Боорукер аял

Ал жылы укмуштай кыш болгон, айлананын бардыгы муз болуп, тоңуп калган эле. Шаарчадагы эл чоң шаан-шөкөт уюштурушту. Тоңуп, музга айланган көлдүн үстүнө чатырлар тигилди. Шаарчадагы эл кары-жашына карабастан, баары көлдүн үстүнө чогулушту. Кээ бири чана тепсе, кээси лыжа тебишип, чатырлардан музыка жана ыр-күлкү угулуп жатты. Жаштар жыргап секирип ойношуп, ал эми карылар болсо, тегерегиндеги шаан-шөкөткө суктанышып, дасторкондун тегерегинде отурушту. Күн батып калган эле. Тоолордун таа чокуларынын аркасынан сүйкүмдүү ай акырындап көтөрүлө баштады. Шаарчада жалгыз гана бир аял калган эле. Оорунун айынан, буттарын кыймылдата албай төшөктө жатчу. Көлдүн жээгиндеги кичинекей үйүнүн терезесинен тоңуп, муз болуп калган көлдө болуп жаткан шаан-шөкөттү карап отурган. Күн батаарда батыштан кичинекей, бир ак булуттун пайда болушун көрөт. Булут акырыңдап горизонтко жакындап тиейин деп калган болот. Байкуш аял абдан чочуп, коркуп кетти. Эмнегедир жаш күндөрүн элестете түштү. Себеби жаңы үйлөнгөндө, күйөөсү менен сейилдеп жүрүшсө, так ушундай муз болуп калган көлдүн үстүндө бир булут пайда болгоңдо, коркуп качышкан эле.

Көп өтпөй эле куюн болуп, көлдүн үстүндөгү муздарды талкалап кеткен. Кайрадан ошондой боло турганын болжолдогон аял эси чыкты. Бир саатка жетпей куюн башталып, муз жарылып, баары өлөт, деген ой келип, болушунча кыйкыра баштайт. Бирок аны ким укмак эле. Үйүндө башка эч ким жок болчу. Кошуналарынын баары ойноп-күлүп эс алганы муздун үстүнө кетишкен болчу. Булут убакыт өткөн сайын чоңоюп, карара баштады. Мештин жанына жакындап, мештеги жалындап турган отту тутаңдырып жиберди. Анан эптеп жөрмөлөп эшикке чыкты. Кичинекей үйү бир заматта өрттөнүп кетти. Муздун үстүңдөгүлөр узактагы өрттүн жалыңдарын байкап калышты. Кимдин үйүнүн күйүп жатканын дароо эле билишип, буту оорулуу аялды куткарыш үчүн үйдү көздөй чуркап жөнөштү. Катуу шамал башталып, асман капкапкара булуттар менен капталды. Муз жарылып, титирей баштады. Эң акырында эң улуу карыя жээкке жеткенде асман айрылып кетчүдөй бодду. Абдан катуу куюн башталды. Көздү ачып-жумгучакты көлдү дөөдөй болгон толкундар каптап кетти. Бирок эч кимге эч нерсе болгон жок. Ошентип, оорукчан аял болгон нерсесин өрттөп жиберип, шаарчадагы элди өлүмдөн сактап калган экен.

  • Мундуздар
  • Акыра менен кодолек.
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЭНЕ
  • Топурагын түйүп берүү
  • Кыргыз эл оюндары. Кош аяктап жүгүрүү, өрдөк баш, таш үстүндө басуу
  • ЖУСУП БАЛАСАГЫН. ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КАРАТА МАМИЛЕ
  • КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. АЙСАРЫ
  • Айкөл Манас. 10-китеп
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АЙЫЛДЫК КЕЛИНДЕР
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЭГЕР БОЛСОМ
  • Билбегенди билгизе айт, көрбөгөндү көргөзө айт
  • Ким каерде?
  • Ормон заманындагы кыргыз
  • Шилекей алышуу
  • АСАН КАЙГЫНЫН СӨЗҮ Бир күнү кар түшүп, кыш болуп калды. Ошондо Асан кайгынын айткан сөзү
  • Кыргыз Атанын касиетин качыруу
  • Cолто менен таластык багыш кыргызынын согушу
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. САКАЛЫ КАНА
  • Сүйүүнүн, жакшы көрөмдүн мааниси
  • ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ПИЛ
  • «КОЖОЖАШ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР
  • Бүркүтчү
  • Кыргызстан. Кыргызстандын жаныбарлары
  • Талаа жылдызы
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ
  • Күзөттө
  • Кыргызияда караханиддер
  • СТУДЕНТТИК КҮНДӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
  • Кыргыз жери жайлоолорго бай
  • Жууну-жүз чаюу
  • Уй сааш
  • Мелдеш
  • Сура Ат-Тарик
  • Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. МЕНИН ЖОЛУМ
  • «ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР
  • Итенген сайын бир боорсок
  • «Ачууну таттуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз»
  • Мал-башым тартуу
  • ӨТКҮН АЙТЫМЫ
  • Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. АЙШАНЫН АДАШУУСУ
  • Кыргызстандын гимни
  • Бишкек – Кыргызстандын борбору
  • ЭСИҢ БОЛСО, ЭЧКИ КҮТ
  • «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр»
  • «Акылдуу отко карайт, акмак казанды карайт»
  • «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИНЕН. Август түндөрү
  • Пайдалуу кеңештер
  • Айыл конуп калган го
  • Кетбука
  • СОҢКӨЛ
  • ДОС ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ
  • Эллинизм жөнүндө
  • Арампос неме эле
  • Балдар баарын билет
  • Кусуру уруу
  • Сура Гафир
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. ӨМҮР САПАРЫ
  • Баары жакшы болот, берекелерим
  • Кыргыз макалдары – К
  • КЫРГЫЗ ОРМОН ХАНДЫН ЗАМАНЫНДА
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖАЙКЫ ЖАМГЫР
  • Сура Та Ха
  • Суу болуу, суу кылуу
  • Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
  • Жеңенин түрлөрү
  • «Атасы бөлөк, аттан түш»
  • Айкөл Манас. 2-китеп
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙДЫН КАРГАСЫ

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.