БИШКЕК БААТЫР БАЯНЫ (уламыш)
Илгери-илгери Бишкек деген баатыр киши чыгыптыр. Жылдардын биринде эл талаадан тоого Аламүдүндүн Чуңкурчак деген жайлоосуна көчүп барганда Бишкек келте оорусу менен ооруп калат. «Келте» менен «чечек» оорусунан эл жугуштуу деп абдан коркчу экен. Бишкекти үй-бүлөсү менен Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз уй калтырып, жамаатташ конгон эл жайлоого көчө качып кетет. Бишкек оорусунан өлмөк болорун билгенде:
— Балдарым! Бишкек деген ат өз керт башыма, эрдигиме гана таандык. Алдуу, күчтүү кезимде эрдигиме, балбандыгыма таянып, эл билген, журт башкарган билермандар, байлар, манаптар мени караан-жоро кылып урматтап-сыйлап өздөрүнө жакын алып жүрүштү. Мурда караанымдан айланып чуркашып, тирек кылган бир дагы байдын, манаптын үстүмө келип көңүлүмдү сураганын көрбөдүм. Алар менин оорумдан коркушуп, журтка жалгыз калтырып көчө качып кетишти. Армандуу дүйнө деген мына ушундай экен, балдар. Эми мен, жарык дүйнө менен, силер менен, эл-журтум, жашыл жайлоо, таза аба, тунук булак, күндүн нурдуу шооласы менен түбөлүккө коштошомун. Бирок менин сөөгүмдү Чуңкурчак жайлоосуна, тоо-таштын арасына жалгыз бейит кылып калтырбагыла. Сөөгүмдү Аламүдүндүн суусунун боюна, кара жолдун түндүк жагындагы жээктеги дөбөгө алып барып койгула. Ал жерде да эч көрүстөн жок. Бирок, жыл бою Анжыян, Ташкен тараптан Токмок жана Ысык-Көлдү карай тынымсыз жүрүп турган жүргүнчүлөрдүн карааны мени жалгызсыратпайт. Колуңардан келсе бир жылдан кийин күмбөз тургузуп койгула, – деп Бишкек керээзин айтып дүйнөдөн кайтат.
Балдары атасынын айтканын айткандай аткарышат, сөөгүн Аламүдүн суусунун боюна кара жолдун алдындагы дөбөгө коюшат. Бир жыл өткөндөн кийин Бишкектин беш уулу атасына күмбөз тургузушат.Өткөндөр ал жерге токтоп, куран окуйт. Соодагерлер кербен сарай салышып, чайкана ачышат. Ар улуттун өкүлдөрү отурукташа башташат. «Бишкекте түнөдүк, Бишкектен жөнөдүк» деп жүрүп, ал жер Бишкек деп аталып кетет.
Ошентип, жылдан жыл өткөн сайын ал жер чоң шаарга айланат. Кийин ал шаар республиканын борбору болуп, Бишкек шаары деп аталып калат.Бишкектин беш уулунан тарагандар ушул күндө отуздай үй-бүлөну түзөт. Алар Сокулук районунун Чат-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Туз деген айылда турушат.
«Эл таануу» китебинен
- Уяңдык
- ЭЛИНДИН КЕТПЕЙТ ОЮНАН
- Кыргыз Республикасынын конституция күнү
- Азык уруусу
- «Эсери болбой эл болбойт»
- Байыркы фергана
- Автандил Арабаев. Жалгыз кайың
- Кыргыз Атанын касиетин качыруу
- Катын албай, кайын ал
- Кыргыз ырлары. Кыргыз калкым
- Адамдүк
- Үмөтаалы ормон уулунун оруска караганы
- Жер соорусу Аксы экен
- БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ
- Кыргыз макалдары -М
- Камырдан кыл сууругандай
- Семетейдин жараланышы. Айчүрөктүн ок аттаганы
- КАЗЫБЕК МАМБЕТИМИН УУЛУ. ЭЛИ -ЖЕРДИН КУСАСЫ
- Мүнөздөмө
- Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт
- Алганга бар, бергенге жок
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. БАЙКАЗЫ
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ШИМЕЕВ СМАРГА
- Кыргыздарда САЙМАЧЫЛАР
- Ат үстүндө саламдашуусу
- КАНЫБЕК ЖУНУШОВ. ТАШ БАКА
- КАЛЫГУЛ. «Акыр заман»
- Панфилов дивизиясы
- Энчилүү аты жок өлкө жана эл
- Нарын шаары
- «Атанын малы балага опо болбойт»
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КҮН
- Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү
- «Күйүтүн тартуу»
- АККАН СУУ
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО
- Рим тыйындары
- Бий
- МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ. УЛУУ МАРШ
- ТИЛЕГИБИЗ БИР
- РАМИС РЫСКУЛОВ. АЙЫЛЫМ
- Мышык менен чычкандар
- ТӨӨҢДҮ БЕР
- Алые жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сез келээр
- Шекер кыз менен Жеңижоктун айтышы
- Өлгөн адилеттик
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙ МЕНЕН АДЫБАЙ
- «Ак ийилип, сынбайт»
- Кыргыз эл оюндары. Бут менен ташты баштан ары артка ыргытуу, бычак атмай, жаа атуу.
- Пишпектеги революциячыл комитеттер
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ЖАШОО
- «Эрди кудай ураарда, элүүсүндө жаш болот»
- «Атауул» дейбиз
- ДҮНҮЙӨ
- Абышка менен түлкү
- «Суроосу жарашса, соз айтылат»
- Кыргыз (Киргизы). Кыргыз эли
- Бышмана
- «Элиңди таап ал».
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. БЕШИГИМ–МЕКЕН
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КОШ, АПАКЕ (Айдалып бара жаткандагы энесине ырдаганы)
- Жарамазан
- Көңүл жубатуу
- Этнос — коом эмес
- Штаттык тизим
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ОТУЗ ЖАШ
- АЙ, СУУ
- Түшүнүктөрдүн жана терминдердин сөздүгү
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ШАМАЛ
- Ат үйрөтүүчүлүк
Кыргыз