I
Рас, Аялдар Биздин коомдо чоң күч. Бирок, Арасында (анда-санда) бар: Аккол “Акчүч”. Аккол дейбиз, Ал анткени– Колу тийбейт
Оор же кара жумушка.
Эзелтеден эби келбейт Кечирээк жатып, эрте турушка. Чоочунча коомай карашат Коомдук жана үй турмушка. Эри “эрксизден” эч нерсе айта албайт. Тарелканы Асманга ыргытып урушса. “Акчүч” дейбиз, Ал анткени– Бир демеге Ачуусу келсе эле, Жата кетет үшкүрүп. Күйөөсү “акчүч, жаным!” деп турат, Кокус калса чүчкүрүп. “Байкуш” эри, Көптөн бери Сырын алдырган–
“Музоосунда сүздүрүп”…
II
Жолдош окуучулар! Сиздер ойлобогула: –“Булар, Күнгө күйбөс, Суук тийбес, Жерде багылган”. Алган Жардан сыймык көрүү– Ал аялдын “багынан” Ошондуктан, Аккол жеңе– “Багы” менен кабылган. Аны Жары Артык көрөт жанынан. Айланып Көзүнүн агынан, Сылап турат далыдан. Мына ушундай
Эркелетет абыдан
III.
Ошенткен сайын, Күчөп дайым, Ал жөн эле ак маралдай керилет. Өз төшөнчүсүн Өзү жыюудан эринет. Басса бир жакка, Же бир чака– Суу алып келсе, Долондун белин ашкандай Демигет. Күндө жеген тамак, “Күнөөкөр” немедей болуп, Араң жагат. Кээде этти танат, Кээде нанды танат, Кээде котлет, Кээде салат– Каймагы жок болуп калса, “Каран түндү” ошондо
Салат…
IV.
Эрмеги күзгү– Улам карап Деги, Өзүнө-өзү Качан канат? Биринин жеңи, Биринин иреңи– Туура келбейт– Же жибек Же баркыт халат. Дагы күзгүгө барат. Анан кантип балдарына көз салат? Аларды “прислуга” багат. Эң кичүүсүн, Эки күндө– Бир колуна алат. Кайсы бир баласынын, Канча жашка келгенин–
Унутуп да калат.
V.
Бийик така, Жапыс така, Венский така, Жыйырмадай жыйылып жатат– “Босоножка”, “Танкетка”, Кайырма жака, Ачык жака, Туюк жака, Мүчөсү. Же өзү Жарашпай калса, Анда портной ката! Күзгүгө да капа, Өзүнө да капа. Көзүнө жаман көрүнөт” Эки эле жума
Мурда алган шляпа…
VI.
Өкмөт бергенби, Же төркүнүнөн келгенби, Айтоор “Победа” минет. Жаңы пальтого топчу издеп, Базарга машина менен кирет. Майда жумушка: Кээде, бир кило тузга Минет, Уят экенин, Уят эмес экенин кайдан билет? Күйөөсү Калгысы келбейт– Анын “каарына”, Макул болот баарына. Антпесе, Адаты бар таарынма– Өзү минет, Өзү билет, Дароо кетет– Кыштын күнү: –Дарбыз сатылып жатат–десе–
Нарында!..
XII
Өмүрүндө Оорубаса да ырымга. Бир ай, Эки ай Курортко барат жылында. Же Кавказга, Же Крымга, Чынында, Чыдай албайт да Жайкы чаңга, Чымынга. Экиленет, “Оору” деп Жүрөгүм, Кабыргасын, Бөйрөгүн. Путевканы алат, Чемоданга салат– Курортко кийүүчү Он бештей көйнөгүн. “Ак чүч!” жеңе менен– Аккол жеңе– Жолугаар замат эле Сүйлөшкөнү соода Же болбосо мода! Бирөөнү ушактайт, Биринин сөзүн-бири мактайт, “Ушундай”, “ооба…” –Баланчанын аялы– Алыптыр жибек килем. –Ооба, кокуй, Ошонун баркына жетип урунабы, Анын Сырын билем… –Баланча кечээ кызматтан түшүптүр. –Түкүнчө, Түндө мас болуп теректи сүзүптүр. –Баланча– Болот дейт министир. –Он алты министерство Биригиптир. –Меники орунбасарга илиниптир. –Баланчанын, Акча жегени билиниптир. –Менин эрим, Билбейм кайда иштээрин, Ушуга жүрөгүм “зир зир”. –Деле кызмат берилер бир, Капа болбой жүрчү, жерге кир. “Ак чүч” жеңе, Аккол жеңе Билимдүүсүнүшөт эң эле. Же иштебейт бир жерге Араң билишет Автордун атын Китептин атын, Канчалык окуганын, Көрөсүң– Байкап турсак акырын, –“Евгений Онегинди” жазыптыр– Чехов деген акын. Пьеса жазуу жагынан, Лермонтов– Тургеновго жакын, –Сизге кайсы жагат–деп Сурасаң. Дароо жооп берет: –Эң жакшы экен, Маяковский жазган роман! Биз айтышыбыз керек Түптүз эле бетине: Күнө “селкиде” Жана “беркиде” Эрлери коомго жек көрүнөт Жетелетип коюп. Аккол, “ак чүчтөрдүн” Эркине!… Элдик лакап, Айтылган так “Айып– Кемикте гана эмес, Керкиде!” Биз буларды сынга алсак, Жүрөгү түшүп калмакпы? Ансыз деле Чыдап келдик Кесе тиштеп бармакты. –Мен киммин!–деп Күзгүсүнөн сураса, –Аай!!!–деп (Айтар эле айнек) –Сен, жатып ичер жанбакты Жеке эле Мени тиктебей Карасаң боло Элди Жерди– Жан-жакты Төмөн түшүрбө, Советтик аял деген ардакты! Рас, Аялдар– Биздин коомдо чоң күч! Бул чоң күчкө качан кошулат Өзү Куштун көлөкөсүнө тоңгон, Элге күлкү болгон
Аккол, “ак чүч”!!!
- Куйтулуктун
- Багыш. Мендирман (7)
- Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек
- От алгансып
- Кыргыз макалдары -О
- САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ
- Жер карама
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. АДАМ3АТ
- ТОГОЛОК МОЛДО. ЖЕР ЖАНА АНЫН БАЛДАРЫ (поэма)
- Кыргызда аш берүү
- Ырыс кыркаар
- Сура Аль-Кахф
- АЙТЫМДАР. ООЗАНТУУ АЙТЫМЫ
- Олтурган кыз орунун табат
- Сура Аль-Муддассир
- КИНО ӨНӨРҮ
- Мезолит
- Күн жана аба ваннасы
- Эркек тууш, кыз тууш эсте болуу
- Эсенкан буйрук кылып жолойду баш кылып Манаска кол аткарганы
- Марков чынжыры
- Багыш. Мендирман (6)
- Ач карышкыр
- Туз кемгонсүп
- ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. АПТАП
- Чечек чыккансып
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. КУРУУЧУ
- Рашид ад-дин
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. “СЕНДИ” УНУТУП КОЮПТУР
- Кыргызча макалдар – П
- Сура Ас-Саффат
- Сүйүүнүн, жакшы көрөмдүн мааниси
- Ишенимдүү атмосфераны түзүү
- «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
- Каңдылар байыркы кыргыз уруусу
- Ынсаптуулук
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АТТЫН ЫЙЫ
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ООРУЛУУ АКЫН
- КАЙЫК («Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинен)
- «Келиндин аягынан – койчунун таягынан»
- Секелек кыз
- Бугудан Ормондун өлгөнү
- Автандил Арабаев. Жалгыз кайың
- Жер аттары – энчилүү аттар
- Кыргыз эл оюндары. Узундукка секирүү, узунунан коюлган узун камчыдан секирип өтүү, аңкилдек.
- ТҮГӨНБӨГӨН ТАЛАШ
- ТОГОЛОК МОЛДО. КЕМЧОНТОЙ (поэма)
- Башы иштебесе, эки бутка күч келет
- Алгоритм жөнүндө түшүнүк
- Кыргыз тили. Кыргыз тили жөнүндө жалпы маалымат
- Каракыргыз борбор Азияда
- АК БАТАЛАР. МАНАСТЫН БАТАСЫ
- Жуукурдук
- Мен жаш тилек
- Кыргызстандын жаратылышы
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. СОКРАТ МЕНЕН
- Ээн ооздук
- Эл ичи – элек
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЖЕНИШБЕК
- Туулган күндү белгилөө
- Сура Аль-Мульк
- Балдар жана кыздар
- «Кыз – конок»
- Сан жөнүндө түшүнүк
- Жылдыз
- Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
- Чакчая кароо (көздү чакчайтуу)
- Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү
- «Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч»
- Коомдук түзүлүштөр жана этностор
Кыргыз