«Койдун сүтү коргошун»

«Койдун сүтү коргошун». Ар бир бештүлүктүн азык-түлүгүндө айырмалуу жагдайлары бар. Сыңар туяктуу жылкынын сүтү кымыз

үчүн атайын жаралган. Ача туяктуулар: тоонун, уйдун, топоздун, эчкинин, койдун сүттөрү дарылыгы, каллориялуулугу, аш болумдуулугу жагынан алар ич-ара айырмаланат. Муну ичинен койдун сүтү башкача бааланат. Укмуштй күчтүү келет, айраны-жуураты, сүз.лө, курут үчүн жаралгандай. Эжигей уютууга койдун сүтүнүн коюулугу, майлуулугу менен артылат. Ошондуктан, «койдун суту коргошун, кой уурдаган оңбосун», – дейт Бекбекей айтуучулар. Кой саалбай калганы эжигей аттуу асыл тамак жасалбай, желбей, кийинки муундар билбей-туйбай калды.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.