Музооке
Айтылуу Кет Буканын соңунан бизге жеткен маалымдоолорго жана залкар шайырларыбыздын айтууларына, караганда кыргыздардан чыккан эң алгачкы комузчулардын бири — Жаманкара уулу Музооке экен. Ал Акталаанын Курткасында 1800-жылы туулуп, 1878-жылы дүйнөдөн кайтыптыр. Музооке манасчы, акын жана комузчу болгон. Ал кадимки улуу акын Тоголок Молдонун чоң атасы. Болочоктогу залкар акынды Музооке бармактайынан ырга ынак, күү жандуу кылып тарбиялайт. Ал небересин ат жалын тартып мингенден дин мектебине (медресеге) берип, колун кат таанытат. Тоголок Молдонун аңсезиминин калыптанышына, акындык шыгынын жанышына да чоң атасынын айткан манасы, черткен күүлөрү, ырдаган ырлары күчтүү таасир этип, кийин поэзия дүйнөсүнөн көзүн ачкандыгы белгилүү. Ал жарык дүйнөгө көз жаргандан «жоктун жону катуу» дегендей жокчулуктун азабын тартып өсөт. Анткени анын тукумдары түпкү ататектеринен бери кара таман кедей болушкан.
Музооке боорун жерден көтөргөндөн ырга, күүгө элдик дастандарга көңүлүн көрөңгөлөтүп, жан дүйнөсүн байытат. Бул болсо анын ашкан манасчы, ак тандай ырчы, залкар комузчу болушуна жол ачат. Музоокенин айтуучулук, ырчылык, чертмечилик атагы боз улан курагынан тартып эле Нарын, Чүй өрөөндөрүнө кеңири жайылат. Анын андай атактуу шайырчылыгына эл бийлеген Эсенгул, Ниязбек өңдүү бектер да ашык болушул, өздөрүнө ырчы, комузчу кылып алыш үчүн бири-бири менен да талашышыптыр. Ал турсун Кочкордо өткөн бир ашта эки манап «топту толкуткан Музоокедей шайыр мага жарашат, сага жарашпайт, мен ээрчитем» дешип талашышып Музоокени өлөсөлүү сабатышат. Ал канчалык, жапа тартса да, алардын эч бирисин ээрчибеген эрки бек, карапайым калктын кызыкчылыгын көздөгөн шайырдан болуптур.
Карыя акын Абдыкалык Чоробаевдин бизге берген маалымдоолоруна жана элден уккандарыбызга караганда Музооке өз доорундагы кыл тырмагандарды алдына чыгарбаган, теңдеши жок, ашкан комузчу экен. Адаттагыдай эле анын чыгарган жана черткен күүлөрүнүн ар биринин тарыхтары да айтылып, өзү жашаган доордун ар түрдүү турмуштары, жаратылышы, өз башынан өткөргөн армандуу күндөрү ж. б. камтылыптыр. Музоокенин комузчулук чыгармачылыгындагы алгачкы күүлөрүнүн бири — «Казбайыр». Аңда атасы Жаманкара кудалашкан жумгалдык Дербиштин кызы Кишикени колунда жоктугунан калың төлөп алууга шарты келбей жүргөнүн:
Аркардын мойнун ок кесет,
Азамат мойнун жок кесет,
Аркарды кууса жетпеген,
Аргымак аттын жоктугу,
Айдап калың бере албай,
Азаптуу малдын жоктугу…»
деп күңгүрөнө күүгө салыптыр. Бул күүдө кендирди кескен жокчулук, адамдыадам эзген мүшкүлдү, адилетсиз, акыйкатсыз тар заман да таасын баяндалган. Биз аңдан тек гана Музоокенин муңзарын эмес, ошол кездеги миңдеген кембагалдардын да турмуштарынан да кабар алабыз.
Жаш шайырды жокчулук жонунан бекем басса да, өнөрү өрүш апа берди. Калк арасына атагы күңдөнкүнгө тарады. «А түгүл Кишике бийкечке дейре жетип, өнөрлүү азаматка ашыклыгы ого бетер артат. Бирок, калыңдын кемин толтурмайын бербейм деген атасынын айбатынан каадалуу кыз чыкмак кайда. Бийкеч ашыгын саргарып күтөөрүн жеңежелпилери аркылуу Музоокеге өткөнкеткенден дувайсалам айттырат. Капасдагы кептердей катмар тоолордун ары жагындагы ашык жарынын жалдырап күткөнү Музоокенин ого бетер кусасын ташытат. Ал алмуздактагы бири-бирине жетпеген алыстан ар кими ашыгынын атын күнү бүгүнкүгө дейре муңкана чакырып канаттуу макулукка айланган даңазага байланыштырып «КүкүкЗейнеп» деген күү толгойт». Күүдө эки жаштын бири-бирине жетпеген кусалануулары армаңдуу обоңдогу кайрыктарда сыпатталган.
Музооке өзүнүн керт башына, көргөн турмушуна арналган армандуу күүлөрдү чыгаруу менен бирге кеңдик каны тамган жеринин кооздугуна суктана «КермеТоо», «Конур каз» аттуу күүлөрдү да чыгарган. Күүлөрдүн ар бир кайрыгыңда табийгатка болгон суктануу, асылдануу ачыкайрымалуу сыпатталат. Музоокенин акындык күчү, комузчулук жүзү «СарыӨзөн» деген обондуу күүсүндө да өтө ачык сезилет. Комузчунун бул чыгармасынын жаралышына Чүйдөгү айтылуу айыл аксакалы Бошкой себепкер болуптур. Ал Музоокенин акындык, айтуучулук, чертмечилик даңкын угуп, ыр, күүсүн угууга куштарланып, ага атайын киши жиберип, «СоңКөл» жайлоосунан чакыртып алат. Ошондо Музооке сары өзөндүү кең Чүйдү биринчи көрүп, жер соорусунун сулуулугуна суктана:
…Кең Чүй — ата Сары өзөн,
Кемин жагы дагы өзөн.
Керме тоонун баары өзөн.
Кегетинин шар өзөн,
Туштушунан кошулган,
Туура сунун баары өзөн,
«Он бир жылга Окторкой
Оң жагында сайы өзөн
«Арпа тектир» ал өзөн.
Алкым жагы дагы өзөн.
Кегетинин шары өзөн.
Аламүдүн, АлаАрча
Айланасы тал өзөн.
Ашмаранын алты өзөн,
Аякбашы жалпы өзөн.
Илгеге чейин эл барат,
Илгертен бери карт өзөн.
Карабалта, Сокулук,
Карын сылап олтуруп,
Кумардык үстү Сокулук
Курсак сылап отуруп
Ээрин алып жайдактап,
Ат чалдырып отуруп,
Көз чаптырып батышка.
Кайра ондоп токунуп,
Андан чыгып жөнөдүк
Ырыскыга бөлөнүп,
Ай тамгалуу солтолор
Жери сонун Сары өзөн,
Керме тоого жөлөнүп,
Жазы сонун көгөрүп!..
Чыккан чөбү алысын,
Калганын да көрөлүк,—
деп ырдуу күү чыгарат. Ал бирде ыр менен коштолуп, бирде обондуу кара күү түрүңдө да чертилет. Музоокенин күүлөрүнүн ичинен угуучулар арасына кеңири тараганы, классикага айланганы Музоокенин «Муңдуу күүсү». Ушундай калктын терең урматтоолоруна алынган чыгарманын чыгышына карыя акын А. Чоробаевдин айтымына Караганда төмөнкүдөй окуялар себепкер болуптур: Музооке калк кадырманы Бошкойдукунда бир айдан ашык жүрдү. Ал бул мезгилдин аралыгында бейтааныш айылды аралап, ырын ырдап, манасын айтып, комузун таңшытты. Эл оозуна алынып, кадырбаркы артып, зоболосу көтөрүддү. Карапайым угуучулардын сыйсыпатына бөлөңдү, жаңы тааныштарды таап, жан курбулардан болуп жүрүүгө шерттешти. Ыр, күү дегенде ичкен ашын коё коюп уккан ышкылуу Бошкой да Музоокенин тубаса шыгына, нөшөрлөтө төккөн төкмөчүлүгүнө, күпүлдөтө айткан манасчылыгына, кылга тил, комузга жан киргизе черткен чертмекчилигине таазим кыла таңданды. Ал Музоокени айылына жөнөтүп жатып: — Атайы чакыртсам, шагымды сындырбай келгениңе, өнөрүңдү аянбай төгүп бергениңе. ырахмат. Жашың кичүү болсо да бир айдан бери бирге жүрүп, бирге туруп, жан курбу болуп калдык. Ушу жашка чыкканы кыл тырмап комуз черткендерден, бакылдата манас айткандардан, жаактууга жай бербеген ак таңдай акындардан сендейди уга жана көрө да элек элем. Өнөрүңө баракелде. Өмүрүң өткүчө ушул табыңдан жазба! Учугуң узарып, тамырың канат жайсын! Жаман айтпай жакшы жок, «жети күңдүн бири өлүм» —дейт. Кокустан, ажал жетип, көрө турган күнүбүз, иче турган суубуз бүтүп, өлүп калсак бири-бирибизге топурак салышкандай бололу. Арабызды ажыратпайлы. Бизден көргөн сыйсыпаттын жаманын жашырып, жакшысын элиңе айта бар. Көрүшкөнчө, аман бол. Ак жолуң ачылып, бактаалай башыңдан кетпесин! Белекке бергендерибиз аз болсо да көптөй көрүп, алып кет1»,— деп үстүнө ичик жаап, астына ат токуп, алдына жылкы айдатып, жанына жандоочторду кошуп берип жөнөтөт. Өмүрүндө ушундай биринен бири колмоколдоп ызааттап, олжобуйлалуу узатканды көрбөгөн Музооке кубанычтын кучагыңда термелет. Музоокени жолдоштору «Шамшынын» белине чейин узатып келишет. Анан алар: — Мына, эми Моке, жериңе келдиң. Элиңе аман бар. Бизден көргөн билген жакшы санаалаш, жолдош жоролоруңа салам айтып кой. Көрүшкөнчө эсен бол. Кабарынды каттагандардан билгизип тур. Сак саламат бар! —деп, кош айтышып, Чүй бооруна кайтышты. Музооке да алар менен эбакы жан курбулардай жаналы калбай коштошту. Ал жылкыларын айдап, саларын улантты. «Каракыяны» эңкейип, «Сарала Саздын» бузулган сайына жеткенде алдынан жоон топ, салт атчандар чыга келишти. Көрсө, жергиликтүүлөрдүн жезекчикайгуулары экен. Алар Музооке менен амандашып, алжайды сурашпастан жылкы айдап келе жаткан ууру экен деп, карактоого алышат. Музооке өзү жалгыз болсо да каракчылар менен аддан тайып, күчтөн кеткенге чейин салгылашат. Каракчылардын да жеке адамга күчтөрү жетпей айлары кетип, аргалары түгөнөт. Акырында алардын башчысы — Стам Музоокени ай балта менен баш сөөгүн оё чаап жыйырма жети жылкысын, куржункечеси менен олжого алат. Ал эми жанжөкөрлөрү акылэстен танган Музоокени айылга алып барып, боз үйдүн капшытына жаткырат да, аны мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүш үчүн аялдарына: — «мынабу мээси көрүнгөн бармак басым жерге атайын май кайнатып тамчылатып чийдин учу менен чукулап кабыгын жара сайып өлтүргүлө» — деп, тапшырма беришип, кайрадан жортуулга аттанып кетишет. Эрлеринин айткандарын эки дебеген зайыптары атайын чий боорсок бышырышат. (Камырды томолоктоп чий менен ортосун сайып, сүткө кайнатып жегенди чий боорсок дейт). Алар бүтөөрү менен казандагы, чырылдап кайнаган майга шиштерин салышып — «сен сай, мен сай, майды тиги тамчылатсын» — дешип, күбүрөшүп, бири-бирин түрткүлөшөт. Акырында алардын ичинен бирөө жеңинин ичине табылгыдан жасалган ичке шишти катып, чөйчөкө боорсоктон салып, Музоокенин башын жөлөйүн дегенде ал элдирселдир эсине келет. Айланасын караса, бейтааныш үйдө жатат. Аны абажаарыган кемпирлер менен келинкесектер тегеректеп алган. Аларды көрүп, кайрадан көңүлү айнып баратканда, Музоокенин көзүнө боз үйдүн керегесинде илинип турган комуз чалдыгат. Аны көрөр замат кайраттана эсинжыйнап, боюн токтотуп, колу менен отургандарга комузун алып берүүсүн өтүнгөн ишарат кылат. Аны тигилердин ичиңдеги баамчыл байбиче байкай салып, Музоокенин колуна комузун карматат. Ал ажал менен арбашып, өлүм менен кармашып, көр оозунда жатса да, комузун төшүнө кысып, алсыз манжалары менен кылдарын дирилдетип, көзүн жашыддантып, сайсөөгүңдү сыздаткан эң бир муңданган үн менен:
… Ай балта тийген башымдан корком, Атала кылган ашыңдан корком. Чий боорсок сайган чийиңден корком, Чын калыс кылбас кишиңден корком. Чогулган кемпир ишиңден корком, Тетиги жеңе сүрүңдөн корком. Беркиден коркпойм тигинден корком, Сүйлөй албай тилимден корком…
Көп күү аралаштыра ырдап чертет. Музоокенин жүрөк сыздатып, Жүдүндү мунданткан кайгылуу күүсүн уккан аялдардын айрымдары тамшана жашып, кээси шолоктоп ыйлайт. Бирин-бири карашып: — «бечаранын айтканы ырас эмеспи. Алда куураган куу заман ай» деп, шыпшына боорлору ачыйт. Алиги комуз алып берген байбиче Музоокенин ырдап черткен күүсүнүн муңдуулугунанбы же көзүнүн жашын мөлтүддөтүп төккөн мусаапырчылык кейпине жаны ачып кеттиби башыңдагы элечегинин учунан айра тартып, бир чеңгел куу коюп, жарылып турган сөөктү көз ирмегиче эбине келтире таңып, төшөк салып жаткырат. Ал Музоокенин ар жак, бер жагына чыгып, тамак берип, жаратына кайракайра куу (курумшу) басып, бачым эсине келтириш үчүн айлаамалдарды издейт. Айлакер байбиченин аракети аркасыңда Музооке калыбына келет. Аны жакшыдап эс аддырган соң таңга маал тамактаңдырып туруп, качырып жиберет.
Ажалы жок Музооке жол кезип, айыдданайыдды аралай сеңдиректеп жүрүп, жылажыла «АкУчуктагы» кайын атасы Дербиштикине Элтеп жетет. Ал кайын журтуна атайын күйөөлөп бара элек болсо дагы жазыксыз жерден жабыр тарткан жарадарлык илдеттиң кесепетинен барууга мажбур болот.
Күндөр айга айланат. Музооке жаратынан айыгып катарга кошулат. Кайрадан колунан комузун, оозунан ырын түшүрбөйт. Музоокенин ак жерден жапа чеккенде чыгарган «Муңдуу күүсү» бат эле «адыр тоолорду, аска зоолорду ашып, дарыя көлдөрдү кечип, бадалдуу токойлордон калкыл, жел менен жорто, жерден жерге, элден элге жетип, обонкүүчү зергердин мээсине түшүп, бармагында эрип, калайыктын сезимин ойготоор кереметтүү күүгө айланат1». Кала берсе, Музоокенин бул күүсү Чүй боорундагы кадырлуу карыя Бошкөйго чейин угулат. Ал дароо Стамды айыпка жыгат. Бир жылдан кийин Бошкой Стамдан жыйырма жети жылкыны айыпкайыбы менен өндүрүп, Музоокеге айдатып жиберет. Аларды Музооке калыңга берип, өзүнүн сүйгөн жары Кишикени алат. Аңдан Өмүрзак, Карала, Шамыркандар туулат. Булардан дагы көптөгөн тукумдар тарайт. Алардын урпактары дагы алиге чейин арабызда жашоодо. Залкар кбмузчунун «Мундуу күү», «Керме Тоо», «Коңур каз», «Сары Өзөн», «Күкүк Зейнеп», «Үн алыш», «Кызыл кыз» деген ж. б. күүлөрү бизге белгилүү чебер чертмекчилер Бердикенин, Жээнчоронун аткарууларында келип жетти. Тек гана алардын улуу комузчунун ар бир күүсүнүн бет ачар түрүңдөгү тарыхтарын ыр аралаштыра таржымалдап чертүүлөрүнөн, аткарган чыгармаларынын жалпы музыкалык түзүлүштөрүнөн, формаларынан, мүнөздөрүнөн, темаларынын өнүктүрүүлөрүңөн, Музоокенин комуз музыкасындагы эң байыркы жанр обон күүлөрдүн негиз салуучуларынан жана жаратуучуларынан болгонун элестетебиз. Анын бүткүл чыгармачылык күчү да, аткаруучулук жүзү да обон
1 Бейшеналиев Ш. «Болот калем» (роман) «Кыргызстан» басмасы 1981, 17—18-беттер.
күүлөрдө көрүнгөнүн байкайбыз. Айтылуу Музоокенин аталган обон күүлөрүнүн ичинен Музоокенин «Мундуу күүсү» муунданмуунга көчүп, ар бир чебердин сүйүктүү репертуарына айланат. Музоокенин «Муңдуу күүсү» залкар шайырлар Ыбырайдын, Шекербектин, Асылбектин аткаруусуңда жумурайжуртка тартууланып, элдик музыкабыздын алтын казнасына кошулду. Алардын чертүүсүңдө обон жетектеген күү орошондуу ойду камтыган, чыңалган музыкалык драматизмге жык толгон кара күүгө айланган.
Ошоңдой болсо да Б. Виноградовдун сөзү менен айтканда «Муңдуу күүнүн» музыкалык негизине речитативтүүЭликалык мүнөз менен ырдын аспаптык варианты тааңдык. Ал ыддамдатыла бара-бара жай жана акырыңда жайлантыла чертилген жүрүштө аткарылат. Күү Муратаалынын аткаруусуңда нотага түшүрүлгөн. Анын ар бир кайрыгынан Музоокенин гана өмүрүңдө тааңдык мүшкүлдүү турмушту эмес, ошол учурдагы жалпы эле кедейкембагалдардын да тарткан азаптарын, көргөн кордуктарын көз аддыбызга элестетебиз. Ал эми Музоокенин азыркы чертилип жүргөн «Муңдуу күүсүнүн» жалпы музыкалык турпатынан, мүнөзүнөн, тилинен, көркөм каражатынан анын алп комузчулук келбеттин, аткаруучулук устаттыгынын моддугун, нукура шыктуулугун туябыз. Эмесе, Музоокенин музыкалык мурастары калк жүрөгүнө орноп, боло элек жерди, уга элек эдди көздөй канат сермей берсин!
Кыргыз