Семетейдин жараланышы. Айчүрөктүн ок аттаганы

Каары катуу Коңурбай Каалап күттүм келбеди, Кайратын толук көрсөтүп, Кармалашып көрбөдү. Баатыр болсо өлтүрүп, Же колумдан өлбөдү. Сара ала калың жылкыдан Үмүтүн үзүп калган го? Коркутуп айтып Карагул, Коңурдун үшүн алган го? Камы келбей Коңурбай, Камыгып жатып калган го? Калдайдын калың жылкысын Уурдагансып кетпейин, Түн жамынып. жашынып, Туурдагансып кетпейин. Баатырдыгы чын болсо, Куубай койбос Коңурбай, Күтпөгөнүм жөн болбос, Жоругу жок баатырдай, Тоспой кантип кетейин, Эрдик менен алышпай. Элге барып нетейин. Кек-Кыядан өткөндө, Көк-Өзөнгө жеткенде, Үч күнү жатып ал жерге, Өрүүн болуп алайын. Өчөңдөгөн чоң манжуу, Арманы жок алышсын, Тулпарларды зыргытып, Найзаларды кылгытып, Жекелешип калайын». Деп, ошентип, Семетей, Элде жүргөн эмедей, Аголпоктун бүчүсүн Чыгарып таштап жиберип, Нардай болгон Буурулду, Бура тартып имерип, Көп жылкынын четине, Алагар көзүн жиберип, Күлчорого кеп айтты, «Абаң менен алдыга Кете бергин, — деп айтты, — Бактыга башы малынып, Балбылдаган көңүлдөн Байыркы жоктор табылып, Өзүнөн өзү күңгүрөп, Күңгүрөгөн үнүнөн Ой-тоонун баары дүңгүрөп, Келе жаткан кезинде, Кечки салкын бешимде, Адамдан башка жаралган, Алптык менен акылы Айжаңжуңга таралган Кажыбас баатыр Коңурбай Жолун тосуп Семеңдин, Желбегей бейкут Семеңе Жеткилең көзүн салыптыр. Семетейди көргөндө, Арман кылып өзүнчө, Күңгүрөнүп алыптыр.

«Манастан калган жетимди

Томуктай бала деп жүрсөм, Тоодой баатыр турбайбы. Токсон миң адам келсе да, Толгоп башын жулбайбы? Атасы Манас баатырдан Алты эсе мыкты көрүнөт, Айбатынан ажалдын Көлөкөсү көрүнөт. Ушундай бала бербеген Көкө теңир — буркандар Мага эле сараң көрүнөт. Айкөлдөй болгон Семетей Менин уулум болсоңчу, Айдап (жүргөн көп жылкы, Атаганат кор дүйнө, Менин кунум болсоңчу! Колумдан келсе чунакты Тирүү кармап калсам, ээ! Элчилигин алсам, ээ! Берендерге тең кылып, Манжуулардын элине Бейкут кошуп салсам, ээ! Ушундан тууган баланы Унчукпай туруп Манжууга Кан көтөрүп алсам, ээ! Жалбагай ооз, жар кабак, Адамда мындай болобу! Баатырды баатыр дебестен, Кемиткен адам оңобу! Ааламга топон суу келсе, Алсыраган көп элди Көтөрүп алчуу кеме го? Жазы маңдай, жалын көз, Кара кылды как жарган, Калыс болчу неме го? Көбүрүп турган чунакка Көңүл айтсам болбойт го! Көрүнүп койсом көзүнө, Көз ачканча сомдойт го! Айткандан кайтпас неме экен Көнөктөй болгон башымы Көөдөнүмдөн толгойт го!». Деп, ошентип, эр Коңур Ала тоодой жондонуп, Ач жолборстой комдонуп, Очогорго от коюп, Олпоксуз ачык төшүнө «Өлчү жердин тушу, — деп, — Өлгөнүң, балам, ушу» деп, Кош дүрмөттү салды эми, Коржоюп турган чиркинди Колкого тартып калды эми. Семетейдин көзүнөн, Көк жалын чыгып төгүлдү, Көшүлүңкү көөдөндөн Кош кабырга сөгүлдү. Көөдөнүнөн аккан кан Агып турду көнөктөп, Айкашарга алы жок, Тайбуурулга өбөктөп, Эңгезердей Семеңди Тайбуурул алып бурулду. Аркардай болгон шыйрагы Жерге тийбей сунулду. Очогордун дабышы Обочо кеткен Күлүскө Онтогондой угулду. «Коңурбай келип калган го? Абамды жайлап салган го! Коңурдун канын ичпесем, Күлүс атым жалган го! Жаны чыгып кеткенче. Жан абамды көрөйүн. Коңурдун башын албасам, Абама курман чалбасам, www.bizdin.kg 402Туубай туна чөгөйүн! Күлчоро болуп жүрбөстөн, Бүгүндөн калбай өлөйүн!». Деп, ошентип, Күлчоро, Сарааланы камчылап, Ачуусуна чыдабай, Салаалап жашы тамчылап. Кырга чыгып караса, Тайбуурул жолго салыптыр, Алгараны камчылап, Коңурбай кууп калыптыр. Бөрү тил найза жалтылдап, Буурулга жакын барыптыр. Кан жыттанган Коңурбай Манжуулап ураан салыптыр. Семетей солго шылк этсе, Тайбуурул кошо былк этет. Семетей оңго ооганда, Тайбуурул кошо кылт этет. Муну көрүп чоронун Көзүнөн жалын шыркырап, Оозундагы отуз тиш, Кыжырынан быркырап. «Манас! Манас! Манас!» деп, Оозунан түтүн буркурап, Тездиги — учкан булдурук, Теминип найза сундуруп, Күркүрөгөн Күлчоро Качырып кирип калды, дейт. Кан көксөгөн Коңурбай Кайрылып карап алды, дейт. Миң кишилик кайратын Чородон көрө салды, дейт. Алгарасын зыргытып, Атырылган чорого Кайрылып найза мылгытып, Бир-биринен жалтанбай Аттын башын чулгутуп, Ар кимиси өзүнчө Аламын деп тырышып, Эки дөөнүн найзасы Тийген жерден ыргышып, Чамынды болуп бөлүнүп, Сыныктары асмандан Чырылдап учат көрүнүп. Найзаны таштап жиберип, Айбалта менен имерип, Жакадан алып булкушуп. Ат үстүндө чидерип, Кармашып жаткан кезинде, www.bizdin.kg 403Ажал карап тургансып, Коңурбайдын бетинде: «Адам эмес, шер экен, Кулак уккан баатырдан Бөтөнчө бүткөн эр экен. Баладан өлсөм, кармашып, Калмактар кандай дээр экен!», Деп, ойлонуп, Коңурбай Чала жара болсо да, Алды — кийнин карабай, Колунан чыгып жылбышып, Алгараны камчылап, Качып калды зыркырап. «Өлтүрбөй кантип тынам» деп, Коңурбайдын артынан Күлчоро кууду бургутуп. Алгара аяк кергенде, Эңиштен чыга бергенде, Өрү калган ат менен Өксүй шилтеп калды эле. Куюндай болгон Алгара Кулачын кенен салды эле. Карылык баскан Көгала Бут атым алыс калды эле. Күйүттүү болгон Күлчоро, Эч айласын табалбай, Өкүрүктү салды эле. Эңкейишке келгенде, Эби кеткен Көгала Эптеп жетип барды эле, Күйүп турган Күлчоро Найза бою калганда Ажалынын жеткенин Коңурдун көзү чалганда, Алгарасын чулгутуп, Өргө карай тырышып, Куюндай болуп көрүнүп, Үч бут атым бөлүнүп, Жеткирбесин билген соң, Чоронун жашы төгүлүп, «Кубалай берсем Коңурду Көгала кургур жетеби! Жетип союп келгиче, Абамдын көзү өтөбү? Алы кеткен абамды, Аманында көрөйүн, Айланып келип канкорго Аныктап канын төгөйүн. Бул ‘жорукту кылбасам, Күлчоро болбой өлөйүн!». www.bizdin.kg 404Деп, ошентип, Күлчоро, Бура тартып бургутуп, Көгаласын чулгутуп, Жетип келсе кайрылып, Жаткан экен Семетей Акыл-эстен айрылып. Бакай менен Канчоро, Эч айласын таба албай, Турган экен кайгырып. Кара канды картыктап, Ичине канды жибербей, Өксөгөнү турса да, Көзүнүн жашын имербей, Кайран Бакай каркылдап, Алек болуп олтурат Чыңаган болот темирдей. Күлчоро күйүп кеп айтты, «Жарадар кылып Коңурду, Жетпей калдым» деп айтты. Ачуусу келген Күлчоро Жин тийгендей жулунуп, Семетейге бурулуп, Жарасын көрүп кучактап, «Жайлаптыр» деп бышактап Тийген жери арадай, Ок жаткан жери чарадай, Көрүнүп турат жүрөгү, Солуп жаткан баладай. «Атаганат дүнүйө, Ичине каны толобу? Кан ичине толгон соң, Абакем адам болобу!? Абаке Бакай, макул де! Буурулду азыр минейин. Качып кеткен Коңурга Ылаачындай тиейин. Абамдын жаны чыккыча Желмогуздай Коңурду Садага кылып иейин!». Анда Бакай кеп айтат: «Секетиң кетсем, — деп айтат, — Коркуп качкан баатырды Корголотуп нетесиң! Эсен болсо бул башың, Эртели кеч кез келет О, балам, тилегиңе жетесиң! Семетей минтип жатканда, Кантип таштап кетесиң! Эр болсо сенден Коңурбай, www.bizdin.kg 405Чыкпас беле жекеге, Күчү келсе, балтасын Шилтебес беле чекеге! Коңурбай сенден качканы, Арбактар аны басканы. Качкан болсо Коңурдун Талкаланат таштары! Семетейдин жарасы, Өлтүрө койчу жара эмес, Бул жарадан өлгөн жан Манастан тууган бала эмес! Айланайын Күлчоро, Аткара турган ишиң бар, Минтип жаткан абаңа Көрсөтө турган күчүң бар! Бар сырымды айтайын, Батпай турат ичиме, Ок калыптыр көрдүңбү, Аралап барып ичине? Сен аттангын Таласка, Көрүнбөй жалгыз кишиге.

Кыргыздын кылган ырымын,

Кылалык да кичине! Жакшы киши деди эле, Мындай иштин акылын Тапчу киши деди эле. Атасы Акун олуя Улук киши деди эле. Айчүрөк өзү даанышман Тунук киши деди эле. Жазыктуу ишке барбаган Жубардай киши деди эле. Эркекке көңүл бурбаган Умайдай киши деди эле. Алып келгин Чүрөктү, Ок аттатып калалык. Аттаган огу түшпөсө, Чүрөктү мууздап салалык. Айла кетсе бычактап, Токтогон огун алалык». Деп, ошентип, бар сөзүн Күлчорого билгизип, Шамал менен жарышкан, Суркоёнду мингизип, Алтайдын арсак тоосунан Таласты көздөй жүргүзүп, Алдастап жаткан Семеңди Чоң чатырга киргизип, Олуя Бакай олтурду, www.bizdin.kg 406Аккан канды чорого Картык менен соргузуп… Алмамбеттин Күлчоро Ак булуттун астынан, Калдайган жердин үстүнөн Жерге тийбей кылактап, Этек-жеңи булактап, Үч күн, үч түн жол жүрүп, Жалбарып өлгөн Манаска, Жетип келди түн менен, Айчүрөк жаткан Таласка. Кереметтүү Чүрөккө Кансыраган Семетей Түшүнө нечен кириптир, Күлчоро менен Коңурдун Чабышканын билиптир. Кара найза карчылдап, Сайышканын билиптир, Айбалта кезеп имерип, Чабышканын билиптир, Калкандан кызыл от чыгып Кармашканын билиптир. «Абамдын уулу жаш төрөм Алда кандай болот?» деп, Акундун кызы Айчүрөк «Кандай атка коном?» деп, «Келген журттан көчө элек Келин атым өчө элек, Тамашалап төрөмдүн Чымчыган көгү кете элек, Ок жеген бойдон окустан, Өлүп кетсе шер төрөм, Көнбөскө кантип көнөйүн, Кара жолтой атыкпай, Төрөмдөн мурун өлөйүн!». Деп, ошентип, Айчүрөк Күйүп турган кезинде, Көп жорукту көңүлгө Түйүп турган кезинде Эшиктен кирип шарт этип, Ай тийгендей жарк этип, Айчүрөккө Күлчоро Амандык сурап кеп айтат, «Арстандай болгон абама Ок жайылды» деп айтат, «Айланайын жеңеке, Очогордун чоң огу, Абамдан чыкпай токтолду, Канча дарман кылсак да, Түшүрөр айла жок болду. www.bizdin.kg 407Жашынан жолдон азбаган, Жамандык ишке баспаган, Өз эринен башкадан Этегин кайрып ачпаган. Таза ургаачы аттаса, Анан огу түшөт! дейт, Ок түшкөндө өлүм жок, Кадимкидей бүтөт, дейт. Көптү көргөн эр Бакай Тазалыкка чыгарды, Айчүрөк жеңе өзүңдү Абам Бакай жиберди, Уктуңбу, жеңе, сөзүмдү!». Кейип, ыйлап Айчүрөк, Кара көзгө жаш алып, Кандай заман болот деп, Кызыл өңү кумсарып, Толук кабар уккан соң, «Аркамдан өзүң келгин, — деп, — Тилекти кудай бергин!» деп, Таң кашкайып атканда, Тараза жылдыз батканда, Канатын жайып калкылдап, Куйругун жайып жаркылдап, Асман менен зыпылдап, Айчүрөк учту шыпылдап. Ай канаты жаркылдап, Асман менен сызганда Айдын жүзү тутулуп, Күндүн көзү бузулуп, Ай жарыгы түн болуп, Ачылбаган күн болуп, Канатынын дуусунан Тоо-токойлор үн болуп, Бакайга жетип барганда, Бакай көрө салганда, Артык тууган Айчүрөк Кулдук кылып калганда, Баданасын кийинип, Сүйүнгөндөн эр Бакай Ыргып туруп түйүлүп, «Балам жакшы келди, — дейт, Узак жаша, кулунум, Тилекти кудай берди» дейт. Болк-болк этип жүрөгү, Акундун артык чүрөгү Айры өркөчтүү төө айтып, Ай туяктан бээ айтып, Алда канча мал айтып, Бир кудайга зар айтып, www.bizdin.kg 408Пил баштаган нар айтып, Аябай малды көп айтып. Аксарбашыл кой айтып, Батасын алып Бакайдын, Айчүрөк окту аттады. Аттаса огу түшпөдү, Экинчи Чүрөк аттады, Анда да огу түшпөдү. Канчоро менен Күлчоро Жазалуу кылып Чүрөктү «Аттаган огу түшпөйт» деп Салганы турат дүмөктү. Сай сөөгү бүтүн зыркырап, Эми Айчүрөк ыйлап буркурап: «Айланайын сырттаным, Издеп келип шумкарың, Чоң-Үргөнчтүн боюнда, Төрт-Күлдүн кенен оюнда, Перинин кызы Чүрөктү Шашып өпкөн жерин бар, Жалыныңа чыдабай, Эрип кеткен жерим бар. Мындан башка шегим жок, Шек кылып айтар кебим жок. Жалган жерден шум дүйнө, Жүзүм кара болбойбу! Арам деп ойлоп төрөмдүн Ичине кайгы толбойбу. Бактысы жок бейбакты Тирүүлөй кылбай шерменде, Же кара жер азыр сорбойбу?! Ай-ааламды кыдырып, Өзүңдү издеп жүргөндө, Көрүнүп калдым ар жерге, Көзүгүп калдым көп элге. Мындан башка өзүмдө Эч жазыгым жок эле. Ак этектен түшпөгөн Арманга бүткөн мына бул Алда кандай ок эле!!!». Деп, ошентип, Айчүрөк Озоңдоп ыйлап солкулдап, «Шерменде болбой өлөм» деп, Көөдөндүн баары болкулдап, Семетейдин үстүнөн Акырын аттап жылжыды, Аяктай болгон коргошун Эр Семеңдин ичинен Кулаткан таштай ыргыды! Кытайдын кырма дарысын, www.bizdin.kg 409Кырып алган сарысын, Кайнатма кара дарысын, Кайнатып алган сарысын Ала чуркап Күлчоро, Кырка коюп баарысын, Бирин ичке себишип, Бирин сырттан жагышып, Улам-улам дарыны Семетейге беришип, Туу бээлерди сойдуруп, Казысын үйүп койдуруп, Чөйчөктөн тамак таткызып, Семетейди казыга Узунунан жаткызып, Омкорулуп кыйраган, Кабырганы коңдуруп, Кабыландай баатырды Кадимкидей болтуруп, Көңүлдөрүн жайлашып, Сансыз жылкы айдашып, Текести тепсеп өтүшүп, Тууган элге жетишип, Бууган белин чечишип, Бардык журтка эп келип, Тоюна тоодой эт берип, Көп жылкыдан түтүнгө Кур койбостон тек коюп, Уй мүйүздөп олтуруп, Карылары нарк кылып, Сан жетпеген жылкыга Калың журтун карк кылып, Кадырлуу Бакай кашында, Сары каны башында. Ит агытып, куш салып, Кең Таластын сазында Бейкут жатып калды, дейт, Манастын уулу Семетей Жыйырма беш жашында. Муну мындай таштайлык. Кан Коңурдун Таласка

Чабуулунан баштайлык.

  • ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЖАЙДЫН КЕЧИ
  • «Үнүңдү өзгөрт, кызым!»
  • Византия жөнүндө
  • Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү
  • Тообо кылуу
  • Сура Аль-Араф
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АЛА-ТОО
  • Жанат түрүндөгү ит жанат түрүндөгү ит
  • Деңиздеги бороон
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. АРЧА КӨРСӨН
  • Сура Аль-Фалак
  • «Кыз кыздай, кыш кыштай болсо»
  • Үйлөнүү үлпөтү
  • КАР
  • Ичке баткан бала, сыртка да батат
  • Этнологиядагы “система”
  • Сура Ат-Тауба
  • Саяк кыргызынан каба уругу алыбек баатырдын нарындын боюндагы өзбектин куртка коргонун бузганы
  • ТАМЧЫ
  • “Христиан” дүйнөсүнөн “цивилизациялуу” дүйнөгө карай
  • ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ. КУБАТ (поэма)
  • Кокон хандыгы менен кыргыз арасы
  • ДАРЫЯ, БУЛАК
  • Кыргыз эл макалдары (А тамгасы. 500 макал)
  • Миңбай, жүзбай
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАРМА
  • Кыргызстандын искусствосу (фото)
  • Деөлөтүн сатуу
  • Бүбү Мариям Муса кызынын күндөлгүнөн
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КАРАЙ КӨЗ
  • « Ата бейит»
  • Катын албай, кайын ал
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КӨЙРӨҢ
  • Энчилүү аты жок өлкө жана эл
  • Кеңешип кескен бармак оорубайт
  • Сура Ан-Наба
  • Куйругун жазалаган түлкү
  • Тышка чыксам, койчулар кементай жабышат, үйгө келсем кадырым жок
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. АПТАПТА
  • Эненин сүйүүсү
  • Акыйнек
  • ЖААН, ЖЕР, ӨСҮМДҮК
  • Кыргыз эл оюндары. Ат оюн, баш кийимди алып качуу, жашынмак
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. САКАЛЫ КАНА
  • Б.з. VI—VIII кк. Түрк кагандыгынын синкреттүү искусствосу
  • «Тон жылуусун ээси билет»
  • Ажы
  • АКЧА. АКЧАНЫ КАНТИП ИШТЕП ТАБУУ КЕРЕК?
  • Кыргыз элинин каада-салттары. ТҮНДҮК КӨТӨРҮҮ
  • УЧКАН ЖЫЛДЫЗ
  • Тулпар тушунда, күлүк күнүндө
  • Бугу уруусу
  • Кыргыз Атанын касиетин качыруу
  • Шырдак
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮ
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАЙДА УКТАШАТ? (бешик ыры)
  • ТАЛ (уламыш)
  • Кыш айы
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АТТЫН ЫЙЫ
  • Театр. Театрга берилгендик
  • Көңүл буруу
  • Санжыра чечүүнүн үлгүсү
  • АКБАР РЫСКУЛОВ. КАМЫШ АЙ КАНЫШАЙ
  • Кара-Молдо
  • Ысык-Көл – кыргыз бермети
  • Сура Аль-Бакара
  • АЙ, СУУ
  • Тамактануу
  • Жүгөн үзмө неме көрүнөт
  • Балалуу катын – балээлүү катын

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.