Кыз куумай, кыз келин жарыш

Кыз куумай

Оюнчулардын саны 2—20 киши.

Оюн 1000 метрге чейин келген талаада өткөрүлөт

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аттарына минишип бир кыз, бир жигит болушуп турушкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Кыздар жана жигиттер кезектери келгенде бирден оюн башталуучу жерге чыгышкандан кийин, качып бараткан кызды, жигит белгиленген аралыктын ичинде кууп жетип  баш  кийимин алып кыздын аркасына тийгизүү менен өзүнүн жеңишин билдирет. Кызды кууп жете албаса жигит, оюндан ары чыгып калат. Ошентип андан кийин уткан кыздар жана жигиттер оюнду, оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча ойношот.

Оюндун башка түрү. Жигит куумай.

Оюндун эрежеси. Жолду туурасынан тозууга, өзүнүн атын башка оюнчунун атына карай багыттоого, токтотууга, тоскоолдук болууга, камчылоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын каалоосу боюнча, үчүнчү киши — жеңеси киргизилиши мүмкүн, анын ролу: кызды жигиттен сактап, ага жеткирбей чаап келүү үчүн кызга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Оюнчулар, оюнга улуттук кийимдерди кийишип чыгууга зарыл.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө, ат чабуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Кыз келин жарыш

Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн талаада, жолдо, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аттарына минишип улуттук кийимдерин кийишип, оюн өткөрүлүүчү жердин башына бир катар болушуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун башы. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, кыз, келиндер аттарын чабышып, белгиленген аралыктан бат өтүүгө аракеттенишет. Марага биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, бир-бирине тоскоолдук кылууга, улуттук кийимдерди кийбестен оюнга катышууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн түз, тегиз жана башка буюмдарсыз жерде өткөрүлсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык тарбияланат, тең салмакты сактоого, ат чабуунун ыкмаларын, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

ЭҢ КӨБҮ:

а) 3 километр аралыкка чейин — 5 жолу.

б) 3 км. ге чейин *— 3 жолу.

в) 10 км. ге чейин — 10 жолу жаңылууга мүмкүн.
Эгерде  жорго 4 тен 12 ге чейин секирик  жасаса жаңылуу деп эсептелет.

13 жана андан көп секирик жасаса, бул жөнөкөй чуркоо болуп эсептелет да оюндан четтетилет.

3 жана андан көп секирик жаңылгандык болуп эсептелбейт.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.