Бир күнү абам үйгө келип, бизди жекшемби күнкүгө конокко чакырды. Бизге миң киши даярдаган торттон ооз тийгизе турганын айтгы. Таң калганыбыздан кыйкырып жибердик:
— Миң киши бышырган тортпу? Кудая тобо! Бир мечит мунарасындай го. Жекшемби күнүн чыдамсыздык менен күттүк.
Ошентип жекшемби да келди. Абамдын үйүнө барып, таң калдык, эч нерсе өзгөрбөй, мурункудай эле турат. Биз болсо бакчада чоң торт бар го деп ойлогонбуз. Дасторконго отуруп, шорпо, эт, картошка, жашылча-жемиш жедик. Тамакты жеп бүтсөк да, күткөнүбүз баягы чоң торт. Акыры чыдамыбыз түгөнүп баратканда, эшик ачылып, жеңем бир табакта торт көтөрүп кирди. Ал женемдин дайым эле жасап жүрүүчү, жүзүм кошулган торту эле. Ойлогонубуздай анча деле чоң эмес экен.
Иним: Аба, бул сиз бизге айткан торт эмес да, -десе, абам: Ушул,- деп жооп берди.
Анда иним: Сиз бизге миң киши жасаган торт дебединиз беле, – деди.
— Туура айтасың, балам. Ойлосоң, биз торт жасаш үчүн ун алышыбыз керек, туурабы? Ал эми унду канча киши жасайт, билесиңби? Биринчи талаа айдалып, тырмалып, анан эгин эгилип, анан жыйнап алыныш керек. Соко үчүн, орок үчүн, урук сепкен машине үчүн канча кенчи жана усталардын иштеши керек экенин билесиңби? Андан кийин жумуртка, сүт, шекер керек. Ушулардын баарын жасаш үчүн канча кол керек, ойлосоң. Муну менен да бүтпөйт. Кургатылган жүзүм, мандарин да керек. Буларды болсо чет өлкөдөн кемелер, поезддер менен алып келишет. Ал эми кемелерди, поезддерди канча жүздөгөн киши жасаган, билесиңби? Аларга темир жолдорду, станцияларда, порттордо иштеген кишилерди кош. Аларды кемелерге салыш үчүн тигилген чыпталарды, сандык, кутуларды жасагандарды ойлосоң.
Аны уккан синдим:
— Чын эле, аба. Миндеген кол менен жасалган торт турбайбы,-деди.
Анда абам:
— Ал гана эмес жеңеңер тортту бышырып жатып мешти колдонду, отун жакты, табактарга салды. Аларды да эсептегиле.
Бизге бир торт жасаш үчүн, канча кишинин иштегени эсепсиз эле. Абдан таң калдык. Токочту жеп жатып, ушуга кеткен элдин эмгеги жөнүндө ойлодук.
Рыза Акдемир
Кыргыз