нын жээгине, Алмалыктан (азыркы Кулжанын жанында) Таласка кетүүчү жолдун боюнда жайгаштырат. Абу-ль-Фида (14-к.) шаардын атынын кандай жазылышын ж-а координатын (91°35/ же 91°50/ чыгыш узундук, 47°40/ түн. кең339 дик) берет. Мухаммед Хайдар (16-к.) Бдын ордунан мунара ж-а медресеси бар чоң шаардын урандыларын гана көргөн. Мунед жим-Башы (17-к.) да Б-дын координатын берген. В. В. Бартольдун ою б-ча Б. 14-к-дагы узакка созулган өз ара согуштардан кыйраса керек. Бурана (Баласагын) геогр. ж-а стратегиялык жактан өтө ыңгайлуу өрдөө жерден орун алган. Бул төрдөн (абс. бийиктиги 1080 м) Чүй өрөөнүнүн кеңири мейкиндиги, андагы чоң кербен жолундагы кыймыл аракет айкын көрүнгөн. Баласагын тоосу аркылуу өткөн жол да дайыма көздүн кырында турган. Б-дын өнүгүшүнө, мамл. борбор болушуна анын геогр. абалы, табигый ыңгайлуу шарты (жеринин рельефи, күрдүү топурагы, агын суусунун молдугу, жайытынын кенендиги ж. б.) өбөлгө болгон. Шаардын чалдыбары өткөн кылымдын 80-жылдарынан тартып казылып, изилдене баштаган. Бирок аны системалуу түрдө изилдөө совет мезгилинде гана ишке ашты. Азыркы маалыматтарга караганда Б. ш. 10–14-кда өнүккөн. Шаардын, жалпы эле Чүй журтунун б. тарыхы ж-дө Бурана кыш-нда түзүлгөн музей-корук кеңири түшүнүк берет.
БАЛАСАГЫН ТООЛОРУ – тарыхый топоним. Махмуд Кашкардын түрк тилдеринин сөздүгүндө (11-к.) кезигет. Баласагын ш-нын (Бурана) геогр. ордуна карата Б. т. Кыргыз Алатоосу м-н салыштырылат. Аталган эмгекте «Кочнар баши» (Кочкорбашы) м-н Баласагындын ортосунда «Занбиарт» деген жер бар экени айтылат. В. В. Бартольд (1887) бул жерди Кыргыз Алатоосундагы Шамшы ашуусуна туура келээрин айткан, о. эле к. Баласагын макаласын.
БАРОКУХ – тарыхый топоним, Ош ш-нын аймагындагы Сулайман тоосунун мурунку аты. Ал адабиятта 14-к-дын башынан белгилүү. Адегенде (1303-ж.) кашкардык тарыхчы Жемал Карши Барака формасында эскерет. Захиреддин Бабур өзүнүн китебинде Б. – тоо, Ош чебинин түш.-чыгышында жайгашкандыгы, тоонун үстүндө эки чакан кужра («таш үй») тургандыгы, анын ылдыйкысын 1496–1497-ж. өзү курдургандыгы, тоодон табылган өтө кооз таштан бычакка сап, курга каңылтыр ж. б. буюмдар жасалаары; тоодон чоң булак агып түшкөндүгү ж. б. жөнүндө жазат. Б. фарсы, тажик тилдеринде –«Сонун тоо» (баррок – сулуу, көркөм, сонун, кооз; кух – тоо маанисинде). Кийин бул энчилүү ат унутулуп тоо бара-бара Сулайман тоосу аталып калган.
БАРСКАН, Б а р с х а н, Б а р с г а н, Б а рс а г а н, Ф а р с х а н–тарыхый топоним, орто кылымдардагы Орто Азия м-н Кашкардын аймагындагы шаар, кыштак, дарыя, уруу ж-а кишинин аты. 8–12-к-дагы араб-фарсы кол жазмаларына караганда ошол кезде Ысыккөл өрөөнү Жогорку Барскан округуна кирген. Тамим ибн Бахр (8к.) ж-а Кудаманын (10-к.) маалыматтары б-ча округга 8 шаар кирип, алардын төртөө чоң шаар болгон. Шаарлардын атыжөнүн, алып турган ордун «Худуд алАламда» («Дүйнөнүн чектери», 10-к.)– Сикуль шаары Ысыккөлдүн түн. жагында, Тоң (Тунук) ж-а Талхиза кыш. көлдөн ары, тоолордун арасында, чигил м-н карлуктардын чегинде, ал эми округдун борбору – Б. көлдүн жээгинде жайгашкандыгын билдирет. Автору белгисиз бул эмгекте Б. жакшы курулган, келишкен бай шаар, аны карлуктар бийлейт деп айтылган. Ошондой эле фарсы тилинде жазылган Абусаид Гардизинин «Кабарлардын көркү» (11-к.) деген чыгармасында Б. – чигилдерге караштуу шаар экени, анын 6000 аскер бере алары баса белгиленген. Андан мурун (10-к.) Кудама Б. округунун гарнизону 20 миң кишиден ашат, ал көлдүн жээгиндеги бир шаарда деп жазган. АлИдрисинин 1154-ж. түзүлгөн дүйнөнүн картасында Жогорку Барсхан (Барсахан) Сахан же Түрк көлүнөн (Ысыккөл) алыс (түш.-батышта) көрсөтүлгөн. Б. «Улуу жибек жолунун» бир тармагында жайгашып, чыгыш м-н батыштын ортосундагы байланыш, соода катнаштарынын белгилүү түйүнү болуп, түргөш, карлук, карахани ж-а кидан феодал мамл-нин саясий, экон. ж-а маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. Ысыккөлдүн аймагын жакшы билген Махмуд Кашкар (анын атасы Б-да туулуп, өзү Барскан, Баласагында чоңойгондугу божомолдонот) «Түрк тилдеринин сөздүгүндө» (11-к.) шаарды бир нече жолу эскерип, аны Афрасиабдын уулу Барсаган салдырган, шаар ошонун атынан коюлгандыгын билдирет. Гардизинин оюнча шаарды Фарсы жеринен келгендер курган, ошондон Фарсхан (Барсхан)–«Фарстардын каны» аталган. Тарыхый ж-а археол. изилдөөлөр орто кылым22* 340 дагы Б-дын орду азыркы Барскон кышнын аймагындагы эски шаардын чалдыбарына туура келет деген корутундуга келди. Чалдыбардын аянты 4 км2. Ал ыңгайлуу геогр. орунду ээлеп, 8–12-к-да өнүгүп турган. Батыш м-н чыгышты, түн. м-н түштүктү (Жетисуу, Чыгыш Түркстан ж. б.) байланыштырган кербен жолдору, Нарын м-н Сарыжаздын сырттарындагы жайыттар Б-дын карамагында болгон. Ысыккөлдүн ыңгайлуу табигый шарты Б-дын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн.
БАЧИНО – тарыхый топоним, Балыкчы ш-нын мурунку кыштак кезиндеги аты. Кыштак катары 19-к-дын 70-жылдарынан бери белгилүү. Мында (Кызыл токой деген жерде) 1871-ж. бир гана түтүн балыкчы орус жашаган. 1884-ж. Кызыл токойго М. И. Бачин көчүп келип, там салып, Ысыккөлдөн балык кармаган. Кийин бул жер Бачино атыгып кеткен. 20-кылымдын башында Бачино кичинекей кыштак болуп кала берген, анда он чакты гана жапыз там үй, бир нече боз үй турган. 1909-ж. Балыкчы аталган. 1915-жылдын аягында Балыкчыда 24 короодо 137 киши жашаган, анын 20 түтүнү балык кармап күн көргөн. Ошондуктан жерг. эл кыштакты Балыкчы деп атаган, к. Балыкчы шаары макаласын.
БЕШТАШКОРОО КӨРҮСТӨНҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Каратоонун этегинде жайгашкан. Байыркы түрк дооруна (6– 8-к.) таандык. Аска бетине түшүрүлгөн тоо текелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тоо текелерге жаа м-н аңчылык кылуу көрүнүштөрү кездешет. Ошондой эле жылкы, түлкү, карышкырлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да бар. Маркумдун минген аты м-н кошо көмүлгөн салт басымдуулук кылып, көрүстөндөрдөн жоокердин, аялдын, жаш баланын жандарынан жылкынын сөөгү, ооздугу ж-а токулган ээрлер табылган. Жылкысы жок өзү гана көмүлгөн көрүстөндөгүлөрдү тирүү кезинде социалдык абалы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин коюу салты ошол мезгилде калыптанып, 13–14-к-га чейин уланган.
БЕШТАШ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12к-га таандык шаардын калдыгы. Талас р-нундагы, Бешташ капчыгайында жайгашкан. Археол. табылгалары б-ча Б.ш.ч. 3кө бөлүнөт. 1-шаар чалдыбары Козучак айылынан 0,7 км түштүктө жайгашып, 120165 м аянтты ээлейт. Дубалдын бийикт. 3 м. Дубалдары мунара м-н бекемделген. Түш.-чыгыш ж-а түн.-чыгыш жагында эки дарбаза курулган. Чыгыш бурчунда 3650 м аянтта цитадель жайгашкан. Карапа сыныктары табылган. 2-шаар чалдыбары 2 бөлүктөн турат. Курчалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы чыгыш бөлүгүндө. Түш.-чыгыш бөлүгүндө 1012 м келген курулуштун изи билинет. Түн.-батыш жагында тереңдиги 1,5 мге жеткен атайын казылган чуңкурлар бар. Алардын эмнеге кызмат кылганы белгисиз. Дубалдын түн. ж-а түш. сыртында аң казылган. Дубалдын түн. жагында 60 мге созулган атайын жасалган тектирче жайгашкан. Андан карапалардын сыныктары табылган. Алар 1-шаар чалдыбарынан табылган материалдарга окшош. 3-шаар чалдыбары 2-шаар чалдыбарынан 12 км алыстыкта жайгашып, чарчы формадагы 2 бөлүктөн турат. Сырткы бөлүгү 45-45 м. Ички бөлүгү 25-25 м. Сырткы бөлүгүндөгү маданий катмар 0,4 м, ички бөлүгүндөгүсү 0,6 м. Дарбазанын ордун билүү мүмкүн эмес. Карапа сыныктары табылган.
БОЛОР – тарыхый топоним. Борб. ж-а Орто Азияда меридиан багытында созулуп жаткан болжолдуу ири тоо системасынын аты. Б. жөнүндөгү идея б. з. ч. 4–3-к-да Байыркы Грецияда жаралган. Ал античный доордон өткөн кылымдын ортосуна чейин Имай (Европада), Цунлин (Кытайда), Болор, Белур, Мустаг (Батыш Европа, Орусияда) деген ат м-н картага түшүрүлүп келген. 19-к-дын 30–40-ж-да немец географы А. Гумбольдт меридиандык тизмек жөнүндөгү эски түшүнүктөрдү кайра карап чыгып, Азия материги кеңдик ж-а меридиандык багытта созулган залкар тектон. тоо системалары м-н курчалган, а. и. меридиандык Б. өзгөчөлөнүп турат деген тыянакка келет. Анын ою б-ча Б. 32°30′дан (Гималайдын батыш четинен) башталып, түндүктү карай 45°20′га (Түш. Казакстандагы Каратоого) чейин 1450 кмге созулат; 35° м-н 40° кеңдиктердин ортосунда анын бийикт. 5500–6000 м келет; Б. м-н Теңиртоонун кайчылашкан жери бийик тоо тоомуна айланып, анын түйүнүн Оштун жанындагы Сулайман тоосу түзөт. Кытайлардын Цунлин тоо тизмегин Гум341 больдт Болордун бир бөлүгү деп эсептеген. Бирок акыркы 100–150 жылдан берки изилдөөлөр Б. жөнүндөгү гипотезаны ашкерелей алган эмес. Ошого карабастан айрым илимпоздор меридиандык Музтаг, Коңур, Ташкоргон ж. б. тоо кыркаларын Б. системасынын бар экендигин далилдөөчү факт деп карашкан. Б. деген топоним Орто Азиядагы байыркы элдин, өлкөнүн атынан келип чыккан. Тарыхый адабияттардын маалыматтары б-ча (5–9к-да) Б. Кашмир м-н Памирдин ортосунда жайгашкан. Памирдик кыргыздар Болор м-н Чытрал (Пакистандын түндүгү) синоним, бир жердин аты деп эсептешет.
БУРАНА – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архит. эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Токмок ш-нан 15 км түш.батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, 10-к-дын аягы–11-к-дын башында курулган. Бышкан кыш м-н төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме м-н кооздолгон. Ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийикт. 14 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын. Мунара кайрак ташка чегилген жазуу ж-а ал Баласагындык мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Б. Борб. Азиядагы мунара архит. эстеликтеринин эң байыркысы. Мунара Кырг-ндын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Б-нын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагын ш. өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 13–14-к-да шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–76-ж. Б. оңдолуп, калыбына келтирилген.
БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – орто кылымдарга таандык шаар калдыгы. Токмок ш-нан 15 км түш.-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында, Бурана суусунун өйүзүндөгү кеңири аянтта жайгашкан. Шаар урандысы сакталып калган архит. мунара эстеликтин атынан шарттуу түрдө Бурана ш. деп илимге киргизилген. Жазма ж-а археол. булактардын негизинде шаар алгач араб саякатчысы Ал-Махдусинин (10-к.) ж-а М.Кашгаринин (12-к.) эмгектеринде эскертилген Баласагын ш. м-н салыштырышат. Бул шаардын экинчи аты – Куз-Ордо. Шаар алгач Бурана суусунун оң өйүзүндө негизделип, шаар башкаруучулары үчүн коргондолгон борб. сепил (цитадель) курулган. Аны шаардыктардын жыш жайгашкан турак жайлары ж-а курулуш имараттары, ички шаар-шахиристан курчап турган. Сепил ж-а шахристан сыртынан бекемделген төрт чарчы сымал дубалдар м-н чыңдалган. Дубалдардын уз. түн. ж-а батыш тарабынан 570 м, түштүгү 600 м, чыгышы 500 м узундукта болуп, дубалга кароол мунаралары жайгашкан. Шахристанга ж-а сепилге батыш дубалда жайгашкан дарбаза аркылуу киришкен. Шахристандын айланасына кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, дыйкандардын ж. б. калктын турак-жайлары, имараттары жайгашып, сырткы шаар-рабат өсүп чыккан. Шаардын айланасы сыртынан уз. 15 кмге созулган кош жал м-н бекемделип, айланасына чуңкур казылган. Шахристандын аймагында аянты 100100 м, бийикт. 10 м келген дөбө урандысында 10–12-к-га мүнөздүү дөөлөттүү адамдын турак-жайы ачылган. 13–14-к-га да мүнөздүү мүрзөлөр табылган. Ошондой эле шаар аймактарында төрт архит. мавзолей, мечит, чиркөө, мончо ж. б. курулуштар белгилүү. Курулуштарга бышкан кыш колдонулган. Шаар калкы чоподон жасалган түтүктөр аркылуу суу м-н камсыз болгон. Шахристандын түш.-чыгышында бийикт. 24 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 м келген мунара сакталып калган. Ал бышкан кыштан курулуп, сыртына оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолуп жасалган. Ичинде төбөсүн карай буралып чыгуучу тепкич жасалган. Ошондой эле шахристандын ж-а рабаттын аянттарында кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин устаканалары, карапа ж-а кыш бышыруучу, металл иштетүүчү мештер ачылган. Шаарда базар жайгашып, тыйын чыгаруучу жайлар болгон.
БУТТЕМ (ал-Буттам, ал-Буттаман, Бутаман, pottman) – тарыхый ороним, Орто Азиядагы тоолуу өлкөнүн орто кылымдагы аты. 7–12-к-дагы араб-фарсы геогр. адабияттарда, муг документтеринде ал Фергана м-н Пянж д-нын аралыгында жайгашкан, орографиялык түзүлүшү татаал Биринчи же Ички Б., Орто Б., Тышкы Б. болуп 3 бөлүккө бөлүнгөн. Азыр алар342 ды Ысар (Гиссар), Заравшан ж-а ТүркстанАлай тоо кыркалары м-н салыштырышат. Ал-Истахри (10-к.) Б.–адам жеткис бийик аска тоолор, анын көп жери суук, ызгаардуулугун, тоолордо алтын м-н күмүштүн кендери, кеперез м-н нашатырь бар экендигин жазган. «Дүйнөнүн чектерин» (10к.) жазган белгисиз фарсы географы Бутамандын чыгыш чеги Хурсаб (Куршаб) суусунун башына чейин барат деп көрсөткөн. Азыркы геогр. номенклатурада Б. кезикпейт.
БУУГАН, К ө т м а л д ы –Кочкор (Чүй) суусунун Ысыккөлдү көздөй кеткен айрыгы, салаасы; эски нук, сай. Балыкчы шнын түш.-батышында. Уз. 8 кмдей, жазылыгы 18–180 м, тереңд. 3–4 мге жеткен. Бирок кийинки жылдарда Көтмалдынын аймагында жерди өздөштүрүү иштеринин натыйжасында өзөн бир топ өзгөрүүгө учураган; баш жагы түзөтүлүп айдоого айланган, ылдый шаарга жакын жерин ө. ж. ишканалары, жол курулуштары ээлеген. Эски нуктун сакталып калган бөлүгү ортосунда, анын уз. 3 кмдей, азыр кургак сай. Көтмалдынын аянты Ысыккөлдүн жээгиндеги Кызылсазды аралап өтөт. Бул 500 м аралыкта эски нук м-н бир аз кара суу агат. Көтмалды айрыгынын пайда болгон убагы белгисиз, бирок анын акыркы 130 жылдык абалы негизинен маалым. Илгери саратан жайда, Кочкор дарыясы кирген мезгилде суу көптүгүнөн өзөнгө батпай, кашаттарга чейин жайылып, Боом капчыгайын карай имерилиште суу жээктен ашып, аны жемирип жердин ыгына карай эңкейиш м-н төтө Ысыккөлдү көздөй агып, Бууган салаасын пайда кылган. Жайдын аягында Кочкор суусу тартылганда Б-дын айрыгында аз эле суу калып, күзүндө биротоло токтолгон. Бул мезгилдүү салаасы Көтмалды же Бууган атыккан. Кочкор суусун торогон Орто токой бөгөтү курулгандан бери (1960) Б-дын нугу кургап, аны м-н дарыя суусу акпай калган. Кылымдар бою Б. бир калыпта турган эмес. Анын абалы (узун-кыскалыгы, чоң-кичинелиги) көбүнчө Ысыккөлдүн деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Көлдүн суусу көбөйүп, Ысыккөл чанагына батпай, Боом капчыгайы аркылуу Сары өзөн Чүйгө куйган убакта (17-к-дын ортосу–19к-дын 1-чейреги) Б. көл суусунун астында калган. Кийин көлдүн тартылышы м-н салаа кайта калыбына келип узарган ж-а нугу кеңейип тереңдеген. 1856-ж. күзүндө (П. П. Семеновдун1867-жылкы маалыматы б-ча) Көтмалдынын жазылыгы 12 мге, 10 жылдан кийин (Ф. Р. Остен-Сакен, 1869) 15 мге жеткен. 1960-ж. Көтмалдынын аймагы ченелип, картага түшүрүлгөн кезде (М. И. Венюков, 1860) салаанын уз. 3,5 км, суунун тереңдиги (май айында) 180 смден ашык, агын суунун ылдамд. 103 м/сек болгон. 1898-ж. май айында Б-дын уз. 5,5 кмге жетип, өзөн м-н Ысыккөлдү көздөй чыгымы 10 м3/сек болгон суу аккан (Л. Шеффер, 1899). Эгер Көтмалдынын байыркы (плейстоцендин аягы, голоцендин башы) тарыхына токтолсок, мындан 9–10 миң жыл мурун Б. аркылуу Пра–Чүй суусу аккан; анын 32 кмге созулган уландысы Балыкчы булуңунун таманында суу астында жаткан өзөндүн нугунан көрүнүп турат. Көтмалды топоними адабиятта өткөн кылымдын башынан бери белгилүү («Манас» эпосунда ал андан мурун эле айтылып жүргөн). Бирок европ. илимпоздор үчүн анын абалы бүдөмүк болчу: А. Гумбольдт (1831), К. Риттер (1832) ж. б. Көтмалдыны Ысыккөлдөн агып чыккан суу деп караган. Бул өзөндүн картадагы так ордун, абалын илимде биринчи болуп 1856-ж. П. П. Семёнов аныктаган. Ал эми Бууган топоними – адабияттарда 1875жылдан кезигет. А. В. Каульбарс (1875) аны казылган аң, арык (канава), В. В. Сапожников (1903) – Кочкор суусунун бир айрыгы деп эсептеген. Бул эки аттын качан ж-а кандайча пайда болгону, этимологиясы белгисиз. Карылардын айтуусуна караганда номен Көтмалдынын нугун тороп, бууган деген сөздөн чыгышы ыктымал. Өзөндүн айрым жерлери Бууланарык, Бууганчий, Акчийбууган ж. б. аталып, өрөөндүн өзгөчөлүгүн билдирет. К. Көтмалды макаласын. ГҮЛЧӨДӨБӨ – б. з-дын алгачкы кылымдарына таандык археол. эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай р-ну) аймагында жайгашкан. Анын айланасы бекемделген төрт бурч сымал сепил түрүндө экендигин ж-а а. и. турак-жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. Ошондой эле караханийлер дооруна (10–12-к.) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез, күмүш аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп, 343 же мансаптуу адамдын турак-жайы болушу мүмкүн.
ДАВАН, Д а ю а н ь – тарыхый топоним, Фергана өрөөнүндөгү байыркы мамлекет. Б. з. ч. 2-к-дан б. з. 5-кылымына чейинки тарыхта белгилүү. 2–1-к-да саясий, экон. жактан өнүккөн калк жыш отурукташкан, урбанизациялашкан өлкө. Тарыхый даректер б-ча 70тен ашык чоң ж-а майда шаарлары, 500–600 миңге жакын калкы болуп, анын көбүн сактар түзгөн. Даван хандыгынын борбору – Эрши (Мархамат шаарчасы); чоң шаарлары: Гуйшуань (байыркы Касан), Ю (Шоробашат шаарчасы). Чарбачылыктын чордонун дыйканчылык оазистери түзгөн; андан сырткары мал чарбасы, кол өнөрчүлүк өнүккөн. Шалы, буудай, пахта, беде, жүзүм аянттары арык, канал аркылуу сугарылган; бодо мал, кой, эчки, өзгөчө зоот жылкы асыралган. Фергана аргымактары мыкты ат катары өтө жогору бааланган. Бул «ыйык» аттарга жетүү үчүн Хань династиясы 104–99-ж. Д-га бир нече жолу жортуул жасаган. Кен байлыктарынан сымап, алтын, күмүш ж. б. түстүү металлдар казып алынган; түрдүү карапа буюмдар жасалган. Даван хандыгы коңшу өлкөлөр м-н саясий, экон. байланышта болуп, соода-сатык жүргүзгөн. Фергана аркылуу эл аралык «Улуу жибек жолунун» бир тармагы өткөн. Даван – «бекем чек ара», «чек арадагы чеп» деген маани берет (Й. Маркварт, 1946). Өлкөнүн жерг. байыркы аты – Фар(а)гана, Фрагана; к. Фергана өрөөнү макаласын.
ДАРООТКОРГОН – Кокон хандыгынын доорунда Чоңалай өрөөнүндө 1821-ж. курулган чеп. Ал тоолуу Алай аймагында хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Чарчы формада. Дубалынын бийикт. 4 м. Түн. тарабында гана жалгыз дарбазасы болгон.
ДӨҢБУЛАК ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – б. з. ч. 2-к.–б.з. 8-к-на таандык шаар калдыгы. Өзгөн р-нун аймагында, Жазы суусунун сол жээгинде, Өзгөн ш-нан 5 км чыгыш тарапта жайгашкан. Шаарча 900х970 м аянтты ээлейт, сепилинин аянты жогорку бөлүгүндө 90х50 м. Сепилдин үч жагы терең аң, түн. жагы суунун тик жээги аркылуу өтөт, түш. жагынан гана кирүүгө болот. Түн. тарабында булак бар. Карапа идиштер, сөөктөн, таштан жасалган буюмдар табылган. Карапа идиштери жасалышы б-ча Шоробашат, Мархамат маданияттары, Касан, Кожогарын, Белесмазар сыяктуу орто кылымдардын эрте мезгилиндеги эстеликтер м-н окшоштугу бар.
ЖАДГАЛ Ж и д г и л–тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жайгашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аты. Ж. жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарсы тилдериндеги геогр. адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-ж.) Ж-ды өзөн ж-а Ферганага караган облус деп белгилейт. Ибн-Хаукал (10-к.) б-ча Ж.– облус, анын борбору – Ардланкет. «Китаб Худуд ал-Алам мин ал-Машрик ила-л-Магриб»–«Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982– 983-ж. белгисиз автор жазган) аттуу китепте Ж.– Фергананын тоо арасындагы бир району, анын чакан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы м-н кой асыралаары айтылат. Кийин, 16к-да молдо Сайф-аддин Аксикенти тажик тилинде жазган «Мажму-ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде Ж-да 3 шаар болгону баса белгиленет. Археол. изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үчбулак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-к-дагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринен болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахрстан, рабат болгон. Жадгал м-н Чаткал бир эле аттын эки түрдүү жазылышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарсы адабияттарында номендин башкы тамгасы «ж» фонемасы м-н жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомолдонот.
ЖЕТИСУУ – азыркы Казакстандын түш.чыгыш, Кырг-ндын түн. бөлүгүн камтыган тарыхый-геогр. аймак. Ж-нун атын пайда кылган 7 дарыя жөнүндө тарыхый документтерде түрдүү пикир бар. Айрым илимпоздор булардын катарына Лепси, Баскан, Саркан, Аксуу, Бүйөн, Каратал, ж-а Көксуу дарыяларын атаса, кээ бирлери Баскан, Саркан д-нын ордуна Аягөз м-н Илени кошот. Ал эми В. В. Бартольддун пикири б-ча жерг. калк Ж. деп Иленин түн. тарабындагы аймакты атап, ага Лепси, Баскан, Аксуу, Бүйөн, Кызылагаш, Каратал, Көксуу дарыялары кирген. Чынында архивдик документтерге караганда ал Се344 мейден 700 чакырым алыс, Алакөлдөн батышта Тентекти суусунун алабындагы аймак. 19-к-дын башында Жетисуу аймагын Улуу жүздүн султаны Сүйүк Аблайханов ээлеп турган. Кийин бул ысым Аягөз м-н Лепсинин ортосуна, 19-к-дын жарымынан Иле д-на чейин тараган. 1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлүп, Жетисуу облусу уюшулгандан кийин түш.-чыгыш Казакстан м-н бирге Түндүк (Карабалта суусуна чейин) ж-а Борб. Кырг-н (Фергана, Какшаал тоолоруна чейин) да Жетисуу атыгып калган. Жетисуу топоними орто кылымдардагы араб-фарсы адабияттарында кезикпейт. 14-к-дын орто ченинен тартып, 200 жыл бою бул кеңири аймак жалпы жонунан Жете улусуна, Могулстанга (Моголстан) кирген. Аты суунун так санына (7) карата эмес, жалпы эле агын суулардын көптүгүнө жараша берилген болуу керек. Жетисуунун көп бөлүгү түзөң ж-а адырмак, каксоо (чөл, жарым чөл, талаалуу), калган жерлери тоолуу шалбаалуу токой, аска-зоо, кар, мөңгүлүү.
ЖЕХАЙ (Жэхай, кытайча жэ – ысык, хай– көл, туурасы – деңиз) – тарыхый топоним, Кырг-ндагы Ысыккөлдүн кытайча аталышы. 8-к-дагы кытай маалыматында мындай жазылган: «Жери суук, бирок деңиз тоңбойт, ошондуктан аны Ысык деңиз деп аташат». Байыркы ж-а орто кылымдарда Ысыккөлдү кытай адабиятында Тяньчи, Цинчжи, Йе-хэ, Суй-йе-шуй, Яньхай, Жехай ж. б., 18–20-к-да Тузкуль, Жэхай, Тэмурту-Нор деп келишкен. Ысыккөлдөн башка дагы бир нече көлдү Жехай аташат, к. Тузкөл, Цинчжи, Ысыккөл макалаларын.
ЖИБЕК ЖОЛУ, У л у у ж и б е к ж о л у – б. з. ч. 2-к-дан б. з. 16-к-на чейин Орто Азияны Кытай, Алдыңкы Азия ж-а Европа м-н байланыштырып турган соода-сатык, кербен жолдорунун жалпы аталышы. Ж. ж. м-н кытай жибегин алып өтүшкөндүктөн, Ж. ж. деп аталып калган. Бул терминди илимге эң алгач чыгыш таануучу Ф. Рихтгофен киргизген. Ж. ж. Кытайдын борб. бөлүгүндөгү Сиандан башталып, Лань-чжоу аркылуу Дуньхуанга жеткенде экиге бөлүнгөн: түн. жолу – Турпан, Кашкар, Памир, Фергана, Самаркан, Мерв, казак талаалары; түш. жолу – Лобнор көлү, Такла-Макан чөлү, Хотан, Жаркен, Балх, Мерв, Бактрия, Парфия, Индия ж-а Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү. Мервден эки бутагы биригип, андан ары кербендер Ниса, Исфаган, Багдад аркылуу Жер Ортолук деңизине өтүшкөн. Ж. ж-нун негизги багыты эч качан өзгөргөн эмес, бирок түздүктүү жерлерде өзгөрүүлөр тез-тез болуп турган. 14-к-да деңиз жолдорунун ачылышы м-н Ж.ж-нун маанилүүлүгү кескин басаңдап, 16-к-да маданий ж-а экон. маанисин жоготкон. Ж. ж. байыркы убакта ж-а орто кылым мезгилинде ар кандай маданияттагы мамл-терди байланыштырып, алардын ортосунда соода ишин өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлеген. Кырг-ндагы Ж. ж. эки бутакка: Фергана – Алай ж-а Чүй – Ысыккөл болуп бөлүнгөн.
ИГРАЖАРТ, И р г а ж а р т – тарыхый топоним; Борб. Теңиртоонун 10-к-дагы аты. «Китаб Худуд ал-Алам мин ал-Машрик ила-л-Магриб» («Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп») деген фарсы тилиндеги тарыхый-геогр. эмгекте (982–983-ж. белгисиз автор жазган) И. тоолору йагмалыктардын өлкөсүндө жайгашып, андан Иле дарыясы башталаары, ал тоолордо жайыкышы кар кетпей, бугу ж. б. айбанаттар көп кездешкендиги, бугунун мүйүзү ушул аймактан туш тарапка тарагандыгы жөнүндө жазылган.
ИМАЙ (лат. Imaus) – тарыхый топоним. Б. з. ч. 4–3-к-дардан тартып орто кылымдын аягына чейинки Батыш Европа илиминде кабыл алынган эбегейсиз зор тоо системасы. Ал көз карашка ылайык И. 35° түн. кеңдик б-ча бүт Азия материгин экиге бөлүп турган. 145° узундуктан (Индиянын тушунан) Имайдан туура төтө түн. уюлду көздөй дагы бир залкар кырка тоо созулган. Бул Меридиандык Имай, Орто Азиянын аймагын как жарып өтүп, бир нече тармакка бөлүнгөн. Андан тараган Комед тоолору Памирге, Аскатанк тоосу Фергана ж-а Каратоо тизмектерине, Авзакия (Ауксакия) Теңиртоого туура келет деп эсептешкен. Меридиандык Имайдын эки тарабын скиф уруулары, түш.-батышын сактар мекендеген. «Улуу кардуу тоо кыркасы» жөнүндөгү түшүнүк атайын саякат, изилдөөлөрдүн натыйжасында эмес көбүнчө сурамжылоо, болжолдоо жолу м-н пайда болгон. 17–18-к., өзгөчө 19-к-дын башында бул концепциянын негизсиз экени ачык көрүндү. Аны о. эле жаңы жасалма гипотеза (А. Гумбольдттун Болор схема345 сы) м-н алмаштыруу аракети да оң натыйжа берген эмес.
ИСПИДБУЛАН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ, Сафедбулон– орто кылымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөөнүнүн түн.-чыгыш бөлүгүндө, Алабука р-нундагы Сафедбулон (Гүлстан) кыштагынын жанында жайгашкан. «Испид-Булан» деген аталыш м-н арабдардын Фергананы басып алгандыгы ж-дө Жемал Каршинин (13-к.), о. эле Фергана калкын мусулмандаштыруу ж-дө жергиликтүү көрүстөндөрдөн табылган таштардын (кайрак) бетиндеги 12–15-к-га таандык жазууларда эскерилет. 16-к-дан Сафедбулон аталат. Сафедбулон булактарда, эл оозунда ж-а санжыралардагы маалыматтар б-ча арабдар келген кезде, алар м-н согушкан жергиликтүү бийлик ээлерине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да, анын бейитинин үстүнө курулган күмбөз курулгандан кийин ошол жер, кийинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафедбулон аталып калган. 10–12-к-да Сафедбулондун күмбөзүнүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб полководецтеринин бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган. Бул мавзолей Гүлстан кыш-нын чыгыш тарабындагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафедбулондун бейити ушул мавзолейдин короосунун түн.-батыш тарабынан орун алган. Жергиликтүү элге Испидбулан сопу шайыктардын табынуучу жайы катары гана эмес, Аксы чөлкөмүндөгү чоң мазар катары белгилүү. Кезегинде бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. Мис., 1842-ж. ушул жерде Кокон ханы Шералы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жардамы м-н ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, 1873-ж. жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан деген ат м-н хан көтөрүлгөн.
КАЛМАКАШУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Соңкөл–Калмакашуу жолунун боюнда аска ташка чегилген эрте темир дооруна мүнөздүү байыркы сүрөттөр. Тоо текелер ж-а аларга жаа м-н мергенчилик кылуу, коло дооруна мүнөздүү колдорун көтөрүп турган адамдардын сүрөттөрү тартылган. Кыргыз тарыхчылар жамааты, Түрк тарых куруму тарабынан 1996-ж. табылган. КАЛМАКДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ, Калмакташ– б.з.ч. 1-миң ж-дыктын аягына тиешелүү археол. эстеликтер. Жергиликтүү элде Калмакдөбө деген ат м-н белгилүү. Аталышы калмактарга байланыштуу болгону м-н эстелик байыркы коомго таандык болуп, калмактарга эч тиешеси жок экендиги маалым. Эл ичинде Калмакдөбөдөн башка «калмак арык» деп аталган бийик тектирге суу чыгарчу арыктар да белгилүү. Жогорудагыдай эле алар да мезгили жагынан кыйла улуу келип, калмактарга эч байланышы жок. Калмакдөбө деп аталган жерлер сак дооруна таандык көлөмдүү көрүстөн жайгашкан жерлер м-н байланыштуу.
КАНДӨБӨ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 6–12к-га таандык шаардын калдыгы. Ысыккөл аймагында жайгашкан. Шаар үч бөлүктөн: айланасы жал м-н курчалган борб. бөлүгү (цитадель) ж-а анын айланасындагы шаардыктардын турак жайлары, курулуш имараттары (шахристан) жайгашкан. Шахристан дубал м-н курчалган. Шаар жалпысынан сыртынан кош жал м-н курчаган. Жалдардын аралыктарындагы аянттарда карапайым калктын, кол өнөрчүлөрдүн ж-а дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын борб. бөлүгүндө ж-а шахристанда шаар башкаруучулардын, дөөлөттүү адамдардын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археол. изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү курулуш имараттары, темирден жасалган буюмдар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар ж-дө маалыматтар орто кылымдардагы жазма булактарда кездешип, Улуу жибек жолундагы 8–12-к-дагы Тоң ш. м-н салыштырылат. Бул шаар тууралуу 19-к-дын 70-ж-нда В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматтарында, о. эле В. В. Бартольддун эмгегинде эскертилет.
КАРАДАРЫЯ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – б. з. ч. 4–1-к-га таандык шаардын калдыгы. Өзгөн ш-нан 15 км түш.-чыгышта Карадарыя суусунун оң тарабында, бийик секиде жайгашкан. Тегерете аң м-н курчалып, чарчы сымал дубал м-н бекемделген. Дубалдын уз. 320–330 м; кароол мунаралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, анын дубалынын бийикт. 10 м. Археол. изилдөөлөрдө Шоробашат маданиятына мүнөздүү (б. з. ч. 4–1-к.) оймо-чиймелер м-н кооздолгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чоподон жасалган ийиктин 346 баштары, темир тегерек шакекчелер табылган.
КАРАТЕГИН КЫРКА ТООСУ – Тажикстандагы Ысар кырка тоосунун түш. тармагы. Уз. 80 кмдей, бийикт. 3950 мге жетет. Бул тоолуу аймак аркылуу Памир-Алай, Фергана, Түн. Ооганстандын элдери эзелтеден эле бири-бири м-н байланышта болушкан. Кыргыздар бул аймакты 10-к-га чейин эле байырлап келишкен. Аймакты иран тилдүү калктар кийинчерээк өздөштүрө баштаган. Кыргыз санжыраларында Каратегин сел жүрүп, көчкүдө курман болушкан Кара ж-а Тегинайдын атынан келип чыккан деген маалыматтар айтылат. Бул аймакты кыргыздын ичкиликтер ж-а оң канаттын (мунгуш уруусунун бир бөлүгү) өкүлдөрү байырлашкан. КЕМИН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 11–13к-га таандык шаар калдыгы. Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылынын батыш жагында жайгашкан. Тик бурч формада, жактарынын уз. 490860 м. Сакталып калган дубалдардын бийикт. 2–5 м, жазылыгы 18–20 м. Дубалдары мунаралар м-н бекемделген. Дубалдын сыртын бойлой жазылыгы – 8 м, тереңд. 2 м аң казылган. Археол. казууда 11–13-к-га мүнөздүү кооздолгон айнектен жасалган идиш-аяктардын сыныктары, чийки ж-а бышырылган кыштар табылган.
КЕҢАРАЛ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12к-га таандык шаар калдыгы. Талас облусунун Бакайата р-нуна караштуу Кеңарал айылынын түштүгүнөн орун алган. Ал бир нече комплекстен турат. Шаардын дубал м-н курчалган борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтук формасында. Бузулган дубалдарынын бийикт. 1,5 м, түп жагынын калыңдыгы 12–15 м. Кире турган үч эшиги болгон. Андан станокто жасалган ар түрдүү формадагы карапа идиштер: мойну ичке, казанга окшош идиштер, табактардын сыныктары табылган. Ошондой эле бул комплекске 0,4 км түш.-батышта жайгашкан төрткүл кирет. Төрткүл жактары 44 м болгон 4 чарчы формасында. Шаар чалдыбарына жакын жердеги көрүстөндөн 10–12-к. таандык карапанын сыныктары, моңгол дооруна мүнөздүү чырактар табылган. КЕРМЕТОО – 1) К. орографиялык термин ж-а топоним. Созулуп жаткан узун тоо кыркасы. Кырг-ндагы тоолорго мүнөздүү жалпы ат; Теңиртоо, Алатоо, Тянь-Шань тоо системасы деген оронимдердин синоними. 2) Түш. Кырг-ндагы жапыз тоо. Араван ж-а Акбуура сууларынын аралыгындагы майда «жетим» тоолордун (Ош тоолору) түш.-батыш четин түзөт. Уз. 10– 11 км. Деңиз деңг. бийикт. 850–900 мден 1500 мге чейин. Бийик түш.-чыгышы Кекиликтоо (чокусу 1486 м), андан ары Кызкууду аталып, аягы батышта Араван кышна чейин созулуп, жапыз Мазартоо (Тешиктоо) м-н бүтөт. Негизинен девондун сланец, аки таш тектеринен түзүлгөн. Тоо беттери өсүмдүктөргө жарды, жылаңач, аскалуу. Каксоо эфемердүү чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү, жылга коктуларында майда бадалдар өсөт. Жайыт.
КОЖОГОР (ХОДЖА-ГОР) ЭСТЕЛИГИ – жогорку палеолит дооруна таандык (б. з. ч. 15–11-к.) археол. эстелик. Кырг-н м-н Тажикстандын чек арасындагы Исфара суусунун өрөөнүндө Ходжа-Гор кыштагына жакын жерде. Жогорку сапаттагы тунук, кара, жашыл түстөгү оттук таштан жасалган түрдүү көлөмдөгү ж-а түзүлүштөгү нуклеустар, жалпак тегерек кыргычтар, башы учтуу куралдар, көзөгүчтөр, эки кыры тегизделген жалпак таштар, жаракалар табылган. Таш куралдары Каспий деңизи тарабында жогорку палеолит мезгилинде даярдалган куралдарга жакындыгы бар. Мындай куралдар Крымда, Иранда, Алдыңкы Азияда, Египетте кездешет.
КОЧКОР ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12к-дагы караханийлер дооруна таандык шаар калдыгы. Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан. Шаар Кочкората мазарынан 4 км алыстыкта жайгашып, туурасы 400 м, уз. 870 м өлчөмүндөгү тик бурчтук аянтты ээлеп жаткан. К.ш.ч-нан жөнөкөй чопо ж-а сырдалган карапа идиштердин Караханийлер дооруна таандык сыныктары табылган. Шаар калдыгынын түш.-батыш урандысын бойлой Кыркчоронун күмбөзү деп аталган 18-к-га таандык эстеликтер орун алган. Соңку мезгилдеги изилдөөлөр К. ш. ч. 10–12-к-да өкүм сүргөн Кочңар-Башы ш-нын орду экендиги Абу Саид Гардизинин «Зайн ал-ахбар» ж-а Махмуд Кашгаринин «Диван лугат ат-түрк» эмгектериндеги маалыматтар б-ча ырасталды.
КОЧҢАР-БАШИ, К о ч к о р Б а ш ы –Кочкор өрөөнүндөгү 10–12-к-га таандык шаар. Шаар аркылуу Караханийлер ка347 гандыгынын аймагындагы байыркы Жибек жолунун бир айрыгы өткөн. К.-Б тууралуу алгачкы маалыматтар Абу Саид Гардизинин 1050–52-ж. фарсы тилинде жазылган «Зайн ал-ахбар» («Кабарлардын аземи») чыгармасында кездешет. Караханийлер сулалелесинен Мавераннахрды алгачкы жолу каратып алган Буура хан Харун Муса, Баласагындан Кашкарга кайтып баратып, 992-ж. К.-Б-да өлгөндүгү айтылат. Мындан кийинки К.-Б-га тиешелүү маалыматтар Махмуд Кашгаринин «Китаб диван лугат ат-түрк» («Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») эмгегинде: СизиңКөл (Соңкөл) К.-б-нын жанында жайгашкандыгы, К.-Б. өзүнчө бир шаар экендиги ж-а Занбиарт (азыркы Шамшы ашуусу) К.-Б. м-н Баласагындын ортосундагы ашуу деген маалыматтар айтылат. В. Минорский Махмуд Кашгаринин картасында көрсөтүлгөн шаардын аталышын «К.Б.» деп окуп, аны Чүйдүн башына жайгаштыруу м-н Ситинк-Көлдөн (Соңкөлдөн) алыс эместигин белгилеген. К.-Б. Баласагындан Занбиарт аркылуу ашып түшкөндө, өрөөнгө кире бергендеги жолдун боюнда жайгашкан. Шаардын мындай жерде орун алышы Караханийлер мамл-ндеги эки өрөөндүн соода-экон. катнашын камсыз кылган. К.-Б. аркылуу өтүү караханийлердин Кашкар тараптан келаткан соода кербендери үчүн Баласагынга түшө калуунун эң кыска жолу болгон. Ошондуктан, шаар геогр. жактан ыңгайлуу орунга жайгашып, бир жагынан соода жолунун бою, экинчиден дыйканчылыкка жарамдуу жер катары эсептелген. Жакында табылган араб тилинде «Уста жасап бүтүрдү» деген сөз жазылган карапанын сыныгы шаарда кол өнөрчүлүктүн өнүккөндүгүн айгинелейт.
КОШОЙКОРГОН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ– 9–12-к-га таандык шаардын калдыгы. Атбашы өрөөнүндөгү Карасуу айылынын түш.-чыгышында. Каракоюн суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Жергиликтүү элдин айтымында, бул эстелик «Манас» эпосундагы Кошой баатырдын коргону болгон. Айрым изилдөөчүлөр байыркы Атбашы ш-нын калдыгы деп эсептешет. Эстелик тик бурчтуу түзүлүштөгү чептен туруп, дубал м-н курчалган. Дубалдын каптал жактары түш., түн., чыгыш, батыш багытына дал келип, ылай сокмодон ж-а бышырылбаган кыштан тургузулган, бийикт. 4–8 м болуп, кароол мунаралар орнотулган. Дубалды айланта жазылыгы 11–14 м, тереңд. 3 м келген аңдар, коргондун чыгыш ж-а түш. тарабы 1500 м узундуктагы кошумча дубал тосмолор м-н бекемделген. Турак-жай ж-а чарбалык мүнөздөгү кол өнөрчүлөрдүн устаканаларынан, бөлмөлөрдөн жез эритүүчү мештер, көөрүк, карапа идиш-аяктар, тыйын, жаргылчак, жаа-жебе, бычак, шурулар, кемер курдун тоголору, чоподон жасалган ар кандай буюм-тайымдар табылган. Шаар чалдыбары Ч. Валихановдун, В. В. Бартольддун эмгектеринде эскертилет. КӨКӨКУЛУСУН – ороним; Тасма (Сухой хребет) жарым аралынын Ысыккөлгө кирип турган тумшугу. Жарым аралдын мурдагы аты – Сарыдөбө. Тумшук жапыз аккумуляциялык жээк тибине кирет; көлдүн «төмөнкү» тектиринин учу. Майда тунма кумдардан турат. Көлдүн деңгээлинен 1 – 1,5 м гана бийик жатат. Көл суусунун таралышына байланыштуу К. тез өзгөрүлмөлүү абалда. Жарым аралдын жээктеринде камыш, жекен, өлөң, жылгын ж. б. өсөт. Аты моңгол-калмак лексикасынын негизинде жаралган: монг. хулс (ан) – «бамбук; камыш», хөх – «көк», калмакча хулсн – «камыш», көк–«көк». Көкөкулусун («көк камыш») эски топонимдердин бири. Ал «Манас» эпосунда да кезигет. 1856–59-ж. тартылган карталарда Кук-Кулусун, Кукекулусун түрүндө жазылган. Жаңы топографиялык карталарда бул нукура аты өзгөртүлүп, натура формада (Сухой хребет тумшугу) берилген. КӨТМАЛДЫ (орус тилиндеги адабияттарда, карталарда – Кутемалды) – өзөндүн, жердин, сепилдин аты. Кочкор (Чүй) суусу м-н Ысыккөлдүн, Бозбармак дөңсөөлөрү м-н Бишкек – Балыкчы жолунун аралыгындагы аймак. Батыштан чыгышты карай 7–8 кмге, түштүктөн түндүктү көздөй 5–6 кмге созулат. Абс. бийиктиги 1620 мден (батыш жагы, Кочкор суусунун чыгыш жээги) 1606 мге (Ысыккөлдүн деңгээли) чейин. Рельефи түздүктүү, түндүктү ж-а чыгышты карай бир аз эңкейиш; Бозбармакка жакын түш.-батышы ж-а Кочкор суусуна чектеш жаткан батыш тарабы бир аз көтөрүңкү. Бул жерлер тегиз, бирок эски («Калмакарык», «Орусарык») ж-а жаңы (Бууганарык) каналдар м-н тилмеленген. Түн. жагы майда чыбыр, Көтмалды (Бууган) салаасынын эски нуктары м-н тилмеленген. Түздүк плейстоцен348 дин аягындагы, голоцендеги, ошондой эле азыркы шиленди ж-а чөкмө (кум,чопо) тектер м-н капталган. Аймактын чыгыш жагын бүт көл чөкмөлөрү, түш.-батыш тарабын Кочкор суусунун шилендилери, түн.батышын шамал айдама кумдар ээлейт. Балыкчы ш-нын батыш четинде дюна түрүндөгү чакан «көчмө» кумдар кезигет. Аймактын Ысыккөлгө жакын чыгыш бөлүгү (чоң жолдун ылдый жагы, мурунку Кызылсаз) кургап бараткан майда өңгүл-дөңгүлдүү саздак жер. Көлгө чектеш тилке (туурасы 500 мге чейин) камыш, өлөң чөп, жекен ж. б. өскөн жапыз жээк. Климаты мелүүн континенттик, кургакчыл; июлдун орт. темп-расы 17–19° С, январдыкы –3…–5° С. Жылдык жаан-чачыны 110–119 мм; кышында кар жатпайт. Агын суулары жок. Бууган салаасы дайыма кургак. Кум, чопо шагылдуу чөл ландшафты мүнөздүү. Кыртышы таштуу бозомук күңүрт чөл топурагы басымдуу; кум, саз да кезигет. Чий, шыбак, күүдүрөк, чекенде, кемпир муштум ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Акыркы 30–40 жыл ичинде К-нын аймагы кескин өзгөргөн: жер бети түзөтүлүп, каналдар казылып көп жери айдоого айланды. Эскибуугандын нугунун аз жери гана мурдагы калыбында. Кочкор суусунун кашаттарына (Сарыбулуң) бак (өрүк, терек, каражыгач ж. б.) тигилип, токойго айланган. Аймактын түн. жагын т. ж., чыгыш жагын авт. жолдору кесип өтөт. Геогр. абалы («тогуз жолдун тоому») ыңгайлуу болгондуктан К-нын аймагы эзелтен элди өзүнө тарткан. Палеолитте Бозбармактын этегинде, неолитте Көтмалдыда байыркы адамдар жашаган. Сак, усун элдери да бул жерлерди мекендегендигин ошол мезгилден калган бейиттер айгинелейт. Түрк урууларынын убагында да К. маанилүү роль ойногон. 10–12-к-да Сарыбулуңда (Балыкчыдан 9 км түш.-батышта) эл жашап, анда темир иштетүү өндүрүшү өнүккөн. Айлана-тегерегинде дагы башка эски эстеликтер кезигет. Өткөн кылымдын орто ченинде К-га кокондуктар сепил курушкан. Октябрь рев-ясына чейин кыргыз журтчулугунун чоң жыйындары бул жерге өткөрүлүп турган. Чүй, Ысыккөл, Нарынды байланыштырган араба жолу салынганда, 1871-ж. Кочкор суусунун Боом капчыгайын көздөй имерилишине (оң жээгине) бекет түшкөн. Анда почта станциясы, жүргүнчүлөр, почта кармаган адам ж. блар үчүн 4–5 үй турган. 1876-ж. почта кармаган казак-орус С. Е. Дмитриев К-га жылкы з-дун курган. 1900-ж. бекет ошол адамдын ысмы м-н «станция Дмитриевская» деп аталып, кийин Ново-Дмитриевское деген атка көчкөн. 1913-ж. мында 15 түтүн эл турган. Азыр К-нын аймагы Тоң р-на карайт. Бирок көп жерин Балыкчы ш. пайдаланат. Көтмалды геогр. тарыхында көптөн бери белгилүү ат. Ал Чүй м-н Ысыккөлдүн деңгээлинин өзгөрүшү, Байыркы Чүй жөнүндөгү илимий маселелердин түйүнүндө турат. Бул темалар адабиятта 19-кдын башынан бери талкууланып келе жатат. Өзгөчө талашы Көтмалды (Бууган) салаасы жөнүндөгү маселе (к. Бууган). Бууган К-нын 2-аты, бирок экөөнүн тең этимологиясы чечиле элек. К. топоними Кыргндын түштүгүндө, Казакстанда ж. б. жерлерде кезигет. КУЛАНКОРУК
ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12-к-га таандык шаардын калдыгы. Кыргыз Алатоосунун этегинде, Талас ш-нын түндүгүндө жайгашкан. Шаар чалдыбарынын орто чениндеги чоң дөбө чептин калдыгы болсо керек. К. ш. ч. орто кылымга таандык Текабкет ш. болушу мүмкүн. Шаардын калкы суу м-н шаар аймагынан чыккан булактан чопо куурлар аркылуу камсыз кылынып турган.
КУЛАНСАЙ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ – б. з. ч. 2-миң – б. з. 1-миң жылдыгына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр ж-а жазуулар. Талас ш-нан 7 км түн.-чыгышта, Кыргыз Алатоосунун түш. бөлүгүндөгү капчыгайда жайгашкан. Бул капчыгайдын экинчи аты жергиликтүү жашоочулардын арасында Кулан же Чийимташ деп аталат. Алар Кулансайдын жээгиндеги түзөңдөрдө жайгашып, бийикт. 1 мге жеткен таш, топурактар м-н корумдалган. Таштардын бетине кишилердин, тоо эчкилердин, жырткыч айбанаттардын сүрөттөрү чеберчилик м-н тартылган. О. эле аска бетинен 18 саптан турган согду жазуусу табылып, андан 100гө жакын түрк элдерине мүнөздүү эркектин ж-а аялдын аттары кездешкен.
КУЛЯБ ВИЛАЙЕТИ, К у л я б а й м а г ы – Амударыянын жогорку агымындагы Ысар-Алай кырка тоосунун этегин камтыган аймак; 18-к-да Бухара хандыгынын бир вилайетинин (облусу) аталышы. Кыргыздар Алайды ж-а Каратегинди 16-к-дан 349 ээлеп турушкан. 17-к-дын башталышында кыргыздар батышка Ысар-Кулябды карай жылып, батыш аймактагы чектери Кулябга чейин жеткен. Бул жерден кыргыздар коңшулаш К. в-нин ж-а Бухара хандыгынын айрым жерлерине чабуул коюп турушкан. 17-к-дын 20-жылдарынын аягында аталган аймактагы кыргыздарга Аштарханийлердин Балхтагы башкаруучусу Надир-Мухаммед Абд ар-Рахман аталык жооп кылып, кыргыздарга кол салган. Анын жортуулу Алайдагы кыргыздарга чейин жеткен. Тарыхый булактар б-ча түн. кыргыз урууларынын басымдуу бөлүгү калмактардын кысымынан улам 17-к-дын аягы–19-к-дын 1-чейрегинде Куляб аймагына чейин көчүп барышкан. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар Көлөпкө кирди» деген сөз сакталып калган.
КЫЗЫЛСУУ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 7– 12-к-га таандык шаардын калдыгы. Ысыката р-нуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй дарыясынын сол тарабында жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар чалдыбарды археол. ж-а орто кылымдардагы жазма булактарынын негизинде Сарыг ш-на, В. Д. Горячева Невакет ш-на салыштырышат. Бул эки шаар тең орто кылымдардагы араб-перс авторлорунун (Ат-Табар, ибн-Хордадбек, Кудами, ибн-Жафар, ал-Хорезмдин) эмгектеринде кездешет. Шаар ж-а шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар м-н курчалган. Түш.-чыгыш тарабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк м-н сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон. Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, темир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб ж-а несториан жазуулары ж-а 3000ден ашык, жерге көмүлгөн тыйындардын салыгы табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некропол) ж-а 12 м будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм) изилденген. Түрк урууларына таандык, аты м-н кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Демек, шаарда ар түркүн элдер жашаган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат.
КЫРГЫЗБАЙБУЛУҢ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР – коло, эрте темир доору ж-а орто кылымдарга тиешелүү археол. эстелик. Кочкор өрөөнүнүн Каракүнгөй айылынын чыгыш тарабында жайгашкан. Ритуалдык ырымдарды, жаа м-н тоо текелерге, аркарларга аңчылыкка чыккан мергенчилердин, жылкы, илбирс, карышкыр, кыргыз оюуларынын сүрөттөрү тартылган.
КЫРКЧОРО КҮМБӨЗҮ – 18–19-к-га таандык бышырылбаган кыштан тургузулган 14 күмбөз. Кочкор р-нундагы Кумдөбө айылында жайгашкан. Көлөмдөрү төрт чарчы, куполдору бар. Бет маңдай тараптары кошумча жасалгаланган. Манастын кырк чоросу м-н байланыштырылат.
МАВЕРАННАХР (арабча «дарыянын өйүзүндөгү жер») – 7-к-дын акыры – 9-кда Амударыянын (Жейхундун) оң өйүзүндөгү аймактардын аталышы. Кийинчерээк М. деп Амударыя м-н Сырдарыянын (Сейхундун) аралыгындагы аймак атала баштаган. М-дын чоң калаалары катары Самаркан, Бухара, Кожент ж. б. шаарлар даңазаланган. МАДЫ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 9–13-кга таандык шаардын калдыгы. Ош ш-нан 15 км чыгыш тарапта, азыркы Мады кыштагынын аймагында. Аянты 3 га. 10-к-дагы араб географтарынын эмгектеринде Медва деген ат м-н эскерилет. М. ш. ч-нын түш.-батыш бурчунда чеп (азыркы бийикт. 12 м) сакталып калган; ичинде турак жай ж-а чарба курулуштары болгон. М. ш. чнын алгачкы маданий катмары Шоробашат маданиятына (б. з. ч.–1-к.), акыркы катмарлары 13–18-к-га таандык.
МАЙДӨБӨ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10– 12-к-га таандык шаар калдыгы. Талас облусундагы Карабуура р-нундагы Майдөбө айылынан 1,5–1,8 км түштүктө жайгашкан. Маданий катмардан караханийлер дооруна ж-а кийинки мезгилге тиешелүү карапа калдыктары табылган.
МАЙТӨР КЕРБЕН САРАЙЫ – 10–13-кга таандык эстелик. Жетөгүз р-нунда Кумтөр алтын кенинен 20–21 км түн.-батышта, Кашкасуу, Майтөр сууларынын кошулушундагы Үччат коктусунда жайгашкан. 1997-ж. Кумтөр археол. экспедициясы тарабынан ачылган. Пайдубалы (1,60 м) таштардан кыналып, дубалы топурак сокмо, айрым жерлери бышырылган кыштан тургузулган. Сарайдын кире беришинде туурасы 3 м болгон портал арка жасалган. Дубалдардын жазылыгы 5 м келип, айланасы аң м-н курчалган. Кербенсарайдын борб. бөлүгүндө чарбак жайга350 шып, дубалдарга ыктай каалгалары чарбакты караган 16 бөлмө жайгашкан. Карапа идиштердин сыныктары (казан, чөйчөк ж. б.), караханийлер дооруна таандык коло тыйындар, чырактар, жаа калдыктары ж-а кооздук буюмдар табылган. Кербен сарай – Борб. Азия ж-а Кырг-ндагы эң бийик тоолуу аймакта (3500 м) жайгашкан бирден-бир эстелик. М.к.с. Ысыккөл өрөөнүнүн тескей багытындагы Улуу жибек жолунун Чыгыш Түркстан багытын тейлеген.
МАНСА, М а н и с (Маниса, Манас) – тарыхый топоним, орто кылымдарда ОртоАзияда жайгашкан бийик тоолуу өлкөнүн аты. Фарсы тилиндеги булактарда 982– 983-ж. жазылган. «Худуд ал-Алам мин алМашрик илал-Магриб» («Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп») деген тарыхый-геогр. эмгекте М. өтө татаал түзүлүштөгү көп тармактуу залкар тоо системасы катары баяндалат. Аны Имай тоолору м-н гана салыштырууга болот. М. түштүктө Тибеттен башталып, түндүктө «Тараз м-н Шелжинин» (азыркы Талас өрөөнүнүн орто бөлүгү) чегине, батышта Туран ойдуңунан чыгышта Кытайга чейин созулат. Бул залкар тоо системасынын чыгыш жагы Тафкан, борб. бөлүгү Игражарт, түш. тарабы Буттем аталган. Анын айрым тармактары кыргыздардын өлкөсүн көздөй созулуп жаткан. Игражарттан (Борб. Теңиртоо) эзели кар кетпей, аны жапайы айбанаттар, бугулар мекендеген. Бугу мүйүзү бул тоолордон туш тарапка тараган. Хатлам (Нарын) дарыясы М. кыркаларынан башталган. Тоо арасында жашаган тогузогуз, йагма, карлук, тухси ж. б. уруулар айылдарда («кийиз үйлөрдө») турушкан; күмүш, алтын, өзгөчө коргошун, темир ж. б. кендер казылып алынган. Манис тоо системасынын негизи бөлүгүн азыркы кыргыз жергесинин Алатоосу ээлеп турган. Талас Алатоосунун эң бийик чокусу – Манас (Манасата) илгерки Маниса топониминин өзгөргөн формасы (А. Н. Бернштам, 1947) же тескерисинче Манас-Атанын (Маниса, Манис) өзү андан мурунку Манас ысымынын араб жазуусунун тыбыштык системасынын бир мүчүлүшүнүн көрүнүшү деп каралышы мүмкүн. Бүт Евразияны кошпой жалаң гана Кырг-н, Казакстан, Орто Азиянын аймагында Манас деген 20дан ашык топоним жолугат. Манса (Маниса, Манис, Манас) аталышынын этимологиясы али толук аныктала элек. Айрым изилдөөчүлөр анын чыгышын манихейдик маани деген теонимге такашат.
МЕДВА – тарыхый топоним; байыркы шаар. Араб автору ибн Хаукал (10-к.) бул шаарды Оштон алыс эмес жайгашкандыгын, ал эми ал-Идирисинин (12-к.) алардын аралыгы 6 мил (12 кмге жакын) экендигин белгилеген. Археол. изилдөөлөргө караганда М. азыркы Ош – Гүлчө жолундагы Мады кышнын айланасынан орун алган.
МИСКАН –10-к-дагы араб авторлору ибн Хаукал м-н ал-Мукаддасинин маалыматтары б-ча тоолуу Некад округунун борбору. Ал Куба ш-нан 40–50 км чыгышта жайгашкан. Некад округунда күмүш, алтын кендери болгон. Азыркы Ноокат кыш-нын орто кылымдагы Некад округунун аты м-н байланышы бар.
МИЯН-РУДАН (фарсча Миёнрудон, түрк тилдеринде – эки суу арасы) – орто кылымдагы тарыхый-геогр. аймак (провинция, округ, область). Фергана өрөөнүнүн түн. жагындагы, Нарын м-н Карадарыянын аралыгындагы аймак. Буга азыркы Кетментөбө өрөөнү да кирген. М.-Р. жөнүндөгү маалымат 10-к-да араб-фарсы тилдеринде жазылган эмгектерден (Истахринин «Китаб масалик ал мамалик», белгисиз автордун «Худуд ал-Алам мин алМашрик ила-л-Магриб» ж. б.) кезигет. Араб саякатчысы ал-Мукаддасинин «Ахсан ат-такасим фи марифат ал-акалим» («Климат таануу боюнча мыкты колдонмо») деген чыгармасында М.-Р. округунда жайгашкан 9 шаарды – [Насрабад, Манара (Менара), Ранджад (Ренджед), Шикит, Заркан, Хайралам, Башбашан, Уштикан, Узканд (Узкенд)] атайт. Алардын ичинен Насрабад бак-дарактуу, ал эми Шикит (Арстанбап ченде болсо керек) жаңгак токоюндагы зор шаар болгон. Облустун борб. – Хайралам (Хайлам, Хатлам) ш. Нарын (Хайлам) суусунун боюнан, Кетментөбө өрөөнүнөн орун алган; чоң мечити болгон. Калган шаарлардан Заркан (азыркы Заркент, Пачата суусунун боюнда) куручу, Ранджад (азыр Семет, Жаңыжол рнунда, өткөн 60-жылдарга чейин 1000 жыл бою Ренджат аталып келген) эгин талаалары м-н белгилүү болгон. Аймактын чыгыш четин чек арага жакын турган Селат ж-а Узкенд (азыркы Өзгөн) шаарлары түзгөн. Өзгөн адегенде Мавераннахрдын (караха351 нилердин бийлигинин алгачкы мезгилинде) борбору, кийин (чагатайлардын убагында да) жерг. провинциялык бийликтердин резиденциясы болгон. Мында монета (акча) жасап чыгарылган. М.-Р-дын түш. тарабы фарсыча Хефтдех («Жети кыштак»), кийин (15–16-к-да) Жетикент аталып келген. Бул аймак Ферганадан чыгыш жактарды бийлеген көчмөн түрк элдерине байланыштуу «Түрктөрдүн дарбазасы» деп да эсептелген. Нарын дарыясы ал мезгилде Хайлам, Карадарыя – Өзгөн суусу аталган. М.-Р. округу, анын шаарлары ал мезгилде саясий ж-а экон. жактан мааниси зор болгон; анын аймагы б-ча белгилүү соода жолдору өтүп, айтылган доорду даңазалаган тарыхый-археол. эстеликтер калган (к. Өзгөн эстеликтери).
МОГОЛСТАН, М о г у л с т а н , М у г у л и с т а н , М о ң о л с т а н – 14–16-к-да Кырг-ндын, түш.-чыгыш Каз-ндын ж-а чыгыш Түркстандын аймагын ээлеп турган феодалдык өлкө, кандык. Анын чеги түндүктө Балхаш көлү, Эмел, Эртиш д-на, түштүктө Фергана өрөөнүнө, Тибетке, чыгышта Барс-Көлгө (Баркөл), батышта Сыр-Дарыя, Ташкенге чейин созулган. Бирок мамл-тин чеги туруктуу болгон эмес. Татаал саясий кырдаалдын, феодалдык күрөштүн курчуган убагында чек ара да өзгөрүүгө учураган. 16-к-дын башында Могол кандыгына жалаң Кашкария кирген. Ошол себептүү өлкөнүн борбору да алмашып, адегенде Кашкариядагы Аксуу, кийин Алмалык, Жаркен (Яркенд), Кашкар, Ташкен, Турпан ш. болуп турган. М. Чагатайлар мамл-тинен бөлүнүп курулган өлкө. Ал түрдүү этностук топтордун башын кошкон. Анда моңгол (могол) уруулары (дуулат, баарын, кунжи, кайкабат, арлат, чурас, маңгыт ж. б.) басымдуулук кылган. Алардан тышкары өлкөдө кыргыз, уйгур, калмак, өзбек, казак ж. б. жашаган. Негизги тили – түрк тили. Жалпы элге көчмөн турмуш, мал чарбачылык мүнөздүү болгон. Көбүнчө кой, жылкы, төө, уй баккан. Аңчылык да өнүккөн.Түштүктөгү оазистерде (Кашкария, Фергана ж. б.) дыйканчылык, багбанчылык, кол өнөрчүлүк кеңири тараган. Бул бөлүгүнө отурукташкан эл, шаар, кыштактар мүнөздүү эле. Түн. ж-а Борб. Кыргндын аймагында эски (6 –12-к-да болгон) шаар чалдыбарлары гана кезиккен. Өлкө бир нече улустарга бөлүнүп, башында улусбектер турган. Кырг-ндын аймагын ээлеп турган Манглай-Сүбө улусу нег. ролду ойногон. Улустарды кеңири аймакты (удел) кучагына алган жеке феодалдар (эмирлер) бийлеген. Мис., Атбашы алабында дуулаттар [14-к-да – эмир Кудайдат (ал бүт Манглай-Сүбени да бийлеген), Мухаммед-шах], Алабуга тарапта, эмир Керимберди (Карим Берди) Ысыккөл, Чүйдө бекчик эмирлери өкүмдүк кылган. М-дын тарыхында Кырг-нга өзгөчө роль туура келген. Армияны, жалпы калкты азык, унаа м-н камсыз кылууда негизги жүктү Кырг-ндын малга жайлуу жайыттары, анын калкы көтөргөн: 15-к-дын аягы 16-к-дын башында кыргыздар өтө күчтөнгөн. 16-к-дын 1-чейрегинде кыргыз улусунун башында Мухаммед Кыргыз хан болуп турган. Ошол кезде өлкөдөн моголдорду сүрүп чыгып, кыргыздар боштондукка ээ болгон. Өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөштөгү эрдиги үчүн кыргыздар «Моголстандын жапайы арстаны» атыккан. Кыргыз жергесинен Ысыккөл аймагы өтө жогору бааланган. Могол эмирлери жаз – жай мезгилдеринде көл тегерегин оторлошуп, аң уулашкан. 15-к-дын 30–40-жылдарында бекчик уруусунун эмири – Хакберди (Хакк Берды) күңгөйдө Кой-Суу (Кави-Суй) аралына чеп курган. 16-к-дын башында моголстан каны Сайид-хан Ысыккөл аймагында дарыланган. Тимурдун жакындары да көл кылаасында сейилдеген. «Ыйык көл» атыккан Ысыккөл дайыма маанилүү рекреациялык роль ойноп келген. 15-к-да Мухаммедхан азыркы Атбашы р-нундагы Ташрабат кербен сарайын курдурган. Моголстан топоними могул/могол,/ моңол этнониминен пайда болгон. О. Азияда аны «н» тыбышсыз «могол» деп айтышкан, бирок моңолдук тексттерде «монолго» формасы сакталган дейт В. В. Бартольд. Моголдордун кандык династиясы 17-кдын аягында жоюлду. Башынан жерг. этностор м-н тыгыз мамиледе болгон, узак мезгил аралаш жашаган могол уруулары бара-бара кыргыз, уйгур, өзбек ж. б. түрк элдеринин арасына сиңип кеткен. Моголдорго байланыштуу этноним, топонимдер, Орто Азия, Казакстан ж. б. жерлерде кезигет. Кырг-нда моңол, моңолдор, кара моңолдор ж. б. этнонимдер, Могол, МоголКоргон, Моңолдор, Сары-Могол ж. б. топонимдер бар.
МУРДАШБАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ – коло дооруна ж-а орто кылымга таандык археол. эстелик. Алай кырка тоосунда, Үчдөбө айылынан 20 км түндүктө жайгашкан. Анда дөңгөлөктөр, тоо эчкилер, күн түспөлдөш белгилер, төөлөр ж-а колдорун жогору көтөрүп, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү тартылган. Аска бетиндеги сүрөттөрдүн ичинен айрыкча эрте көчмөндөрдүн көркөм искусствосуна мүнөздүү илбирс сыяктуу чоң жырткычтын сөлөкөтү көркөм чеберчиликте берилген.
МУСТАГ. М у з т а г, М у з т о о – эски топоним, Кырг-ндагы бийик тоолуу аймак. Тарыхый геогр. адабиятта Музтаг жөнүндө түрдүү түшүнүк болгон. Биринчисинде М. – Борб. Теңиртоодогу бийик тоолуу чакан аймак. Кытай географиясында ал Сюань Цзандан (7-к.) тартып Линшань, Лыншань («Музтоо») деп аталат. Экинчиси б-ча (орус окумуштуусу Г. Ф. Миллер, француз Ж. Дегин, 18-к., немец К. Риттер, 1832-ж.), М. чыгышта Музарт суусунан тартып, батышта Болор (Фергана) кыркаларына чейин созулган тоолуу өлкө. Бирок 19-к-дын 2-жарымындагы ж-а 20к-дын башындагы изилдөөлөргө байланыштуу, топонимдин семантикалык маңызына карата аталыш Теңиртоо тоо системасынын тоому, ак кар, көк музга бөлөнгөн Кантоо Жеңиш чокуларынын тегерегине көчкөн. Бул жерде өлкөдөгү өтө бийик Жеңиш, Кантоо (Кантеңир) чокулары бар. Өткөн кылымда М. Музарт, Мусур аттары м-н да белгилүү болгон. Теңиртоонун азыркы номенклатурасында бул ат аз кезигет. Ал көбүнчө эски, тарыхый топоним түрүндө гана эскерилет. Кээде Какшаал тоо кыркасынын чыгыштагы эң четки өтө бийик бөлүгү Музтоо же Чоңактоо аталып жүрөт. М. эски (орто кылымдан бери) аттарга кирет. Аны топонимдин 2-компонентинин жазылыш формасы (кыргызча тоо ордуна байыркы түрк тилиндеги – даг//таг терминдеринин колдонушу) ачык эле көрсөтүп турат. Кытайча Лыншань («Музтоо») байыркы түрк топониминин котормосу. Тоолорду муз, мөңгү каптаганга байланыштуу бул ат берилген. Кырг-нда «муз» термининен курулган топонимдер (Музтөр, Музбел ж. б.) көп.
НАРИН, Н а р ы н г о л, Н а р ы н – тарыхый топоним, Кырг-ндагы Нарын д-нын мурунку аты. Түрдүү ат м-н ал тарыхта эзелтен белгилүү. Грек-рим авторлору аны Силис, байыркы түрктөр (7–8к.) – Йенчу-Угуз («берметтүү суу»), кытайлар – Йоша (7-к.), Чженьчжухэ (7–10к., «берметтүү суу», түрк аталмасынын котормосу) , Нарингол (18–19-к.), араб-фарсы авторлору – Хатлам (Хайлам, 10–12к.), моңголдордун үстөмдүгүнүн убагында Нарин, Наримгол, Нарын деп аташкан. Акыркы мезгилдеги эң так карталарда топоним мындай берилген: И. Г. Ренат (Швеция, 1738) – Нарим; И. И. Исленньев (Петербург, 1777) – Нарин; Петербург депосунун картасы (1816) – Нарин, Ю. Клапрот (Париж, 1833,1836) – Нарин; революцияга чейинки орус адабиятында – Нарын. Кыргыздын оозеки чыгармаларында, «Манас» эпосунда – Нарын. Дарыянын аты м-н шаар, облус ж. б. аталган. Нарынга байланыштуу аттар Моңголия, Казакстан, Орто Азия, Кавказ ж. б. жерлерде кезигет. Топонимдин этимологиясы жөнүндө эки пикир бар. Биринчиси нарийн («тар, кууш») деген моңголдун сөзүнөн, экинчиси моңголдун нарин деген уруусунун атынан келип чыккан. Бул эки ой тең чындыкка жакын. Дарыя көбүнчө кууш капчыгайлар аркылуу агат. Ошондой эле 15–16-к. Кырг-н аймагындагы моголдордун ичинде Нарин уруусу болгон, к. Нарын ш., Нарын облусу макалаларын.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору Ү. Асанов, bizdin.kg
Кыргыз