Полот хан (Пулат хан)

Полот хан, Исхак Хасан уулу, Исхак Молдо (1844-жылы чен., Маргалаң уезди, Охна кыштагы – 1876, Жаңы Маргалаң ш.)  – 1873–76-жылындагы  Кокон көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири. Ичкилик уруусунун бостон уругунан. Атасы Маргалаңдагы Ак медресенин мудариси болгон. Полот хан адегенде Кокондогу Түнкатар медресесинде, кийин Маргалаңдагы «Ак медреседе» окуган. 1867-жылы молдо Исхак окуусун таштап, өз уругунун көчмөндөрү жашаган Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына келет. Эл арасында болууну көксөгөн Исхак молдо Анжиян шаарында туруп калат. Соода иши менен Ташкенге келип жүрүп, ал жерден лашкер Алымкулдун пикирлеши, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдык Абдымомун аталык менен таанышат. 1873-жылы Кокон көтөрүлүшү  башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Полот бекти көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самарканга Полот бекке барышкан, бирок ал баш тарткан. Алар Самаркандан кайтып келе жатып, Ташкенге Абдымомундун  үйүнөн  өңү-түсү  Полот бекке окшогон Исхакты кезиктирип, аны Полот бектин ордуна мураскор болууга көндүрүшкөн. Ошентип Полот хан (Исхак молдо) 200 аскери менен Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштайт.

Чаткалга жакын жайгашкан Алабука, Акташ, Нанай, Көкжар, Мамай, Сафедбулон ж.б. айылдардагы эл Полот ханды хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү  карапайым калк  – кыргыз,  өзбек, кыпчак, тажиктер болгон. Алар менен катар  өз кызыкчылыктарын көздөгөн феодалдардын өкүлдөрү да катышкан. Кийинчерээк Полот хан көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын таасири менен Кокондун мурунку хандарынын саясатын уланткан. Көтөрүлүш-түн жүрүшүнүн экинчи этабында 1875-жылы июль айында Россия империясынын  өкмөтү  Полот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө  жетишкен. М. Д.  Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлеринин күчү  менен көтөрүлүш басылып, Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана облусу деген ат менен Россия империясынын карамагына өткөн. Өзүн курчаган феодалдардын чыккынчылыгы менен Полот хан падышалык бийликтин колуна түшкөн. Убактылуу Жаңы Маргалаң  шаарындагы орус түрмөсүндө кармалып турган. Аскер сотунун өкүмү менен Жаңы Маргалаң шаарында 1876-жылы 1 мартта даргага тартылган.

  • Кыргыз эл макалдары. Д тамгасы. 250 макал
  • ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. КЫРГЫЗДЫН АЛА – ТООСУ
  • Памир сактары
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СЕНИ КӨРБӨЙ КАЛГАНЫМА
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ТААНЫМАЛ АКЫН ШАЙЛООБЕККЕ ТАМСИЛ ЖООП
  • Асан
  • Каяша айтуу
  • Күтүүсүз күлкү
  • Текеберчилик
  • 1898-ж. май Анжиян көтөрүлүшү
  • МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. БУУДАЙЫК
  • Кыргыздын зор мамлекети
  • Шодокондун бүркүтүндөй жутунуп
  • Көрсөтмө
  • Мундуздар
  • Тарих-и кыргыз шадмания
  • Карыз акча
  • Автандил Арабаев. Чыгарат акын ыр көркүн
  • «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
  • Наабат
  • Каардуу хан
  • Олтурган кыз орунун табат
  • « ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР.
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЖООП КАТ
  • Сура Аль-Хакка
  • Саргара жортсоң, кызыра бөртөсүң
  • КАНЫБЕК ЖУНУШОВ. ТАШ БАКА
  • Үйүңдө үшкүрүк, айылыңда ышкырык болбосун
  • Музыкалык жанр жөнүндө түшүнүк
  • Жарлык
  • «Ат уяты – сатуу, кыз уяты – тартуу»
  • Пулатчы
  • Маалымкат
  • Карыдан жаш сураба
  • Тилемчилик
  • Президент
  • Кыпчактар
  • Айдектөө
  • Чай ичип кеткиле
  • Чыгыш Түрк кагандыгы
  • Рахманкул хан
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ООРУЛУУ АКЫН
  • КАЛЫГУЛДУН НАСЫЯТ, САНАТ ЫРЛАРЫ
  • Акын болсоң …
  • Сура Ас-Сафф
  • Пишпектеги большевиктик топтор
  • Кытмыр күлүү
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ. ЖАНЫЛ МЫРЗА (поэма)
  • Табышмактар. Кыргызча табышмактар
  • Ала-Тоодон кийинки сүйүүбүз көл бети
  • Күзөттө
  • Өсүмдүк жана айлана-чөйрө
  • Тамак-аш жеш
  • «Талаа жери кең жер, улуу-кичүүгө тең жер»
  • «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИНЕН. Август түндөрү
  • Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр
  • Кыргыздын калмактан жылкы алып, айылын чаап турганы
  • «Келиндин аягынан – койчунун таягынан»
  • Протокол
  • Түгөлсай археологиялык комплекси
  • Сура Аль-Ахзаб
  • «Үйүндө кашык айран жок, кызынын аты Жууратбек»
  • Ийик ийиртүү
  • ЖЫЛДЫЗ, АСМАН, АЙ
  • Малдыбаев Абдылас
  • Кыргыз аңгемелери. Менин начальнигим ким?
  • Сура Аль-Лайл
  • Кокон хандыгы казакты эзгендиги
  • Пантүркизм
  • Чычкылуу

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.