Солто кыргызынын караганы

Солто кыргызынын караганы

Рахматулда Пишкекке бек болуп турганда кыргыздан зекет-үшүр, олпон жана башка салыкты баштагыдан көбөйтүп ала баштаган. Коргонго жакын келген малды кармап алып бербестен минип, ээлеринен кой-козу алып турган. Эшкожонун Шоорук дырылдай деген кенже уулу абдан бай болуп, ал өлгөн соң Көкүм Чойбек деген инилери тогуз чаар ат берип, Рахматулда менен өтө жакын болуп кеткен. Байтиктин 300 жылкысы өзбекке тийиштуу жерге түшүп калса, Байтик киши жиберсе бербестен, Көкүм барса берген. Кулун салып жана кулундары өлгөн бээлер көп болгон. Байтик менен Рахматулданын арасы кайтадан бир аз жакындаша түшүп, Байсал деген баласын окугун деп коргонго койгон. Рахматулла Байсалдын чырайына кызыгып пача кылмакка үйүмө жатсын дегенде бала сезип калып, эл жайлоодон түшөр чак экен, Байсал үйүнө түн катып качып кеткен. Бул кабарды Байтик угуп, Рахматулланы эбин таап өлтүрүштүн камында калган.
Кандай кылып өлтүрүштү ойлой-ойлой, акыры өзбектин ичинен ала чыгарып өлтүрмөккө Пишкекте Рахматуллага акылдаш болуп турган, акылман кишиси Абылгазы миңбашы менен Байтик достошкон. Мындан соң Байтик жалганынан той беремин деп айылын Пишкектин түн жака күн батышы Акчий, Кемел, Шарпылдак, — Пишкектен 7-8 чакырым жерге кондуруп, койдун кыркынын алган соң кымыз жыйып, бозо салып, бээ союп, элин чакырып алган, Жашырын кеңешмеде Рахматулланы өлтүрмөк болуп сөзүн токтоткон соң, конокко келсин деп, Рахматуллага киши жиберген. Биринчи чакырыкка келбеген, экинчиде Абылгазы миңбашы аркалуу киши жибергенде Рахматулла бир жээрде, бир тору аргымакты алтын дилде жабдыктап, упчундан жетелетип ала кырк киши сарбоз, тынай менен солтодон зекет жыйуучу Кудайкул Элбек деген катчысы жана Рахматулланын катчысына жигит болуп жүргөн сарбагыш кыргызы, молой уругунан Кожобек Барман уулу менен 20 киши — бардыгы 60 киши болуп, Рахматулда жээрде кашка айгыр минип келген, Кыргыздар көп болсо да көрүнбөстөн үйдүн ичинде болуп, Рахматулла аскери менен тамак жеп жатканда кыргыздар сарбоздорунун оң жаккы үзөңгүлөрүн кыркып койгон. Үйгө жакын жерге Рахматулданын атын бир сарбозу кармап олтурган. «Аламан аламан!» деп бүткүл жыйылган кыргыздар үйдү көтөрө салып киргенде сарбоздору жөө калып, Рахматулданы атка мингизип, тегеректеп жүрүп олтурган. Жакындап барган кыргызды аткылап, бир кара сууга келгенде терең жеринен кечип кетип, сарбоздорунун көбүнүн мылтыктарынын милтеси сууга малынып, атууга жарабай калган. Пишкекке эки-үч чакырымчылык жердеги Бабедин деген коончу өзбектин тамына жакындап калганда: «Кайран Чүйдөн ажырап калат экенбиз, бул сарт аман-эсен коргонуна кирип кетмек болду!» — деп Байтик бакырып жибергенде Рахматулла сарбоздордон бөлүнүп, кылычын сууруп ала коргонду көздөй чуу деп кетип бара жатканда, күлүк ак сур аты менен Көкүм жетип далыдан сайганда найза эмчектен чыга түшкөн. Аттан түшүрбөстөн Көкүм кайта коштоп келген. Айгырын Байтиктин туугандарынын бири соогалап алган. Кийин балдары күлүк чыккан. Төрт-беш кыргыздан башка бүткүл сарбозду кырган молой Кожобек менен Абылгазы качып Пишкекке кирип кеткен. Байтиктин айылына Рахматулланы алып барып, жаман карала алачыкка камап коюп, канча алтын дилде берейин деп жалынса да болбой ошо күнү кечинде карасакал уругунан Шераалыны баш кылып эки-үч кишини жиберип, Рахматулланы кескилеп өлтүргөн. . Рахматулланын катчысы Рахматулланын бүткүл алтын, жамбы, дилделерин таап бермек, шерт менен аман бошоп кеткен, Бөлөкбайлар айылындагы олпон аламын деп жаткан ал Жээнтайды жолдоштору менен өлтүрүп, ат-тонун талап алган. Эл арасында жүргөн бирин-серин өзбекти кырган. Молдо элем деп жалынганы болсо, «молдо башы жолдо өлгөн» деп өлтүргөн. Солто өзбектин аскерин коргондон чыгарбай камап турган. Айланасындагы бүткүл өзбектин баарын өлтүрүп мал-мүлкүн талап алган. Өзбектер коргондон чыкпай жатып калганда солтонун феодалдары айылын-малын көрсөтпөй, «кыргыз качып кетти, мен жаш балам менен журтта калдым» деп барып айткын деп бечара жесир бир катынды жансыз кылып «баласын» көтөртүп, барбаймын десе болбостон жөө жиберген. Барган катындын кебин уккан соң сөзүнө ынанып, 250 сарбоз 50 араба менен келип, солто ичиндеги күн-туу уругунан Жангазы халфанын коргонундагы азык-түлүк, чөп-саманды алып кайтып бара жатканда 500 солто каптап чыгып, 30 өзбекти өлтүрүп, арабасын бүт алып калган.

Өзбектер Байтиктин жакын инилеринен (бир кабарда Байгазы) бирин колго түшүрүп кеткен. Рахматулда аманбы деп сураганда, «өлтүрдүк» деген. Рахматулданын Сматулда деген эр жеткен баласы өкүрүп, Байгазыны дарга тартаарда Абылгазы миңбашы: «Орус алды-артыбызды алды. Алматыда бизди аңдып турат. Кыргыз менен минтип кырылышып жатабыз. Кокустан кыргыздын колуна түшсөк, баарыбызды мууздайт», — деп өлтүртпөгөн. Бир нече күндөн соң Байгазыны коргондогу кыргыздар качырып жиберген. Баягы катынды өзбектер өлтүргөн.

Солто кыргызынын караганы, bizdin.kg

  • НИЯЗААЛЫ МОЛДО ЭСЕНГУЛ УУЛУ
  • Ким бат картаят?
  • Иттартыш (итталаш)
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ГҮЛ КЫСТАРАТ
  • ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. САМАП КАЛДЫК
  • «Акылдуу отко карайт, акмак казанды карайт»
  • АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЫЛДЫЗ
  • Булбулдун ыры
  • Кыргыздар Cибирь тарыхында
  • Моголстан
  • Сүр сактап берүү
  • ЭСТЕЛИК
  • ТАЛ (уламыш)
  • Улуу Искендёр жана доктуру
  • ИСХАК РАЗЗАКОВИЧ РАЗЗАКОВ
  • Беш таш
  • Кыргыздын Кытайга качканы
  • «Жер жамандап барбасын»
  • Үй ээси ким?
  • Кыргыз ырлары. Нооруз майрамы
  • Бармак басты, көз кысты
  • Эркектердин чач асыроосу
  • Сөзгө конок берүү
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЗ БОЁГУ
  • «Кыз – конок»
  • Ак Мөөр
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. ДАЯРБЕК
  • Сура Аль-Фалак
  • Тилин сунуу, мырыйуу
  • ЭСИҢ БОЛСО, ЭЧКИ КҮТ
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. АПТАПТА
  • «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
  • Шашма
  • ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. СӨН-КӨЛ
  • Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү
  • Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы
  • Жээренче чечен баяны
  • ЖОЛОН МАМЫТОВ. ТАЛАНТ
  • Басынтуу (басынуу
  • Камар ад-Дин
  • Отунчу падыша
  • ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ЖЕР ТИТИРӨӨ
  • Кыз мазар (уламыш)
  • ДАРЫЯ, БУЛАК
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
  • “Системанын” жөнөкөй түшүнүгү
  • Ач карышкыр
  • «Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт»
  • Аш берүүдөгү бөтөнчөлүктөрү
  • Урааным сенсиң – Кыргызстан, Ырымдын обону сен – Кыргызстан
  • Көрмөксөн болуу
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
  • Таш кескич машина
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. БЮРОКРАТ
  • Хан
  • Ата мурасы жөнүндө сөз
  • «Тон жылуусун ээси билет»
  • Сура Ибрахим
  • ТОГОЛОК МОЛДО. КУШТАРДЫН АНГЕМЕСИ (поема)
  • Кылыгы чыгуу
  • «Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп»
  • Сура Аль-Хакка
  • КЫРГЫЗИЯДА КАРЛУКТАР
  • Босогону басып кирүү, басып чыгуу
  • Тамактан дымак жаралат
  • Этникалык талаанын жиктелиши
  • Ичке баткан бала, сыртка да батат
  • МУЗ

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.