Мышык ашпоз болгондо.

Мышык ашпоз болгондо.

(Немис эл жомогу)

I

Айбанаттардын падышасы арстандын ашпозчусу кетип калат. Арстан ашпозчусу жок, тамак жей албай абдан кыйналат. Анткени, токойдогу бир да жаныбар бул каардуу падышага ашпоз болуп, каарына калгысы келбептир. Аябай курсагы ачканда арстан мышыкты чакырып:

— Мышык тууган! Мага ашпозчу боло аласыңбы? – деп сурайт. Анда мышык:

— Эмне кызмат кылышым керек? -дейт.

— Түшкүсүн жана кечкисин мага тамак жасайсың.

— Болуптур. Бирок, мен керектүү тамак-ашты кайдан табам?

— Сага эмне керек болсо, мага айт. Мен ал үчүн атайын бирөөнү бөлүп койгом.

Мышык бул сунушка макул болот.

II

Эртеси карышкыр ашканага келип, мышыктан тамак жасаш үчүн эмне керек экенин сурайт. Мышык:

— Боор, боор! Таза, жаңы боор! – деп мыёолойт.

Карышкыр айыл четине барып, бир козуну жара тартып, боорун алып келип берет. Ашпозчу мы­шык белдемчисин тагынып, башына шапкесин кийип ишке киришет. Карап отурган карышкырды:

— Сен мага тоскоол болбой чыкчы! – деп түртүп сыртка чыгарып салат.

Бир саамдан кийин ал колуна табак көтөрүп, даяр болгон тамагын арстанга алып чыгат. Арстанга тамак аябай кызыктай сезилип:

— Бул эмне? – деп сурайт.

— Боор эзмеси! – дейт мышык.

— Кызык, – дейт арстан – Мен картошка даамданган боор эзмесин биринчи жолу жеп жатам.

III

Эртеси мышык карышкырга дагы боор алып кел дейт. Карышкыр алып келген таза боордон дагы тамак жасайт. Бул жолу арстан дагы аябай таң калат. Анткени, кечээки эле картошкадан баш­ка эч нерсе жок.

Үчүнчү күнү да эмне экени белгисиз, боорго окшобогон дагы бир кызык та­мак келет. Арстандын ачуусу шакардай кайнайт.  Бирок, унчукпай эртеси күндү күтөт. Эртеси мышык тамак жасаган маалда акырын барып, ашкананы аңдыйт. Караса, оңбогон мышык карышкыр алып келген боорду өзү жыргап жеп, казанга ая­бай кир, кабыгы аарчылбаган картошкаларды кайнатып жатыптыр.

Ачуусу келген арстан мышыкка атырылып, бирок жетпейт. Мышык ашкананын ачык турган терезесинен чыга качат.

Мына көрдүңөрбү достор! Бирөөнүн акысын жеген абдан ыплас жана адаттан тыш көрүнүш. Андыктан, ар дайым чынчыл болуп, өзүңөрдүн колуңардан келген ишти так аткарганга аракет кылгыла.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.